Негизгиге Ааламда Майыптар кантип жашашат?

Майыптар кантип жашашат?

247

Майыптар кантип жашашат?

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 187 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Анын
18 миңи 18 жашка чейинки өспүрүмдөр болсо, калганын чоңдор түзөт. Өнүккөн
башка өлкөлөрдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мыкты шарттар түзүлгөн.
Алар башкалар менен аралашып иштеп, жеке айдоочусу бар унаа, үй менен
камсыз болушат, салык жана коммуналдык кызматтарды төлөшпөйт. Көчөлөрүндө,
имараттарында майыптар үчүн эң жакшы шарттар түзүлгөн. Ал эми биздечи?

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай шарттар жана
жеңилдиктер каралган? Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү
министрлигинин пресс-катчысы Кымбат Кадыралиева айтып берди.

1. Ай сайын республикалык бюджеттин эсебинен 1000 сомдон 4000 сомго
чейинки жөлөк пул чегерилип турат:

– 18 жашка чейинки бардык категориядагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар –
4000 сомдон;

– 1-топтогу тубаса майыптыгы бар жарандар – 4000 сомдон;

– 2-топтогу тубаса майыптыгы бар жарандар – 3300 сомдон;

– тубаса майыптыгы бар 3-топтогу жарандар – 2700 сомдон.

Ал эми кырсык же кандайдыр бир оорудан улам мүмкүнчүлүгү чектелген

– 1-топтогу майыптыгы бар жарандарга – 2000 сомдон;

– 2-топтогу майыптарга – 1500 сомдон;

– 3-топтогу майыптарга – 1000 сомдон жөлөк пул берилет.

2. Беш жылда бир жолу бекер майыптык араба менен камсыздандырылат.

3. 18 жаштан жогорку 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга беш жылда
бирден курорттук-санаторияга жолдомо бекер берилет. Ал эми 2-топтогу
мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 50 пайыздык, 3-топтогуларга 30
пайыздык арзандатуу каралган. Эгерде 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген
жарандын жанында жандап жүргөн дагы бир адам болсо, ага 50 пайыздык
арзандатуу болот.

4. 2018-жылдын 1-январынан тартып «жеке ассистент» социалдык кызматы
ишке кирген. Мында мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма бирөөнүн кароосуна
муктаж болгон 18 жашка чейинки балдарды караган ата-энелер мамлекет
тарабынан 4900 сом айлык акы алышат.

5. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык
протездик-ортопедиялык мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга
протездик буюмдар, ортопедиялык бут кийимдер, ходунок, балдактар
жасалып берилип турат. Заводдун кызматынан пайдалануу үчүн ар кайсы
региондордон келген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын
социалдык-стационардык борбор бар. Алар бут кийим жасатып жаткан
учурда борбордо жатып, комплекстүү түрдө дарыланса болот. Мындан
сырткары жол киреси төлөнүп берилет.

6. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, жалгыз калган жарандардын үйүнө
социалдык кызматкерлер жумасына эки жолудан барып, үйлөрүн иретке
келтирип, тамак-ашын жасап, дары-дармегин алып келип берип күнүмдүк
тейлөө көрсөтүшөт.

7. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар атайын социалдык-
стационардык борборлордо жашай алышат. Анда медициналык кызматтар
көрсөтүлүп, убагы менен укташып, сейилдеп, кадимкидей жашоо образы
уланат.

8. Бишкек, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Каракол, Ошто жашаган мүмкүнчүлүгү
чектелген адамдар беш ай бекер программисттин курсун окуй алышат.
Мындан сырткары күнүнө транспортко керектелүүчү чыгым катары 300 сом
төлөнүп берилет.

Сизге жашоо эмнеси менен кыйын?

1-топтогу майып Гүлзар: “Мамлекет берген жөлөк пул эки күндүк таксиге кетет”

– Мен эки баланын энесимин. Автокырсыктан улам арабага байланып
калгам. Ошон үчүн мамлекет тарабынан 2000 сомдук жөлөк пул алам.
Өзүм шаардын четиндеги айылдардын биринде жашагандыктан, шаарга
баруу үчүн такси кызматынан пайдаланып, барып-келгениме миң сомдун
тегерегинде каражат сарптайм. Себеби коомдук транспортко өз алдымча
түшө албайм. Белинен жабыркап баспай калгандар гигиеналык
каражаттарга муктаж болобуз, мисалы, дайыма атайын майларды
колдонушубуз керек, алыс жолго чыкканда такма жалаяк керек болот,
алардын болсо наркы кымбат. Мамлекет берген жөлөк пул эки күндүк
такси кызматына эле жетет.

