Эрнист, Кымбат: «Ушул убакка чейин катуу урушкан эмеспиз»
Белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков үч уулдун атасы. Жубайы болсо актриса Кымбат Асизова. Экөө көпчүлүктү кызыктырган жаш үй-бүлөлөрдүн катарында. Ушул кичинекей мамлекеттин жаралуу тарыхы, ортодогу мамиленин орношу, өнүгүүсү тууралуу “Кош жүрөк” рубрикасынын алкагында баарлашабыз.
— Кымбат, Эрнист, экөөңүздөрдү тагдыр кайдан табыштырды эле?
Эрнист: — Ал кезде Кымбат экөөбүз тең Искусство институтунда, мен операторлук, келинчегим актрисалык билим алчубуз. 3-курста бир сабактан портрет жанрына бир кызды сүрөткө тартуу тапшырмасы берилген. Ошондо кыздардын арасынан ылайыктуусун издеп бара жатсам коридордо Кымбат турган экен. “Чоң кыз, сизди сүрөткө тартып алайын” деп суранып, ошол жерден биринчи жолу таанышканбыз.
— Кийин кантип мамилеңер жакын болуп кетти?
Э: — Ошондон кийин экөөбүз көрүшкөн жерден учурашып жүрдүк. Биринчи жолу “Ата-Түрк” сейил быгынан жолукканбыз. Анда экөөбүз анчейин божурашып сүйлөшкөнгө батына албаганыбыз менен жүрөктөр сүйлөшсө керек. Кийин тоого муз тебүүгө чыгып, ошондо ортобузда кандайдыр бир жакындык пайда болду. Экөөбүз чана менен тоодон ылдый көздөй түшүп келатып катуу кулаганыбыз эсимде. Бактыга жараша Кымбат эч нерсе болгон эмес. Дал ошол тоодогу жолугушуудан кийин жакындашып, оюмдан кетпей баштады. Анан эки жарым жылдай кыз-жигит мамилесинде жүрүп, үчүнчү жылы баш коштук. Тогуз жыл мурун кыз-жигит болуп жүрсөк, бүгүнкү күнү бир туугандай эле болуп калдык.
— “Келиндин келгени эсинен кетпейт” дегендей, Нарындын кызы Ош жергесине келин болуп барганда кандай кызыктуу окуяларга кабылды экен?
К: — Башында тилдерин жакшы түшүнбөй жүрдүм. Таң атпай туруп эшик шыпырып, үй жыйноого көнө албай жүрдүм. Менин чаңдан аллергиям бар, ошол күчөп кеткенде шыпыртпай калышкан. Мындан башка да катуу салттарына көнө албай ыйлаган күндөрүм деле болгон.
— Эрнист, жубайыңыздын эгизи бар экен, башында экөөнү алмаштырып алган учурларыңыз болду беле?
— Ооба, жубайым эгиздин түгөйү экенин башынан эле билчүмүн. Бирок экөөнүн сырткы келбеттери таптакыр эки бөлөк, бирок сүйлөгөндөрү, мүнөздөрү окшош. Ошондуктан алмаштырып алган учурларга кабылган эмесмин.
— Учурда үч уулду тарбиялап жатасыздар. Кимиңер көбүрөөк баласаак экенсиздер?
Э: — Эгерде экөөбүздү салыштырып көрсөк, мен көбүрөөк баласаакмын. Балдарымдын экөө мага, бирөө Кымбатка жакын. Балдарымды ата-энем бизди тарбиялагандай өстүрүп жатам, андыктан аларды тарбиялоодо өзгөчө деле ыкмам жок.
К: — Азыр улуу балабыз жети, кийинкилери алты, эки жашка чыгышты. Тун балам төрөлгөндө “кантип багам?” деп коркком. Биринчи баламда кайненем каралашкан. Экинчи баламды удаа төрөп алганга биринчи баламдан бир аз тажрыйба топтой түшүпмүн, жеңилирээк болду.
— Негизи, канча балалуу болууну каалайсыздар. Кымбат, сиз кыз күтүп жүрсөңүз керек?
К: — Мен үчүнчү уулумду кыз болот деп күткөм, чынында. Бирок Кудайдын бергени, уулума деле шүгүр. Эми ушул үч уулума татыктуу тарбия берип, чоңойтууну максат кылып жатам. Башка төрөбөйүн деген план коюп жатам.
Э: — Мен “ушунча балалуу болом” деп деле пландабайм, Кудайдын бергени да. Бирок ичимден кыздуу болгум келип жүрөт. Анткени менин үй-бүлөмдө кыз жок, жалаң төрт эркек бала өскөнбүз.
— Кымбат, үч бала төрөсөңүз дагы жаш көрүнөсүз, мунун сыры эмнеде?
