Насыяны максаттуу жумшап, пайдасын көрүңүз
Айрымдарыбыз байып, бутка туруунун жолу насыя алуу деп түшүнөбүз. Бирок насыя алган күндө деле кайра карызга батып сазга малынабыз. Бул чынжырды үзүүгө көбүбүздүн каржы жагынан сабатыбыз жетишпейт. Ушул тармакта иш алып барган адистерден пайдалуу кеңештерди алууга аракет кылдык. Эгер насыя алып иш баштайм деп турсаңыз, төмөнкү маалыматтар сизге ашыкча болбойт.
1-кадам: Карыздын туткунунан кутулуңуз
Адамды ирдентпеген эң жаман сапат – карызга акча алуу. Канчалык карыз көп алсаң, ошончолук артынан карызга малына берүү адаты бар. Адам “карызымдан кантип кутулуу керек?” деген ойго басым кылган сайын башка жактан карыз ала турган булактар ачыла баштайт. Андыктан жакшы иш баштайм десеңиз, биринчи кезекте “карыздын эшигин” жабыңыз. Ошондо сиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Карызды жабуу үчүн насыя алуу – капканга түшүүнүн биринчи кадамы болуп саналат. Андыктан биринчи иштеп бүт карызды жапкандан кийин гана ишкерлик тууралуу ойлонсоңуз болот.
2-кадам: Акылдуу жана Акылсыз сатып алууну айырмалаңыз
Насыяга унаа алуу, үйдү оңдоп-түзөө, эмерек, кийим-кече, идиш-аяк алуу – мунун баары акылсыз сатып алууга кирет. Айрым адамдар иштеп таба элек акчага карыз алышат. Алдын ала алган буюмдун акчасынан кутулуу керек. Ошентип айлык колго тийе электе эле анын орду аныкталат. Бул адат акыры туңгуюкка алып барчу жол.
Ал эми акылдуу сатып алуу бул – насыя алып ишкерлик кылуу, өзүн-өзү өстүрүү, билимин жогорулатуу үчүн насыя алуу утушка гана алып келет. Анткени адам өзүн өзү өстүрүү менен алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача алат.
3-кадам: Максатты так аныктоо
Мага насыя эмне үчүн керек? Адатта насыяны ишкерлик баштоодогу алгачкы капитал катары колдонсо жакшы жыйынтык берет. Ал үчүн сиз ишкерликтин кайсы түрүн баштайсыз, баштай турган кызмат коомдо канчалык суроо-талапка ээ экенин анализ жүргүзүп чыгыңыз.
Канча каражат алам? Мисалы, сизге иш баштоо үчүн 3000 доллар керек дейли. Бул суммага керектүү жабдык, ижара акысы, алгачкы жумушчулардын маянасы жана башка керектөөлөр кирет. Керексиз чыгашаларды эсептеп, “жетпей калбасын”, “дагы керек болуп калуусу мүмкүн” деген божомол менен дагы акча кошуп алуудан карманыңыз.
4-кадам: Салыштыруу
Көбүнчө адамдар таанышы иштеген же туугандары алган банктан насыя алышат. Ошол эле учурда айрымдары гана пайыздык ченине кызыкса, басымдуу бөлүгү документти аз талап кылган жана кыска мөөнөттүн ичинде насыя берген банктарга ыкташат. Бул туура эмес. Насыя аларда жашаган жериңиздеги банктарды кыдырып көрүңүз. Кеминде 5 банкты көрсөңүз, кайсынын пайыздык чени кандай, сизге кайсы банктын шарты ылайык келерин аныктап аласыз.
5-кадам: Кирешени туура эсептеңиз
3000 долларды мен болжол менен канча убакытта кайтарып бере алам деген так эсеп болушу керек. Насыя төлөнө турган сумма жалпы кирешенин 20-30 пайызынан ашпаш керек. Мисалы, айына бардык чыгымдардан сырткары таза киреше 50 000 сомду түзсө, анын 15 000-20 000 сомун ай сайын насыяга төлөгөн туура. Демек, 15 000 сомдон төлөйм деген эсеп менен насыяңыз канча мөөнөткө берилери аныкталат.
