Негизгиге Интервью Мэри Бекешова, Бейшенбек Бекешовдун кызы: «Мен бул дүйнөгө атамды издеп келгем”

Мэри Бекешова, Бейшенбек Бекешовдун кызы: «Мен бул дүйнөгө атамды издеп келгем”

1306

Эмгеги элге жагып, калкына кадыры сиңип жашоо – баарына эле буюра бербеген бакыт. Ал эми андай сыйга татыган инсандын кызы болуу зор сыймык экенин бул маектен байкасак болот. Жаштыгын журналисттик ишке арнап, ѳмүрүнүн акыркы күндѳрүн “Айыл азыгы” дүкѳнүн түптѳѳ менен элге таза тамактын баасын таанытып кеткен Бейшенбек Бекешовдун кызы менен болгон маекти сунабыз.

— Саламатсызбы, алгач ѳзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?

— Мен Мэри Бекешова Бейшенбековна 1978-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулгам. Ата-энемдин тун кызымын. Үч уул, бир кыздын энесимин. БГУнун англис тили факультетин бүтүрүп, И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер институтунда мугалим болуп иштеп жүрүп атамдын жетеги менен телеберүү жасап, макала жазып баштагам. Атам тексттеримди жактырбай урушкан күндөр да болгон. Кесибим башка болгону менен журналистикага кызыга берчүмүн. Кийин ошол кызыгуунун күчү менен мугалимдик ишти таштап, гезитке өтүп кеттим. Ошондон бери журналистика тармагында эмгектенип келем. “Кабар” агенттигинде, “Заман Кыргызстан” гезитинде, Журналисттер коомдук бирикмесинде, көп жыл Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында медиа эксперт болуп иштедим.

— Атаңыз Бейшенбек Бекешов кандай ата эле?

— Атам Кыргыз энциклопедиясында иштеп жүргөн кезде эмгек жамааты менен тоого эс алганы бардык. Иним 3-4, мен 8 жашта болсом керек. Бир кезде жаан жаай баштады. Ар ким өз балдарын машинеге киргизип, баштарына целлофан жаап колунан келгендей жаандан калкалап башташты. Атам болсо жаанга карабай футболкачан болуп алып жерди казып дарактын талдарын кесип келип бекем орнотуп, үстүн целлофан менен жаап сонун чатыр жасап бизди киргизип койду. Чатырдын астына башка балдарды да киргизип алып аябай ойнодук. Чатыр жасап бүткѳн соң дагы деле дарактын талдарын кыркып, тазалап бир нерсе кылып жүргөнүн байкагам. Көрсө, жыгачтан жаа жасап жаткан экен. Жаан токтогондон кийин бизге жаа атканды үйрөтөм деп аябай аракет кылды. 5 жашымда ЦУМдун маңдайында орустун кичинекей үйүндө ижарада турчубуз. Атам менен апам мени жетелеп алып эки күндүн биринде эле киного бара беришчү. Ошол үйдө жашап жаткан кезибизде атам түнү менен котормо которуп, бир нерсе жазып чыкчу. Түнү ойгонуп кетсем сары тонун жамынып алып чыкылдатып машинка басып отурган болот эле. Ошентип жүрүп элден мурун 11- микрорайондон үй алганын аяш аталарым айтып калышат.

— Атаңыздын усталык ѳнѳрүн кѳпчүлүк кийин билди окшойт?

— Ооба, атам колунан көөрү төгүлгөн уста болчу. Эмеректердин дээрлик баарын өз колу менен жасачу. Үй, мончо салып, эшиктин алдына фонтан жасап жаны тынбаган абдан мээнеткеч, эмгекчил адам эле. Аккордеон, комуз, балалайка чертчү. Келечекте туулуп-өскөн Балбай айылына тарыхый архитектуралык комплексин курам деген тилеги бар эле. Ага арнап жер сатып алган, долбоорун иштеп чыккан, жердин трансформациясын гана күтүп жаткан эле.

— Ишке болгон берилүүсү үй-бүлөсүнөн алаксытчу эмес беле?

— Ишке болгон берилүүсү бизден көп эле алаксытчу. Ишинин көптүгүнөн бизге көңүл бөлө албай калчу. Биз көбүнчө апам менен калчубуз. Мектепти бүтүп жатканда атама “акыркы коңгуроо майрамын видеого тартып бериңизчи” деп суранып калдым. Атам “сен эмне, мектепти бүтүп калдыңбы?” деп чочуп кеткени эсимде. Атам мени дайым кичинекей бойдон көргүсү келсе керек. Машине оңдогондон, эмерек жасап, үй салгандан, бак тиккенден ырахат алып, Кыргызстанды түрө кыдырып кѳрсѳтүүлѳрдү чарчадым дебей жанын үрөп жасачу. Бирок үйдүн ишин жасоого туура келип калса кайгырып, кейип-кепчип, жүдөп калар эле. Апам кичүү сиңдимди төрөп, төрөт үйүндө жаткан. Мен 7, иним 2 жаштабыз. Атамдын бир колунда гипс салынган. Бир колу менен эптеп ашкананын полун жууп, анан бизге тамак берейин деп жаткан. Бир убакта тряпка менен чаканы илип кетип жердин баары көлкүлдөп суу болуп жатып калды. Атам аябай капа болуп “эми кантебиз эми?..” деп каңырыгы түтөп кейигени азыр да көз алдымда. Ошондо атама боорум ооруп аябай ыйлагам. Адилеттик издеп КТРКнын жетекчилиги менен кармашып ачкачылык жарыялап, кийин КТРКнын алдына келген митингчилерден таяк жегенде да атама анчалык боорум ооруган эмес.

