Негизгиге Кыз сыры Келиндердин эмгегин ким баалайт?

Келиндердин эмгегин ким баалайт?

641

Биздин элде келинди кулдай кѳрүү, аялдын оюн алсыз деп саноо кѳп кездешерин тана албайбыз. Айрым бүлѳлѳрдѳ айымдын жеке инсандык кызыкчылыктары кийинки планда калып, кээде тепселенип жатканына сиз деле күбѳ болуп келсеңиз керек. Андай шартта аялдын жаштыгы, сулуулугу, ден соолугу талкаланып жатканын адам катары эске алып, келиндерди баалай жүрсѳк деген ой келет. Тѳмѳндѳ кыялындагы жашоосу унутулган айрым гана келиндердин баяндары.

Тунук: “Тѳрт үй-бүлѳгѳ тамак жасоодон чарчадым”

  • Жогорку окуу жайын аяктаган соң турмушка чыктым. Котормочулук кесипти сүйүп тандагам, кийин да иштегенге аялзаты үчүн ыңгайлуу деп кубанчумун. Тилекке каршы, турмушка чыккандан бери үй-бүлѳнүн түйшүгүнѳн баш кѳтѳрѳ албай жүрүп тилди да унутуп баратам. Баш кошорубузда жолдошум “ата-энеме кызмат кылып алар менен чогуу жашайбыз” деп ачык айткан. Мен кандай келин болсом менин ата-энеме да ошондой келин туш болот деп ойлочумун. Ошол себептен сунушун четке какпай айтканына макул болгом. Бирок ал айткандай атасы, апасы болуп тѳртѳѳбүз эле жашабайт экенбиз. Кайнене, кайнатам, эки кайын сиңдим жана экѳѳбүз. Кайненем “кыздарым деле кѳпкѳ турушпайт, бойго жетип калышты, булар да күйѳѳгѳ кетишет, ага чейин сыйлап койгула” деп түшүндүрдү. Алар менен жакшы тил табышып жашадым. Биз эки балалуу болгон соң ажырашып кетип бой жүргѳн кайнагам кайрадан аял алды. Мурда ѳзү Москвада иштечү, аялын ата-энесинин колуна алып келди да, ошону менен биздикинде туруп калышты. Кандайча мындай чечим кылып биз менен калып калышты, түшүнѳ алган жокмун. Ошентип, кайнатамдар эки кызы менен бир бүлѳ болсо, кайнагамдар менен биз эки түтүн болуп үч үй-бүлѳ бир үйдѳ жашап жаттык. Кичүү келин, анан үйдүн ээси катары бүт жүк менин мойнума түштү. Абысыным башта коноктой жүрсѳ, кийин кош бойлуу болуп эркеледи, анан жаш баласы менен гана алышып келет. Менин кабак-кашымдан улам аларды жактырбаганымды байкагаан кайненем “атаң экѳѳбүздүн кѳзүбүз турганда бул үй “общий дом”. Балдарыбыз бапырап кенен батышсын деп үйдү кенен салганбыз. Биз ѳлсѳк баары силерге калат” деп каңкуулай берчү болду. Баары ушуну менен бүтүп калса жакшы болмок, жолдошум бир гана ушунча адамды тойгузуу үчүн иштейт. Айлыгы колго тиери менен эч нерсесин калтырай мүшѳктѳп азык-түлүк алабыз. Кайнагамды болсо жер алып, там салып ал, акчаңды чогулт деп бир тыйынына тийишпейт. Эки жыл мурун бир кайынсиңдим турмушка чыгып, бизге жакын жерден жел тилкесин алышкан. Ушул аймакта эле батирде туруп, үй салууну башташты. Эми ошолорго кошо тамак жасоо менен милдетиме кошулду. Кайненем “эки киши канча аш ичмек эле, биздикине эле келип тамактанып алып тургула” деп аларды кѳндүрүп койгон. Кечки тамакка сѳзсүз келишет, келе албай калышса кайнатам ысык куйдуруп алып алар иштен келген маалга алып барып берет. Эми ушунча адамдын тамагы менен кир идишин элестетип кѳрүңүз. Ѳзүмдү колго алып маанайымды бузбаганга аябай аракет кылам. Бирок кечкиге тамак жасай баштагандан баштап эле ѳзүмдѳн ѳзүм ачуум келип, кызыктай абалга түшүп кетем. Жумуштан улам бири келген сайын калчылдаганым күчѳп чыгат. Баары даяр тамакка отуруп, анан туруп кетишкендечи, ыйлагым келет. Жолдошумдун мүнѳзү жумшак, кайнагамдын мүнѳзү катаал болгондуктан бирибиз бѳлүнүп жашайлы деп айткандан чочулайм. Уруш чыгып кетсе бир туугандардын ортосун мен бузгансып калбайын дейм. Бир топ жолу ѳзүмдү алаксытып, иштегенге аракет кылдым. Жолдошум деле макул, бирок кайненем “сен иштесең, анда мен отурайын тамак жасап, кир жууп” деп наалып чыгат. Кайын сиңдимдин үйү бүтсѳ тамакты ѳздѳрү жасап ичип калышар бекен? Кайын агамдар качан бѳлүнүшѳт? Ушул эки суроонун жообу ишке ашса кайнатам менен кайненем мага маселе деле эмес эле. Бүлѳ болуп барган жериңе кѳнүп, жакын тутуп деле калат экенсиң. Ал адамдарды сыйлайм, дилимде жакшы деле кѳрѳм. Абысыным экѳѳбүз айтыша кеткенде, неберелердин урушкандарынан улам ѳздѳрү деле кыжалат болуп кетишет. Бирок эмне үчүн баарын ѳз ордуна койбой, ортодо күйѳѳм экѳѳбүздү кошо кыйнап келишет түшүнбѳйм.

