Негизгиге Кош келипсиз! Рахматулла Табалдиев: Ооруганымдан кийин мага роль сунуштабай калышты

Рахматулла Табалдиев: Ооруганымдан кийин мага роль сунуштабай калышты

814

Рахматулла Табалдиев: «Ооруганымдан кийин мага роль сунуштабай калышты»

Дайыма атанын, анан көпчүлүк учурда терс каармандын ролун жаратып жүргөн кыргыз театры жана киносунун көрүнүктүү актёру Рахматулла Табалдиев кезектеги маегибиздин коногу. Эмесе, актёрдун балалык кези, кыялдары, өмүрүнүн эң урунттуу учурларын чагылдырган маекти сиздерге сунуш кылабыз.

Рахматулла мырза, сиздин актёрлук дараметиңиздин ачылышына кимдер же эмне себеп болгон?

— Атам чабан болгону менен комузда өтө чебер кол ойноткон адам эле. Аттын үстүндө кетип баратып дагы комуз чертип калчу. Апам да ооз комузда ойногон, кошокту кырааты менен кошкон аял болгон. Ошентип, энем менен атам учурунда өздөрү искусство жаатында билим ала албай калып, кийин бизден сурай беришчү: “Кана, кимиңер биз көксөгөн өнөрдү улап кете аласыңар?” деп. 6 уул, 6 кыздын арасынан уулдардан мен, кыздардан бир карындашым ушул актёрлук кесипти тандап алган элек. Кичинекей кезибизде атам үйгө конок келгенде “дасторкон даяр болгуча меймандарга концерт коюп берели” деп өзү комуз чертип, бизди ырдатып-бийлетип калар эле. Менин оюмча, ошол ата-энемдин түрткүсү менен искусствого келип калган болсом керек. Анан айылга артисттер концерт койгону келатат деген кабарды угуу мен үчүн майрам болчу. Алдын ала даярданып, эртеден кечке үйдөгү жумуштарды аткарчумун. Атам абдан кыраакы киши болчу. Аттын чөп салчу акырына 15-20 тыйындыктарды атайын таштап койчу экен. Акча алса дагы эмгектенип туруп алсын дегени го, менимче. Ошол акырды таптаза кылып тазалап, эң түбүнө жеткенде баягы тыйындарды таап чыгып сүйүнүп калчумун. Ошентип, эмгегиңдин акысы деп ата-энем мени ээрчитип алып концертке алып барышчу. Бир жолу концерт аяктаган соң атам атайын мени артисттердин астына апкелип “балам артист болом дейт, боло алабы, бир көрүп бергилечи” деди. Анан алар “кана, бийлечи” дешкенинен бийлеп берсем “ой, сиздин балаңыз артист болот экен” десе аябай сүйүнүп, бирок артисттер кеткенде аларды ээрчип буркурап ыйлап калганым эсимден кетпейт.

Анан, бул жаатта жогорку билим алдыңызбы?

— Ооба, аскердик кызматымды Ленинград шаарында өтөп келген соң Филармониянын астындагы эки жылдык студияга келип тапшырып, алпарпуучулук боюнча өзүмө тажрыйба топтодум. Андан соң Москвадан окуйм деген тилегим ишке ашып, Щепкин атындагы театралдык училищеде билим алууга жетиштим.

Эң биринчи жараткан олуттуу образыңыз кимдин ролу болгон?

— Эң алгач студент кезимде 1989-жылы “Мосфильм” тарткан “Эрмак” аттуу тасмада Күчүмхандын кол астында иштеген адамдын образын жараткам. Ага удаалаш эле режиссёр Юрий Соломин дагы кино тартып калды. Ал тасмада 25 жаштагы монгол-татар ханынын ролун ойногом. Ашондо калтырап-титиреп сүрдөп жатып араң тартылганым эсимде. Негизи, ар бир ролумдун артында талыкпаган эмгек, анан аракет турат.

Байкасак, тасмалардагы, клиптердеги образдарыңызда дайыма эле терс каарманды чагылдырат экенсиз. Мунун себеби эмнеде?

— Ошону айтпайсызбы, өзүм да ушуга таң калам. Билбейм, кастингге чакырышат, анан видеопроба, фотопроба кылып көрүп эле “терс каармандын образын жакшы аччудай экенсиз” деп эле ошондой терс каармандын ролуна бекитип коюшат. Анан кесибибиз ушул болгон соң режиссёр берген ролду ийине жеткире аткарып берүү биздин милдетибиз да.

А өзүңүз, негизи, кимдин, кандай адамдын ролун жаратууну эңсеп жүрөсүз жүрөгүңүздө?

— Мен көп балалуу, тоодо жашаган чыныгы карапайм, жөнөкөй кыргыздын ролун жараткым келет. Ыраматылык атам ошондой киши болчу да. Эмнегедир ата-энем мага кандай тарбия берсе, ошону кайра кайталап, азыркы жаштарга чыныгы жашоону, жарыкты көргөзүп бергим келет.

Клиптерге тартылууда сизди жетишерлик деңгээлде ыраазы кылышабы?

— Ооба, кээ бир ырчылар клип тартылып бүткөн соң үйүнө чейин алпарып сыйлап, анан акчалай дагы ыраазы кылышат. Өзүм, негизи, баланча деп так бааны койбойм. Клип тарткан адамдын бергенине эле ыраазымын.

Клиптер менен эле чектелип, тасмаларга көп тартыла бербейсиз го?

