Негизгиге Интервью Ырчы Кудайберди Айтбосунов: Толгонайды карындашымдай жакшы көрөм

Ырчы Кудайберди Айтбосунов: Толгонайды карындашымдай жакшы көрөм

467

Шоу чөйрөсүнө аралашканына саналуу жылдар болсо да бул жигит өзүнүн атын түптөп келе жатат. Талыкпас эмгек, тынымсыз изденүү менен койгон кадамы анын чыгармачылык чөйрөдөн ордун табууга, күйөрмандардын кызыгуусун арттырууга негиз болду. Анын чыгармалары интернет айыдыңынан миллиондогон көрүүлөрдү топтоп келет.

— Кудайберди, жаңылбасам ырдап чыкканыңа алты-жети жыл болду окшойт?
— Ооба, сахнага чыкканыма жети жыл болду, бирок мектепте окуп жүргөн кезимде эле ырдачумун. Алгач Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда окугам. Андан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайды, кийин Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияны аяктадым. Андыктан кызыккандар үчүн музыкалык билимим бар экенин айта кетейин.
— Сахнада ордуңду табууда продюсериңдин салымы чоңдур. Кандай шартта иштешесиңер? Сурайын дегеним, көбү “эркекче кол алышып” бирок бат эле урушуп бет карашпай калууда?
— Лутфилла байке менен беш жылдан бери иштешип келем. Ортодо туура эмес мамиле, пикир келишпестиктердин айынан бир жыл таарынышып иштешпей калгам. Ошондо колдо бар алтындын баркын билдим. Продюсер менен иштешкен кандай экенин жана продюсери жок өз алдынча иштеген кандай болорун салыштырдым. Кыйынчылык кадимкидей сезилди. Ошондо катамды сезип, продюсеримдин баркын билип кайрадан кызматташып келатабыз. Түшкөн кирешени тең бөлүшөбүз. Шоу-бизнесте атаандаштык күч. Көптүн бири катары жүрө бербей атыңды чыгарып, өзгөчө идея таап изденүүдө, сапаттуу чыгарма, клип жаратууда продюсердин салымы өтө чоң болот. Андыктан сиздердин гезит аркылуу Лутфилла байкеге ыраазычылык билдирип кетким келет.
— Бир ирет силерди сөгүп, урушуп аткан видео социалдык тармакка желдей тарады эле. Чын эле ошондой мамиле кылабы же жөн гана хайппы?
— Ал видеону атайын сүйлөшүп алып тартып, бирөөлөргө жөнөтмөкпүз. Бирок кантип, ким аркылуу интернетке жайылып кеткенин билбейм. Өзүм деле тааныштарыман “сен өзүңдү ушинтип сабатып калдың беле?” деп чала баштаганда дароо интернетке баш бактым. Таң калып калдым, бирок дос-тааныштарымды тамаша болчу деп айтып ишендире алган жокмун. Кийин ишенбесеңер койгула деп маани бербей калдым. Лутфилла байке бизге кол көтөрбөйт, “а-ай, койгула” деген бир ооз сөзү командадагы балдарга жеткиликтүү болот.
— Башыбыздан өтүп аткан пандемия баарыбызга сабак болду. Жеке сен үчүн кандай зыяны болду?
— Жашоонун баркын, ден соолуктун баркын билдим. Апам экөөбүз оорудук. Апамдын жанынан чыкпай, аман-эсен айыгып кетүүсүн Кудайдан тилеп аттым. Кенен-кесир көчөдө басканды, тойго барганды сагындым. Мурда карантинге чейин өзүбүз койгон ставка менен барып ырдап атсак, андан кийин элдин абалы, чөнтөгү менен эсептешип иштегенге туура келди. Менин оюмча, айткан бааңдан түшпөй кычырап тура берген адамгерчиликке жатпайт. Той ээлеринин баары эле “кой эми, карантинде чөнтөк жука” дегендерине ийкемдүү эле болуп аттым.
— Сыр болбосо ставкаң канча?
— 200 доллар, бирок анын ичинде тууганың, досуң, таанышың, кошунаң, кошунаңдын тууганы, тууганыңдын досу болуп атып кээде 2 миң сомго деле ырдап бергенге туура келип калат. Кээ бирөө чын ниетинен менин тоюмда ырдашымды каалайт, бирок төлөгөнгө акчасы жок болуп калат. Андайда көңүлүн карап аз акчага деле барып кызмат кылып келем. Мен көп жерден адамдын көңүлүн биринчи орунга коём.
— Мындай көңүлчөөк жигиттин жүрөгү бош болбосо керек?
— Ушул жерден келинчегимди мактап кетпесем болбойт. Мени, ата-энемди сыйлаган, менин жашоодогу көз карашымды сыйлаган Айчүрөк аттуу жубайым бар. Былтыр турмуш курганбыз. Кечээ чакан мамлекетибиздин түптөлгөнүнө бир жыл болду, таежелерим, бир туугандарым куттуктап келиптир. Кудай буюрса, үч айдан кийин наристелүү болгону турабыз. Апам бойдок кезимде “өзүмө окшогон эле карапайым келиндүү кылсаң болду” деп көп айтчу. Тилеги Кудайга жетиптир, маңдайыма жубайымды жазып койгонуна чексиз ыраазымын. Үйлөнсөң үйүңө кут кирип, жашооң башкача боло түшөт экен. Көз тийбесе экен, жубайым абдан акылдуу жан. Бойдок жигиттерге  убакытты текке кетирбей үйлөнгүлө дейт элем. Мен үй-бүлөдө үч бир туугандын кичүүсүмүн. Эжем, байкем бар. Алар турмуш куруп өз жашоосу менен алек. Биз ата-энем менен чогуу турабыз.
— Азыр шоу-бизнесте бутка туруп жашаганга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Бул тармакта дараметиңди кандай баалайсың?
— Негизи, шоу-бизнестен тапкан байлыгым күйөрмандарым, досторум, чыгармаларым десем болот. Эми аралашып келе жатканыма аз эле болду. Буюрса, баары келечекте деп ойлойм. Эң негизгиси, күйөрмандарым күн санап көбөйүп келатат. Алар сени колдоп турса, улам жаңы чыгармаңа сын пикир айтып камчылап турса кадимкидей шыктанып, күндөн-күнгө күчтөнүп иштегиң келет. Мен үчүн биринчи орунда чыгармачылыгым турат, бирок бул тармактан материалдык байлык топтой албайсың андыктан башка майда ишкерлик менен алекмин. Кайсы тармак экенин сыр бойдон сактайын. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи, үй-бүлөмдү бакканга, күнүмдүк жашоомо чакан бизнесим жардам берет.
— Толгоной Арзыкеева менен биргеликте аткарган дуэтиңер эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Толгонайды шоу-бизнестеги көп жигиттер жактырат экен?

