Негизгиге Интервью Мажор тобу: Куржунубузуда жалаң маани-маңыздуу чыгармалар

Мажор тобу: Куржунубузуда жалаң маани-маңыздуу чыгармалар

201

“Жубайыма” деген чыгарма менен элге жаккан “Мажор” тобу үч жаш солисттен турат. Топ бир гана мазмундуу чыгармаларга басым жасап, ал чыгармаларынын сөзү, обону да өздөрүнө таандык. Жаңы жүздөр менен маек төмөнкү макалада.

Аты: Рахматали

Жашы: 24

Жердиги: Ош облусунун Кара Кулжа району

Билими: Б.Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият институтунун музыка жана ырдоо факультети, учурда оркестр бөлүмүндө билимин улантып жатат    

Аты: Нурбай  

Жашы: 23

Жердиги: Жалал-Абад облусу Токтогул району

Билими: Б.Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият институтунун Театр жана кино бөлүмү

Аты: Тилек  

Жашы: 25

Жердиги: Ысык-Көл облусу Түп району

Билими: Б.Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият институтунун музыка жана ырдоо факультети   

— Салам, жигиттер, тобуңардын аталышы «Мажор» эмнени түшүндүрөт? Топтун жаралуу тарыхы кандай?

Рахматали: — Топтун түзүлгөнүнө эки жыл болду. Үчөөбүз тең Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда билим алып, жатаканада чогуу жашадык. Ошол кезде эле менде топ түзүү идеясы бар болчу. Окуубузду аяктап жатканда Нурбайга бул оюмду айтсам жактырды. “Мажор” шаңдуу, жайдары деген маанини билдирген музыкалык термин. Өзүбүз да абдан жайдары мүнөз, юморду түшүнгөн, тамашасыз жүрбөгөн балдарбыз.

— Нурбай, кесибиңиз боюнча актёр экенсиз, ырдоо кыйын болгон жокпу?

— Мен үчүн кыйынчылык жаралган жок. Себеби бала чагымдан ырчы болууну кыялданчумун. ЖОЖдон актёрлор ноталарды үйрөнбөсөк да вокалдан сабак алып дем алуу, үн кармоо дегендерди биз да үйрөнөбүз. Ырчылыкка катар актёрлук кесибим менен театрда да иштөө оюм бар. Азырынча бош орун чыкпай жатат. Болсо да региондорду сунушташат. Мен болсо борбордо калып топто да иштөөнү каалайм. Актёр катары клип, роликтердеги эпизоддордо роль жараткам.     

— Учурда продюсер менен иштешесиңерби?

Р: — Башынан эле ѳз алдынча иштеп келе жатабыз. Бир-эки продюсерге барсак финансы жактан биздин талапка жооп бербейт экен. Учурда продюсер эмес, менеджерлерден иштешүү сунушу түшүп, ойлонуп жатабыз. Көп кыйынчылыктар болот. Мисалы, жаздырган ырыбызды радиолордун кутучасына сүйүнүч менен таштап, “эми ырыбыз чыгат?” деп күтѳбүз. Көрсө, аяктан эч ким карабайт экен да. Өзүбүз барып сурагандан тартынып жүрө бергенбиз. Кийин баракчаларына “ыр жибердик эле, карап койбойсуздарбы?” дегенде гана биздин ырлар кете баштады.

Т: — Азыр алдыңкы радиостанциялардан ырларыбыз кетип жатат, Кудайга шүгүр. Анан интернет өнүккөн заманда социалдык баракчаларга чыгарып койсок элге бат тарайт. Бардык эле иш жаңы башталганда кыйынчылык болот да. Негизи, продюсерибиз болсо иштөөбүзгө абдан жеңил болмок. Келечекте продюсерибиз болуп калуусу да мүмкүн.

— Ар бир жердин өз мыйзамы бар эмеспи, сиздерде кандай талаптар орун алган?

Т: — Чыгармачылыкка байланыштуу кандай жумушубуз болбосун биринчи орунга коюп, башкаларын жыйыштыра турабыз. Бир жолу бир эфирге чакыруу болуп калды. Ал кезде Нурбай Токтогулда эле. Атайын эфир үчүн шаарга келди эле, митингге байланыштуу эфирге чыкпай калдык. Дагы бир жолу мен Ысык-Көлгө тойго кетсем клип тартуу керек болуп калып түнү менен кайра келгем. 

