Негизгиге Аңгеме Таарыныч

Таарыныч

886

Таарыныч

– Тойдуңбу, ыя? Тойдуң окшойт, ээ? – олбурлуу денеси менен энтиге
кыймылдаган Беки суроолоруна жооп болбосун билсе деле сүйлѳп жатты.
Арыктыгынан бет сѳѳктѳрү чыгып, колу-буту шиштей болгон кичинекей аял
мелтиреп үнсүз. Тамактанып бүткѳн таризде акыркы чайнамын кылк жутуп,
шалдыраган колдорунун учун бата кылгандай кыймылдаткан болду. Анын бул
аракеттерине маани деле бербеген Беки Бурманы отургучтан камгактай жеңил
кѳтѳрүп келип керебетке жаткырды. Оозгу бѳлмѳдѳгү мештин үстүндѳ кайнап
жаткан чайнектин биринен чѳгүнгѳ жылуу суу таптады. Эми илеген менен кара
самынды колуна алып, андан ары баратып кичинекей сүлгүнү иле кетти. Эткээл
денесинен улам кышылдап-күшүлдѳгѳнү басылбаган эркектин бул кыймылдары
элпек аткарылып жатты. Бир жылдан бери күн сайын адашпай кыла берген иши
аны ушундай элпек кылып машыктырып койгон. Жана жаткырып кеткен аялын эми
керебеттин кырына отургузду да, белинен ылдый чечинтип аяр жуунтту. Аялда ал
жок. Антсе да күнүгѳ кайталанган адаттарга ал да кѳнүп бүтсѳ керек, бир аз
кубаттуу сыяктанган сол капталына таянымыш болуп эринин колунда жеңил, ага
ыңгайлуу шалактайт. Жуунтуп, жумшак сүлгү менен денесин аарчып, атайын
майлардан жука шыбады да, кайра кийинтип жаткырып койду.

Бурма ушуну менен таң агарганча сулк жатат. Ал эми эринин түйшүгү бир
далайга чейин уланат. Таштектеги сууну тѳгүп, ичин жууп ордуна койду, сүлгүнү
мештин жанындагы кермеге жайды да, сыртка жѳнѳдү. Короодо бирин-серин малы
бар. Ѳгүнү уулу келип ашканасын азыкка толтуруп, кийим-кечелерин алып берип,
анан үч кой, беш эчки, бир уй байлап берип кеткен. Уйлуу болгону сүттѳп чай ичип
жыргап калышты. Эми ушулардын түйшүгүн тартат. Малын тейлеп бүткѳн соң кѳң
ала кирип отту күчтѳп жагат да, ѳзү дагы бир жолу тамактанат. Кир идиштерди
чогултуп жууп, сүттү бышырып коюшу керек. Үч-тѳрт күндѳ бир нандын канча
калганын билип, зарыл болсо камыр жууруйт. Баса, бул түйшүктѳрдүн арасында
аялынын дарыларын саатынан кечиктирбей берип, колу-бутун укалап да турушу
керек. Айтор, тирүүлүктүн бүтпѳс түйшүгү. Арзыбагандай, бирок качып кеткенге да
мүмкүн болбогон тиричилик. Ансыз болбойт.

***

Кар кетип, күн жылымдаган сайын аялдын акыбалы жакшырып бараткандай.
Күйѳѳсү күнүгѳ түштѳ аны жылуу ороп алып эшикке кѳтѳрүп чыгып, ага ыңгайлуу
кылып жасап койгон орундукка отургузат. Бүгүн да түшкү тамактан кийин эшикке
чыгышты. Эри жанына кѳчүк басчу жаман отургучтун ордуна жазы тактайдан узун
отургуч жасап коюптур. Анысына ыраазы болгондой жылмайып, баш ийкемиш
болду. Күн чубактап отурган эрди-катынды байкаган коңшу аял басып келди.
Кошуна Бурманын бетинен ѳѳп учурашып, акыбалын кайра-кайра сурап, колдорун
жылуу колдору менен укалап да жиберди. Анан тиги жаңы узун орундукка отуруп
аны-муну сүйлѳп жатты. Аял алардын кебине кошула албаса да, жашы улуу жаны
курбу коңшусунун басып келгенине кубанып, кѳңүлү сергип калды. Күйѳѳсү аларга
үйгѳ жылуу сууну эбак эле киргизип албаганын айтып баш чайкады.
– Заманыбыз жакшы. Жакшы турсун сонун. Ой, жанагы автомат машине келгени
колум узарып жыргап эле калбадымбы. Мына, азыр да түшкѳ жеткирбей болгон
кирди жууп салдым. – Карсылдап күлгѳн эркекке тиги аял кошулуп күлбѳдү. Сустая
баш ийкеп койду.

