Негизгиге Ден соолук Бөлмөдөгү кургак аба эмнеси менен кооптуу?

Бөлмөдөгү кургак аба эмнеси менен кооптуу?

1002

Дем алуу органдарына тийгизген таасири

Мурдубуздагы былжыр чел аба аркылуу кирген вирустарды кармап калып, организмге киргизбей бизди сасык тумоодон сактаарын билебиз. Кургак аба биринчи кезекте мурдубуздагы ошол былжыр челди кургатат. Кургак аба менен дем алганыбызда былжыр чел катып, анын зыяндуу микроорганизмдерди кармап калуучу функциясы бузулат. Ошондой эле мурундагы каткан былжыр чел дем алууну кыйындатат. Натыйжада отит, бронхит, гайморит, өпкөнүн сезгениши сыяктуу оорулар козголушу мүмкүн.   

Көзгө тийгизген таасири

Көз алмасы суулуу, жабышчаак, былжыр катмарлардан турат. Эртеден кечке компьютерде отуруу, телефонду көп кароо, тамеки тартуу сыяктуу зыяндуу адаттар көздүн былжыр челин кургатат. Бирок сизде мындай зыяндуу адаттар болбосо деле эгерде үйүңүздө аба кургак болсо, көзүңүз дал ушундай зыян тартат. “Кургак көздүн синдрому” жаш агуудан башталат, анан көзгө бир нерсе кирип кеткендей сезим болот. Бара-бара көздүн кычышуусу, кызаруусу, жарыкты карай албоо жана көздүн начар көрүп калышы кошулат. Алгачкы симптомдор байкалганда эле абаны нымдаштырууга аракет кылбасаңыз, көзүңүз такай ушинтип ооруй турган болуп калат.

Аллергияны чакырат

Мурундун катып калган былжыр чели чаң, гүлдөрдүн чаңчасы сыяктуу аллергендердин таасирине туруштук бере албай калат. Тамак, мурун жана кулак тыгыз байланышта болгондуктан кургак аба аллергиялык оорулардын өрчүшүнө шарт түзөт.

Тери, чач, тырмакты бузат

Кургак аба тери үчүн абдан зыяндуу. Жылыткычтар иштей баштаганда теринин кургашы, дүүлүгүп кычышуусу көпчүлүккө тааныш. Теринин кургашы бырыштардын түшүшүнө жол берип карылык поцессин тездетет. Териден сырткары чач менен тырмактын сынма болуп, көп түшүшү да нымдуулуктун жетишсиздигинин жыйынтыгы.

Жаш балдар үчүн өзгөчө кооптуу

Жаш балдардын териси сезимтал келет. Атүгүл дем алуу органдары да сезимтал. Кыш мезгилинде жылыткычтардын баары сайылып, нымдуулуктун көрсөткүчү төмөн түшүп кеткенде балада жөтөл пайда болот. Ал баланын терисин, мурунун жана өпкөсүн дүүлүктүрөт. Бул суук, кургак аба ырайы вирустардын көбөйүшүнө жардам берет.

Абанын нымдуулугун кантип текшерүүгө болот?

Абанын нымдуулугу гигрометр деген атайын аспап менен текшерилет. Бул аспап жок болгон шартта төмөндөгүдөй жөнөкөй ыкма менен текшерүүгө болот: бир стаканга муздак суудан бөксө куюп, аны муздаткычка салып коюңуз. Суунун температурасы  3–5 °Сге жеткенде алып чыгып батарейкадан алысыраак жерге коюңуз. Беш мүнөт аралыгында стаканга сыртынан байкоо салып туруңуз.

Эгерде стакан тердеп, беш мүнөттүн ичинде кайра кургап калса, бөлмөдөгү аба кургак.

Ал эми беш мүнөттөн кийин да стакан тердеген бойдон калса, анда бөлмөдөгү абанын нымдуулугу орточо.

Эгерде стаканда суу тамчылары пайда болсо, абанын нымдуулугу жогору болгон болот.    

Кургактыктан арылтуучу ыкмалар

  1. Суу куюлган мискейди батарейкага коюп коюңуз. Ар кандай мискейлер жарай берет: батарейкаңыздын жайгашкан жерине жараша жалпак, бийик… Суусу улам азайган сайын толтуруп турасыз. Ошондо сиздин үйүңүздө абанын кургактыгына байланышкан маселе жаралбайт.  
  2. Жуулган кийимдериңизди бөлмөдө кургатыңыз. Кийим кургаткычты батарейкага жакын жайгаштырып, ага илгенде кийим да бат кургайт, бөлмөңүздө да нымдуулук сакталат. Эң негизгиси, кийимдерде жуучу каражаттардын калдыктар калбаш керек. Болбосо химия менен дем алган болосуз.  
  3. Үйдө душ кабыл алып бүткөн соң ваннадагы сууну муздаганга чейин агызбай туруңуз. Анан жуунуучу бөлмөнүн эшигин ачып коюңуз. Буу башка бөлмөлөргө да тарап, абаны нымдаштырат.
  4. Мискейдеги сууга эвкалипт дарагынын майынан бир нече тамчы кошуп, сууну жай отто кайнатыңыз. Мында майдын жагымдуу жыты нервди тынчтандырат, ал эми буусу абаны жөн гана нымдаштырып тим болбостон микробдорду өлтүрүп, сасык тумоонун алдын алат.
  5. Бөлмө гүлдөрүн өстүрүңүз. Гүлдөр абаны нымдаштыргандан сырткары тазалайт, дезинфекциялайт. Айрыкча фатсия, циперус, фикус, гибискус гүлдөрү жакшы нымдуулук берет.
  6. Кышында батирди 2-3 жолу желдетүү ашыкчалык кылбайт. Бул бөлмөдөгү нымдуулуктун керектүү деңгээлин сактап турууга жардам берет. Ушул эле максатта чаңдарды тез-тез суу чүпүрөк менен сүрүп, полду жууп турууну унутпаңыз.  
  7. Абаны нымдаштыруучу атайын аппарат сатып алыңыз. Анын ар кандай түрлөрү жана ар кандай баадагылары бар. 

Айназик Раимкулова

СоӊкуСезим: Ата-энемди жинди суудан кантип куткарам?
КийинкиАйнура: Телефондун айынан үй-бүлѳмдү бузуп ала жаздадым