К: — Бул адамдын организминен болуш керек. Менин келбетим эмес, жадакалса үнүм дагы кичинекей кыздардыкына окшош. Болбосо атайын жаш көрүнүү үчүн ыкмаларды колдонбойм, болгону, көп боёнбогонго аракет кылам.
— Үйлөнгөндөн кийин жубайыңызды актрисалык кесиби аркылуу иштетпей койдуңуз эле. Азырчы, ал оюңуздан кайттыңызбы?
Э: — Ал кезде, балким, жаштыгыма салып жубайымдын актриса болуп иштөөсүн каалачу эместирмин. Андан бери бир топ убакыт өттү. Ойлонуп көрсөм, жубайым актрисалык окуу жайда беш жылдык убактысын, акчасын коротуп берилүү менен окуптур, ошолорду текке кетирбөө максатында жалаң өзүм тарткан ролик, клиптерге тартууну чечтим. Бирок чоң тасмаларга же болбосо башкалар тарткан ролик, клиптерге тартылбайт. Арасында чоң долбоорлорго тартылуу сунушу түшүп калса, сценарийге жараша тартылат. Көрүнгөн ролду жарата бербейт.
К: — Мен буга көнүп калгам, “актриса болмокмун” деп ызы-чуу жараткан эмесмин. Ушул кезге чейин “эгерде жолдошум уруксат берсе тартылам, болбосо жок” деп эле келгем.
— Эрнист мырза кызганчаак го?
К: — Кызганчаак эле. Айрыкча башында кызганып, көп нерселерге чектөө койчу, айрым курбу кыздарым менен сүйлөштүрбөй койгон. Мен дагы аябай кызганчаак болчумун, жолдошума тынбай телефон чала берчүмүн. Кызганычтан улам көп пикир келишпестикке барчубуз. Жашаганыбызга тогуз жыл болду, азыр кызгануу сезими дээрлик жоголуп кетти. Бир-эки айлап жумуштары менен кетсе деле жүрө берем. Анткени кызганууга убакытым жок. Кээде бир-эки жумага иш сапары менен кетсе таптакыр жазбай коём. Анда өзү “эмнеге абалымды сурап койбойсуң? Мен жазбасам сен деле жүрө бересиңби?” деп таарынып калат.
— Учурда сулуулук жаатында иштеп келе жатасыз. Үч бала менен кантип жетишесиз?
К: — Эки уулубуз бала бакчага барат, ал эми кичинекейибизди атайын бала багуучуга бактырабыз. Үйгө видеокөзөмөл орнотуп койгонбуз, качан болбосун баламдын эмне кылып жатканын көрө алам. Улуу балдарымды өзүм эле карагам. Кийин иштеп жумуштун даамын татып калган соң иштемейинче тура албай калдым.
— Эрнист, сиз күнү-түнү иштеген адамсыз, кайсы учурда үй-бүлөңүзгө көңүл бурасыз?
Э: — Мен биринчи орунга үй-бүлөмдү коём. Ошондуктан бош убактым болуп калса эле балдарым менен өткөрөм. А менин бош убактым ар кандай күндөргө туш келип калат, кээде жумушум түнкү 3-4тө бүтөт. Башка аталарга караганда үйдө аз болом. Ошентсе да балдарыма көбүрөөк убакыт бөлгөнгө аракет кылам.
— Үй-бүлөдө уруш-талаш болбой койбойт. Бул учурда кимиңер биринчи кечирим сурайсыздар?
Э: — Ушул убакытка чейин бири-бирибизден кечирим сураганга жеткирген уруш боло элек экен. Бирок кээде урушуп кетсек кечирим сурабай эле жарашып алабыз. Айрым учурларда менин ачуум келип турганда жубайым сабыр сактап турат. Эгерде жубайым бир туура эмес иш кылып алса, отуруп чогуу чечкенге аракет кылабыз.
— Эрнист, жубайыңыздын кемчилигин айтып тамашалаган видео социалдык тармакка чыкты эле. Негизи, дайыма эле тамаша аркылуу кемчиликтерин айтып турасызбы?
Э: — Мен жубайымдын кемчиликтерин тамашага салбай бетине деле айтам ар дайым эле, ал да меникин айтат. Менин оюмча, жубайлар кечке эле бири-бирин мактай бербей кемчиликтерин дагы айтып турушса жакшы болот. Анан көп адамдар “үйлөнгөндөн кийин чыныгы жүзүн билесиң” деп айтышат го, менин жубайым кыз кезинде кандай болсо, ошол калыбынан жазган жок. Бирок эркелик, бала кыял мүнөзүн үйлөнөргө чейин анчейин билдирчү эмес.
Айгерим Токтобай кызы