Скачать Кудайберди Айтбосунов & Толгонай Арзыкеева - Садагам mp3

— Толгонай экөөбүз Мукаш Абдраев атындагы окуу жайда билим алгандан бери таанышпыз. Карындашымдай жакшы көрөм. Ыймандуу жакшы кыз. Мен үйдүн кичүүсү болгондуктан дайыма бала кезимен бери карындашым болсо деп кыялданчумун. Кийин апамдын жашы өтүп калганда “апа, балдар үйүнөн кичинекей кыз багып алалычы” деп көп айтчумун. Ал тилегим орундалбай калгандыктан, карындаштуу болуу менин кыялым бойдон калды. Анан ушул карындашка болгон жылуулук сезим Толгонайга бар десем болот. Экөөбүздүн “Садагам” аттуу чыгармабыз көптөгөн көрүүлөрдү топтой алды. Буюрса, дагы жаңы эмгек жараттык. Жакында күйөрмандардын назарына чыгарабыз.
— Баса, көрүү демекчи, интернет тармагынан да, чыгармалар аркылуу да киреше табуу мүмкүн эмеспи?
— “Соло” каналында “Садагам” аттуу чыгарма 7 миллион көрүүчү топтоду, “Лейли” аттуу ырым 6 миллион көрүүчү топтой алды. Ага чейин өзүмдүн каналым жок болчу. Мындай көрүү топтой турган болсом өзүмдүн каналым деле ийгиликтүү иштеп кете аларына көзүм жетти. Бир чети ырчы Алмаз Шаадаев  “жүрө бербей өзүңдүн каналыңды ач” деп шык берип канал ачуума түрткү болду. Азыр жаңы каналыма көрүүчү топтоонун аракетин көрүп, улам жаңы чыгармаларды, жаңылыктарымды жүктөп бул тармакта иштеп атам. Менин чыгармачылыгыма кызыккан күйөрмандарды каналыма катталууга чакырам жана сиздердин басылмага ыраазычылык билдирем.
— Маегиңе рахмат, алдыга койгон максаттарың орундалсын!

СоӊкуБаланын кыз же уул болушуна эмнелер таасир этет?
КийинкиКелиндердин эмгегин ким баалайт?