Айболот Жээнбаев: “Муктаждарга жардам берүүнү кесип кылып алдым”
Ильяс Кудретовдун “Өмүр ай” чыгармасында кайырчынын образын жараткан Айболот Жээнбаев клипте өз турмушун эле ойногон. Кийин кайырчылык кылып тапкан каражаттарын кайра кайрымдуулукка жумшап баштаса, учурда бул ишти кесибине айлантып кайрымдуулук фондун ачты. Үй-бүлөсүнѳн тышкары жардамга зарыккан адамдарга да жарыгын чачууга аракет кылган инсан маек төрүбүздө.
“Бакма баламын”
Мен ата-энем 50 жаштан ашканда асырап алган бакма баламын. Бул бүлѳдѳгү эжем 15 жашка келгенде бир айлык балапан кезимден мени колдоруна алышкан экен. Атам менен энеме абдан ыраазымын. Дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенип, мени барчылыкта, жакшы тарбия менен ѳстүрүштү. Абдан тентек болчумун. Себеби жалгыз бала деп мени аябай эркелетип, болгон күчүн жумшап багышты. Апам кырсыктап 26 жыл жарыкчылыкты кѳрбѳй жашады. Ал кезде мен алты жашта элем. Атам үй сырдап жаткан. Апам атама жардамдашып жатып, шатыдан түшүп келе жатканда буту тайып аркасы менен катуу кулаган. Ошол катуу соккунун көзүнө терс таасири тийип көздүн глаукома оорусуна кабылган. Алгач бир көзү, убакыттын өтүшү менен экинчи көзү да кѳрбѳй, үч жылдын ичинде азиз болуп калды. Апам караңгылыкта жашаган 26 жыл ичинде үч эле жолу көзүнө жаш алганын көрдүм. Көңүлүбүзгѳ карап кайгысын ичине жутуп жашаса керек. Апамдын көзү өтөрдөн тѳрт-беш жыл мурун бакма бала экеним чын экенин билгем. Ага чейин деле “сени багып алышкан” деген өңдүү сөздөрдү угуп калчумун. Бирок ал сөздөрдүн чын-төгүнүн билүүгө кызыккан да жокмун. Мендеги “менин апам” деген күчтүү сезим андай кептерге кѳңүл бурууга мүмкүнчүлүк берген жок. Чын эле, ѳзүмдүн апамдан муну кантип сурамак элем?! Апам мен үчүн “баатыр” эне.
“Ѳзүмдү ѳзүм дарылайм деп жатып оорулуу болдум”
Эки жолу жогорку окуу жайга тапшырып, тилекке каршы, окуумду уланта алган жокмун. Борбордо курулушта иштечүмүн. Бир күнү жыгылып кетип жамбашым менен түштүм. Доктурга барганга каражат керек. Чѳнтѳктүн жукалыгынан улам ар кимден сураштырып дары жаздырып алып, өзүмө өзүм ийне сайдым. Таза кан куйган менен кара кан кете турган эки тамыр болот экен. Аны кайдан билейин, ийнени таза кан кетчү тамырга сайып алыптырмын. Ошентип, өзүмдү өзүм дарылайм деп жатып ушул абалга келдим. Азыр буттарым кыйшайып турат. Андай болсо да өзүм баса алам. Ушунусуна шүгүр кылам.
“Кайырчы деп ойлошконуна ыза болдум”
Бир күнү базарда жүрсѳм буттарым ооруп, баса албай калдым. Эс алып алуу үчүн жолдун чекесине картон салып отура калсам бир киши жыйырма сом таштап жатпайбы. Түшүнбөй ага карагыча дагы бирөө акча таштады. Заматта 80-90 сом чогулуп кетти. Мындай абалга туш келгенде ыйлагым келди. Кайырчы деп ойлошконуна ыза болдум. Ары жакта бир балдакчан адам дүкөндүн алдында тура албай жатыптыр. Ага барып акыбалын сурап, баягы элден түшкөн акчага таксиге салып үйүнө жибердим. Ошентип, мага берген акчаларга элге кайрымдуулук кыла баштадым. Болбосо ѳзүм эмгек кылып тиричилик кылганга жарайм. Учурда Сосновкада салфетка сатып каражат табам.
