Гүлайым Калыбекова: “Убактысы тар энелерге жардамчы болуп жатканыма кубанам”
Азыркы жаш энелердин кѳпчүлүгү бала менен үйдѳ отуруу бардыгынан баш тартуу эместигин далилдеп жатышат. Наристесин чоңойтуу менен катар пайдалуу, кирешелүү ишти колго алгандарын катарында бүгүнкү маектешим да бар. Акын, журналист Гүлайым Калыбекова жемиш кактарынын аралашмасын жасап пайдасын кѳрүүдѳ. Ыр жазып, чыгармачыл жан дүйнѳ менен жашаган жаш эне башка иштерге кантип убакыт арттырып жатканын айтып берди.
Гүлайым, ден соолук үчүн пайдасы зор мындай аралашма жасоону качантан бери ойлоп жүрдүң эле?
— Бул аралашма иммунитетти көтөрүүдө чындыгында абдан пайдалуу. Анын пайдасын студент кезден бери көрүп келем. Тез-тез сасык тумоого кабылып, ооруй берчүмүн. Бал, жаңгак, мейиздердин аралашмасы иммунитетти кѳтѳрѳрүн угуп, колумдан келишинче эле жасап алчумун. Колумда эт туурагыч жок болгонго андагы аралашма азыркыга такыр окшошчу эмес. Антсе да бул туура тамактанууга кирерин эске алып, эртең мененки тамактанууну ушундан жеп баштачумун. Кийин эжем аралашма күчтүү, пайдалуу болушу үчүн жаңы рецепт сунуштап, ѳзгѳртүп жасадым. Ошол кезде эле аны киреше булагы катары да пайдаланууну ойлогом. Күндѳлүгүмѳ “кайдан киреше тапса болот?” деген суроонун астындагы тизмеге “витамин” деп да жазып жүрдүм. Бир жолу сиңдиме: “Кел, ушуну жакшылап жасап сатабыз”,- десем ал: “коюңузчу, муну жасаганды элдин баары билет, ким алмак эле”,-деп койду. Убакыт ѳтүп күндѳлүктү дагы барактап, сиңдиме экинчи жолу сунуштадым. Бул жолу: “Мейли, жасап көрүңүз, бирок менсиз”,- деди. Бул жолу да колдоо таппай калып калдым.
Анан качан колго алдың?
— Турмушка чыккандан кийин үй-бүлѳм үчүн дайыма жасачумун. Былтыр күздѳ тыным болуп калды. Убактым тартыш болуп жатканда кыздарыма даяр эле сатып бергим келди. Бирок тапкан жокмун. Аягында ѳзүм жасадым да, сүрѳткѳ тартып статусума коюп койдум. Кызыккандар болгондо кардарлар табыларына ишеним пайда болду. Ошондо жолдошумдун инстаграм баракчасына аралашма тууралуу жазып, сүрөтүн койдум. Жеке баракчама жазуудан тартындым. Анткени өзүмдүн оюм боюнча мен ыр жазып, чыгармачылык менен гана иштешим керек эле. Ошентип жаңы ачкан баракчадан анча-мынча сурай башташты.
Ири өлчөмдө алган биринчи кардарың ким болду?
— “Айыл азыгы” дүкөнүндө жалаң экологиялык таза азыктар сатылат эмеспи. Өндүргөн азыгымды ошол дүкөнгө алып барып көрүүнү чечтим. Барсам Бейшенбек Бекешов агай азыкка ат коюп, атайын идишке салып, сыртына этикетка чаптап анан сатыкка чыгаруу керектигин түшүндүрүп дагы кѳп акылын айтты. Убакыт ѳткѳрбѳй “Бал жемиш” деп атап, калган талаптарын да аткарып дүкөндүн текчесине койдум. Он күн чамасында “дагы алып келиңиз” деп чалышты. Ушинтип ишенич бекемделген соң ѳзүмдүн негизги баракчама жарнама кылдым. Ошондо Москвада кыргыз азыктарынан дүкѳн ачкан ишкер байланышты. Ал: “Бизди тааныбаган соң ишенбешиңиз мүмкүн, эгер ишенсеңиз салыңыз, акчасын өткөндөн кийин беребиз” деп 40 банка сурады. Ал кезде мен үчүн бул аябай кѳп эле. Жолдошума айтсам ал баракчаларын текшерип көрүп, тобокел кылып жибердик. Биз ойлогондой эле ишеничтүү адамдар экен, азыр ири кардарларыбыздын бири Москвадагы “Датка” кыргыз дүкѳнү болуп саналат.
Жолдошуң жумушуңду колдоптур да?
— Кыргыз эркектеринин көпчүлүгүндѳй эле ал да үй-бүлөнү камсыздоонун бүт жоопкерчилигин жеке моюнуна алып келет. Мени болсо “кыздарды карап, китебиңди окуп тынч отура бер” дейт. Китеп сатып алуу менин “оорум” десем болот. Анан да табиятымдан тынч отура албандардын түрүнѳ кирем. Үй тиричилигине кѳмүлүп калууну каалабайм. Ошондуктан ѳзүмѳ жаккан иштер менен алек болууга сѳзсүз убакыт табам. Ал иш киреше алып келип турса андан жакшы да. Жолдошумду “каалаган китептеримди кенен сатып алып турам. Ушинтип китепканабызды байыта берели” деген сунуш менен көндүргөндөй болдум. Ошондо деле мага көп ишенбей “жүз банка алып келип бер” десем элүүсүн алып келип жүрдү. Себеби бир күнү чарчап бул ишти токтотуп коёт деп ойлоп жатты. Бирок кардарлар кѳбѳйүп, ага шыктанып аралашманы улам жакшыртып жасап, изденип жатканымды кѳрүп толук макул болду. Азыр аралашманын сырттан бүтүрчү иштерин колго алып, мага жеңилдик кылып жардамдашып турат.
