Негизгиге Пайдалуу кеңеш Керегем сага айтам, келиним сен ук же тажрыйбалуу айымдардан жаштарга насаат

Керегем сага айтам, келиним сен ук же тажрыйбалуу айымдардан жаштарга насаат

93

Керегем сага айтам, келиним сен ук же тажрыйбалуу айымдардан жаштарга насаат

Бул каармандарыбыз кыргыздын маданиятына салым кошуп эле тим болбостон, көшөгө артындагы жашоосун көптөгөн жылдар бою бир нукта кармап келишет. Жашоодогу турмушу мол, акыл казынасы кенен айымдардан жаш келиндерге кеңеш сурап кайрылдык. Жашоонун ысык-суугун көргөн акылмандардын кеңешине кулак түрсөк кем болбостурбуз.

Сарамжалдуу жашоонун сыры эмнеде?
Эл артисти Зейнеп Шакеева, 71 жашта: «Көр оокатка кызыкпагыла»
– Абышкам убагында жогорку окуу жайды бүтпөй калып көп жыл айдоочу болуп иштеди. Жашы алтымыштан өткөндө жарыкчылык менен кош айтышты. Экөөбүз тең айлыкка иштегендиктен, жаш кезимден сарамжалдуу болдум. Ушул кезге чейин мода кууп кийинген эмесмин, башка аялдын жаркыраган кийимине кызыккан жокмун. Кымбат тондун түрү менен ооруган деле жокмун. Беш балама деле быйылкы алган кийим кийинки жылы батпай калат деген ой менен ченеп сатып алчумун. Анын ордуна жолдошум экөөбүз тапкан акчабызды балдардын жакшы, витаминдүү тамак-ашына коротчубуз. Учурда да неберелеримдин ичкен-жегенине абдан маани берем. Негизи, оокатты, кийимди артык баш жыйнаган туура эмес. Себеби анын сурагы бар болот. Үй оокатына деле ошондой мамиле жасадым. Колдонулбай турган ашык оокат чаң жыйнайт. Аял кишинин көзү тойбойт эмеспи. Ошондуктан берер кеңешим – өтө кымбат, баалуу кийимге умтулбагыла. Андай кийим кийгенге ыраа көрбөй жүрүп эле ошол бойдон чаң басып туруп эскирет. Сараңмынбы же сарамжалдуумунбу, билбейм, азыр деле кийимди көп сатып албайм. Кыздарым үстү-башыма бир нерсе алып беребиз дешсе «мага кереги жок, баары бар» деп турам.


– Жүзгө кантип туура кам көрүү керек?
Эл артист
и Саламат Садыкова, 64 жашта: «Сулуулуктун эң негизги куралы – бал»
– Мен сыпатымды бир калыпта кармап жүрүү үчүн тамакты мүнөздөп ичем. Баскан-турган жеримде көзүм көргөндү жей бербейм. Напсимди кармана алам, кээде ачка деле жүрө алам. Бала кезимде апам чачымды туура күтүптүр. Айран менен жууп, андан кийин гүлкайырдын тундурмасы менен чайкачу эле. Кийин калаага келгенде деле үй шартында табигый азыктар менен чачыма маска жасап жүрдүм. Аны азыр деле жасайм. Ал үчүн, болгону, пияздын ширеси, зайтун майы, бал, лимон керек. Аралашманы жарым саат чачка коюп туруп таза жууп койсоңуз, чачыңызды өзүңүз жакшы көрүп каласыз. Тим эле кулпуруп калат. Бетиме болсо бармактай кезимден эле кам көрүп келе жатам. Орто жолдон боорум ооруп бетиме сепкил жайнап кетти. Колдо бар нерсени урунасың да, түнү менен сүзмө коюп бетимди агартуунун аракетин көрүп келдим. Азыр көбү кымбат пилингге акча коротушат. Ушул күнгө чейин мен табигый бал менен пилинг кылып келем. Саунага барганда кирип баратып бетиме балдан текши жаап коюп, кетип жатканда жууп салам. Бетим жылмакай болуп жакшы сакталып келе жатат. Менин ыкмамды көргөн кыз-келиндер да кийин мага окшоп саунага бал көтөрүп келип калгандарын байкадым. Кымбат салондорго барып эзели бетимди тазалатып, жашарта турган ыкмаларды колдонгон эмесмин. Сулуулуктун эң негизги куралы – бал. Токтогулдун таза балын мен фляга менен алдырып коём. Балдарыма да таратып берем. 1995-жылы Японияга барып айлап жүрүп калдым. Аялдары карапайым, үстү-башын таза, тыкан алып жүрүшөт экен. Кийин Кореяга бардым, ал жактын аялдары да өздөрүн абдан жакшы карашат экен. Аларга чындап суктандым. Кийин кымбатына карабай ошол жактын маскаларын алдырып колдонуп жүрдүм.

