Дөөлөт Сыдыков: «Суу да ууртабай 12 саат манас айткам»
Океандай чалкыган «Манас» эпосун күпүлдѳп ооз эки баяндоо менен элге жеткирүү чоң иш, ѳзгѳчѳ ѳнѳр, таң каларлык талант. Дүйнѳдѳ жападан жалгыз кыргыз элине насип болгон бул ѳнѳрдү аркалап келе жаткан манасчыларыбыз деле саналуу. Алардын бири көптөгөн сынактарда алдыңкы орундарды багындырып, эл алдында келе жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт мырза, балалыгыңыз кайсы жерде, кандай бүлөдө өттү эле❓
— Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында туулуп-өскөм. Үй-бүлөдө 12 бир туугандын тогузунчусумун. Балалыгымды эстегенде күндүн жаркырап чыгып келатканы эсиме түшөт. Ноолунун кырына отуруп алып күндүн чыгышын караганды жакшы көрчүмүн. Айылыбыз аты айтып тургандай шордуу жер. Жаан жааса жердин мээси эзилип, кургак болсо чаңы асманга чыга сапырылып турат. Балалыгым кой кайтаруу менен өттү. Атам он жашында атасы каза болуп жетим калган, туугандары окутабыз деп алып барып кара жумушун жасатып, болушунча кор кылышкан экен. Ушундай кыйынчылыкка бышкан адам болгон. Убагында колхоздун тракторун айдап, сугатчы болду. Апам казак кызы. Атам аскерде кызмат ѳтѳп жүргөндө таанышышкан экен. Ал кезде аскер кызматын жакшы өтөгөндөрдү мөөнөтүнөн бир ай эрте коё беришчү тура. Атам бир ай эрте бошосо да кетип кала албай ошо жерде иштеген апамды айланчыктап жүрүп, акыры кошо ээрчите келип үй-бүлө курушуптур. Атамдын көзү өткөнүнө 13 жыл болду.
Сизге манасчылык өнөр кимден өттү эле❓
— Манасчылык адамга кан аркылуу же жан аркылуу өтөт. Мага кан аркылуу да, жан аркылууда өткөн десем болот. Атам манас айтчу. Чоң аталарым да манасчы болуп, санжыраны жакшы билишкен. Чоң атамдын энеси бир айыл элди башкарган сөзү өтүмдүү сөзмөр киши болгон экен. Өзүмдүн чоң энем, бир ата бир энеден 33 бир тууган болуптур. Жалаң эки эм, үч эм, төрт эм төрөгөн. Чоң энем үч эмдин бирөөсү экен. Ал киши да кошокчу, жомокчу, сөзмөр киши болгон.Үй-бүлөбүз менен манаска жакын болгондуктан айылдаштарым мени да манас айтат деп ойлошчу окшойт. 12 жашымда мектептен мени манас айтасың деп сахнага чыгарып коюшту. Манастан кабарым жок жаным эмне кыларымды билбей, элдин сүрүнөн коркуп ыйлап ийгенимде сахнадан кѳтѳрүп алып чыгып кетишкен. Ушул окуядан көп өтпөй Саякбай ата түшүмө кирди. Алгач өзү манас айтып, анан мага «ушинтип айтасың» деди. Кийин түшүмө байма-бай кирип, өзүмдөн өзүм эле манас айтып калдым. Улуу баянга ушинтип аян алып аралаштым.
Манасчыларга аян улам берилип турабы же бир жолу эле түш көрүшѳбү❓
— Жараткандан берилген бул жүк, мухит манасчыны өмүр бою коштоп жүрөт. «Түшү оңолгондун иши оңолот» дегендей өмүр бою аян коштоп жүрүп отурат. Кээде түшүмө сакалы белине түшкөн, акжуумал Бакай ата кирсе, кээде үңкүргө жетелеп киришип Манастын тактысын көрсөтүшчү. Кээде ѳңүмдөгүдөй эле баатырлар менен аралашып жүргөндөй болом. Бирок түштүн баарын ачык айта берген болбос. Биз манас айтканда эле өзгөчөлөнө алабыз. Калган учурда кадимкидей, катардагы эле адамбыз. Берген аяндан баш тартсаң түбөлүгүң түз болбойт дешет. Манасчылык түбү жемиштүү оор жүк десем болот.
Манасты эң узак канча убакыт айттыңыз эле❓
— Таласта манасчылар 3 ай манас айтканбыз. Ошондо суу ичпей, 12 саат тынбай үзгүлтүксүз айткам. Андайда кадимкидей кара терге түшүп кыйналасың. Ал эми ортодон тамак ичип, тыныгуу алсаң чексиз эле айта бересиң. Бизди маданий иш-чараларда манас айтууга сахнага 5-10 мүнөткѳ эле чыгарышат. Андайда элдин алдында парзыңды аткарууга эле чыгасың.