Бул аралашманы кадимки эле эл билген рецепт менен жасайсыңбы же кандайдыр бир сырлары барбы?
— Аралашманын курамы кургатылган жемиштер, данек, жаңгактардын түрлѳрү жана балдан турат. Башында ден соолукка дагы да пайдалуураак болсун деп лимон кошчумун. Бирок лимон баарына эле жага бербейт экен. Ошондой эле лимон кошулганда тез бузулуп кетиши мүмкүн экенин окуп кошпой калдым. Негизи жогоруда саналгандарды аралаштырып жасай берсе болот. Бирок мен ден соолукка ѳзгѳчѳ таасирдүү болушуна аракет кылып, изденип жаңы рецепттерди да иштеп чыктым. Мисалы, кара зире жана ашкабак данеги менен даярдалган аралашмаларды кѳп жолу сындан ѳткѳрүп анан гана сатыкка койдум. Бул экѳѳнѳн тышкары бадам жана инжир түрлѳрү болуп жалпы тѳрт түрдѳгү “Бал жемиш” таткандарды тамшантып жаткан учур.
Негизги кардарларың кимдер?
— Албетте, энелер. Ар бир эне баласына пайдалуу, сапаттуу тамак бергиси келет. Бирок күн бою акча табуу менен алек болушуп, убактылары тар. Бул абдан майда жумуш болгондуктан убакыт керек. Мисалы, менин тигүү цехинде, базарда, мектептерде иштеген кардарларым бар. Алар мындай аралашма эмес кечки тамак жасаганга араң жетишишет. Мен ошондой убактысы тар эжелерге жардамчы болуп жатам. Алар биздин аралашма чындап балдарына пайдалуу болгонун айтып, кубанып кат жазышат. “Айыл азыгына” алып барганда Бейшенбек агай “жаңы ѳнүмдүн бир ѳткѳнү эч нерсе эмес. Аны кардар экинчи жолу алса гана жакшы товар болуп саналат” деген эле. Биздин аралашманы экинчи, үчүнчү ирет алган энелер бар.
Кичинекей кыздарың менен иштөө оорчулук жаратпайбы?
— Кыздарымдын улуусу эки жарым, кичүүсү бир жашта. Ишенесизби, аларга мурдагыдан да көбүрөөк көңүл бөлүп калдым. Акыл-эс менен иштеген кезде компьютер же кагаз, калемден колум да, башым да бошобой калчу. Азыр колум менен бул ишти кылганча башым бош болуп кыздарымдын акыл-эсин өнүктүрүү менен алек болом. Мисалы, аларга жомок айтып берем, ырдайбыз, жаңы сөздөрдү үйрөтөм. Улуу кызым учурда дубалга илинген картадан жыйырмадай өлкөнүн желектерин көрсөтө алат. Аралашма жасап жатып эле мурун жаттагандарын кайталап сурап, улам бирден кошуп үйрѳтүп жатам.
Аралашманы алар дагы жакшы көрүшөбү?
— Ооба, турганда эле “витамин” деп турушат. Бир кашыктан ооздоруна салып коюп, шашпай таңкы тамактарын даярдайм. Күн ичинде да 2-3 маал таттуу ордуна жешет. Кудай сактасын, сасык тумоодон алыспыз.
Акын болуп туруп бул иш менен алектенгенден намыстанбай калдыңбы?
— Жогоруда айткандай алгач киришкенде чыгармачылыкты такыр эле таштап салгандай кыжаалат болгом. Бирок жаңылыш ойлонуптурмун. Азыркы заманда жалаң ыр жазып оокат кыла албагандыктан бир иш баары бир керек. Андыктан ак эмгек кылып жаткан соң уялып, тартынууну токтоттум. Башкысы бул иш мага эле эмес сатып алган адамга да зор пайдасы бар экендиги мени кубандырат. Анын үстүнө ыр чыгарууга тоскоол болбойт. Майда иш дебедимби, мейиздерди тазалап, жаңгактарды сѳѳгүнѳн ажыратканча жазчу ырды ойлонуп, идеяларды бышырып алам. Ошентип чыгармачылыгым кайрадан жанданып, жаңы ырларды жаза баштадым. Дагы бир жакшы жери – аудио китептерди угуп жатам. Адатта көлөмдүү чыгармаларды окууга чыгынбай жүрө беребиз, азыр “Каар заман” романын угуп жаткан кезим.
Алдыга кандай пландарың бар?
— Жаштарда план кѳп болот эмеспи, менин да ишке ашырсам деген кѳп тилектерим бар. Алардын сап башында “Бал жемишти” алдыга чыгаруу турат. Ишибизди кеңейтип, алыскы аймактардан сурап жаткан кардарларыбызга да жеткиликтүү болушун жолго салуу керек. Ага катар чыгармачылыкта иштѳѳ милдетим деп ойлойм.
Айназик Раимкулова
Гүлайымдын байланыш номери 0709 13 54 02