Негизгиге Ааламда Дүйнөнү дүңгүрөткөн социалдык желелерди кимдер ойлоп тапкан?

Дүйнөнү дүңгүрөткөн социалдык желелерди кимдер ойлоп тапкан?

53

Интернет ааламында ар кандай тиркеме, желе, сайттар күн санап жаңыланууда. Алардын башкы максаты – кызыктуу контент түзүп, катталуучуларды өзүнө тартуу. Сиз да алардын айрымдарына катталып, убактыңызды арнап келесиз. Бүгүн ошол социалдык тармактарды негиздеген инсандар менен таанышып алыңыз.

“Тик-Токтун” негиздөөчүсү жеке жашоосун сыр тутат

“Тик-Ток” – кыска видеолорду түзүү жана көрүү үчүн сервис. Аны “Кытайдын Марк Цукерберги” аталган 37 жаштагы программист Чжан Иминг атайын жаштарга ылайыктап чыгарган. Эл аралык версиясы 2018-жылы жайында чыгып, бир жылда ээсине 3 миллиард АКШ долларын алып келген. Ал эми учурдагы байлыгы 16.2 миллиард долларды түзүп, Кытайдагы эң бай адамдардын арасында 13-орунда. Программист карапайым үй-бүлөнүн баласы. Ал алгач Нанькай университетинде микроэлектроника боюнча билим алып, кийин программисттин окуусунда окуган. Окуусун аяктагандан кийин “Kuxun” туристтик компаниясында программист болуп иштеп, бир жылдан кийин 50 кишиден турган команданы жетектеген. 28 жашында ByteDance интернет сайтын ачып, андан соң Тик-Токту иштеп чыккан. Жаш ишкер жеке жашоосун сыр туткан адамдардын катарында. Болгон маалымат: ал студент кезинде таанышкан кызга баш кошкон, азырынча балалуу боло элек.

“Zoom” тиркемеси сүйүүнүн артынан жаралган

“Zoom” онлайн-конференция сервисинин негиздөөчүсү америкалык кытай Эрик Юань. Юанга бул тиркемени ачуу идеясы 1-курс кезинде, 1987-жылы эле келген. Ал кезде болочок миллиардер башка шаарда жашаган сүйүктүүсүнө жолугуу үчүн он саатын жолго кетирчү экен. Ошондо кнопканы басып коюп эле сүйүктүүсүн көрүп, аны менен сүйлөшүү тууралуу кыялданчу. Бул кыялын ал туура он жылдан кийин ишке ашырган. Ал эми тиркеме ээсине чыныгы пайдасын үстүбүздөгү жылдын март айында алып келди. Пандемия башталганы анын тиркемесин күнүнө 200 миллион адам колдонуп жатты. Мындан улам тиркемеден бир күндө 5.2 миллиард доллар түшүп турган. Ал эми азыркы тапта бизнесмендин эсебиндеги акча 22 миллиард долларга жетти. Негизи эле Юань жаштайынан бизнеске жакын.  4-классында курулуш материалдарын терип, сорттоп, өткөрүп акча жасачу. Жараксыздарын үйүнүн артына алып барып өрттөчү. Бир ирет таштандыларды өрттөп жатып кошунасынын үйүн кошо өрттөп алып, ата-энесин чоң чыгымга учураткан. Эрик Юань 22 жашында жогоруда кеп болгон ашыгына үйлөнгѳн. Учурда үч баланын атасы.

