КРнын Эмгек сиңирген артисти Асель ТУРДАЛИЕВА: “Кызымдын чыгармачылыкка аралашуусуна каршымын”
“50 жаш. Келген конокторумдун бардыгына таазим!”
Асель айым, элүү жылдык юбилейиңиз куттуу болсун! Туулган күнүңүзгө
карата тойканалардын биринде чоң той өткөрүп, элдин батасын алдыңыз.
Негизи, туулган күн өткөрүүнү мурдатан эле пландап жүрдүңүз беле?
— Рахмат. Негизи, менин туулган күнүм сентябрь айында. Кызым бир жылдан
бери келе элек болчу. Жай мезгилинде дипломдук ишин жазуу үчүн иштеп,
күзүндө болсо кайра сабагы башталып калган. Анан сабагынан он күнгө
суранып, мен Бишкектен, кызым Кытайдан Сеулга барып экөөбүз жолугуп
сагынычыбызды таратканбыз. Ошентип, туулган күнүмдү өткөрбөй эле
коёюн деп жаткам. Бир туугандарымдын бардыгы катары менен 50гө чыгып
юбилейлерин белгилешкен. Алар: “Баарыбыз өткөрүп, сен өткөрбөй
каласыңбы?” дешкенинен “кызым келгенде өткөрөм” дегем. Анан кызым
быйылкы кышкы каникулунда келди.
Тоюңузда кандай кызыктарга ортоктош болушту конокторуңуз? Идеясы
кимге таандык?
— Тойдун режиссёру, сценаристи өзүммүн. Анан юбилейим өтчү тойкананын
жасалгасында изумруд, жашыл өң көп колдонулуптур. Анын үстүнө,
мусулманчылыкта да жашыл өңдүн мааниси чоң. Ошого кызым экөөбүз тең
ушул өңдөн өзүбүзгө көйнөк тиктирдик. Артист досторумду конокко чакырып
алып ырдаткым келген жок. Ошондуктан аларга “тоюма эле келип даам
сызып, тилегиңерди айтып, жакшы эс алып кеткиле, ырдабай эле койгула”
деп чакырдым. Ал эми мен эмгектенген жогорку окуу жайдын ар бир
кафедрасына өзгөчө бирден номер белек катары даярдап келүүсүн айттым.
Анан көптөн бери өтүп кеткен залкар инсандарга таазим кылсак жакшы
болот эле деп ойлоп жүргөм. Кино жана телевидение факультетинин
деканы бул оюмду ишке ашырып, тойго эки күн калганда “Театр” деген
чыгармама клип тарттырып, конокторума ал клиптин бет ачарын кылдым.
Дагы бир өзгөчөлүк, кызым экөөбүз “Арноо” деген ыр жаздырып чогуу
аткардык.
Чет жерден да келген коноктор болуптур…
— Ооба. Сыймык Бейшекеев, Алтынбек Кыдыралиевдер болуп өзүбүздүн
“бриллиант кассабыз” бар. Ага Кыргызстан, Америка, Корея, Германия,
Испания, Украинада жашаган 12 үй-бүлө мүчөбүз. Алардын арасында келе
албай калгандар да болду. Бирок алар өкүлдөрүн жиберишти. Негизи,
жакшылыгыма өзүмө жакын санаалаш досторумду, кесиптеш, куда-
сөөктөрүмдү чакырдым. Алардын саны 300дөн ашты.
Эгерде жашооңузга саресеп салып көрсөңүз, 50 жылдын ичинде эмнеге
жетиштиңиз да, кандай өкүнүчтөр орун алды?
— Мен жыйырма жылдан бери искусство жаатында жакшы бир мектеп ачкым
келип жүрөт. Ушул кыялымды орундата албай келе жатам. Өзүмчө мектеп
ачам деп жүргөндө, тактап айтканда, 17 жыл мурун университетке келип
калдым. Анан окуу жайга берилип кеттим окшойт, ал кыялым калды. Эгерде
университетте иштебесем, балким, азыр өзүмдүн мектебим болмок. Азыр
деле бул кыялымды ишке ашырууга талпынып келем, тилекке каршы,
убакыттын тардыгынан буга жете албай келем. Кудайга шүгүр, элим жакшы
көрөт, сыйлайт, урматтайт, колдойт. Эмгек сиңирген наамын алгам. Элим
үчүн деп жасаган эмгегим бааланып келе жатат, бул менин чоң
жетишкендигим.
Бул жылдар аралыгында чыгармачылыгыңызга көз арткандар, бут
тоскондор болдубу?
— Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Болгон жана болуп келе жатат.
Башында мындай көрүнүштөргө сарсанаа болуп, ыйлаган күндөрүм болгон.
Мындай учурда атам “эмнеге ага сарсанаа болосуң,башкысы, көппө, бой
көтөрбө, ар дайым жөнөкөй болсоң, эл сага өзү эле тартылып турат” деп
айтып калчу. Кийин негативдүү нерселерге көңүл бурбаганга аракет кылып
баштагам. Себеби өзүңдүн эле психикаң бузулуп, депрессия болосуң же
жумушуңду артка тартат.
Негизи, чыгармачылык кадамыңыз кантип башталган?
— Мен бала бакчага барып жүргөндө эле ырдачумун. Кичинемден чоң энем
Мунара апамдын колунда чоңойгом. Апам мени “көкүрөк күчүгүм” деп
конокторго ээрчитип жүрө берер эле, мен этегин кармап алып тойлордо эле
жүрчүмүн. Бир тойго барганда ырдасам, ал жерде искусство жагын караган
Сагын Мамбетакунова аттуу эже отуруптур. Ошол эже менин ырдаганымды
көрүп “бул кыз укмуш ырдайт турбайбы, бул сахнада ырдай турчу кыз экен”
деп айткан. Ошондон кийин эже мени сынактарга алып бара баштаган.
