Адамдагы ич майдын пайдасы жана зыяны
Ич майды көзгө көрүнбөгөн душманга салыштырышат. Ал адамдын өзүнө билинбейт, бирок ички органдар үчүн чоң коркунуч жаратат. Ашыкча салмак менен кошо ичтеги майлар да көбөйөт. Организмде майдын нормадан көп болуусу көптөгөн оорунун башаты болуп саналат. Майдын да өзүнүн милдети бар. Болгону ал көп болбоосу шарт.
Ич май эмне үчүн керек? Анын пайдасы жана зыяны
Ич май –ички органдардын айланасын (бөйрөк, боор, ашказан, жүрөк) айланта курчап турган май. Ал “жаздыктын” кызматын аткарат. Мисалы, урунуп алууда, жараат алганда органдарды аздыр-көптүр сактайт. Мындан сырткары организмге энергия берген милдетти аткарат. Адам ачка болгондо ошол майлардын эсебинен организм өз алдынча азыктана баштайт.
Эгер майдын өлчөмү нормада болсо ден-соолука залакасы жок. Ал эми көп болгон учурда ден-соолука төмөнкүдөй зыян алып келет.
1. Организмде зат алмашуу бузулат – бул гормондордун иштөө тартибине таасир берет. Жыйынтыгында адам семирет.
2. Майдын көп болуусу бутка күч келтирет. Бул варикоз оорусуна алып келет.
3. Жүрөктүн сыртын май басып калганда жүрөктө кан айлануу процесси жайлап – миокарда, стенокардия, инфаркт оорусуна жеткирет.
4. Кан айлануу начарлаган жерде онкологиялык клетка ойгонот. Аны жеңүүгө иммунитет алсыздык кылса онкологиялык оорунун башталуу коркунучуу бар.
5. Метоболизм – организмдин иштөөсүнө жумшала турган энергия. Ал энергия тамак аркылуу келет. Эгер сиз жеген тамагыңызды иштетпесеңиз ал майга айланып тура берет. Жыйынтыгында метоболизмдин иштөөсү начарлап организм картаят, ар кандай өнөкөт оорулар козголот.
Майдын өлчөмүн кантип аныктоо керек
1. Майдын өлчөмүн аныктоонун эң жеткиликтүү жолу атайын сантимтери бар лента. Агы белге ороп текшерсе болот. Эркектердики 90-94 сантимтер, ал эми аялдар үчүн 80 сантимтер норма болуп саналат. Мындан көп санды көрсөтсө анда тынчсызданууга негиз бар.
2. Атайын таразанын жардамы менен организмде канча пайыз ич май бар экенин билүү мүмкүн.
3. Компьютердик томография (МРТ) – аппараттын жардамы менен кайсы органдын айланасында канча пайыз май, канча грамм май бар экенин так аныктоого болот.
Адамдын жаш курагына жараша анын организминде канча пайыз май болуусу керек экени төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөн.
Майды “ээритүүчү” азыктар
Майдын пайда болуусуна түздөн түз туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо образы, тукум куучулук фактор себеп болот. Ашыкча майдан арылууга эч убакта кеч эмес. Ал үчүн физикалык көнүгүү, туура тамактануу жана майды ээрите турган төмөнкү азыктар жардам берет.
Жумуртканын агы
Мисалы, адам уктаганына 1 саат болгондон кийин анын организминен майды ээрите турган самототроптук гормон иштелип чыгат. Бул гормон өз алдынча болгону 50 мүнөт гана иштейт. Жумуртканын курамындагы белок бул гормондун иштөөсүн 30 мүнөткө узартат алат. Жыйынтыгында 1 саат 20 мүнөт аралыгында 150 грамм май ээрийт. Андыктан салмагыңыз 70 килограммдан аз болсо 1 жумуртканын агын, андан өйдө болсо эки жумуртканын агын колдонуу сунушталат. Бир жумурткада 12 грамм белок бар.