Балдарыңыздан жолуңузду жолдочулары барбы❓Баланын тарбиясына канчалык маани бересиз❓
— Жубайым Ырыс экөөбүз төрт балага ата-энебиз. 3 уул, 1 кызыбыз бар. Замандын талабына жараша баланын аң-сезими өзгөрүп турат экен. Өзүмдөй чүкө, рогатка менен ойнотоюн десем балдарымдын алардан түшүнүгү жок. Башка балдардай эле телефон көрүшөт, компьютерде ойношот. Болушунча сөз менен тарбиялап, санжыра менен тарыхты сиңиргенге аракет кылам. Бир нерсени байкадым, баланы курсакта жаткандан баштап тарбиялаш керек экен. Энесинин курсагында жатканда Саякбай атанын Манас айтканын угузуп турчумун. Ошого жараша азыр угуу жөндөмдөрү жакшы өөрчүгөн. Телевизордон манас айтылып атса же комуз чертилип калса тык токтоп көңүл коюп тыңшап калышат. Улуу балабыз Эрболот сүрөтчүлүк тармакка кетти, кийинки уулум Байнур,ырдайт, комуз чертет. Каган да чыгармачыл чөйрөгө ыктачудай. Кенже кызыбыз бала бакчага барат. Бул балам манасчы болот деп кесе айта албайм. Баарын убакыт чечет болуш керек. Бирок ушул ыйык дүйнөгө аралашарына үмүтүм чоң.
Ата менен кыздын ортосунда бекем жакындык болот эмеспи, кенжеси да болсо кызыңызга өзгөчө мээримдүү болсоңуз керек❓
— Үй-бүлөнүн очогун жандырган бала да. Кызым Адеминин ар бир жоругуна кубанып бүтө албайм. Күндө бир нерсени ойлоп таап апасы экөөбүздү зээриктирбейт. Кызымдын кылыктарынан кадимкидей кубат алам. Кызым мага өзгөчө жакын, мени ээлеп алат. Телефонумду да өзүнөн башка эч кимге карматпайт.
Жубайыңыз менен таанышканыңыз эсиңиздедир❓..
— 2005-жылы Консерваторияда студент элем. Теледе салттуу музыка жумалыгы өтмөк. Роза Аманова студенттерди ал берүүгө алып келди. Ырыс ошол саамалыкта алып баруучу экен. Ага чейин атын угуп, телеканалда иштээрин билчүмүн. Ошондо биринчи жолу көрдүм. Дароо жакты. Жанымда отурган Аскат Мусабековдон «Ырыс Окенова деген ушубу?» деп сурасам «бир нерсе болдубу?» деп күлгөн. Чын эле бир көрүп сүйүп калгам. Тѳрт жыл сезимдерибизди сынап жүрүп 2009-жылы 21-мартта баш кошконбуз.
Апаңыз чыгармачыл келинине өзгөчө жеңилдиктерди берсе керек❓
— Апам Ырысты дароо жактырып, жакшы кабыл алган. Айылга барганда башка келиндер менен тең тайлашып келиндик кызматын кылат. Бирок көп учурда экөөбүз тең чыгармачылык, съемка деп чакырылган убакта бара албай калабыз. Андайда апам жумушубузду түшүнүү менен кабыл алат. Чоң иш-чаралар болуп калса калтырбай барабыз. Келининин чыгармачылыгын түшүнүп, колдоп батасын берип турат. Апам баардык чыгармачылык инсандардан кабардар.
Жубайыңыз чыгармачылыкта тынымсыз эмгектенип, ийгиликтүү иш алып барып келет. Буга сиздин колдооңуз күч болсо керек❓
— Баш кошкондон бери эле элге кызмат кылсын деп анын чыгармачылыгын жан дилим менен колдоп келем. Үйдө өзүнө тиешелүү кызматтарды так аткарат. Манаста деле Каныкей энебиз жөнүндө: «Сыртка чыксаң энекең/ Эл башкарган топ башы./ Үйгө кирсең энекең/ Казан кармап от башы» деп айтылат. Илгертеден кыргыздар аялды кор кылган эмес. Ургаачы болсо да баатыр болуп чыгып атканына тарых күбө. Келинчегим ишине да, үйгө да өзү эле жетишет. Башка эркектердей болуп казан-аякка аралашып иймейим жок. Бала кезимен андай тарбия алган эмесмин. Анын аракетин, эмгегин көрүп туруп кыянаттык кылбайм. Муну чуркап келе жаткан күлүктү кыянаттык менен бутка чаап токтотконго салыштырам.
Манасчылыктан башка эмне иш кыласыз❓
— Чынында ар бир манасчы өз киндигин өзү кесип, оокатын кылып келе жатат. Учурда КТРКда Манаска байланыштуу “Айкөл ааламы” берүүсүн алып барам.
Анара Дүйшөналиева