Аракечтиктен кантип арылуу керек?
Алкоголдук ичимдиктерге болгон көз карандылык – бүгүнкү күндөгү көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн кайгысы. Ичкен адам өзүнүн эле эмес, жакын адамдарынын да ден соолугуна, жашоосуна залал келтирет. Бул аты өчкүр аракка адам кантип көз каранды болуп калат, андан арылуунун жолу барбы деги?..
Аракечтиктин себептери
Ичимдикке болгон көз карандылыктын себептери ар кимде ар кандай болушу мүмкүн, бирок алар жалпысынан үч топко бөлүнөт:
- Тукум куучулук. Ата-бабасы ичкич болсо, бул баласына да өтүшү мүмкүн. Же болбосо курсакта жаткан кезде энесинин көп ичимдик ичкени келечекте баланын да аракеч болуп калышына себеп болот.
- Психологиялык фактор. Бул топко жумшак мүнөздүү, бирөөлөрдүн таасирине тез кирип кеткен адамдар туш болушат. Мындай адамдар көбүнчө жашоодогу оор кырдаалдарга кабылган кезде ичимдикке берилип кетишет.
- Социалдык фактор. Мында көз карандылык үй-бүлөлүк адаттардын жыйынтыгында калыптанат. Досторунун чөйрөсү да таасир тийгизет.
Аракечтиктин стадиялары
Биринчи стадия
Бул стадияда адам ичимдикти эңсейт. Эгерде аны ичүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, эңсөө сезими бир нече убакытка созулуп, андан кийин унутулуп калат. Бул стадияда аракты токтотууга “жок” деген сөз жетиштүү болот. Аракечтиктин биринчи стадиясы абдан көп убакытка созулушу мүмкүн, бирок күн сайын спирт ичимдигин колдонууда экинчи стадияга 6-12 айдын ичинде өсүп жетет.
Экинчи стадия
Бул стадияда спирт ичимдигинин организмге үзгүлтүксүз кирип турушу зарыл болот. Ансыз адам калыптагыдай жашоо кечире албай калат. Уйкусуздук, баш ооруу, чаңкоо, тамакка болгон табиттин жоголушу, булчуңдардын калтыроосу пайда болот, кыжырданат, жинденет. Ал эми ичкенде токтото албай, көзөмөлдөн чыгат. Айланадагы адамдар үчүн кооптуу адамга айланат. Экинчи стадиянын узактыгы 5тен 15 жылга чейин созулат.
Үчүнчү стадия
Адам спирттин кичине эле дозасына мас болуп, күн сайын ичүүнү каалап калат. Психикасы бузулуп, ички органдары да алкоголдук гепатит, цирроз сыяктуу оор дарттарга чалдыгат. Нерв системасы да жабыркап, шал оорулары пайда болушу мүмкүн.
Аракечтикти үй шартында дарылоого мүмкүнбү?
Бардык эле оорулар сыяктуу аракечтиктин да өтүшүп кеткен стадиялары оңойчулук менен айыкпайт. А бирок баштапкы стадияларында арактан арылууга жардам берүүчү каражаттар бар.
- Сулу менен календуланын кайнатмасы
Тазаланбаган сулунун үстүнө суу куюп, жай отто жарым саат кайнатасыз. Анан тундуруп аласыз да, 100 грамм куратылган календула кошуп аралаштырасыз. 10-12 саат тыныктырып коёсуз. Тамакка чейин 100-200 граммдан ичүү сунушталат.
- Ашкабактын данеги
Ашкабактын чагылган 200 грамм данегин майдалап, ага 100 грамм арак кошуп 7 күн тыныктырып коюу керек. Бул маңызды ичүү спирт ичимдиктерине болгон көңүл айнууну чакырат.
- Лавр жалбырагы
200 грамм аракка лавр жалбырагынын 2 даанасын кошуп, эки жума тыныктырып коюу керек. Жалбырактарды алып салып, аракты бергенде спирт ичимдиктерине көз каранды адам арак ичип жатам деп ойлойт, кийинки жолу арак ичкиси келбей калат.