— Бир жылдары катуу ооруп калдым. Кант диабети дегенди мен ага чейин такыр укпаптырмын. Генден берилген дейин десем, ата-энем деле бул ооруга чалдыккан эмес. Ошентип, катуу ооруп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан учурларым болду. 100 килограммдан 68 килограммга арыктап кеттим. Дароо ушунча салмак таштоо адамды алсыратып коёт экен, эчтекеге көңүлүм келбей, тамакка табитим тартпай эле жатып калдым. Чынын айтканда, өлүп калам го деген да ойлор болду. Оорум менен беш жыл алыштым. Такыр болбогонунан кайсы бир фирманын абдан кымбат дарыларын алып ичип ошондон анан кайра жандана баштадым. Ошентип, 10 жылдай чыгармачылыктан алыстай түштүм, ролдордон баш тартып жаттым. Кудайга шүгүр, ичер суум бар экен, кайра калыбыма келип, ден соолугум чыңалып сүйүктүү жумушума кайткам. Бирок ошол кырдаалдан соң мага олуттуу роль сунуштагандар азайды.

Актёрлук кесиптен тышкары дагы өнөрлөрүңүз бар чыгар, биз билбеген…

— Театрга кээде гана барам. Штаттан тышкаркы кызматчымын. Билбейм эми, муну өнөр десе болобу же хоббиби, мен үйдө өз колум менен гүлдүн түрүн өстүрөм, өзүм карап-багам. Тамактын, салаттын түрүн жасайм. Жубайым жоопкерчиликтүү жумушта иштегендиктен үйдө дээрлик болбойт, командировкага көп чыгат. Ошол себептен аялдын иши, эркектин иши деп бөлбөй жасай берем. Анан да 50 жашымда көргөн Аделя аттуу алтын кызым бар. Кызымды таң аткандан мектепке, ар кандай ийримдерге ташып күнүм кечке аны менен өтөт. Эртең менен саат сегизде сабагы башталып, ошону менен ар кандай курстарга барып жатып кечинде 10до араң бошойт. Кээде тойлор чыгып калганда мен тамадалык кылам, кызым болсо бийлеп берип элге кызмат кылабыз. Картайганда бала көргөнгөбү, кызымды аябай жакшы көрөм. Улуу балам Адилет болсо 24 жашта. Кесиби боюнча дипломат. Учурда Нью-Йорк шаарында эмгектенип жүрөт.

Сиздин өмүрүңүздөгү эң сүйүнүчтүү жана эң оор учур кайсы болгон?

— Эң ийгиликтүү учур деп актёрлук кесипке ээ болгон жылдарымды айта алам. Анткени Москвага окууга өттүм дегенде мага эч ким ишенбей койгон. Кийин Москвада жүргөнүмдө Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы болуп калып мен “Время” берүүсүнөн сүйлөгөндө гана ишенишиптир айылдаштар. Ошондо билим алып жатканымды далилдедим деп бир сүйүнгөм. Ал эми мен үчүн эң оор кырдаал – бул апамды жоготуп, ал аз келгенсип топурак салууга да жетишпей калганым болду. Билет алып жакшыле даярданып жаткам, аэропортко келсем, биз уча турган самолёт рейсинен кармалып калып, кечигүүмө себепчи болуп калган. Ошентип, апам жерге берилгенден үч күн өтүп араң үйгө жеткем. Ошондо туугандар арасында менин абалымды түшүнбөй жаман көрүп, “башка нерсе болсо жетип келмексиң…” деген сыяктуу сөздөр айтылып, өзүм арманда барсам, андан бетер жүрөгүмдү оорутушуп, өзүмдү абдан күнөөлүү сезген элем.

Жубайыңыз казак кызы экен. Боордош казак кызы менен кандайча таанышып, бир үй-бүлө болуп калгансыздар?

— Башында айтып өткөн “Эрмак” тасмасына тартылып жатканда жөтөлүп катуу ооруп калдым. Ошондо апам “балам, үйгө кел, сага кийиктин этин алдырып койдум, дарыланып кайра кетесиң” деп чакырып калды. Ошентип Ошко келип апам мени бапестеп багып, кыргызчылык кылып дарылап айыктырып, кайра кете турган болдум. Анан самолёт менен учуп кетейин десем билет жок, поезд менен кетүүгө туура келди. Ошол поездде кетип баратып таанышкам жубайым менен. Ошондо 90-жыл экен, 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, 95-жылы баш кошконбуз. Жубайым ошол кезде эле мага камкордук кылып, кымбат баалуу кийимдерди алперип мени аябай барктачу. Ошондо анан “ушул кыз мага жакшы жубай болчудай” деп анын колуп сурап үйлөнүп алганбыз. Ата-энелерибиз дагы каршы болгон жок, бизге ак батасын гана беришкен. Жубайым ошол жаш кезде мага жасаган камкордугун ушул кезге чейин кылып келет. Кудайга шүгүр, эң бактылуу үй-бүлөбүз.

Туулуп-өскөн жериңизди сагынасызбы?

— Мен 1962-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Тилла-Сай айылында туулгам. Ата-энем 19 балалуу болгон, тилекке каршы, ошол 19 баладан азыр он экөөбүз эле калдык. Ата-энемден калган тамда учурда эң кичүү иним үй-бүлөсү менен турат. Албетте, келиним апамдын оокат-ашын татыктуу улаган мыкты келин. Биз барганда иним экөө тең жадырап тосуп алышат. Бирок баары бир ата-энең жок болгон соң бир нерсе жетпегендей болуп, үй ээн сыяктана берет. Эми ата-эненин орду, анан бир туугандын орду башка экен да.

Маегиңизге рахмат. Чыгармачылыкта ийгиликтерди, мыкты образдарды жаратып, күйөрмандарыңызга кызмат кылып жүрө бериңиз.

Асел Эсенбек кызы

СоӊкуМээрим: Балам көзүн ачканы менен мени да көрбөйт
КийинкиСупер келин ким болду?