Күлкүлүү образдары менен таанылган тамашоучу, актёр Самат Эркинбеков жакында беш жылдан бери күтүп келген “ата” статусуна ээ болду. Ага катар чыгармачылыгында да өзгөчө жаңылык жаратып, Кыргызстанда биринчилерден болуп онлайн кинотеатр ачышты. Жаңылыктарга бай мырзаны маекке чакырбасак болбос.
— Самат мырза, бешик бооңуз бекем болсун! Көптөн күткөн уулуңузду колго алганда кандай сезимде болдуңуз?
— Рахмат! Ата болуу керемет сезим экен. Көбү “азыр билинбейт, кылыктары чыга баштаганда дагы да башкача болот” деп айтып жатышат. Билинбегени ушул болсо кийин кандай болот деп ойлонуп жатам. Пандемияга байланыштуу төрөтканага киргенге тыюу салыныптыр, ага карабай киргизип уулумду көрсөткөн доктурларга рахмат. Кийимимден колумдун учуна чейин обработка кылып бир-эки ирет кирдим. Уулумду кучагыма алганда көзүмө жаш алдым. Келинчегим уулумду мага окшоштуруп жатат. Досторум “кандай, папаша?” десе абдан жагымдуу угулат экен. Кубанычтуу жаңылыгымды “Инстаграм” баракчам аркылуу сүйүнчүлөсөм 4 миңден ашуун комментарий жазылып, 2000ден көп СМС билдирүүлөр келди. Азыр да тынымсыз чалуулар уланып жатат. Мындан улам чындап элдин уулу болуп калганымды сездим. Бул күндү мен эле күтүп жатам го десем, чыгармачылыгым менен тааныш, мени таанып-билген, жакындан тааныбаган адамдар да күтүп жатышыптыр. Чын жүрөктөн сүйүнгөндөрү куттуктоо сөздөрүнөн билинип турат.
— Ата болоруңузду алгач кантип билдиңиз эле?
— Жумушта жүрсѳм келинчегим СМС билдирүү жиберип, эч кимге айтпай туруумду эскерткен. Бирок мындай сүйүнүчтү ичте катуу кыйын экен, досторум Куба менен Рүстөмгө айтып салгам. Кийинчерээк ата-энебиз билишти. Мага уул же кыз болорунун айырмасы жок болчу, бирок эркек болорун билгенде дагы да кубандым.
— Уулуңуздун атын өзүңүз коюптурсуз.
— Баламдын атын өзүм коюуну кыялданып жүргөм. Уулум Мухаммед пайгамбардын туулган күнүндө жарык дүйнөгө келди. Ошол себептен мусулман аттарынын бири Иман деген ысымды өзүм кирип азан чакырып ыйгардым. Келинчегиме да жакты.
— Келинчегиңиздин кош бойлуу кези кандай өттү?
— Келинчегимдин кош бойлуулугу жеңил өттү. Каалаган нерсесин үйгө алып келип коюп, көп жумуш кылдырбаганга аракет кылып, аяп жаттым. Пандемия учуруна туш келгенге эч жакка чыгарбай конокторго өзүм эле барып жаттым. Оору күч ала баштаганда эмне кыларымды билбей Баткенге ата-энесиникине жибергем. Кайненем медицина кызматкери болгонго көп сарсанаа болгон жокмун. Жолдор жабылып калганда эки айга калып калды. Бирок доктурдун көзөмөлүнөн убагында өтүп туруусу керек болгондуктан, унаам менен барып блокпостто турган байкелерден суранып жатып алып келгем. Кош бойлуулугунун жети-сегиз айына чейин баракчаларыбызга келинчегимдин сүрөтүн жүктөгөн жокпуз.
— Буга чейин досторуңуздун балалуу болгонуна күбө болуу сизге оор болсо керек?
— Башында көп билинген эмес. 4-5 жыл болуп кеткенде ойлондура баштайт экен, ачыгын айтканда. Эл менен сүйлөшүп, концерт койгондо, күйөрмандар менен жолугуп калганда, ата-апалардан дайыма “балалуу болоюн” деп батасын суранчумун. Ошондо көбү “эркек балалуу бол” деп бата беришер эле. Намаз окуган досторум да намаздарында дуа кылышчу экен. Элдин батасы тийип уулдуу болдум.
— Эми кепти чыгармачылыгыңыздагы жаңылыгыңызга бурсак. Жакында эле «Кассета кж” тиркемесинин ачылышын өткөрдүңүздөр. Бул эмне болгон тиркеме?