“В Контакте” жана “Телеграммдын” негиздѳѳчүсү – Орусиянын отузунчу байы

Павел Дуров 1984-жылы интеллигенттердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Академиялык гимназияда билим алып, эрудит балдардын бири эле. Программисттик жѳндѳмү 11 жашында ойгонгон. Ашынган жѳндѳмү менен мектептеги компьютердеги мугалимдин сүрөтүнө “Сен өлүшүң керек” деп жазып, бул кылыгы үчүн мектеп жамааты анын компьютер колдонуусуна тыюу салышкан. Бирок Павел компьютердеги сыр сөздөрдү таап алып, баягы кылыгын кайталай берген. 2001-жылы артыкчылык диплому менен мектепти аяктап, филология жана котормочу адистигин тандаган. Бирок азыркыга чейин дипломун колго ала элек. Окуусуна катар программисттик жѳндѳмүн да таптап жүрүп “В Контакте” социалдык тармагын чыгарган. Учурда бул Орусиядагы белгилүү желелердин бири. 2013-жылы “Телеграммды” ойлоп тапкан. 2020-жылы аны колдонуучулардын саны 400 миллион адамга жетти. Аналитиктердин айтуусу боюнча, Павел учурда Орусия байларынын арасында отузунчу, дүйнө жүзү боюнча 565-орунду ээлейт. Өзү байлыгы тууралуу ооз ачпайт, ошол себептен так саны эч кимге маалым эмес. Миллиардердин жеке жашоосу тууралуу да эч ким билбейт. Жергиликтүү басылмалар ЗАГСтын берген маалыматына таянып эки баланын атасы, жубайы журналист Дарья Бондаренко экендигин жазып чыгышкан. Өзү бул тууралуу “мен бул маалыматты угуп абдан таң калдым” деп гана жооп берген. Павел 2014-жылы Орусиядан кеткен, учурда АКШда жашайт.  

“Snapchat” – талаштын артында такталган тиркеме

“Snapchat” тиркемесинин аткаруучу директору, негиздөөчүсү Эван Томас Шпигель дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлердин бири. Анын куржунунда 2.2 миллиард доллар бар. Эван колунда бар адамдын үй-бүлөсүндѳ туулуп, кымбат райондо чоңойгон. Ал жаштайынан кайрымдуулукка үйрөнгөн. Ата-энеси эки бир тууганы менен Шпигелди алып колунда жокторго үзгүлтүксүз кол сунуп турушчу. Беделдүү мектепте, кийин Стэнфорд университетинде дизайнерлик кесип боюнча билим ала баштаган. Университеттен Реджи Браун, Бобби Мёрд аттуу досторду тапкандан кийин окуусун таштап салган. Себеби студенттер 2011-жылы окуу планынын негизинде долбоор иштеп чыгууну ойлонуп, “Snapchat” тиркемесин табышкан. Негизи, идеянын өзөгү Эванга таандык. Ал идеясын ортого салып, студенттердин бири сүрөт, бири аудио вариантын сунуштап отуруп “Pistaboo” деген ат менен чыгарышкан. Тиркемеге алгачкы айда 127 эле адам катталган. Бирок бул адардын башкы көйгөйү эмес эле. Тиркеменин документтерин каттоодо Браун өзүн негиздөөчү катары көрсөтүүнү каалап, кирешенин 30 пайызын алууну көздөгөн. Мунун айынан Шпигель менен Браундун ортосунда конфликт жаралып, Бобби менен Шпигель Браунду компаниядан чыгарып, аккаунттарын кара тизмеге киргизип коюшкан. Ошол эле жылдын күз айында  “Pistabooну”  “Snapchatка” өзгөртүү менен интернет айдыңына алып чыгышкан. Ошондо катталуучулардын саны дароо 100 миңге жеткен. Орточо эсеп менен ар бир катталуучудан 1.05 доллардан түшүп турат. Бүгүнкү күндѳ 150 миллион активдүү колдонуучусу бар. Ал эми бир жылдык кирешеси 1.2 миллиард долларды түзѳт.

“Инстаграмдын” негиздѳѳчүлѳрү андан пайда табышкан эмес  

Бала кезинен ар кандай программаларды түзүп, досторун күлкүгө салган программист Кевин Систром “Инстаграм” желесин 2010-жылы кесиптеши Майк Кригер менен биргеликте түзүп чыккан. Эки жаратман алгач “Инстаграмды” бир гана “Apple” колдонуучулары үчүн чыгарган. Биринчи күнү эле 20 миң адам катталып, бат эле популярдуу болгон. Анткен менен Кевин менен Майк “Инстаграмдан” акча тапкан эмес, бир гана акча салышкан. 2012-жылы желеге “Фейсбук” социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кызыгып, 9-октябрда 1 миллиард долларга сатып алган. Азыр “Инстаграм” миллиарддаган каражат алып келип, Марк Цукерберг дүйнөдөгү эң жаш миллиардер аталган. Ал эми программисттер өздөрү түзгөн желеде иштеп келишет.  

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here