Негизгиге Интервью Токчайнар: Ток мени эмес, мен токту урам

Токчайнар: Ток мени эмес, мен токту урам

330

Токчайнар: “Ток мени эмес, мен токту урам”

Тиши менен салмактуу жүктөрдү сүйрөгөн Ташчайнар таланты менен элди таң калтырып бүтүп, эми шакирттерди таптоого ѳткѳн. Абдыхалил Амираев анын “Токчайнар” деген каймана ат менен белгилүү болуп жаткан шакирти. Электр зымы менен эркин оюн курган адам тууралуу тѳмѳнкү макаладан окуңуз.

Токчайнар мырза, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

— Ѳз атым Абдыхалил. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунан болом. Жашым 53тө. Мектепте сегиз жыл билим алып, кийин Сүлүктү шаарындагы кесиптик техникалык окуу жайда үч жыл окугам. Жубайым менен турмуш курганыма 28 жыл болду. Бизди ата-энелерибиз эле сүйлөшүп үйлөнтүп коюшкан. Төрт кыз, бир уулубуз бар. Үч кызыбызды турмушка узатып, небере жыттап отурган чагыбыз.

Денеңизден ток чыгарын качан байкадыңыз эле❓

— 1986-жылы армияда кызмат өтөп жүргөндө антенналар үзүлүп, жогорку чыңалуудагы токко тийген. Мен коркпостон 1-, 2-, 3-зымды түркүктѳгү зымга туташтырсам иштеп кетти. Мени ток урган жок. Ошондо артыкчылыгымды байкагам. Көрсө, биздин тукумда ушундай жѳндѳм бар экен. 1967-жылдары Майрам деген тууганыбыз болуптур. Аны да ток урчу эместигин мага классташтары айтып беришти.

Денеңизден ток чыгарып жумуртка кууруп, ток чайнекке чай кайнатат экенсиз. Бул кандайча ишке ашат❓

— Сиз айткандай мени кѳпчүлүк токту ѳзү бѳлүп чыгарат деп түшүнүп “үйдѳ жарык ѳчүп калса сизди чакыруу керек экен” деп тамашалап калышат. Жок, денемден өз алдынча ток чыкпайт. Болгону токту өзүм аркылуу өткөрөм. Тактап айтканда, токту кадимки розеткага сайып, анын учун денеме кыпчып туруп, жумуртка бышырылчу идишке зым аркылуу туташтырам. Же оозум менен мурдума салып ток кетирем.

Токту канча убакыт өзүңүздөн өткөрүп тура аласыз❓

— Жумуртка төрт мүнөттө бышат, “Тефаль” чайнеги дагы ошончо мүнөттө кайнап чыгат. Негизи токту денемде 15 мүнөткө чейин кармап келатам.

Бул учурда кандай сезимде болосуз❓

— Процесс учурунда сүйлөбөйм, жөтөлбөйм, катуу чочубаш керек. Болбосо жарылып кетүү коркунучу бар. Токту кармаганда коркпойм деле. Балким периштелерим келеби билбейм, айтор, эч нерсе сезбей калам. Эгер өзүмдө даярдык болбосо күйбөй коюусу да ыктымал.Баары ойдогудай ишке ашуусу үчүн тынчсызданбай, бир калыпта туруу кажет.

Жаныңызда турган адам өзүн кандай алып жүрүүсү керек❓

— Мен токту денеме туташтырып алган соң мага эч ким тийбеши керек. Ал маалда мен кадимки ачык зымдай эле зыяндуу, коркунучтуу болуп калам. Ачык зымдан албетте абайлаш керек. Болбосо, ток тартат. Ал эми ток жок кезде мени менен учурашуу, кучакташташуу эч кандай коркунуч жаратпайт.

Өзүңүнүздүн ден соолугуңузга зыяны тийбейби❓

— Бир жолу айылда эки зымдын учу биригип “замыкание” болуп, жарык өчүп калды. Эл топтолуп, арасында мен да бардым.Трансформатордо сары, көк, ак түстөгү үч чоң бөлүкчө болот. Токторду оңдоого чыгайын десем жанымдагылар чочулап мени токтотконго аракет кылышты. Мен “ток мени эмес, мен токту тартам” деп трансформаторго чыгып барып сарысын кармасам “чырт” этип аппак түтүн чыгып күйүп кетти. Баягы балдар күйүп кеткенин көрүп ары жакка чуркашып, мени болсо өлдү деп ойлошуптур. Анан электриктер келип болгон окуяны угуп аман калганыма таңыркашты, сөзсүз доктурга баруумду катуу эскертишти. Колумдун гана сапсары болуп күйүп калганы болбосо, башка зыян тарткан эмесмин. Доктурга барсам жүрөгүң күчтүү экен деген.

Тамакты ылгап жейсизби❓

— Аябай деле көп өлчөмдө тамак жебейм. Кадимки адамдардай эле тамактанам. Кѳп күч керек болгонго гана күчтүү деп койдун этин жейм. Азыр орозо кармап жатам.

Талантыңызды элге чыгарууга кандайча белсендиңиз❓

— Эл алдына чыга баштаганыма аз эле болду. Буга чейин тоодо мал карап элден алысыраак жүрчүмүн. 2014-жылы Ташчайнар айылыбызга концерт коюп келип таанышып калдык. Ага чейин анын “Минута славы” долбооруна катышканын сыналгыдан көргөм. Ташчайнарга “кырк чороңду топто” деген аян берилиптир. Анан айылдарды кыдырып, өзгөчө таланттарды издеп жүргѳнүндѳ мага жолугуп калды. Таланттарды издѳѳнү ал азыр да улантып айылдарды түрѳ кыдырып жүрѳт. Анын улуу шакирти менмин. Талантым менен Кытай, Араб өлкөлөрүнө бардым. Кытайда 15 өлкөнүн арасында өткөн сынактын эки тепкичинен өтүп, үчүнчүсүндө өзүбүздүн эле кишилер бут тосуп коюп чыга албай калбадымбы. Ал эми Арабиядагы сынакка 98 өлкөнүн өкүлдөрү катышышты. Арабдар ишене албай келип мени кармап да көрүп жатышты. Сынакты эл сыналгыдан кызыгуу менен кѳрүптүр, көчөдө жүрсөм мени таанып сөөмөйлөрү менен көрсөтүп кеп кылып жатышты.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуДөөлөт Сыдыков: Суу да ууртабай 12 саат манас айткам
КийинкиАйдин, Эльвира: Үй-бүлө болуп калышыбызга апабыздын салымы чоң