Эркек кебин уланта берди:

– Калп айткан менен болобу, кыз бала эле жакшы экен. Кызым байкуш ѳзү алып
бере албаса да «ата, кыштай калың кийимдерди жууганда кыйналып каласыз.
Акчаны аябай автомат машина алып алыңыз» деп чырылдап атып алдыртпадыбы.
Мени аяды да. А тиги эргулдар мунун бирин да ойлоп койгон жок. Кызымдын тилин
ырас эле алыптырмын.

– И-и… – Жанатан күпүлдѳп жаткан неменин кебин улаган болду кошуна. Аялы
болсо алда немеден санааркагандай мелтиреп, муңайым.

***

Бурма терезени тиктеп жатып чарчады. Бул маалда Беки аны эшикке
чыгарышы керек эле. Эртең мененки тамагын берип коюп чыгып кеткен боюнча
жок. Келип даарат ушаттырып, анан сыртка алып чыкса жакшы болбойт беле.

– Бе… Бе-ек. Бе-бе. Бе-е…

Ушинтип үн салганга жарап калган. Муну укканы балдарынын кубанганын
айтпа. «Апабыз жакшы болсо экен» деп жанын сабап иштеп жүргѳн эки уулу
менен жашаялмет турмушунан бошобогон кызы үчүн бул чоң жылыш эле. Бир
мүнѳткѳ да болсо таканчыктап, даарат бузарын билдирип, анан ушинтип үн
чыгарып калганы эки жолу инсульт алган адам үчүн чоң жылыш эмеспи. Демек,
мындан ары да жакшы болуп кетерине үмүт бар. Жакшы болбосо да ушунусунан
жаман болуп кетпей кара жаны аман турганы эле канча олжо. Ар бир баласынын
оюнда ушул. Эки уулунун кимиси ишинен убактысы боло калса айылга шашышат.
Жолдон карындашын ала келип бир-эки күн кол кабыш кылышат.

– Ой, кемпир, жатасыңбы? Мени эмне болду деп атасыңбы?

– Эм… э-эм. Кай… Кай?

– Ээ, тиги чоң дүкѳнгѳ бара калып эл менен туруп калбадымбы. Тосмолорду
оңдоюн бүгүн. Күн сонун болуп турат. Сен күнгѳ отур.
Беки ушул жайда далай жумуш бүтүрдү. Алгач үйдү курчаган жыгачтардын
талкалангандарын жаңыртып, кыйшайганын түздѳп, мал кирбегендей кылып
зыңгырата коруп чыкты. Ага удаа канча жылдан бери каралбай калган тамдын
сыртын кырып, шыбады. Тоборсуган соң кайталап актап атып аппак кылды.
Короонун бурчунда үйүлүп жатчу темир-тезектерин жыйнап, керексизин сатып
тыйын кылып алды. Додо болуп жаткан дѳңгѳлѳктѳр менен эле эки-үч күн алышты.
Алды чирип кетиптир, аларды таштандыга чыгарып, оңдууларын кооздоп кесип
гүл отургузууга ылайыктап тизип чыкты. Ушуну эрте жазда ойлонуп, гүл тигип
салса деле болмок экен. Кеч болуп калганына аябай капа болду. Бирок кийинки
жазда гүл тигүүгѳ ѳзүнѳ абдан катуу убада берди. Эми Бекиге кошуналар да иш
сунуштап калышчу болду. Алгач коңшусунун сокмосун тургузуп, акысына бир козу
алган. Ошондон кийин минтип ара-чоло иштей берүүнү да эп кѳрдү. Бир жайда эле
беш козу таап койду, жаманбы? Жалаң гана оорулуу аялы менен алышкан кезде
бат чарчап, улам бир жери ооруп, кээде ѳзүнѳн ѳзү ачууланып чыкчу эле. Минтип
иш менен алышканы ачууланганы жоголду. Аялы да жакшы болуп бараткандай.
Ырасында кечке анын кашында отура бербей кѳп иштин арасында караганга
оорулуунун түйшүгү байкалбай да калып жатты. Ары мурдагыдай такма жалаякты
булгабай ѳзү бошонгону эле бир топ олжо болбодубу. «Эми бир аз сүйлѳп калса
жакшы болот эле» деп ойлойт. Жанында аны-муну кеп кылып отуруп калганында «ошо… ошо… му-мур… мур-а… му-му… мур-да…» эле дей берет. Эмнени
айткысы келет, түшүнбѳйт. Баш ийкеп макулдугун билдирип коёт да, сѳзүн улайт.
Байкаса, орчундуу деген иштин баарын аяктаптыр. Бул айылга күз эрте
келет. Кыштын камын кѳрүү зарыл. Ушуларды ойлоп отуруп оюна бир нерсе кылт
деди. Ѳзүнчѳ кубанып кетти. Чѳнтѳк телефонун алып чыгып календарын ачты.
Ырас, пенсиясы да келип калган кез экен. Эртеси эле райондун борборуна бет
алды. Базарга жетип бир аз буйдала түштү. Алардын үй иштерине кол кабыш
кыла койчу элпек келин бар. Ошого чалып бир далайга сүйлѳштү. Удаа эле уулуна
чалып «эртең үчѳѳң тең келип калгыла» деп чакырды. Кечинде азык-түлүктү
түрлѳп кѳтѳрүп келди. Баягы келин баштыктарды бирден бошотуп жыйнап,
убараланып калды.

