Негизгиге Ашкана Туура тамактануунун негизги эрежелери

Туура тамактануунун негизги эрежелери

1064

Бүгүнкү күндө жеген тамагыбыздын басымдуу бөлүгү жарым фабрикаттан жана зыяндуу азыктардан турат. Аң сезимибиз азыктардын зыяндуулугун туюп-билип турса да аларды колдонбой коюуга эркибиз жетпейт. Биз тамак-аш боюнча инженер-технолог Айгүл Имерова менен маектештик. 25 жылдан бери ушул багытта иш алып барган адис көп нерсеге көзүбүздү ачты. Эң көп колдонулган айрым азыктарды туура колдонуу жана аларды өз ара айкалыштыруу эрежеси төмөндө.  

Помидор менен бадыраңды чогуу жебе
Жаздан баштап жай, күз мезгилдеринде бул эки азыкты үзгүлтүксүз колдонобуз. Бирок дээрлик баарыбыз бирдей ката кетиребиз. Ал помидор менен бадыраңды аралаштырып салат жасоо. Бул эки азык айкалышпаган  азыктарга кирет. Анткени помидор С витаминине бай. Аны жегенде организмге С витамини кирет, бирок ал толук сиңип бүтө электе кошо желген бадыраңдын курамындагы аскорбиназа С витаминин жоюп кетет. Жыйынтыгында помидор эч кандай пайда алып келбеген, жөн гана ашказанды толтурган азыктардын катарына кирип калат.

Кеңеш: Помидор менен жумуртканы «жылдызы келишкен» азыктар десек болот. Эртең мененки тамакка жумуртка куурусаңыз, ага помидор жана пияз кошуңуз. Себеби помидор менен баш пиязда селен заты бар. Өсүмдүк майына кууруган жумурткаңызга  помидор жана пияз кошуп жегенде майдагы, жумурткадагы Е витаминин селен заты жакшы сиңирет.  

Эт жегендин негизги эрежеси
Биз этти көп колдонгон калкпыз. Ал бизге эң керектүү темирди жана белокту берет. Бирок аны туура колдонгон учурда гана аталган пайдалуу заттарды ала алабыз. Мисалы, этти жегенден кийин артынан суу же чай ичебиз. Суу 15 мүнөттүн ичинде организмдин ар бир клеткасына сиңип кетет. Эт жеп туруп аркасынан суу ичкенде этти сиңирүүгө зарыл болгон карын зилинин концентрациясы азаят. Ал ордуна келгичекти эт ашказанда сиңбей жата берет. Дененин температурасы 36,5 болгондуктан ашказанда сиңбей жаткан эт  токсиндерди бөлүп чыгара баштайт. Жыйынтыгында организм ууланып баш оору, сасык кекирген абал келип чыгат.

Кеңеш: Эттин аркасынан кымыз, ак серке ичкен пайдалуу. Анткени булар кычкыл сүт азыктарына кирет, анда пайдалуу бактериялар бар. Алар тамакты сиңирүүгө жардам берет. Андыктан конокторго тартылган ар бир беш бармактан кийин ак серке бергенди адатка айландырсаңыз жакшы болот.

Чайдын пайдасы жана зыяны
Бир демдеген чайды экинчи ирет ичүүгө болбойт. Көп кишиде бул адат калыптанып калган. Демделген чай 30 мүнөт тургандан соң анда гуанин заты пайда болот. Бул адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Тактап айтканда, сөөк-муун ооруларынын козголуусуна шарт түзүлөт.

Кеңеш: Чай үй-бүлөдө канча адам болсо ошондой өлчөмдө гана демделет. Жарым сааттан ашык калтырган болбойт. Бир ичилгенден кийин чайнектеги чай төгүлүп, чыны менен кошо жуулушу керек.