— Ар бириңердин жеке чыгармачылыгыңар бар экен, бул топтун өсүүсүнө таасирин тийгизбейби?

Р: — Негизи, топ жаралганга чейин жеке чыгармаларыбыз бар болчу. Азыр жеке ыр жаздыра элекпиз. Бирок той-топурларга жалгыз кете беребиз. Көбүнчө үйдөгү тойлорго аккордеон, комуз менен барабыз. Атайын “Мажор” тобу деп чакыргандар азырынча аз, чакырык болсо топ чогуу жѳнѳйбүз.

— Башка топтордон эмнеңер менен өзгөчөсүңөр?

Р: — Биздин топто актёр бар, ал ырга эмоция киргизип чыгармабызды көрккө бөлөйт. Тилек экөөбүз көп аспаптарда кол ойнотобуз, жандуу ырдап жалаң кыргыз жыттанган ырларга басым жасайбыз. Чыгармаларыбыздын бүгүн ырдалып эртең жок болгон ырлардан болуусун каалабайбыз. Башында ар кайсы обончулардын ырларын аткарчу элек, бара-бара өзүбүз жараткан ырлар менен чыга баштадык. Куржунубузда жалаң маани-маңыздуу чыгармалар. Улуу жана кичүү муундун табитине бирдей жаккан чыгармаларды жаратуу максатыбыз.

— Ырларыңарды акындарга текшертесиңерби?

Р: — Учурда төрт ыр, тѳрт клибибиз бар. Дагы 2-3 чыгарма даяр болду. Албетте, ырларыбызды акын байке-эжелерге көрсөтөбүз. Алар туура эмес жерлерин оңдоп беришет. Менин атам музыкант. Менин ыр жазарымды мурда билчү эмес. Даяр чыгармаларымды угуп калганда “бирөөнүкү” деп койчумун. Ошондон улам менин чыгармам экендигине ишенишпейт. Ѳзүм да “бул менин чыгармам, кандай экен?” деп айта албайм. Менин сынчыларым – ата-энем жана эжелерим.  

Т: — Рахматалинин ырлары абдан көп. Казып чыксак өмүр бою ырдай тургандай бар болуш керек. Рахматали экөөбүз ыр жазабыз да, анан экөөбүз бири-бирибиздикин текшеребиз. Бирок өзүңдүн жүрөгүңдөн чыккан сөздөрдү оңдоткон жаман.    

— Рахматали, «Жубайыма» аттуу ырың көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгарма болду окшойт?

— Бул ырды мектеп курагымда болочоктогу жубайымды элестетип жазгам. ЖОЖдо окуп жүргөндө жаздырайын деп ойлоп, бирок бойдок жүрүп “жубайыма” деп ырдагандан тартынгам. Топ түзүлгѳндѳ балдарга угузуп, чогуу жаздырууну чечтик. Ошентип, топтун аткаруусунда чыкты. Элге ушунчалык жагат деп ойлогон эмесмин. 

— Ортоңордо өз ара пикир келишпестик болобу?

Н: — Музыка жагын Рахматали, кийим-кечебизди Тилек карайт. Мен бир жакка убагында барууну көзөмөлдөйм. Ким убагында турбай койсо же телефонду албай койсо урушуп баштайм. Андайда балдар унчукпай кутулушат. Ушундай майда-барат эле нерселер болбосо, чоң конфликт жок.    

— Чыгармачылыктан башка эмне менен алексиңер?

Р: — Тилектин чакан бизнеси бар, андан тышкары тойлордо музыкант болуп эмгектенет. Нурбай болсо ар кандай майда жумуштарды кылат. Бирде соода тармагында болсо, бирде электромонтажник болуп кетет. Айтор, жаны тынбаган бала. Мен болсо Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестринин солистимин. Музыкалык мектептерде үч жылдан бери мугалим болуп иштейм. Ушулардан тапкан каражатыбызды чыгармачылыгыбызга жумшайбыз.

Чыгармачылык бийиктик каалайбыз!  

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуБаланы максат коюуга үйрөткөн он кадам
КийинкиСамат Эркинбеков: Наристемди мен эле эмес, күйѳрмандарым да күтүп жатышыптыр