***

Бул үй-бүлѳнүн мындай жайыл дасторкон үстүндѳ, жайдары маанайда
жолуга электерине кѳп болгон. Баары түгѳл баштары бириккени менен Бурманын
ден соолугу менен алек болушуп, ачылып сүйлѳшпѳй, бирин-бири бирде аяп,
бирде жактырбай, бирде күнѳѳлѳп карап тарап кетишчү. Энесинин абалы алда
кандай болуп кетерин ойлоп, элестеткилери келбеген балдардын жүзү дайыма
муңайым эле.

Балдары короо-жайдын баарын түрѳ кыдырып карап, кичүү уулу менен кыз-
күйѳѳсү кубанычтарын жашырбай сүйүнүчтүү сүйлѳшүп жатышты. Улуу баласы
гана үнсүз. Малга бата кылган соң кичүүлѳр аны менен алышып, уулу Бурманы
кѳтѳрүп, Беки үчѳѳ кайра үйгѳ киришти. Дымыган тынчтыкты уулу бузду:

– Ушунун баарын, ушунун баарын мурда эле кылсаңыз болот беле, ыя?

– И, эмне болуп кетти?

– Эч нерсе.

– Эмне, азыр кылганым жакпай атабы?

– Хм, жагат. Жакты. Бирок ушинтип оокат кылыш үчүн, арагы жок тынч жашаш үчүн
сѳзсүз эле апам ушинтип оорулуу болуп калышы керек беле? Апам сак-саламат
турган кезде, баарыбыз сенден жалынып «ичпечи, таштачы?..» деп суранып
турган кезде макул болуп койсоң болот беле?

– Эми деле кеч эмес? – Беки күңк этти.

– Кеч! Аябай кеч! Ата, апам сенин токмогуңдан куурап, арагыңдын азабын тартып
жүрүп моминтип жатып калды. Анан кантип кеч болбойт? Беш малыңдын түбүнѳ
жетип он беш жыл тынбай арак ичтиң. Он беш жыл, ата! Он беш жыл бою апамды
кууруп, жеп келдиң. Сенин айыңдан үчѳѳбүз тең окубай калдык. Ал эле эмес,
үйдүн кебетесинен, сенин кебетеңден уялып мен үйлѳнбѳй жүрдүм. 33кѳ чыктым.
Тиги балаң деле ушинтип үйлѳнбѳй жүрсѳ керек. Кызыгып сурап койдуң беле? Ал
эч нерсе эмес, апамчы? Эми үйлѳнсѳк апам келинине жоолук сала алабы? – Үнү
каргылданып кетти. Ээгин тиштегилеп токтоп калды.

Ортону үнсүз тынчтык каптады. Баары жер карайт. Уулунун ар бир кебинде
чындык бар эле. Аны баласы минтип саймедиреп айтпаса деле ѳзү билип жүргѳн.
Ошол күнѳѳсүн актайын деп жанталашып атпайбы. «Ушуну билип койсо болмок»
деген таарыныч пайда боло калды Бекиде. Уулу болсо апасы ооруп калган күндѳн
бери ушул ойлорду, ушул сүйлѳмдѳрдү он кайталап кейип келаткан. Болгонун айтып алса жеңилдеп калчудай туюлчу. Жок, жеңилдей калган жок. Таарынычы
дагы деле жазылбай ичи күйүп турду. Бурма күйѳѳсү менен сүйлѳшкѳн сайын
эжелеп айтууга аракет кылган сѳзүн бүгүн минтип уулу айтып отурат. Бир ѳмүр
ызы-чуу, ый, ыза менен ѳтүп, аягында минтип сулк жатып калганына каңырыгы
түтѳйт. Бекиден мал кураш керектигин, тамдын сыртын шыбаш керектигин, эл
катары үйгѳ суу киргизип, автомат машине алуу керектигин,балдарды эл катары
окутуп, үйлѳнтүүнү, баарын, баарын суранып жүрүп ѳмүрү ѳтпѳдүбү. Ушунун
баарын мурда эле кылса болот беле?

Гүлайым Калыбекова

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here