Ашкабактын даны
Ич майды ээрите турган маанилүү азыктардын бири. Булчуң эт канчалык көп болсо май ошондой тездик менен ээрийт. Кыймыл, фитнес зал, чуркоо менен сиз булчуң этти өстүрө аласыз. Мындан тышкары цинк майды ээрите турган, булчүнду өстүрө турган касиетке ээ. Чоң адамга бир күндө 50-100 грамм ашкабактын даны жетиштүү. Бир күндө ушул өлчөмдөгү данды колдонсоңуз 1 саат 30 мүнөттүк фитнес көнүгүү жасап ээриткен майды жок кылган болосуз.
Киви
1 кивиде болгону 60 ккал бар. Тамактанаар алдында 1 даана кивини кабыгы менен жесеңиз 30-50 грамм майды ээритип жок кылган болосуз. Ал эми анын маңызында шекер дээрлик жокко эсе. Жатаар алдында жеп алсаңыз курсак ачканын сездирбейт. Маңызында майды ээрите турган –энзима заты бар. Кивини ачкарын жегенди адат кылсаңыз топтолгон майларды ээритип, зат алмашуу процесин жакшыртат. Күнүнө 1-2 даана колдонгондо 2 жума аралыгында 10-12 % майдан арылууга мүмкүн. Эң негизги эреже кивини кабыгы менен жеген оң. Анын кабыгындагы пайдалуу С витамини ичегилерди тазалоого жардам берет.
Ананас
Ананастын курамындагы бромелайн заты 1 килограмм майды ээритүүгө күчү жетет. Көп жылдан бери чогулган майды да тездик менен жок кыла алат. 100 грамм ананаста 48 ккал бар. Ич май жакшы ээриш үчүн жумасына бир күн ананас диетасына отурса болот. Ал үчүн бир даана жемишти төрт бөлүкө бөлүп алып, убакытты да так эсептеп (мисалы 4 саатта бир) колдонуу керек. Мындай диета суу же чөп чайлар менен коштолгону оң. Эгер буга эркиңиз жетпесе күнүгө тамактан кийин 100 грамм ананас жегенди адатка айландырыңыз. Анын курамындагы пайдалуу витаминдер тамак сиңирүүгө жардам берет. Ашказан оорусу барларга бул жемиш сунушталбайт.
Грейпфрут
Зат алмашууну жөнгө салып, майды ээритүүчү касиетке ээ. Анын курамы клетчаткага бай, кандагы глюкозанын курамын жөнгө салат. Бул азыкты колдонгондо көпкө чейин ачка болуу сезими жок болот. Андыктан аз колория колдонуу менен керектүү өчөмдөгү майды ээриткен болосуз. Бул жемиштин 60% ы суудан турат. Ал эми суу организмдеги кирди шлакты тазалай турган негизги булак.
Кызыл балык
Организмге керектүү, пайдалуу майдын курамы балык этинде бар. Эгер адамдар балыктын этин күнүмдүк тамактануусунда колдонгондо ич, тери майынын топтолушун алдын алган болмок. Себеби, балыктын курамындагы минералдык пайдалуу заттар организмге зарыл болгон майларды топтойт. Ал эми пайдасыз май клеткаларды балыктын курамындагы витаминдер ээритип жок кылат. Май топтолбогондо метаболизм жакшы иштейт. Мунун эсебинен организм дайыма дени сак, жаш бойдон сакталат.
Сүт азыктары
Кальцитриол гормону майды ээритүүчү касиетке ээ. Бул гормон белоктун бардык түрүн жакшы көрөт. Майлуу эмес сүт азыктарында кездешкен белокту күндө колдонуу ашыкча болбойт. Быштак менен айранды күнүмдү рациондон үзбөсөңүз теринин астындагы майды ээрите аласыз. Организмде белоктун нормасы жетиштүү болгондо кальцитриол гормоны сааттай болуп так иштейт. Ал эми жетишпеген учурда тескерисинче тери жана ичеги майларынын топтолуусун шарттайт.
Анара Дүйшөналиева