Үбөлөнгөн нан ден соолукка зыян
Ун суудан кийинки зарыл азыктардын бири. Сапаты начар унду колдонгондо дененин сыртына папиллома өсүп чыгарын окумуштуулар далилдеген. Бүгүнкү күндө чакан наабайканалардын дээрлик баарында эреже сакталбайт. Кандай ун менен жасалып жатат, тиешелүү сертификаты бар экени да көзөмөлгө алынбайт. Экинчиден, ачыткынын кургак түрүн колдонобуз. Ал камыр 15-20 мүнөттө ачып чыгат. Азыркы дрожждор атомдук бомбадай эле кызмат кылууда. Кадимки бөлкө нанды кесип жатканда үбөлөнүп кетет. Бул ага ачыткы көп өлчөмдө кошулганынан кабар берет. Камыр эрежеси боюнча 2,5 саатта даяр болуш керек болсо, бүгүнкү күндө камыр 25 мүнөттө ачып жатат. Бул да болсо ишкерлердин убакытты үнөмдөө максатындагы жеке кызыкчылыгы.

Кеңеш: Нан сатып алууда биринчи кезекте соода маркасына көңүл буруу зарыл. Алардын товарында өзүнүн фирмасы тууралуу этикеткасы бар. Кокус продукция жакпай калса аларга байланышка чыгып дооматыңызды айта аласыз. Өзү жөнүндө толук маалыматы бар (этикеткага камтылган) нанды сатып жеген оң. Үй шартында нан салып жей турган болсоңуз кургак ачыткы эмес, камыр турушка өткөн оң.

Барк албас баалуу азыктар
Ар бир кожойкенин кол алдында витаминге өтө бай азыктар: сабиз менен капуста бар. Алар, мындайча айтканда, организмди тазалай турган «шыпыргы». Ичегидеги  былжыр челге биз жеген эттин, башка тамактардын калдыктары жабышып тура берет. Ал эми сабиз менен капуста ошол жабышып турган калдыктарды «шыпырып» чыгат да, ичегилер толугу менен тазаланат. Андан кийин бир кесим помидор жесеңиз да таза ичегиге бат сиңет, организм витаминге каныгат.

Кеңеш: Ичке тууралган капуста менен кыргычтан өткөрүлгөн сабизди  аралаштырып бир аз туз кошуп, муздаткычка 30 мүнөт сала туруу керек. Бир аз чыккан ширесин төгүп салып, ага татымына жараша туз, кара мурч, өсүмдүк майын кошуп жесе азыктардын курамындагы витаминдер сакталып, организмге пайда алып келет. Сабиз А витаминине бай, ал эми тооктун этинде пайдалуу цинк заты бар. Ушул эки азыктан шорпо жасап ичкенде да жогорудагы витаминдер толук сакталып, пайда алып келет.

Айгүл Имерова: «15 жыл мурунку бир кап порошок көз алдыман кетпейт»

— Айгүл айым, учурда кайсы тармакта иштейсиз? Сиз менен маектешкенден кийин жеп жаткан тамагыңдан күмөн санап калат экенсиң…
— Менин негизги жумушум – инженер-технолог. Коомдук тамактануу жайларында тамактын сапатын текшерүү, өздүк баасын чыгаруу, баасы менен сапаты бири-бирине шайкеш келерин, ашпозчулардын кылган ишин көзөмөлдөгөн адисмин. Борбордогу тамактануучу жайлардын биринде тамак-аш тармагында иштейм. Сиз айткан пикирди көп адамдан угам. Дагы бир жолу кандай тамак албаңыз соода белгисине көңүл буруңуз дегим келет. Алар дайыма жакшылап иштөөнүн үстүндө болот, андыктан ар бир кардардын эскертүүсү, пикири менен эсептешет.

— Туура тамактанууну көбү кымбат деп ойлошот экен?
— Ооба, туура тамактан десең эле акча жок болсо, жетпесе кандай кылам дешет. А чынында, зыяндуу тамак-аштарга канча сом коротуп атканыбызды эсептеш керек. Ооруп калсак кайра эле андан көп акчага дары-дармек сатып алууга аргасыз болосуң. Андан көрө ошол акчага алдын ала иммунитетти чыңдаган жакшы деп эсептейм. Эң биринчи эненин аң сезимин өзгөртүү керек. Анткени ал балдарынын ден соолугуна жоопкер. Эгер үйдө аял витаминдүү, туура тамактарга басым жасаса, ал үй-бүлөсүн көптөгөн оорудан сактаган болот.

