Негизгиге Саамалык Этно-фуршет элдин кызыгуусун жаратууда

Этно-фуршет элдин кызыгуусун жаратууда

426

Этно-фуршет элдин кызыгуусун жаратууда

Кейтеринг – чакырылган жерге фуршет уюштуруу кызматы акыркы күндөрү
кулачын кенен жайды. Биздин кылым карытып келе жаткан даамдарыбызды
унутта калтырбай ага өзгөчө көрк кошкон этностилдеги фуршеттер азыр суроо- талапка ээ. Кеңири тарап жаткан кызматтын өзгөчөлүктөрү тууралуу “Супара” этнокомплексинин ивент-менеджери Айгерим Талгарбекова айтып берди.

Айгерим Талгарбекова: “Этнофуршет суроо-талапка ээ болууда”

Айгерим, көбүнчө кимдер этнофуршетке буйрутма беришет?

— Биздин бул кызмат жаңыдан күчүнө кирип жатат. Каалоочулар кыз узатуу,
үйлөнүү той, куда тосууга чакырып жатышат. Азыр Бишкектин кайсы жерине
болбосун чыгып тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Кандай тамактар менен өзгөчөлөнө аласыздар?

— Көбүнчө кыргыздын илгерки тамактары басымдуу болот. Сүттөн даярдалуучу
эжигей тамагы, каймакка көөлөнгөн талкан, чөбөгө, каймактын, чак-чактын,
куруттун түрү, быжы, жөргөм, казы-карта, суусундуктардан кымыз, жарма, максым,
бозо жана башка түрлөрү коюлат. Өзүбүздүн “Супара талкан” аттуу шоколадыбыз
бар. Шоколад талкан, сары май, балдан жасалат. Ичине мейиз, жаңгак, мисте
салынат. Эч кандай ашыкча жыт кошуучу заттар колдонулбайт. Нукура таза азык.
Биздин өзгөчөлүгүбүз – чакырган жерде шарт бар болсо казанга куурума чай
жасап беребиз. Самоорго чай кайнатабыз. Көбү куурума чайды шорпо катары
кабыл алат, “ток кармайт экен” деген пикирлерди айтышат. Өткөндө Ала-Арчага
Кореянын премьер-министри келгенде тоого барып кыргыздын нукура чайын
бердик. Абдан ыраазы болушту. Нанды болсо колго жууруп, мешке бышырабыз.
Кыргыз нан, калама, каттама, жупка нан, боорсоктун түрү сунушталат.

Буйрутманы канча күн мурун берүү керек?

— Кишинин санына, өткөрө турган жерге жараша 1-2 күн мурда буйрутма берсе
болот. Бизде баары таза азыктар, эч качан эскирген тамактар болбойт. Фуршет
болот деген күнү ашпозчулар камынат. Азык-түлүктү дайыма туруктуу
кардарларыбыз жеткирип турат. Колдонгон азыктын кошулмасыз, сапаттуу
экенине кылдат көңүл бурабыз.

Дагы кандай кызматтар көрсөтүлөт?

— Биз буйрутма алгандан кийин фуршет боло турган жерди жасалгалайбыз. Боз
үйдүн керегесин алып барабыз. Сырттан караган кишиге боз үйдүн ичинде
отургандай сезим тартуулаганга аракет кылабыз. Керегеге эркекке, аялга
тиешелүү оокаттарды илип жасайбыз. Кыскасы, биздин даамды сызган адам
илгерки ата-бабалардын басып өткөн жолун, ичкен тамагын элестетиши керек.
Идиштерибиз чоподон, жыгачтан жасалган.

Фуршеттин баасы канча сомдон башталат?

— Кишинин санына, бара турган жерге жараша болот. Жогорудагы жасалга керекпи
же жөн эле тамак-ашты каалайбы, баары эске алынат. Эгер жасалгалоо керек
десе биз керектүү оокаттарды атайын унаа менен жеткиребиз. Эки кыз же улан
келген конокторду тейлейт. Андан сырткары баатыр жигитибиз бар. Ал келген
меймандарды тосуп алып сыйлап турат. Орточо 35 миң сомдон жогору десем
болот.

Келген элдерден кандай пикирлерди угуп жатасыздар?

— Көбүнө жагат. Чет мамлекеттен келгендер көөлөнгөн талканды жеп көрүп курамы
кандай экенине кызыгышат. Аябай ток кармайт экен деп жатышат. Куруттун түрүн
жактырып жегендер арбын.

Анара Дүйшөналиева

Соӊку43 жашка чыккан «Кыз-Бурак»
КийинкиКүзгү депрессияга кабылбайын десеңиз…