Айдана: “Мен үчүн акча короткулары келбейт”

  • Кайненемдин эки ооз сѳзүнүн бири эле “азыркы келиндерге жыргал. Азыркы келиндердеги шарттын бирин кѳргѳн эмеспиз. Азыркы келиндер ханышадай жашашат” деген кеп. Деги кайсы келин мындай жыргалда жашап жатканын элестете албайм. Ѳзүмѳ келгенде мен ханыша эмес эле малайдай жашоодомун. Кайненем менин тыным алып отурушумду каалабасын ачык эле айтат. Ѳзүм деле жалкоолукту жактырбаган жанмын. Ошентсе да адам деген чарчайт эмеспи. Чоң бир жумуштан кийин дем басып отуруп калдым дегенче баягы сѳзүн баштайт. Ал жаш кезде азыркыдай шарт болбогонуна мен күнѳѳлүүдѳй эле таасир калтырат. Ошондон улам балдарга зыян демиш болуп эч убакта такма жалаяк колдондурбайт. Кээде кайненем жок ѳзүбүзчѳ эки жакка чыкканда гана 1-2 штуктан такма жалаяк албасам, шаар жеринде жашаганыбызга, жумуштун кѳптүгүнѳ карабай колго жалаяк жууп келем. Автомат машина турса да кирди колго жууйм. Айда-жылда бир иштетпесек, ал оокат кѳрсѳтмѳдѳ тургандай эле. Жаңы келген кезимде мунун баарына таң калуу менен карап, түшүнгѳнгѳ аракет кылчумун. Бара-бара кайненем мунун баарын мени жактырбаган үчүн мага ѳчѳшүп татаалдаштырып кыларын билдим. Билген менен айлам жок. Күйѳѳмѳ кайненеме каршы бир ой айтууга да мүмкүн эмес. Анттиң дегенче колу жаагыма ойнойт. Мунун баарына чыдай берет элем, мени ыза кылганы менден акча аяйт. Уятынан гана ичип-жегенимди эсептебей койбойсо, кийим маселесине келгенде маанайынын ѳзгѳргѳнүн кѳрүп түңүлѳм. Бир жолу конокко барарда болбогон шылтоо менен мени базарга жибербей койду. Болбосо келин болуп келгени удаа тѳрѳп, үйдѳ отурганга кийим деле ала элек элем. Мурункудан аз да болсо толуп кеткендиктен эски кийимдерим туура келбей калган. Бул тойго баруум үчүн бир гана жаңы кийим алуум керек эле. Базарга бара албай калган соң мен тойго барбайт экенмин деп калгам. Кечинде кайненем кайнежемдин кѳйнѳк, жоолуктарын кѳтѳрүп келиптир. “Бир күн үчүн кие тур. Кайра эле үйдѳ отурасың да, акчаны ушатып кийим ала бербей” деди. Аябай таарынып, конокко барбай койдум. Кийин да мага ѳзүнүн эски жоолук, тапичкелерин берип сага боло берет дегендей мамиле кылды. Ошондон кийин анын мага акча короткусу келбегени ачык маалым болду. Таң азандан туруп жаз-жай жер иштетип, күздѳ жер тѳлѳѳнү толтуруп банка жаап, арада баарынын кирин жууганымды баалап бир жолу жаңы кийим алып берип койсо эмне болот? Күн сайын тамагымды жактырбай айткан сындарын, шылдыңдаган сѳздѳрүн айтпай эле коёюн. Башында жагайын деп жакшы кылганга аракет кылчумун, кийин баары бир жакпасымды билип маани бербей калдым. Ошентсе да дайыма таарыныч менен, жаман, шылдың сѳз угуп калуудан чочулап жашоо адамдын нервин чарчатып, ден соолугун алат экен. Акыркы кезде бир жак жаагым титиреп калчу болду. Кѳз тарткан сыяктуу нерсе го деп маани бербей жүргѳм. Бир жолу катуу нерв болгондо жаагымдын титирегени катуулап, эртеси ошол жак ууртумдан шилекей куюлуп, тамак ичсем кармай албай агызып алып жаттым. Ошондо чочулап дарыгерге барсам “невроз” деп аныктады. Отузга чыга элек жатып ушинтип ооруп калуудан чочулап ѳзүмдү контролдоого тырыша баштадым. Чыгынып ишке чыктым. Ишенсеңиз иш табылса кийип барар кийимим жок эле. Ошондо биринчи жолу жолдошумдун айлыгын кайненеме жеткирбей алып алдым. Кайненем муну чоң маселеге айлантып апама чейин арызданды. Акчага сараң мындай аялды кѳргѳн эмесмин. Медициналык билимим менен жеке клиникада жакшы айлыкка иштедим, кошумча чакыруу менен ийне саюуну да ѳздѳштүрүп алдым. Эми кайненеме жаңы санаа табылды: эптеп менин айлыгымды колго алуу керек. Бирок мен да кѳшѳрүп акчаны жылдырбай, ѳчүм бардай кийим алып, витаминдерди алып ичип, косметика алып жатам. Кайненем болсо апама чалып “кызыңыз айлыгын бүт ѳзүнѳ жумшайт” деп айткандан тажабай келет. 