— Балдарыбызга газдалган таттуу суусундуктарды беребиз. Негизи, ошолор кандай жол менен жасалат?
— Мындан 15 жыл мурда мага бир адам телефон чалып: «Сиз технолог экенсиз, шире чыгарган цех ачтым, иштешели»,- деди. Барсам заңгыраган цех ачыптыр, аппарат алыптыр. Продукцияны көрсөтчү десем бир кап порошок турат. Ушундан даамдуу шире чыгарышым керек дейт. «Порошоктун сертификаты кана, кайсы өлкөдөн келди?» деп такып сурасам, «сиз менен иштешпейм» деп чыкты. А бирок менин жүрөгүмдү ошол нерсе өйүп калды. Анын порошоктон жасалган ширесин канча бала ичти экен деп ойлоном. Улам «цех иштеп баштады беле?» деп чалам. Аягында тиги бала «цехти иштетпей калдым» деп менден кутулду. Шире тез бузулуучу суусундук. Мисалы, сабизден шире чыгарсак 15 мүнөттөн кийин пайдалуулугун жоготот. Анан порошоктон кандай суусундук жасалып атканын ойлоп көрүңүз. Бирок өткөндө Сокулук районунун Шопоков айылынан жигиттер келиптир. Экологиялык таза азыктан – жемиштерден шире чыгарабыз дешти. Адис катары мага кызык болду, бир чети баягы 15 жыл мурдагы бир мүшөк порошок көз алдыма тартылды. Иштеген жерин көргүм келди. Көрүп абдан ыраазы болдум, себеби алар элди алдабайт экен. Нукура азыктардан сыгылып алынган ширенин баасы бөлөк, нектардан жасалган ширенин баасы бөлөк, бирок элге ачык эле сунуштап жатышат. Эл болсо кайсынысы өзүнө туура келсе тандап сатып ала берет. Дагы бир артыкчылыгы, өрүк, алма арзан кезинде аппаратка салып сыгып туруп вакуумга куюп коюшат экен. Көп өлчөмдө чыгарып алып жыл бою аны сатышат тура. Аларга чындап ичим жылыды. Кыргызстанда да сапатка көңүл буруп, элди алдабай ачык иштеген ишкерлер бар экени кубандырды.

— Сиз өзүңүз кандай тамактанасыз?
— Жакындарымдын ден соолугу үчүн кам көрүп күндө таң эрте туруп туура тамактануусуна көңүл бурам. Себеби адам эртең мененки тамакты ичкенде толук энергия алат. Ал эми эртең мененки тамакты ичпеген учурда түштө же андан кийин көп ичип алат. Аябай ачка болуп калган организмге көп тамак берип салса ага күч келет. Төрт балам бар, аларда туура тамактануу адаты калыптанган. Бирок коомдон зыяндуу азыктарды сууруп чыгара албайсың да. Кээде колдонушат. Баланын колунан «жебе, бул зыян» деп алып койгон болбойт. Ага эмнеси менен зыян экенин майдалап туура түшүндүрүп берүү керек.

— Тойлорго барганда жакындарыңыз сизге карап түздөнсө керек?
— Чогулуп калган жерден «муну жесем болобу?» деп сурап калышат. Баарын орду, өлчөмү менен жесе болот дейм.

— Туура тамактануу боюнча тренингдерди өтсөңүз болчудай экен?
— Теле-радиолордон чыгып жүргөм. Бирок убакыттын тардыгынан улам чоң аудитория чогултуп тренинг өтө элекмин.

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуАйзуура Иманалиева: Сезим акылдуу жан, жар тандоодо адашкан жок деп ойлойм
КийинкиНуржан: Жолдошумдун калпын кантип кечирем?