Жумуш жоктур аял колу тийбеген,
Көтөрүмүң, чыдамың тең жер менен.
Кароосуз калган карыларды, майып адамдарды баккан Мухабат эжени боорукер адамдардын катарына кошсок болот. Себеби жарыбаган айлык үчүн моралдык жактан оор жумушту аткарып, көп карылардын батасын алып келаткан айым. Анда өзгөчө кесипти аркалаган социалдык кызматкер Мухабат эженин жумушу тууралуу сөз кылалы.
Мухабат эже, эмне болуп кароосуз калган карыларга кызмат көрсөтүп иштеп калдыңыз?
Бул жумушта иштеп жатканыма тогуз жылга карап жатат. Кесибим медайым. Көп жылдар бою медицина тармагында эмгектенип келип, кайра куруу жылдарында айлыктын аздыгынан улам жумуштан чыгып кеткем. Андан кийин тигүү цехин ачып иштетип көрсөм, жакшы эбин таба албай токтотууга туура келди. Анан көкүрөк күчүгүм болгон студент уулумдан айрылып калдым. Баланы жоготуу оңойбу, көз жашым кургабай өзүмдү таптакыр таштап салдым. Ошондо балдарым “апа, кандай жумуш болсо да иштеп алаксыңыз” дегенинен кудачамдын сунушу менен Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ушул жумушка киргем. Жумушум мени чын эле депрессиядан сактап калды.
Сиздин милдетиңизге эмнелер кирет?
Азыр менин карамагымда 11адам бар. Алардын эң картаңы 96 жаштагы согуштун ардагери болсо, кичүүсү 50 жаштагы майып адам. Булардын баары кароосуз калган адамдар. Тагдырлары ар кандай. Биринин балдары бар туруп карабай кетип калышса, экинчисинин үй-бүлөсү жок. Бирок алар каза болгондо кайдан-жайдан туугандары пайда болот. Мына ошол адамдарга үч жолу министрликтин атынан ысык тамак жеткирип берем. Ал эми калган күндөрү өздөрү берген акчага азык-түлүк жана башка керектөөлөрүн базардан алып барып берем. Үйүнө барып тамагын жасап, үйүн жыйнап, жуунтуп, кааласа китеп окуп берип анан кетем. Ооруп калышса кечкисин деле чала беришет. Андайда “Тез жардам” кызматын чакырам. Алардын ишенгени, жардам күтөрү жалгыз эле менмин.
Бир жумада 11 кишиге жетишүү мүмкүнбү?
Алардын ар бирин ар кайсы күндөргө бөлүп коюп, кезек менен барам. Бирок чакырып калышса ага деле карабай жөнөйм. Анын үстүнө бири-биринен анча алыс эмес аймакта жайгашкан. Улам биринен чыгып экинчисине барып отуруп бош убактым деле калбайт.
А азык-түлүктөрдү, ысык тамакты жеткирүү үчүн атайын унаа берилеби?
Жок. Бизге троллейбус, автобустарда бекер жүрүү үчүн карточка беришет. Бирок аларды эле карап отурбай маршрутка же такыр эле шашып баратсам, оор жүктөрүм болсо такси кызматынан пайдаланып, анын акысын өз чөнтөгүмдөн берем.
Карыган адамдар жаш баладай, оорукчан адамдар кежир болуп калышат эмеспи, алардын тилин кантип табасыз?
Ооба, алар менен иштөө чынында эле оор. Айрыкча башында көнө албай кыйналып жүрдүм. Көп эле жерге барсаң таза эмес, жата бергенден жагымсыз жыттар чыга баштагандар, өздөрүн карай албагандар бар. Жаңы барганда ушундайлардан жийиркенчүмүн. Андан кийин жумушумду кабыл алып көнө баштадым. Булардын кыялдары да татаал болот. Ар биринин ичинде туугандарына болгон таарынычы бар, анын бардыгын үнсүз угам. Бир эле окуясын күн сайын кайталап айта бергендери да бар. Айрымдары “мамлекет жардам бербейт” деп таарынышат. Анда социалдык стипендия, субсидияга жаздырып коём. Алардын ишенимине киргичекти мен да көп сыноодон өттүм. Азык-түлүккө алдын ала акча бербей “качып кетет, тыйынынан алдап коёт” дегенсип жүрүштү. Мен дүкөндөрдөн соода кылганда, дарыканадан дары-дармек алганда дүмүрчөгүн алып барып берем. Арзан жерлерди издеп жүрүп аларымды билишти. Ошондон кийин гана өз баласындай келчү күнүмдү күтүп калышкан. Ошентип бири-бирибизге көнүшкөнбүз. Азыр баягы жыты деле билинбейт, мурдум көнүп калган.
