Негизгиге Ааламда Супер келин ким болду?

Супер келин ким болду?

559

Супер келин ким болду?

28-декабрь күнү борбордогу ресторандардын биринде “Almazova» студиясы тарабынан уюштурулган “Супер келин-2019” сынагы болуп өттү. Сынакка келечектеги жана учурдагы келиндер болуп 15 кыз-келин катышты. Катышуучулар өзүн тааныштыруу, талантын көрсөтүү, тамак жасоо сыяктуу тапшырмаларда өз жөндөмдөрүн көрсөтүшүп, алдыга озуп чыккан экөө Дубайга жолдомо утуп алышты.

“Almazova» студиясынын жетекчиси Айдай Алмазова:

Бул менин 1,5 жыл ичинде уюштурган 6-сынагым. Айымдарды колдоо, аларга чоң сахнада өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү, дегеле кыргыз айымдарынын сулуулугун даңазалоо максатында биздин студия ушундай сынактарды өткөрүп турабыз. Декабрь айында да “Жылдын мыкты чоң энеси-2019” сынагын өткөрөбүз. Ал эми келерки жылга ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландарыбыз бар.

 

1-жолдомонун ээси Бегимай: “Уткан жолдомомду мүмкүнчүлүгү чектелген айымга белек кылам”

Мен бул сынак тууралуу инстаграм баракчасынан окуп калып, “мен дагы катышсам болобу?” деп өзүм чалгам. Акыркылардан болуп барсам кыздардын даярдык көрүп жаткандарына бир ай болуп калыптыр. Менин эч кандай демөөрчүм да жок эле, ошондуктан баарына өз күчүм менен аракет кылып жаттым. Бирок сынак болоруна 2-3 күн калганда уят болуп калбайын деп катышуудан баш тарткым да келди. Сынак күнү да көп тоскоолдуктарга учурадым. Келсем туфлимдин такасы сынып калып жатпайбы. Үйгө барып башка туфли кийип келейин деп такси менен баратсам, таксинин дөңгөлөгү жарылып калды. Анан үйгө жетпей эле эжемдин үйүнө барып анын бутумду кыскан туфлисин алып келсем сынак башталып калыптыр. Дагы жакшы, мен 8-номерде элем, менин чыга турган кезегим али келбеген экен. Акыркы тапшырма өзгөчө тамак жасоо эле. Мен өзүм шаардагы эки кафеде ашпозчу болуп иштеп, палоонун өзгөчө түрлөрүн жасайм. Сынакка да кабырганын ичинде бышкан палоо жасайм деп кабырганы 2 күн мурун эле маринаддап койгон элем. Атүгүл баарын даярдап берип, кесиптештеримден бышырып коюусун сурангам. Алар бышырып койсо, жаңы келген официант аны сатып жибериптир. Муну укканда ыйлап, мурдум канаганга чейин жеттим. Күнөөсүн сезген официант алып кеткен кардардын үйүнө, Арча-Бешикке барып алып келип бергенге чейин сынак бүтүп калды. Анан тобокелге салып палоомду калыстар тобу жыйынтык чыгарып жаткан жерге алып барып бердим. Кандай жасаларын сурашканда ошол жерден баарын айтып бердим. Ушундай тоскоолдуктардан улам алдыңкы орундардан үмүтүмдү үзүп койгон элем. Бирок күтпөгөн жерден 1-орунга ээ болдум. Абдан кубанычтамын. Дубайга уткан жолдомомду мүмкүнчүлүгү чектелген айымга белек кылам, муну өзүнө деле айтып койдум.

Сынактын шарты боюнча катышуучулар өзүбүз бир нечеден билет сатып алышыбыз керек болчу. Мен алган билеттеримди фейсбук баракчасындагы мүмкүнчүлүгү чектелген досторума белек кылып таратып койгом. Арабасы менен атайын келгендерине аябай ыраазы болуп калдым. Ошол ыраазычылыгымды билдирип, жолдомомду ага белек кылам.

2-жолдомонун ээси Акылай: “Башынан эле жеңем деген ишенич бар эле”

Мен Бишкек гуманитардык окуу жайынын филология факультетинде 4-курста окуйм. Андан тышкары окуудан кийин тойканада тейлөөчү болуп иштеп, өзүмдү камсыздайм. Сынакка үй-бүлөсү жок кыздардын катарында эң кичүүсү болуп катыштым. Башынан эле алдыңкы орундардын бирин алам деген ишеним бар эле менде. Анткени даярдык абдан катуу болду. Даярдануу учурунда кыйынчылыктар, тоскоолдуктар да болду. Уюштуруучулар тарабынан бизге бирден гана көйнөк берилмек, калганын өзүбүз табышыбыз керек эле. Өзүмө жаккан улуттук стилдеги кийимдерди таппай, тапсам да баасы кымбат болуп ушул жагынан кыйналдым. Колдоочум да жок болгондуктан айлыгымдын баарын ошол кийимдердин ижара акысына сарптадым. Талантты көрсөтүү бөлүмүндө манас айттым. Анткени мектепте окуп жүргөн кезимде манас айтуу боюнча сынактарга катышып, облуска чейин келип кетчүмүн. Ошол өнөрүмдүн мында да пайдасы тийди. Тамак жасоо болсо мен үчүн кыйын эмес. Тоодо чоңоюп уй саап, бээ саап, тиричиликке бышкам. Жумушта да ашканага киргенде кызыгып калган тамактарымдын рецепттерин билмейинче ашпозчу эжелердин жанын койбойм. Сынакка да ошол эжелер менен кеңешип, таажынын формасына келтирип койдун кабыргаларынан өзгөчө тамак жасадым.

2-орундун ээси Гүлжан: “Чыныгы жашоодо да келин болоюн деп тилек кылдым”

Мен бул сынак тууралуу интернеттен окуп калып, өзүмдү сынап көрөйүн деп катышып калдым. Биринчилерден болуп сентябрь айында эле келгем. Чындыгында, көп убакыт жумшалды, даярдыктар катуу болду. Биздин “Назик” бий тобубузга күз айларында абдан көп тойлордон буюртма түшөт. Бул сыяктуу иштеримди 2-планга жылдырып коюп болушунча даярдандым. Сынактын шарты боюнча 1-орунду эки катышуучу: бир келин, бир турмушка чыга элек кыз алыш керек болчу. Мен алардан кийинки орунду алдым. Менин оюмча, калыс эле болду. Бирок элден өткөн калыс жок деп коюшат го, тааныбаган эле адамдар мени колдоп, “1-орунга сиз татыктуу элеңиз” деп жатышат. Эмнеси болсо да мага бул долбоор абдан жакты, өзүмдү сынап көрдүм, жакшы нерселерди алдым, сынактын жүрүшүндө өзүмдү келин элестетип алдым. Чыныгы жашоодо да “келин” статусуна ээ болоюн деп тилек кылдым.

СоӊкуРахматулла Табалдиев: Ооруганымдан кийин мага роль сунуштабай калышты
КийинкиҮнөмдүү той өткөрүүнү модага айлантсак болбойбу?