Динара: “Кайнатамдардын катыштарына кошумча кошуудан тажадым”

  • Мен жалгыз келинмин, бир эле кайнежем бар. Жашообузда баары түгѳл эле. Бирок акыркы жылдар бизге оор болуп баратат. Кайнатам кант диабети менен ооруп кѳп узабай ѳтүп кетти. Дѳѳлѳт да, мээнет да эгиз болору чын го, ага удаа кийим саткан контейнерибизден ѳрт чыгып, киреше булагыбыз тыптыйпыл болду. Базарга кайненем экѳѳбүз кезектешип чыгып жакшы эле акча тапчубуз. Үй, унаа баары бар болгондуктан орчундуу муктаждыгыбыз жок, күнүмдүк оокат-ашыбыз кең-кесири жашачубуз. Ал жер ѳрттѳнүп кеткен соң жалгыз караганыбыз жолдошумдун айлыгы болуп калды. Ишти калыбына келтирүүгѳ да жакшы чуркай албай калдык. Кайненем “али эринин ашы боло элек жатып акча деп чуркап жүрѳт” дешпейби деп кол шилтеп койду. Ошентип, былтыр биринчи жолу кайнатамсыз күздү тостук. Күздѳгү аш-той баарына белгилүү эмеспи, биринен сала бири чакырып, күн куру болгон жок. Маселенин баары кошумчадан келип жатты. Кайната-кайненемдин 4-5 чоң топ менен алыш-кытышы бар эле. Кызыгы, бардык топтун ичинен кайненемдер гана эки балалуу экен. Калгандары азы үч, кѳбү беш-алты балага чейин экен. Баары менен балдар үйлѳнгѳндѳ, кыздар турмушка чыкканда бере турган кошумчалары бар. Бардык топтор кайнежем узаганда келип белектерин берип, түштѳнтүп, кол чайкатып, болгон милдетин аткарышыптыр. Жолдошум үйлѳнгѳндѳ да келишкенин, кимиси кайсы белектерди беришкенин билем. Эми ошонун баарын кайтарып берүү маселеге айланып отурат. Бир балага алган катары бир балага берип кутулуп калса жакшы эмеспи, “элден чыгып калмак белек” деген шарт менен башкалардын канча баласы болсо ошонун баарына берип жүрүп отурушат экен. Бир ирет кайненеме бул тууралуу четин чыгарып айтсам жактырбай кагып салган. Мына быйыл экинчи күз келип, баягы аш-тойлор кайра башталды. Жалпысынан жыйырма чакты адамдын арты-артынан бойго жетип турмушка узаган кыздары менен турмуш баштаган уулдарына кошумча кошуу жолдошума эле түшкѳн түйшүк болду. Кайнежемдин ѳз турмушу ѳзү менен. Кайненем экѳѳбүз тең иштей албай үйдѳ жатабыз. Андан калса ѳмүр бою кѳп акча кармап, бирѳѳнүн алдында да иштеп кѳрбѳгѳн апам үчүн жаман болуп жатат. “Атаңды жоктотпой сен бар” деп болгон жакка жолдошумду ээрчитип барат. Ал эми ал ѳз достору менен катышайын десе “али жашсыңар, силердеги жакшылыктар дагы алдыда, жетишесиңер” деп токтотот. Токтобоско деле аргабыз калбайт, чѳнтѳгүбүз бош болсо эмне менен бармак элек? Кайнатамдардын катыштары азаймайынча акча тартыштыгынан кутулбайт окшойбуз. Мен болсо курбу-курдаш дегенди такыр эле унуткам. Бирде алар менен катыша албай калганыма капалансам, бирде арты-алды кандай болот, андан кѳрѳ артык баш катыш кылбай тынч эле жашаганыбыз жакшыбы деп ойлойм. Минтип ѳзүбүздүн жеке мамилелерди токтоткон менен баары бир тапканыбыз үй-жайы толук, балдары чоңоюп калган кишилердин тоюна эле кетип атпайбы? Андан кѳрѳ ошол акчаларды балдарымдын келечегине накталай топтосок деп ойлойм. Бирок ал оюмду ким колдомок эле, айтор, абдан кыжалатмын.    

Гүлайым Калыбекова

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here