Жардамчы болгон жаңы буюмдар
Замандын талабына жараша колдонууга ыңгайлуу, колубузду узарта турган
буюмдар күн сайын чыгып турат. Ашканага, ден соолукка, күнүмдүк тиричиликке
зарыл болгон заманбап буюмдардын топтому төмөндө. Аларды борбордогу соода
түйүндөрүнөн табууга жана буйрутма берүүгө болот.
Кийим кургата турган илгич
Илгичтин формасындагы кургаткыч электр кубатын үнөмдөөгө, шашылыш учурда
кийимди кургатууга жардам берет. Желимден жасалган илгичтин ичинде
микрокомпьютер бар. Ал кийимди кургатууга муздак жана ысык абанын нормасын
көзөмөлдөп турат. Оор, калың кийимдерди 2-3 саатта кургатса, жеңил көйнөктү 20-
30 мүнөттө кургатат. Атайын башындагы ийкемдүү бурагычы менен бут кийимдин
ичин да кургатса болот. Баасы: 1 300 сом
Сүйлөшүүгө ыңгайлуу микрофон
Душка түшүп жатып телефон менен сүйлөшкөндү, музыка укканды жактырсаңыз,
BTS-06 деген аталыштагы колонка сиз үчүн. Аны жуунуучу бөлмөнүн кафелине
жабыштырып койсо болот. Колонкада микрофон, музыка уга турган, үнүн азайтып
жана чоңойто турган, телефон чалуу болсо ала турган белгилер коюлган. Болгону,
колонканы блютуз аркылуу телефонго туташтыруу керек. Бул буюм болсо, суу
колуңуз менен телефон кармап отурбайсыз, телефонду сууга түшүрүп алам деп
чочулабайсыз. Аны маалы менен кубаттап койсо, 7 саат колдонууга жетет. Баасы: 800 сом
Бутту жылуу кармаган батек
Кышкысын, эрте жазда күндүн көп бөлүгүн сыртта өткөргөн адамдар үчүн
ыңгайлуу батектер чыгарылган. Таманында жайгаштырылган аккумуляторду
кубаттап турса 5-6 саатка жетет. Ал эми жылуулукту пульттун жардамы менен
улам азайтып же көбөйтүп турса болот. Батектин калыңдыгы 8 миллиметрге чейин
болот. Аны ар кандай өлчөмдөгү бут кийимге салып кийүүгө ыңгайлуу.
Баасы: Кубаттагычтын сапатына жараша 1000 сомдон 7000 сомго чейин.
Калория эсептеген тараза
Ден соолугуна жана мүчө келбетине кылдат көңүл бургандар үчүн күндө жей
турган тамактын калориясын эсептеген таразалар суроо-талапка ээ. Анын эс
тутумунда күндө колдонулуучу азык-түлүктөрдүн тизмеси бар. Сенсордук экрандан
өзүңүз жей турган азыкты таап, канча өлчөмдө экенин көрсөтсөңүз, дароо эсептеп
берет. Тамактын курамында канча грамм углевод, белок, клетчатка, бар экени да
так көрсөтүлөт. Таразаны токко сайып бир жолу кубаттап койсо 20-30 күнгө жетет. Баасы: 1800 сомдон 2300 сомго чейин.
Даяр кесме кескич
Колго кесилген кесмени жакшы көрсөңүз, бирок камыр жууругуңуз келбесе,
заманбап кесме кескич жардамга келет. Анын түзүлүшү өтө жөнөкөй. Орнотуп,
токко туташтырып, ичине биринчи ун, анан туз аралашкан суу куясыз. Бир аз
аралашкандан кийин жумуртка чегип дагы бир нече мүнөткө айландырсаңыз,
камыр ийленип даяр болот. Кесмени жалпак, тоголок, сүйрү, жоон жана ичке
кылып кесе турган түрдүү тиши бар. Каалаганын тандап салгандан кийин
кнопканын жардамы менен кесме даяр болот. Баасы: 4230-5000 сом.
Айланкөчөк чаң соргуч
Столдун үстүндөгү нандын күкүмүн, балдар жерге түшүргөн тамактын
калдыктарын тазалаганга кичинекей чаң соргуч жардам берет. Колго кармаганга
ыңгайлуу, айланкөчөктүн формасындагы чаң соргуч эки батарея менен иштейт.
Анын бетиндеги майда тарагы майда күкүмдөргө чейин тазалайт. Капкагын ачып
ичине топтолгон чаңды күбүп салуу керек. Батарея 10 күнгө чейин жетет.
Баасы: 350 сом, ал эми токко сайып кубаттай турган чаң соргуч 1000 сомдон
жогору.
Моюн омурткаларын эс алдыруучу жаздык
Күнү бою компьютердин маңдайында отуруп иштегендер үчүн, остеохондроздон
кыйналгандар үчүн атайын жаздыктар бар. Үч кат болгон жаздыкты моюнга салып,
ага туташтырылган баллондун жардамы менен аба толтуруу керек. Моюн
омурткаларга ыңгайлуу кылып каалаган өлчөмдө абаны толтуруп алган соң 5
мүнөттөн 20 мүнөткө чейин тагынып жүрүү керек. Бул ыкма моюндун, ийиндин
булчуңдарын иштетип, мээдеги кан айлануунун жакшыруусуна жардам берет.
Өнөкөт баш оорудан арылтат. Убакыт бүткөндө желди чыгарып, жаздыкты чечип
койсо болот.
Баасы 2490-4000 сом.
Кышкы кашемир колготки
Быйыл айымдардын арасында жылуу, кашемир колготкилер хит болду. Суукта
көйнөк кийгенди жакшы көргөн айымдар үчүн мындай колготкинин сапаты мыкты
экенин белгилесек болот. Адатта капрон колготки бир-эки кийгенден чыкпайт. Ал
эми сырты капрон, ичи жылуу кийимди бир нече жолу жууп колдонууга болот.
Баасы: 600-700 сом
Ыңгайлуу кир жуугуч
Сапарга чыкканда жаныңа алып жүрүүгө ыңгайлуу кир жуугуч жеңил жана чакан.
Аны кийиштирип жыйнап койсо болот. Ал эми колдонордо жазса, 5-8 литрлик
чакадай болот. 3 литр суу менен көйнөк, байпак, ич кийим жууп алса болот. Ток
менен иштейт.
Баасы: 1190 сом
Ашыкча түктөн арылтуучу аппарат
Помаданын формасындагы жеңил, сумкага салып жүргөнгө ыңгайлуу аппарат
ашыкча түктөрдөн арылууга жардам берет. Аппаратты кургак, таза териге
катуураак басып түктөрдү тазалоо керек. Батареясын 3-4 колдонгондон кийин
алмаштырып туруу зарыл.
Баасы: 560 сом
Анара Дүйшөналиева