- Алма же жүзүм ширеси
Аракты шире менен алмаштырыңыз. Бул жемиштердин ширеси спирт ичимдиктерине болгон тартылууну кайсы бир деңгээлде азайтат.
- Сабиз ширеси
Аракеч адамдын арак ичкиси келгенде анын ордуна сабиз ширесин бере бериңиз. Бул шире да аракты таштоого жардам берет.
- Бал
Бул ыкма организмдеги калий менен глюкозанын жетишпестигин толтурууга багытталган. Күнүнө 6 чай кашыктан бал жеп туруу сунушталат. Муну бир күндө үч жолу кайталоо зарыл. Аралары 20 мүнөттөн болууга тийиш.
Нарколог, психотерапевт Шайлообек Өмүралиев:
«Аракеч адамды дарылоо ракты дарылоодон да кыйын»
— Агай, айтсаңыз, ичимдикке болгон көз карандылык эмнеден улам пайда болот?
— Аракечтик – бул сырдуу оору. Бул медициналык жактан келип чыккан көйгөйбү же руханий жетишпестикпи, талаш маселе. Маселен, сокур ичеги оорусунда кайсы жери ооруп жатканын, белгилерин так билебиз, ал эми ичимдикке берилген адамдын боору же мээсинде көйгөй жатканын так билбейбиз. Ошондуктан муну биологиялык, психикалык, социалдык жана руханий деген төрт фактордун негизинде пайда болгон оору деп карасак болот. Биринчи фактор генетикага байланыштуу, эгерде урук-тууган арасында ичимдикке жакын адамдар болсо, балага, кызга дагы берилет. Бүгүнкү күнү айрым өнүккөн мамлекеттерде ДНК-тести аркылуу канындагы ферменттерди аныктап, чоңойгондо аракеч болорун же болбосун ымыркай кезинен эле билип коюшат.
— Ичимдик ичүүнүдары сайдырып токтотуу канча убакытка жардам берет?
-Көп убакыттан бери ичимдик ичип жүргөн адамдын канын дары куюп тазалоо бул – ага көрсөтүлгөн биринчи эле жардам.Канды тазалагандан кийин мээсин тазалоо керек. Тактап айтканда, психотерапевт менен биргеликте иш алып барып, комплекстүү иштөө керек. Ал эми психотерапевттердин аракеч адам менен иштөө ыкмалары көп, ал өз тажрыйба, талантынан көз каранды болот. Негизи, ичимдикти таштоо үчүн адам биринчиден аракеч экендигин мойнуна алып, оюн, мүнөзүн, мурдагы адаттарыменен чөйрөсүнөзгөртүүсү кажет.Аракеч адамды дарылоо рак менен ооруган адамды дарылагандан да кыйын. Рактын баштапкы этабында айыгып кетип жатышпайбы, а аракеч адам баштапкы этапта, тескерисинче, “жок, мен аракеч эмесмин” деп мойнуна албайт. Анткени “аракеч” деген сөз экинчи сорттогу адам дегендей кабыл алынат бизде. Мен жети күн жаткырып комплекстүү дарылоо жүргүзөм. Чыгарда колдоруна аракечтик тууралуу китеп берем. Эгерде китептин ичиндегилерди аткарса, биротоло кутулуп кетет. Алты ай, бир же үч жылга убактылуу токтотуп берүүнү сурангандар да болот. Башка оору менен ооруган адам таза айыгууну каалайт болчу. Ал эми аракеч адам убактылуу деп жатат. Анткени булардын психологиясы ушундай. Ичимдик акылдан алган, азапка салган нерсе. Ошондуктан психологиясын өзгөртүүсү кажет.
— Бул кызматыңыз канча турат?
— Эгерде бир эле жолку дары куйдуруу болсо 1700сом болот. Ал эми жатып дарылангандар үчүн 9500сом.