Негизгиге Ашкана Арыктоочулар үчүн жеңил тамактар

Арыктоочулар үчүн жеңил тамактар

392

Шаурма

Кандай азыктар керек?

Лаваш: 1 даана

Тооктун төш эти: 100 г

Салат жалбырагы

Помидор: жарым

Бадыраң: 1 даана

Туз, мурч

Йогурт: 1 чоң кашык

Лимон ширеси: 5-6 тамчы

Сарымсак: 1 тишче

Кантип жасалат?

Тооктун этин көмөчказанга кызарта кууруп аласыз.

Йогуртка лимон ширесин, майдаланган сарымсакты аралаштырып соус жасайсыз.

Бул соусту лаваштын бетине сүйкөйсүз.

Анын үстүнө салат жалбырагын төшөйсүз.

Анан тууралган тоок этин, помидорду, бадыраңды салып оройсуз да, эки тарабын майсыз кууруйсуз.

Жашылчалар пирогу

Кандай азыктар керек?

Кабак: 2-3 даана

Пияз: 1 даана

Сабиз: 1 даана

Болгар калемпири: 1 даана

Түстүү капуста: 100 г

Брокколи: 100 г

Катуу сыр: 100 г

Помидор: 3 даана

Жумуртка: 3 даана

Сүт: 3 чоң кашык

Көк чөп

Туз, мурч

Өсүмдүк майы: 1 чоң кашык

Кантип жасалат?

Кабакты, сабизди, пиязды жана болгар калемпирин орточо чоңдукта чарчы кылып туурап, өсүмдүк майына кууруйсуз.

Ага тууралган помидорду, гүлдөрүнөн ажыратылган түстүү капустаны, брокколини кошуп көмөчказандын капкагын жаап демдеп коёсуз.

Жумурткаларды чагып, ага сүттү, кыргычтан өткөрүлгөн сырды, туз, мурчту кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Бул аралашманы көмөчказандагы жашылчалардын үстүнө куюп кайра капкакты жаап коёсуз.

Жашылчаларды калыпка оодарып алып, 180 градустагы духовкага салып бышырсаңыз да болот. Мында пирог 20 мүнөттө бышат.

Помидор ширесиндеги балык

Кандай азыктар керек?

Форель же сёмга балыгы: 1 кг

Помидор ширеси: 0,5 л

Сабиз, пияз: 2 даанадан

Сарымсак: 4 тишче

Туз, мурч: татымына жараша

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Тазаланган балыкты кесимдерге бөлүп туз, мурч себелейсиз да, калыпка саласыз.

Чоң-чоң тууралган сабиз менен пиязды өсүмдүк майына кууруйсуз.

Үстүнө помидор ширесин куюп бир кайнатып аласыз да, калыпка балыктын үстүнө куясыз.

Үстүн капкак менен жаап 30 мүнөт духовкага койсоңуз балык даяр болот.

Жашылчалар менен тоок эти

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 500 г

Сыр: 129 г

Помидор: 2 даана

Баклажан: 1 даана

Өсүмдүк майы: 30 мл

Туз, мурч: татымына жараша

Кантип жасалат?

Этти туурап, туз, мурч себелеп аралаштырасыз.

Майланган калыптын эң түбүнө эттин жарымын саласыз да, баклажандын тегерек кесимдери менен жабасыз.

Анын үстүнө помидордун кесимдерин тизесиз.

Эмки кабатка кайра эт, баклажан, помидор.

Муну 180 градустагы духовкага 20 мүнөткө саласыз.

Андан кийин алып чыгып бетине кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелеп, кайра саласыз.

10 мүнөттөн кийин даяр болот.

СоӊкуМухабат Касымова: Карыган адамдарды көрүп өз карылыгымды ойлойм
КийинкиАдамдагы ич майдын пайдасы жана зыяны