2-топтогу майып Айдана: “Дайыма бирөөнүн жардамына муктажмын”

– Мен кичинекей кезимден кадимки мектеп, кийин колледжде окугандыктан,
азыр жогорку окуу жайга барып окугандан уялбайм. Элдин көз карашына
көнүп калгам. Үйдөн таяк, ходунок менен жүрө берем, бирок көчөгө
чыкканда жандоочу керек болот. Себеби унаа бул жакта турсун, жөн эле
көчөдө жүргөнгө шарт каралган эмес бизде. Пандустар жөн эле “для
галочки” коюлган, ал жактан өз алдынча түшүп-чыга албайбыз. Коомдук
транспорттор биздей адамдарга ыңгайлашпагандыктан, окууга дайыма
такси менен барам. Албетте, мен окуган окуу жайда да шарт жок да,
ошого курсташ, курбуларыма университетке жетерде чалып койсом алар
тосуп алып, университеттин ичинен мени жетелеп жүрүшөт.

1-топтогу майып Таалайгүл: “Айдоочу “майыпсың, эч нерсе кыла албайсың”
дегендей таштап кеткен”

– Жолдошум экөөбүз тең 1-топтогу майыптыгы бар адамдарбыз. Учурда
бир балабыз бар. Экөөбүз дайыма эшикке чогуу чыгабыз. Азыр колдору
менен көрсөткөн, жаныбыздан айланып карап өтүп, алыска узап кеткичекти артыбыздан узатып турган адамдар мурдагыдан азайып
калды, буюрса. Бирок кайдыгерлик дагы деле бар. Жакында эле
жолдошум экөөбүз такси кызматын чакырганбыз. Такси келип, бизден
алысыраак туруп алыптыр. “Биз араба мененбиз, жакыныраак келип
коёсузбу?” деген өтүнүчүбүздү эске албай ошол жерде туруп алды.
Айласыз жолдошумду сүйрөп алып бара жатсам, арабанын алдыңкы бир
дөңгөлөгү тешикке кирип кетти. Араба ооп, аны менен кошо мен кулап,
токтоп турган машинага башым менен тийип эс-учумду жоготуп
коюптурмун. Жолдошум болсо колу менен жерди таянып калыптыр.
Качан гана жолдошум жардам сурап кыйкырганда айдоочу унаасынан
чыгып, “ооруканага алып барып коюңузчу?” деген суранычына “мындай
арабаны салганга атайын унаа чакырыш керек” деп кетип калыптыр.
Эсиме келсем жолдо жатыптырмын. Негизи, майыптык араба бүктөлөт,
ошону түшүндүрүп айтсак дагы көп айдоочулар батпайт дей беришет.

1-топтогу майып Гүлнур: “Казакстанда жүрүп өзүмдү толук кандуу адамдай сезгем”

– Мен Нарын шаарынын тургунумун, жашым 40та. Эки баланын энесимин.
Мындан үч жыл мурун көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатынан түшүп кетип
майып болуп калгам. Бүгүнкү күнү эшикте майыптык араба менен жүрсөм
үйдүн ичинде ходунок менен же болбосо маймылдарча жөрмөлөп жүрөм.
Бизде майыптар үчүн 99 пайыз шарт жок. Бишкекте жүргөндө сулуулук
салонуна кирип кызматынан пайдаланайын дегем. Тилекке каршы,
тепкичтен чыга албай койгом. Нарын шаарында курулган пандустун экөө
эле бизге ыңгайлуу, калганы туура эмес курулган, учуп кетчүдөй болосуң.
Былтыр Казакстандагы реабилитациялык борборго барып келдим. Чынын
айтканда, ал жакта жүргөндө өзүмдү толук кандуу, дени сак адам сездим. Ал
жакта бекер кызмат көрсөткөн атайын инва-таксилер бар экен. Ичине беш
майып адам кенен баткан кадимки эле бус, атайын көтөргүчү бар.
Дүкөндөрүнө да кадимкидей эле барып келесиң. Балдарым болбосо, ошол
жакка көчүп кетип эле жашамакмын.

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here