— Атага кызын турмушка узатуу оор болот эмеспи. Сизди кантип узатты экен?

— Мен базар-коргондук жигитке турмушка чыккам. Раматылык кайнатам сакалы аппак, узун болгон, 70терге чыгып калган, намазын калтырбаган киши эле. Дарбазадан “кулдугубуз бар” деп кирип келгенде атам барылдап кечке ыйлаганын айтып жүрүшөт. Кудалары менен өмүрү өткүчө “туубай тапкан бир туугандарым” деп сыйлашып жүрдү.

— Агай тез арада эле элди сапаттуу, таза тамактанууга чакырып, жакшы таасир калтырып кетти. Балдарын эбак эле таза тамактанууга көндүрүп койсо керек, ээ?

— Биздин үй-бүлө илгертен эле, мен эс тарткандан бери таза тамактанчубуз. Зыяны бар тамак-аштын түрлөрүн дээрлик алчу эмеспиз. Акыркы жылдары бул идеясын элге таратып, иш жүзүнө ашырганга да жетишти. “Айыл азыгы” дүкөнүн көбөйтүп, элге жайылтуу боюнча ар кыл пландары бар эле. Бул дүкөнгө көп эл атам менен баарлашканы барышчу. Үстүңкү кабатына дискуссия өткөрө турган клуб уюштурам дечү.

— Атаңыздын дүкөнүнө көп каттайсызбы?

— Албетте, мен үйгѳ тамак-ашты дайыма атамдын дүкөнүнөн алам.

— Апаңыз тууралуу да айтып өтсөңүз.

— Мен атам менен апамдын ак сүйүүсүнөн жаралган тун кызымын. Азыркы Улуу Жеңишке арналган эстеликтин ордунда чоң базар бар эле. Атам апам экөө баратып бир киши менен урушуп кетишип, ал киши атамды чаап салат. Атам жыгылып, көз айнеги ыргып кетип алактап калат. Ошол кезде апам ыза болуп баягы кишини чачтан алып, бурап жерге жаткырып: “Бейшенбек, у-ур!”- деп кыйкырат. Атам көз айнегип таап, экөөлөп баягыны уруп, анан колтукташып кетип калышкан экен. Апам ушундай тайманбаган, тийишкендин сазайын берген күчтүү, тамакты даамдуулап, түрлөп жасаган, үйгө келген адамды тойгузуп кетирген пейили кенен адам. Атамды иштен тосуп алуу, ишке узатуу биз үчун өзүнчө ритуал болчу. Ал келгенче сөзсүз тамак даяр, үй жыйналуу, чай кайнаган болушу керек эле. Жаңы демделген кыпкызыл чай иччү. Күн сайын таза көйнөк, таза байпак дайындап коюш керек болчу. Ушулардын бирөө болбой калса урушат деп ойлочумун. Бирок атам бул тууралуу бир дагы урушкан эмес. Кийин ойлосом мындай мамиле кылган апамдын өзүнө жакчу экен, бизге атага, күйѳөгө мамиле кылууну үйрөткөн окшойт.

— Кийинки турмушун кызы катары кандай кабыл алдыңыз эле?

— Башында жаштык кылып таарынган учурларым болгон. Бирок кийин ал атамдын тандоосу, жеке жашоосу экенин түшүнүп, дайыма атам тарапта болчумун. Атама карата эч кандай сынды кабыл ала албайт элем, азыр дагы кабыл албайм. Кандай болгон күндө дагы мен дайыма атам тарапта болчумун. Мен үчүн атам баа жеткис инсан. Мен бул дүйнөгө атамды издеп, сагынып, артынан ээрчип келгем.

— Бөбөктөрүңүз, алардын апасы менен болгон мамилеңиз кандай?

— Эки кичинекей уул бөбөктөрүм бар, биринчи, экинчи класста окушат. Улуусу мага окшош, тыпылдаган зээндүү бала. Алар менин балдарымдан дагы кичүү. Балдарыма “таякеңер болот, таяке дегиле” деп үйрөтөм. Менин уулдарым чычалап “кичинекей балдарды таяке дейбизби?” дешет. “Менин инилерим силерге таяке болот” деп мен өзүмдүкүн бербейм. Алардын апасы менен мамилебиз жакшы, келишип-кетишип жакшы катышабыз. Балдарыма таттуулардан салып берип узатат.

— Атаңыз менен акыркы көрүшүүңүз, сүйлөшүүңүз кандай болду эле?

— Атам бизди таштап кетерден эки күн мурун кыз узатуу тойдо жолукканбыз. Коридордогу диванда кыйла сүйлөшүп отурганбыз. Менин эки жарымдагы кызым Сара жаныбызда ойноп, таятасына тийишип эркелеп аткан. Атам Сараны карап: “Сен бул кызды такыр урушпай, каалаганын кылдырып, эркин коюп туура тарбиялап атасың. Балага эркиндик берсең өз жолун оңой табат, эң негизгиси, өзүн табат”,- деген. Атамдын ушул сөзү мага эң акыркы сөзү болуп калды.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуАйнура: Телефондун айынан үй-бүлѳмдү бузуп ала жаздадым
КийинкиТурдакун Ниязалиев: Ырчылык мен үчүн жөн гана хобби