Ошентип, чоң сахнада үчүнчү класс кезимде, Нарындагы драмалык
театрдын сахнасында биринчи жолу ырдап чыккам. Биринчи сахнага
чыкканда ушундай бактылуу болуп, өзүмдү Алла Пугачёва сезип алгам,
ошонукундай көйнөк кийсем дечүмүн. Себеби Алла Пугачёванын
кийимдеринин боорунда аты жазылып турчу. Бир жолу түшүмдө менин да
көйнөгүмдүн боорунда “Асел” деп ысымым жазылып туруптур. Ошол
түшүмдөн кийин “Алтын балалык” тобунун солисткасы болуп кирдим, кийин
“Тоо гүлү” ыр-бий ансамблинде, “Гүлдесте” вокалдык-инструменталдык
ансамблинде, “Долон” тобунда ырдадым. Айтор, кичинемден чоң артисттер
менен аралашып, алардын батасын алып чоңойгом. Сегизинчи классымдан
баштап музыкалык окуу жайда окуй баштагам.
Чыгармачылык чөйрөгө аралашканыңыздан бери элдин жүрөгүнөн түнөк
таап, популярдуулугуңузду жоготпой келесиз. Мунун сыры эмнеде?
— Менин искусствого болгон сүйүүм, жан-дилим менен берилгеним, өзүмдүн
кесибимди туу тутуп бийикте алып келгеним буга себеп болсо керек.
Искусствонун кайсы жааты болбосун, мейли, кино, театр же
университеттеги мугалимдик кесибим болобу, чын дилим, сүйүүм, жаным
менен берилип иштеп келем.
Туулган күнүңүзгө кызыңыз менен биргеликте дуэт ырдаптырсыз.
Кызыңыздын чыгармачылыкка аралашуусуна кандай карайсыз?
— Кызым чыгармачылыкка аябай жакын. Ырчы болууну каалайт. Мен эле
“Кудай берген талантың бар, ырдагың келсе мындай эле ырдай бер. Бирок
башка кесиптин ээси болушуң керек. Келечекте турмушка чыгасың,
жолдошуң туура кабыл алабы же жокпу… Мен чыгармачыл адамга
турмушка чыксам дагы түшүнгөн жок. Биздин кыргыз менталитети менен
артист менен жашоо өтө кыйын. Турмушуңда түшүнбөстүктөр болуусу
мүмкүн. Ошон үчүн башка кесиптин ээси бол” деп каршы болуп башка
багыт менен кеткен. Ырдагың келсе багыт көрсөтүп, колдойм. Бирок
фанатизмсиз деп айтам.
Анда кайсы жаатта билим алып жатат?
— Кызым Кытайдагы университеттердин биринде бизнести башкаруу кесиби
боюнча билим алып жатат, буюрса, быйыл бүтүрүүчү курс.
Көп интервьюларыңызда “кызымды чоңойтом деп турмушка чыккан жокмун” деп айтып келчү элеңиз. Кызыңыз бул кадамыңызды бааладыбы?
— Кызым мени сүйөт, мени бирөө капа кылып койсо, мен үчүн туруп берет.
Кызым мени баалайт, мен кызымды баалайм. Эгерде ортобузда кичинекей
конфликт болуп кетсе, экөөбүз маңдай-тескей отуруп алып эле сүйлөшүп,
чечишип алабыз. Эне менен баланын ортосунда да ачык саясат болуусу
керек. “Курбу, дос бол” дегенге кошулбайм. “Кызым өз жарын таап турмушка
чыгып, жакшы жар, эне болсун” деп дайыма айтып келем.
“Кыздын чырагы кырк” дегендей, эми деле турмушка чыгуу оюңузда барбы?
— Жашоо эми башталып жатат (күлүп). Жакшы мырза болсо турмушка чыгууга
эмнеге болбосун? “Турмушка чыгышым керек” деп жаныма бирөөнү
ээрчитип алгым келбейт. Менин идеалымдагыдай адам жок, бирок мен
жактырган адам бар. Көп жылдан бери экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Бирок
ал мага күйөө болуп берчү адам эмес.
Элүүгө чыксаңыз да жаш көрүнөсүз. Келбетиңизге кантип кам көрөсүз?
— Айымдар өзүнүн келбетине кам көрүүсү кажет. Мен пластикалык
операцияларга каршымын. Ар бир курактын өз “изюминкасы” бар. Убагында
келбетке кам көрүп, косметологдорго барып туруу керек. Мен косметологго
он жыл мурда баргам. Андан бери өзүм үй шартында кам көрөм,
косметологияга керектүү аппараттардын бардыгын сатып алгам. Анан
сөзсүз түрдө спорт менен машыгам. Дайыма спорттун бир түрү менен эмес,
улам алмаштырып турам. Мисалы, азыр йога менен машыгып жүрөм.
Мындан сырткары убактым болгондо тренажёр, спорт залдарына барып
турам. Мен бардык эле тамактарды жей берем. А эгерде оорлошуп
баратканымды сезсем, тамактардан баш тартам.
Айгерим Токтобай кызы
(Маалыматты уруксатсыз көчүрүүгө, бурмалоого, орнотууга тыюу салынган. Редакция Леди KG)