Иш тажрыйбаңызда сизди өзгөчө таасирленткен кандай учурлар болду эле?
Ушул жумушка киргени бизде кароосуз калган карылар абдан көп экенин билдим. Анан да туугандары, балдары убагында таштап коюшуп, көзү өткөндө үйү же башка мүлкү үчүн сөзсүз келишет. Ушул нерсе мен үчүн абдан өкүнүчтүү. Бир бала-чакасы жок, жээндерине көз каранды болгон апам бар эле. Алар апаны карашчу эмес, бирок пенсия алган күнү жетип келишчү. Мен муздаткычына азык-түлүктү толтуруп кетсем, жээни барып жеп, үйүнө да сала кетчү. Кийин апам такыр эле төшөккө жатып калды. Абалы өтө эле начарлап калганда жээнине чалып ошол күнү жанында болуп туруусун сурансам, макул болгондой болгон, бирок келбептир. Эртеси шашпай келсе баягы апам эбак эле жан берген экен. Мен барсам жээни тойго келгендей болуп эки бутун учкаштырып алып отуруптур. Сегиз жыл бою караган апамдын кор болуп кеткенине азыркыга чейин кейийм. Анан кайсы кемпир-чалга барбайын өздөрүнөн акча аяп жадагалса этти күнүгө жешпейт. Болгон акчасын өзүн көмгөнгө деп сактай беришет. Аларга “сиздин батириңизди алчу туугандарыңыз келишет, көмгөнгө ошолор акча табышат” деп айтам.
Көрсөткөн кызматыңыз моралдык, физикалык жактан да оор экен. Бул үчүн канча айлык аласыз?
Жаңы киргенде 3 миң сом айлык алчубуз, азыр 9 миң сом алам. Менин тапкан акчам көбүнесе жол киреме кетет. Бирөөгө жакшылык кылсаң, өзүңө кайрылып келет да, карыларды көрүп өзүмдүн карылыгымды эстейм. Айлыгым аз деп кайгырган эмесмин.
Сиздин жашыңыз деле алтымышка таяп калыптыр, кыйналбайсызбы?
Ооба, мен быйыл 58ге толом. Тескерисинче, дайыма кыймылда болуу, иш менен алек болуу мени алаксытат. Үйдө жатсам, балким, оорумакмын, баламды эстеп кайгырмакмын. А мында жумуш күтүп турганын билем, өзүмдү иретке келтирип даярданышым керек болот. Ар бир күнүмдүн планын толтуруп, эртеси күнүмдүн кандай өткөнүн билбей калам. Баарынан да ар кандай тагдырларды көрүп отуруп ушул күндөргө топук кылганды үйрөнөт экенсиң.
Бул жумушка кандай талаптар менен кабыл алышат?
Бул жумушка кирүүдө эч кандай кыйынчылык жок. Болгону, жумушка чыдамкайлык керек, ар бир адам менен мамиле түзгөндү билүү зарыл. Көбүнчө жаштар карылардын кежирдигине, жытына чыдабай кетип калышат. Билимдүүлөрү болсо айлыктын аздыгынан кетишет. Арасында калып иштегендер деле бар.
Үй-бүлөңүз жумушуңузга кандай карашат?
Улуу уулум төрт, кызым беш балалуу болушту. Кичүү уулумдан бир кыз калган. Жолдошум экөөбүз “өзүнчө жашайлы, силер да өз алдынча жашоону үйрөнгүлө” деп батирге чыгып алганбыз. Бирок неберелерибиз келип турушат. Башында бир жылдай келиним көнбөй “силер жок жаман экен, чогуу эле жашайлычы” деп тамагын жасап алып келип, биз менен тамактанып жүрүштү. Балдарымдын жумушума көз карашы түз. Уулум кайсы кары каякта жашаарын билет. Ун, чай, шекер өңдүү гуманитардык жардамдар келгенде жеткирип берип турат. Баламды көргөндөр “бул сени бага турган бала” деп айтышат. Кээде боору ооруп өзү ар кандай жардамдарды көрсөтө берет.
А чарчооңузду кантип жеңесиз?
Мен көпчүлүккө көнүп калган окшойм, эс алуу күнү неберелерим келбей калса өзүм барам. Дегеле үйдө жалгыз отургум келбейт. Балдарымды чогултуп алып үй-бүлөлүк тамактануу уюштурабыз. Кээде келиним менен кызымды алып өзүбүзчө мончого, кафеге барып эс алып келебиз. Ал эми эмгек өргүүгө жолдошум экөөбүз бир убакта чыгып, ар дайым чогуу эс алганды адатка айлантып алганбыз.
Айгерим Токтобай кызы