Негизгиге Спорт Алмазбек Раимкулов: Ассоль менин оозумдан майда сөздөр чыкпасын жакшы билет

Алмазбек Раимкулов: Ассоль менин оозумдан майда сөздөр чыкпасын жакшы билет

1070

Кыргыз мушкери Алмазбек Раимкуловдун окуган адамга өтө жагымсыз таасир калтырган маеги социалдык тармактарга 2-3 күн мурун жайылган эле. Кыргыздын желегин дүйнөгө желбиретип жүргөн мекенчил спортчу кантип эле ушундай маек берсин деген кызыгуу менен Алмаз мырзанын өзүнө суроо узаттык.

— Алмаз мырза, акыркы маегиңизди окуган адамдын сизге болгон ою дароо тескери жакка өзгөрүлөт экен. Кыргыздын сиздей намыстуу уулунан ушундай сөздөрдүн чыкканы акылга сыйбай турат.

— Мен азыр өзүм шок болуп турам. Шахмат федерациясынын ачылышы болуп, ошол жакка конок катары чакырылганбыз. Фуршетте Сурат Жылкычиев деген аксакал журналист менен сүйлөшүп отурганбыз. Ал жерде таптакыр башка нерселер жөнүндө сөз болгон. Мен тарыхка абдан кызыгам, кыргыздын тарыхы, спортту кантип өнүктүрсө болору, менин “Kid Diamond” академиям жана башка көптөгөн олуттуу темаларда сүйлөшкөнбүз.

— А маекте негизги басым Ассоль Молдокматовага жасалыптыр, ал тууралуу такыр сөз болгон эмес беле?

— Журналист улам эле Ассоль тууралуу сурай берди. Бир нече жолу сөздү айлантып негизги темага буруп койдум. Болбой эле улам Ассолду айтат. Акыры: “Аксакал, ал менин жеке жашоом. Болгондо да өткөн жашоом. Сураныч, ага киришпей эле коюңуз”,-дедим. Андагы сөздөрдү кайдан таап алды, билбейм. Негизи эле ал байкенин максатын мен түшүнбөй калдым. Ассоль менен келишпестиги барбы… Эгерде андай болсо менин атымдан эмес, өзүнүн атынан билдирбейби анысын?! Аксакалдын мындай чагымчылдыгын баары эле билет окшойт. Фуршетте бир депутаттын, кийин дагы бир кишинин колун силкип басып кеткенин көрүп “булар эмнеге чоң эле кишинин шагын сындырышат?” деп койгом өзүмчө. Андан кийин мага келгенинен жаман оюм жок эле сүйлөшүп койгом. Бирок кайра-кайра сураганына карабай Ассоль тууралуу атайын ооз ачпай койгом. Анткени буга чейин да менин жеке жашоомо байланышкан туура эмес маалыматтарды жазып чыккан жайы бар. Бул маекти окуган досумдун “мен укпаган сөздөрдү ал кайдан алып жазды?” деп оозу ачылып калыптыр, үчөөбүз чогуу эле отурганбыз да.

— Маектен кийин Ассоль айым “эмне үчүн минтип айттың?” деген мааниде нааразычылыгын билдирген жокпу сизге?

— Ал азамат. Ассоль менин оозумдан мындай майда сөздөр чыкпасын жакшы билет. Анын үстүнө мен анын дарегине жаман сөз айтууга эч кандай негиз жок.

— Негизи канча убакыт чогуу жашадыңыздар? Кандай маанайда ажыраштыңыздар эле?

— Биз деле бардык башка адамдар сыяктуу эле бактылуу болуп өмүрүбүздүн акырына чейин чогуу жашайлы деген жакшы ниет менен баш кошконбуз. 1,5 жыл бактылуу жашадык. Бул убакыт аралыгында бири-бирибизге туура келбешибизди экөөбүз тең түшүндүк. Болгону ушул. Анан эч кандай уруш-талашы жок эле “сен өзүңдүн тиричилигиңди кыл, мен өзүмдүкүн кылайын” деп жай сүйлөшүп ажырашканбыз. Менин ага кымындай да нааразычылыгым жок.

— Ассоль айым турмушка чыгарын жарыя кылды. Буга кандай карадыңыз? Кантсе да мурунку жубайыңыз эмеспи?

— (күлүп) Кадимкидей эле карадым. Бактылуу болсун! Ар бир адамга бактылуу болууга акылуу.

— Эми калп жазып сиздин аброюңузга шек келтирген журналистке кандай чара көрөсүз?

— Ага чалып, териштирип майдалангым келген жок. Жактоочу менен кеңешип сотко берүүнү туура көрдүм. Себеби бул жерде менин намысым тебеленди деп эсептейм. Бул биринчи жолкусу эмес. Жогоруда айтпадымбы, мындан бир нече жыл мурун деле менин оозум менен жалган маек чыгарган. Анда теңелбейин деп эч кандай чара көргөн эмесмин. Бирок адамгерчиликтин да чеги болот да, минтип өздөрү чектен чыгып кетишет экен…

— Өзүңүз канчадан бери Кыргызстандасыз? Эмне менен алек болуп атасыз?

— Мен Кыргызстанга 2019-жылы келгем. Ага чейин Москвага “Kid Diamond” академиясын ачып ошол жакта иштедим. Азыр бул жакта деле ошол эле долбоорумдун үстүндө иштөөдөмүн. Учурда ажо менен жолугушууну күтүп жүрөм. Буюрса, жолугушууда чечилет. Менин максатым – академияны Кыргызстанга ачып, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн чоң шаарларына филиалдарын ачуу. Өлкөбүздү спорт аркылуу өнүктүрүүгө болот. Чоңдор эми оңолбой калдык окшойт, жаңы муунду башынан тарбиялап сергек жашоого, билимге, профессионалдык спортко кантип багыт берсек болору тууралуу ойлорумду президент менен жолугушууда ортого салам.

СоӊкуКапыстан келген кырсык жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү
КийинкиКүйөм өлгөндөн кийин кайнагам 2 бөлмөлүү үйүбүздү тартып алды