“Муктаждарды дарегине издеп барам”
Азыр деле базарга кирсем акча бергендер көп. Миң, эки миң сом берген адамдын вотсап номерин, социалдык баракчалардагы логинин кошо сурап алам. Эгер интернетте отурбаса, видеочалууну кабыл ала турган шарты болбосо акчасын такыр албайм. Себеби кайрымдуулукка деп берген акчага балдар үйүнѳ, карылар үйүнѳ же муктаж адамдарга азык-түлүк алып барып, аны кайра сүрөткө тартып өздөрүнө жиберем. Көп адамдар ушул ишиме күбө болуп жакшылык кылышат. Интернеттен жардам сураган адамдарга көп ишене бербейм. Тааныштардан эле “жетим-жесир, кыйналып жашаган, жалгыз бой энелер барбы?” деп сурай жүрѳм. Тапкандарымдын дарегине издеп барып керектүү нерселерин алып берем. Мен элге жардам кылууну жумушка айландырып алдым. Ушул жерден Бишкек-Ош каттамындагы айдоочуларга, Сосновкада иштеген бардык кызматкерлерге рахматымды айткым келет. Айдоочулар мен жок болсом деле постто турган кызматкерлерге жардамдарын таштап кетишет. Алар мага чалып канча сом ташташканын кабарлап, колума берип турушат. Үй-бүлөсүнѳ аман-эсен жетип алышса экен деп алар үчүн дуба кылам. Адамдарга жардам берип жүрсөм, мени жеке ишкер деп ойлошот экен. Абалымды ѳз көзү менен көргөндө таң калышат. Кыш келгени алган көмүрдү тийиштүү жерге бекер жеткирип берчү айдоочу издеп калып жатам. Кѳп учурда кызмат акысын бычып барган айдоочулар менин ишимди көрүп акча алуудан баш тартып калышат. Негизи, кылган жакшылыктарымдын сообу ата-энеме тийсе экен дейм. Атам менен апам каза болгондо ооруп төшөктө жаткан элем. Андан улам экөөнө тең топурак сала алган жокмун. Ушул милдетимди аткара албай калганыма аябай өкүнөм.
“Кыздарым мени артист деп ойлошот”
Жубайым экөөбүз көп жылдан бери тааныш болчубуз. Андыктан менин абалымды билип туруп эле мага турмушка чыккан. Келинчегим Сосновкада соода-сатык менен алектенет. Татынакай эки кызыбыз бар. Тилекке каршы, ортончу уулубуз тогуз айында чарчап калган. Улуу кызым 2-класста, кичүүм даярдоо классында окуп жатат. Бирөөгө жардам кылууга барганда кѳбүнчѳ кыздарымды ээрчитип алам. Колу, буту жоктор жаткан оорукана, карылар, балдар үйүнө да чогуу барып турабыз. Үйдөн жакшы тамак жасасак деле “буга бербейлиби” деп турушат. Кыздарым жаштайынан ушундай боорукер, кайрымдуу болуп чоңоюп келе жатышканына кубанам. Кайрымдуулук концерттерин уюштургандар сахнага сөзгө чакырып калышат. Чыгып сүйлөп калганымдан улам кыздарым мени артист деп ойлошот. Бала кыялы менен “атам ырдагандарды текшерген артист” деп калышат.
“Кайрымдуулук фондун ачтык”
Ильяс Кудретовдун клибине тартылуу сунушун мага ырчынын ошол кездеги продюсери Бакыт Мойдунов сунуштаган. Клипти тартып жатканда 12 мүнөттүн ичинде 1200 сом тапкам. Азыр мени көчөдөн көрүп сүрөткө түшүп алууну сурангандар, акча сунгандар көп эле болот. Бул клиптен кийин көп эле сунуштар болду, дагы деле болуп жатат. Бакыт экөөбүз, Кудай буюрса, “Ѳмүр ай” чыгармасынын киносун тартууну пландап жатабыз. Сценарийин жазып даярдап койдук. Башкы каармандын ролунда ѳзүм болом. Бакыт экөөбүз клиптен кийин жакшы тааныш болуп калдык. Оюбуз бир жерден чыгат. Бир жактарда жүрсөк өткөн-кеткендер мага жыйырма, элүү сомдон бере беришет. Мындан улам Бакыт мага фонд ачууну бир жыл мурда сунуштаган. Экөөбүз кеңешип көрүп, жакшы адамдардын жардамы менен расмий түрдө “Ак ниет – садака” аталышындагы кайрымдуулук фондубузду ачтык. Азырынча кеңсебиз жок. Элге жардам берүү үчүн өзүмдүн эле ыкмамды колдонуп жатам. Мурдагыдай эле жардамга муктаж адамдарга коомдук унаалар менен барып, өз көзүм менен көрүп, анан зарыл болсо жардам берем. Эгерде транспорт маселеси чечилсе, 24 саат бою тынымсыз тамак таратуу оюбуз бар. Тамакты бир гана көчөдө калган адамдарга эмес, сууктун күнү эшикте иштеген адамдарга да беребиз. Атайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн вулканизация ачууну да ойлонуп жатабыз. Жаңы Жылга карата балдар үйүндөгү балдарды соода борборлорундагы эс алуучу жайларга, паркка алып барып майрамдык маанай тартуулоону да ишке ашырабыз. Айтор, пландарыбыз чоң. Негизи эле биздин эл абдан боорукер, эч кимди, эч жерде жалгыз таштабайт. Андыктан пландарыбыздын бардыгы элдин жардамы менен ишке ашмакчы.
Айгерим Токтобай кызы