Негизгиге Сурагым келет Нуржан: Жолдошумдун калпын кантип кечирем?

Нуржан: Жолдошумдун калпын кантип кечирем?

166

– Мен 32 жаштамын. Жолдошум экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап келебиз.  Бирге жашаган беш жылымда жолдошумду түшүнүп, сыйлап, колумдан келген жардамымды кылып келдим. Бул адам менен жашаганыма азыр деле өкүнбөйм. Бирок жарым жыл мурун ачыкка чыккан чындык көңүлүмдү катуу оорутуп, азыр да өзүмө келе албай жүрөм. Биз үч-төрт жолу жолугуп көрүп эле баш кошконбуз. Жолдошумдун баары менен тил табыша билген, адамдын ичи-койнуна кирип сүйлөшө алган сапатын жактыргам. Ошол маалда чакан иш баштаганын айткан. Келечеги бар жигит экен деп мен тарап бүт жактырышкан. Баш кошуп, жылдар өттү. Жолдошум “чыдап тур, ишим буттан туруп келатат. Акча айланып турушу керек, буюрса, бир жакшы үйгө жетебиз” деп жүрдү. Көчкөндөн тажаган жаным жолдошум айткан үйгө эрте жетели деп мен да жанталаша иштеп баштадым. Мен иштегенден баштап “сенин акчаң менен жашайлы, меникин чогулталы” дегенге өттү. Ага да макул болдум. Экинчимди төрөп отуруп калган кезде аябай кыйнала баштадык. Акча тартыштыгы саат сайын билинип жатты. Күйөөм болсо “кол алдымдагы балдар талап кылып эмгек акыларын көбөйтүп төлөп жатам. Алдымда иштеп атса кантип ачка жүрүшкөнүнө чыдайм, тамак алып бердим. Кеңсенин төлөмүн кымбаттатып салды. Жаңы товарга мынча миң салдым, эми айланат…” деп жаны тынбай иштеп жүрдү. Кыскасы, анын айтуусу боюнча азыр айланып жаткан акчаны убагы келгенде өтө чоң суммада чыгарып алып, дароо үйлүү болуп калабыз деп түшүндүм.

Жылдар учуп баягы акчаны чыгарчу кез да келди. Таттуу кыялдарым менен жашап жүргөн бир күнү аны менен чогуу иштеген бала келип жолдошумдун карыз экенин айтты. Болгондо да чоң суммада. Ал баланы мен да жакшы билгендиктен жай отуруп сүйлөшө кеттик. Аябай ачууланып, жолдошума катуу капа экени байкалып турду. Чекмелеп сурап отуруп ушул жерден күйөөмдүн калпы бүт чыкты. Бир кезде бул бала менен иштешпей калганын мага айтып “мени чоң акчага алдап кетти” деген эле. Көрсө, ал күйөөмдү эмес эле, күйөөм муну алдап кетиптир. Карызга батып, киши жалдамак турсун өзү жалданып иштеп жүргөнүн уктум. Күйөөм болгон чындык ушундай экенин мойнуна алып, алдымда салбырап турду. Эки баламдын атасын мындай кейипте көрүү мага кандай оор болду, билесизби?.. Сөз менен жеткире албайм. Уруштук, ыйладым, кечирим сурады.

  Ушунчалык ишенчээк болгонума бир кейисем, анын кайда, эмне иш кылып атканына бир кызыгып койбогонума эки кейидим. “Эркектин ишине кийлигишпей өз ишиңди кыла бер” десе айтканына көнүп жанталашып иштеп жүрүптүрмүн. Тапканым балдарыма, өзүмө кетти. Ага деле өкүнбөйм. Көңүлүмдү сындырып, жүрөгүмдү мыжыгып келаткан нерсе жолдошумдун калпы болду. Ошол таарыныч дагы деле тарабай, ичтен буулугуп келем. Көкөлөгөн кыялдардын сынганы жаман экен. Азыр мени анын бир да жакшы кеби соорото албайт. Ар бир сөзү калп сыяктанып, шекший берчү болдум. Жолдошумдун калпын кантип кечирем? Бул адатын мындан ары таштоого аракет кыларына ишендирип жатат, чын эле таштай алабы?

Психолог Айгүл Ысыкеева: “Жолдошуңуздун өзгөрүүсү өзүнөн гана көз каранды”

  • Сизде “үйлүү болом, балдарым жакшы жашайт” деген чоң үмүт болгон, анан албетте, сөзсүз ачууңуз келет, бул нормалдуу көрүнүш. Бул нерсеге өзүңүз да күнөөлүүсүз. Себеби баш кошконго чейин эле жакшы таанышып, бири-бириңердин кемчилик, артыкчылыктарыңарды билсеңер болмок экен. Балким, алдамчылык деген терс сапатын ошондо билгениңизде турмуш курууга макулдугуңузду бербей коймоксуз. Балалуу болгондо гана турмуштук тажрыйбаңыз көбөйүп, сиздеги жоопкерчилик өсүп жатат. Эми кечирүү үчүн биринчи кезекте ичиңиздеги ачууңузду, бугуңузду чыгарып, жолдошуңузга бүт айтып бериңиз. Ичиңизде эч нерсе калбоосу керек. Ошондо гана жеңилдеп кечире аласыз. Өзгөрөм деп убада берип жатыптыр, “мен туура эмес кылып жатыптырмын” деп адам өзү мойнуна алып, өзгөрүүнү каалабаса, башка эч ким аны өзгөртө албайт. Ошондуктан бул маселени сүйлөшүү жолу менен гана чече аласыздар. Бул сүйлөшүү бир гана жолу болбоосу керек, керек болсо 10-15 жолудан талкуулаңыздар. Негизи, жолдошуңуздун бул жаман адаты бала кезинен калыптанган. Ал бала кезинде ата-энесинен каалаган мээрим, көңүл бурууну ала алган эмес.  Эми баары өз аракети, каалоосунан көз каранды болот. Сиз “кетем, жашабайм” деп коркутуп көрүңүз, бирок бул ыкма деле жолдошуңуздун ичинде өзгөрүүгө каалоосу болбосо иштебейт.         

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here