– Уул балага кандай тарбия керек?
Эл артисти Самара Токтакунова
, 76 жашта: «Балдарымдын тарбиясына мен кийлигишкен эмесмин»
– Эки уулума акыл-эс киргенден тартып эле атасы тарбия берди. Баланын дээринде болот экен, уулдарыбыз эстүү, куулук-шумдугу жок чоңоюшту. Агайыңар бала кезинен атасы жок өсүп көп азап тарткан экен. Тиричиликке да бышкан адам эле. Балдарына бала кездеги көргөн күндөрүн узун жомок кылып айтып бергенден тажачу эмес. Кокус балдары айтканын укпай беймаза кылса, маңдайына отургузуп алып насаатын айтчу. Баланы чапкан, чокуга нукуган, балага кыйкырган адамды жаман көрчү эле. Балдарына бир да жолу колу тийген жок. Мүнөзү жумшак болгону менен көзүнүн төбөсү менен карап койгону экөөнө чоң жаза болчу. Азыр Аслан 52 жашка чыкты, Актан 48 жашта. Ушул күнгө чейин «атамдын колу бизге бир да жолу тийген эмес» деп көп айтышат. Уулдардын жакшы чыгышы атадан көз каранды экен. Эркектин табиятын эркек гана түшүнөт да. Ата-эне баланы эки жактан тарбияласа, ал эки анжы ойдо чоңоюп калат. Андыктан мен балдарымдын тарбиясына кийлигишкен эмесмин. Атасынын айтканы аскердеги мыйзамдай катуу болчу. Бала кезинен «тааныйсыңбы, тааныбайсыңбы, алдыңдан улуу киши чыкса салам берип өт» деп көп айтчу. Атасы каза болгондо улуусу 8-класста, кичүүсү 4-класста болчу. Туугандарыбыз «атасы жок эми эркек балдар кантер экен?..» деп санааркашты. Бир сүйүнгөнүм – атасы балдарымдын тарбиясын бир нукка салып кеткен экен. «Эми атаңар жок, ушул тартиптүү бойдон калгыла, балдарым» дегем. Ошол кебим эле жетиштүү болду. Ушул күнгө чейин бир да жолу жер каратышкан жок. Уулдарыма ыраазымын.

Жакшы келин болуу үчүн эмне кылуу керек?

Эл артисти Каныкей Эралиева, 64 жашта: «Келин чыдаса эле кайын журтуна сиңип кетет»
– Биздин баш кошконубузга 46 жыл болду. Илгери баш кошуубузга эки тарап тең каршы чыккан. Мен аркалык, ал оштук деп ата-энелерибиз макул болгон жок. Ошого карабай Аксыга жолдошум алып барды. Кайненем калтырап-титиреп жоолук салып, көшөгөгө алып кирди. Бир үйгө улуу келин болуп бардым. Үч кайним, сегиз кайынсиңдим бар. Эң кичүү кайынсиңдим ал кезде бир жаштан жаңы ашса керек эле. Тамак келип дасторконго отурганда чурулдап ыйлап калгандары эсимде. Азыр ойлосом кайненем мени жакшы кабыл алыптыр. Өзүм 18 жашта болсом, шаарда даяр газга чай кайнатып, нан сатып жеп көнгөн жаным ал жакка барганда мага баары кызык болгон. Апам тандырга нан жап, эшиктин алдын шыпыр деп деле кыйнаган эмес. Колумдан келген кызматымды кылып жаттым. Эки айдан кийин шаарга окууга келдик. Өз киндигибизди өзүбүз кесип батирге чыгып, агайыңар кароолчу болуп иштеп жан багып жаттык. Баш-аягы 13 жыл окуптурбуз. Кайнатамдарга жүгүбүздү арткан жокпуз, кээде «ой, окууңарды качан бүтөсүңөр?» деп калышчу. Кийин баягы кенедей болгон балдар бой жетип шаарга окууга келишти. Кичинекей бөлмөдө 10-14 киши пейилди кенен салып жашап жаттык. Улуусуна улуудай, кичүүсүнө кичүүдөй мамиле жасап, чыдамдуулук менен көтөрдүм. Азыркы келиндердин кээ бири мындайга «качан кетет?» деп чыдашпайт. Кайненесинин кебине каяша сүйлөп жактырышпайт. Бул эң туура эмес мамиле. Кайын журтка суудай сиңип кетүү үчүн чыдамкайлык менен ыйман керек.

Дени сак жашоонун сыры эмнеде?

Эл артисти Жамал Сейдакматова, 81 жашта: “Карыганда тың жүрүү үчүн жаш кезден аракет кылуу керек”

– Турган турпатың тың, ашыкча салмак кошпоо үчүн жаш кезден аракет кылып баштоо керек. Мисалы, мен жаш кезимден бери чуркоо менен алекмин. Илгери театрга барганда убакыт таап ошол жердин фойесинде чуркап машыкчумун. Анан жаштайымдан тамакты мүнөздөп жейм, көзүм көргөндүн баарын эле жей бербейм. Мындайча айтканда, семирип кетүүгө өзүмө жол берген жокмун, азыр да ошол калыбымдан жазбайм. Күндө эртең менен туруп сейилдейм. Жашаган жерибизде спорт аянтча бар, ал жактан жеңил чуркоо менен алектенем, шаймандарга асылып-тартылып машыгам. Йога менен алекмин. Бул мүчө-келбетти бир калыпта сактагандан сырткары муундарыңды жибитип жардам берет. Бир жарым сааттык күндө жасалган көнүгүү мага бир күн бою жакшы жүрүүмө жардам берет. Бирок кыймыл менен эле чектелген туура эмес. Көп нерсе ичкен-жегениңден көз каранды. Ушул күнгө чейин тооктун, уйдун кайнатма шорпосун ичем. Аз-аздан, бирок бат-баттан тамактанып турам. Бул адатым жаш кезден бери бар болгондуктан ашыкча толуп кеткен учурум болгон эмес. Ден соолук деген буюм эмес да, сандыкка катып коюп каалаган убакта пайдалангыдай. Жаш кезден баштап ага кам көрүп, сүйүү менен мамиле кылуу керек. Деним сак жүргөнүмдүн дагы бир сыры – дайым жылмайып, кандай жерге барбайын жагымдуу нерсе көргөнгө аракет кылам. Жакшы маанай – ички дүйнөңдүн тең салмагы.

Анара Д
үйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here