Негизгиге Ден соолук Баланын кыз же уул болушуна эмнелер таасир этет?

Баланын кыз же уул болушуна эмнелер таасир этет?

22867

Болочоктогу көпчүлүк ата-энелердин эң көп уккан суроосу: кыз каалайсызбы же эркек каалайсызбы? Тилекке каршы, биз түйүлдүктүн жынысына эч кандай таасир эте албайт экенбиз. Ошондой болсо да таасир этүүсү мүмкүн болгон айрым факторлор бар. Алар төмөнкүлөр:

Тукум куучулук

Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, генетика адамдын жашоосундагы көп учурларда өз ролун ойнойт. Кыз төрөлөбү же уул төрөлөбү – муну билүүгө да дал ушул ген жардам берет. Баланын жынысы болочоктогу атасынан көз каранды болот. Эмне үчүн? Адамдагы жыныс хромосомалары экиге бөлүнөт: Y жана X болуп. Аялда бир гана Х хромосомасы болот. Ал эми эркекте экөө тең болот. Эгерде атада Х хромосомасы болуп ал энелик Х хромосомасы менен кошулса, кыз бала пайда болот (ХХ), ал эми Y хромосомасы болсо, анда уул бала пайда болот (ХҮ).

Овуляция

Аялдагы овуляция ыкмасы менен болочоктогу баланын жынысын аныктоо да илимге жакын. Аялдын организминде түйүлдүк пайда болуу үчүн овуляция болууга тийиш. Овуляция – бул жетилген фолликулдардын жарылып, жумуртка клеткаларынын жатын түтүгүнө чыгуу процесси. Бул процесс аялдын организминде 25 күн сайын кайталанып турат. Адатта айыз башталган күндөн эсептегенде болжол менен 13-16-күндөрү болот, ар бир аялда бул процесс индивидуалдуу.  Аны УЗИ аппаратынын жардамы менен так билүүгө болот. Же болбосо организмдеги өзгөрүүлөрдөн улам да билүүгө болот: ичтин ылдый жагы ооруксунуп, көкүрөк сезимтал болуп калат. Кыз төрөлүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну каалагандар овуляция башталганга 2-3 күн калганда төшөк оюну менен алектенүүлөрү керек. Ал эми эркек каалагандар дал ошол овуляция күнү кошулуулары керек.

Тамак-аш

Кош бойлуулукка чейинки аялдын жеген тамак-ашы баланын жынысына аз да болсо таасир этерин британиялык окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Эгерде үй-бүлө уулдуу болууну кыялданса, болочок эне картошка, эт, жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеп, сүт азыктарынан баш тартууга тийиш. Ал эми кыз кааласа, болчок эненин рационунда сүт азыктары башкы орунда туруусу керек. Бирок картошкадан, экзотикалык жемиштерден баш тартууга туура келет.

Кандын жаңыланышы

Эркек менен аялдын организминдеги кандын жаңылануусуна байланышкан бул ыкма да абдан кызыктуу. Бирок бул жерде абдан кылдаттык талап кылынат: аялдын да, эркектин да ошол күндөгү жаш курагына кароо абдан маанилүү. Атүгүл 1-2 күндөн кийин туулган күнү боло турган болсо дагы учурдагы жаш курагы алынышы керек. Ошентип:

  1. Аялдын жаш курагын 3 санына бөлөбүз. Үч – бул аялдын организминдеги кан толук бойдон жаңылана турган мөөнөт.
  2. Эми эркектин жашын 4кө бөлөсүз. Анткени эркектин каны 4-4,5 жылда бир жаңыланат.

Чыккан санды салыштырып көрүңүз: кимдики көп болсо, ошол жыныстагы баланын төрөлүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. 

Япон календары

Баланын жынысын кайсы бир деңгээлде аныктоочу япон календары колдонууга жеңил. Аны түзгөн окумуштуулар эки таблица түзүшкөн. Биринчи таблицадан ортолук санды табабыз, ал эми экинчи таблицадан түйүлдүктүн кайсы айда пайда болгонуна карап баланын жынысын аныктайбыз.

Аялдын төрөлгөн айыЭркектин төрөлгөн айы      
 янвфевмартапрмайиюньиюльавгсентоктноядек
янв159159159159
фев1026102610261026
март7113711371137113
апр4812481248124812
май159159159159
июнь1026102610261026
июль7113711371137113
авг4812481248124812
сент159159159159
окт1026102610261026
ноя7113711371137113
дек4812481248124812

Бул таблицадан эркек менен аялдын төрөлгөн айынын кесилишиндеги санды табасыз. Ал сиздердин ортолук саныңыздар болуп эсептелинет.

Эми экинчи таблицага өтөбүз. Мындан ортолук сан менен түйүлдүк жаралган айдын кесилишин табасыз. Бул кесилиштеги Хтин саны канчалык көп болсо, ошол жыныстагы перзенттин пайда болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

123456уулкыз789101112
     янвхх      
    янвфевххххххх      
   янвфевмартххх      
  янвфевмартапрхх      
 янвфевмарапрмайххх      
янвфевмарапрмайиюнхх      
февмарапрмайиюниюлххх      
марапрмайиюниюлавгхххх     янв
апрмайиюниюлавгсенххх    янвфев
майиюниюлавгсеноктххххххххх   янвфевмар
июниюлавгсеноктнояхх  янвфевмарапр
июлавгсеноктноядекхх янфемарапрмай
авгсеноктноядек ххянвфевмаапрмайапр
сеноктноядек  ххххххфевмарапмайиюниюл
октноядек   ххххххххххмарапрмайиюниюлавг
ноядек    ххххапрмайиюниюлавгсен
дек     ххххмайиюниюлавгсенокт
      ххиюниюлавгсеноктноя
      ххиюлавгсеноктноядек
      хххавгсеноктноядек 
      ххсеноктноядек  
      хххххххххоктноядек   
      ххххххноядек    
      хххдек     

Элдик ишенимдер

  • Эгерде аял кош бойлуу мезгилинде көп үшүсө кыз болот, ысыса эркек болот;
  • Болочок эненин денесинде жаңы түктөр пайда болсо, бул түйүлдүктүн эркектик гормонунун таасири;
  • Эгерде аял чыргоо болуп кетсе, демек, уул күтүп жатат;
  • Эркек баланы көтөрүп жүргөн аял туздуу, эттүү тамак жегиси келсе, кыз баланы көтөрүп жүргөн аял таттууга, жер-жемиштерге тартылат;
  • Жубайлар ортосунда күн сайын жана активдүү төшөк оюну болсо, кыз төрөлүү мүмкүнчүлүгү жогору болот;
  •  Эгерде аял күйөөсү катуу сүйсө, ал үй-бүлөдө кыз бала көп төрөлөт;
  • Аялдын талгагы күчтүү болуп, ал кош бойлуулугунун аягына чейин токтобосо, кыз төрөлөт;
  • Кыз баланы көтөрүп жүргөн аялдын курсагы жайылып, сол жакка бир аз жылып турат, ал эми уул баланы көтөргөн аялдын курсагы учтуу болот.   

Нуриса Баялиева

СоӊкуЖылдыздар балдарынын иммунитетин кантип кѳтѳрүшѳт?
КийинкиЫрчы Кудайберди Айтбосунов: Толгонайды карындашымдай жакшы көрөм