6-кадам: Ийгиликсиз адамдан ийгиликтүү адамга айланыңыз
Ийгиликтүү адам менен ийгиликсиз адамдын ортосунда бир айырма бар. Ийгиликтүү адам тапкан акчасынын кайсы бир бөлүгүн эсебине сактайт, ийгиликсиз адам тапкан акчасын акырына чейин коротот. Мисалы, жогоруда бардык чыгымдардан сырткары насыяны төккөндөн кийин 30 000 сом таза киреше калды дейли. Ошонун 3-4 миң сомун сактаганга аракет кылыңыз. Бул кадамды алгач 500 сомдон да баштасаңыз болот. Салган акчанын суммасы эмес, ошол адатты калыптандыруу маанилүү. Ал үчүн алгачкы алты айда аз суммада болсо да эсебиңизге акча которууну адатка айландырыңыз. Бара-бара бул адат сизге жагып, убакыттын өтүшү менен чоң суммадагы акчаны сактаганга үйрөнөсүз.
“Само” өзүн өзү өстүрүү борборунун тренери Талант Мурзаев: “Билбесеңиз билген адамдан кеңеш сураңыз”
— Сизге ишкерлик баштагысы келгендер кеңеш сурап келеби?
— Ооба, адатта “иш баштайын дедим эле” деп бизнес-план жазып келишет. Көбү планды чала түзүп алышат. Ар бир майда-барат нерсеге чейин эсептебейт. Биз бир сыйра оңдоп-түзөө киргизип, керектүү сумманы так аныктап беребиз. Өздөрүнүн жазып келген суммасынан кыйла үнөмдүү санды чыгарып беребиз. Андыктан кандай банкка барбаңыз, каржы жагынан сабаттуу адамдардан кеңеш алып, ар бир кырдаалды ийне-жибине чейин майдалап сурагандан уялбаңыз деген кеңеш берет элем. Кээде насыядан насыя алып, карызга батып туңгуюкка кептелип калгандар кеңеш сурап келет. Менин кеңешимден ал карызынан кутулуп кетпейт. Себеби кырдаал өтө тереңдеп кеткен. Эгер ошону алдын алып баарын эсеп менен туура жасаса, ал карыздарга малынбай оокат кылса болот.
— Жеке сиз насыя алып иштейсизби?
— Жок. Мен ишимди өзүмдүн баштапкы капиталым менен баштагам. Карыз алган учурларым болгон. Иштеп кайрадан карыздарымдан кутулгам.
— Көбү насыя алып той берип жатышат. Кантип ушул нерседен кутулса болот?
— Негизи, той насыяга өтпөш керек. Бир жагынан көп жылдар бою тойлорго кошумча алып барасың. Ал эми өзүң той бергенде ошол акчаны кайра өзүңө кайтарып алуу дегенди билдирет да. Ошондо тойду элден келе турган суммага эсептеп өткөрсө болот. Ал үчүн жөнү жок ашыкча чыгымдарды, шаан-шөкөттү токтотуу керек.
— Жеке сиздин насыяга көз карашыңыз кандай?
— Түз. Банк менен туура иштешкенди билсең, жоопкерчиликтүү болсоң, банк жакшы өнөктөш болуп берет. Мисалы, иш баштайлы деп өнөктөш тапсаң, ал кирешенин 50 же 40 пайызын бер дейт. Ай сайын ал адамга кирешеңдин жарымын бөлүп бергенден көрө банкка алган акчаңды төлөп берген оң. Ошондо адамдар менен акчанын айынан мамилени да бузбай сактап калса болот. Өз ишиңди өзүң көзөмөлдөйсүң. Кыскасы, банктын ишениминен чыкпай, өзүңө күч келбегидей жолду тандап иштешүү керек. Айрым адамдар 5 жылда төгө турган насыяны 2 жылга алып алышат. Аны төлөп бүткүчө өзү да чарчайт, ишин да жөндөп кете албайт.
Анара Дүйшөналиева