— Бул кыргызча онлайн кинотеатр. Көрүүчүлөр биздин тасмаларыбызды мындан кийин бир гана кинотеатрлардан эмес, смартфондорунан эле үйдө отуруп көрө алышат. Тиркеме бардык өлкөдөгү кыргыз көрүүчүлөрүнө жеткиликтүү. Мындай тиркемени ачуу идеясы бир жыл мурда “Ак өргө сити” командасынын балдарында пайда болгон. Себеби биздин жети дубанда кинотеатр жок жерлер абдан кѳп. Ал эми уюлдук телефон бардыгында бар. Андан да жакшысы, азыр онлайн деген түшүнүк баарыбызга жетти. “Жора, Гуля” тасмабыз менен Орусияга гастролдоп барганда эжелер “балдарыбыздын айланасы бүт орустар болгонго кыргызча сүйлөбөй жатышат, ырас келдиңер. Жок дегенде силердин тасманы көргөндө кыргыз тилге кызыгуусу ойгонот” дешкен. Бир жылдан бери тиркеменин үстүнөн иштеп жүрүп, пандемия учурунда кинотеатрлар жабык кезде эртерээк бүтүрүүнү көздөдүк. Кинотеатр жок жерлердеги көрүүчүлөр менен мигранттардын кыргыз тасмаларын көрүүлѳрүнѳ жакшы мүмкүнчүлүк болду. Буюрса, эми өзүбүз тарткан тасмаларды тиркеме кинотеатр аркылуу да элге тартуулап турабыз. 1-ноябрда биринчи жолу тиркеме аркылуу жаңы тасмабызды онлайн презентация кылдык.
— Жалаң “Ак өргө сити” командасы тарткан тасмалар көрсөтүлѳбү?
— Жок, Кыргызстандагы режиссёрлор менен келишим түзүп, алардын да тасмаларын киргизебиз. Андан сырткары, жаңы окууну аяктаган жаш режиссёрлор жол-жобосун билбей жүрүшөт. Аларды жумушка тартып, элге эмгегин тартуулоого мүмкүнчүлүк түзөбүз. Режиссёрлор менен катар эле облустардагы актёрлорго да жакшы шарт болот. Келечекте чет элдин тасма, сериалдарын сатып алып, кыргыз тилине которуп көрсөтөбүз. Тиркемеде ар кандай жанрдагы тасмалар болот. Албетте, сапат, маани-маңызына, рейтингине карайбыз. Кинотеатрдан көрсөтүлгөн тасма болсо да “Ютубга” чыкпоосу абзел.
— Кандай ишке ашат?
— Алгач “KASSETA KG” тиркемесин телефонго көчүрүп алып катталасыз. Андан кийин Элсом, банктык эсеп аркылуу 180 сом төлөйсүз. Бул учурда автоматтык түрдө бир айга катталып каласыз да, бир ай бою тиркемеге көчүрүлгөн тасмалардын баарын көрө аласыз. Эгерде 200 сом салсаңыз, 20 сому бирдик түрүндѳ кайтарылат. Ушундай майда-барат нерселерине чейин эске алып жасадык. Алдын ала жазылып коюуну каалагандарга тарифтерибиз бар. Мисалы, 180 сомго 30 күн болсо, 500 сомго 90 күн, 1000 сомго жарым жылга, 2000 сомго бир жылга катталса болот. Буюрса, эл жакшы кабыл алып, бир жуманын ичинде 40 миң катталуучу болду. Өзүбүз канча тасма тартсак, баарын киргизе беребиз. Учурда тиркемеде 20га жакын адам иштеп жатат. Тиркемеден түшкөн каражатты кайра эле тасма тартууга жумшайбыз.
— “Ак өргө сити” командасынын алдыда кандай максаты бар?
— Бизде азыр сценарийлер абдан көп. Айрым “менде сценарий бар эле” деген адамдар менен да жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Алдыда балдарга ылайыкталган, аялзатына жага турган, кыргыздын күнүмдүк турмушун чагылдырган сериалдарды тартабыз. Бир гана юмор эмес, ушундай олуттуу тасма тартууну да ойлоп жатабыз.
— Өзүңүз көп долбоорлордун үстүндө иштейсиз, андан тышкары тасмаларга да тартыласыз. Кантип жетишип жатасыз?
— “Ак өргө ситинин” жүзү болуп атканым үчүн көпчүлүк “жалгыз эле Самат кылат” деп ойлошот. Жок, менин аркамда Кубаныч, Рүстөм, Улан деген балдар, сценаристтер, дегеле жалпы командабыз турат. Башында төртөөбүз турабыз. Тамада катары да иштечү элем, чыгармачылыкка басым жасайын деп ал тармактан баш тарттым. Ошондон баштап эле көп нерсеге жетишип калдым. Эми үйгө эрте келип, убактымды уулум жана келинчегим менен өткөрүп, бүлөмө көбүрөөк көңүл бурам.
Айгерим Токтобай кызы