«Ушинтип сулуулук салонумдун да ачылышын жасап алдык. Келип берген ар бириңиздерге ыраазычылыгым чексиз»
Асел КАДЫРБЕКОВА: “Салонума кирген ар бир айым өзүн ханыша сезип чыгуусу керек”
Асел, бүгүнкү жакшы саамалыгыңызга ортоктош болуу үчүн келип калдык. Салондун ачылышы жалаң айымдарга арналган “девичник” менен өзгөчөлөндү.
Рахмат. Негизи, башында айымдар менен мырзаларды аралаштырып эле чакырууну пландап жаткам. Анан ойлонуп көрсөм, мунун мырзаларга кызыгы жок экен. Ал эми аялзаты кызыгат, түшүнөт. Ошол себептен жалаң айымдарды чакырдым.
Негизи, мындай сулуулук салонун ачууну качантан бери кыялданып жүрдүңүз эле?
Салон ачууну үч-төрт жылдан бери эле кыялданып жүргөм. Анан ушул жылдын башында эле бир жылдык пландарымдын катарына кошуп, “ушул жылдын март айында сөзсүз салон ачам” деп өзүмө сөз бергем. Минтип кыялым ишке ашып сүйүнүп отурам. Анан калса менин жашоомдогу эң жакшы окуялардын бардыгы жаз мезгилине туш келет. Март айын өзгөчө жакшы көрөрүмдүн себеби да ушул. Салон ачуу деле оңой иш эмес экен, алдыда дагы көп түйшүктүү иштер күтүп турганын түшүнүп турам. Ошентсе да баштагандан кийин аягына чыгарам деп ишенем. Ал эми салондун стилин жасоодо өзүм жакшы көргөн ак-кара түстөрдү пайдаландым. Бир ишти жасоодо көңүлүмө туура келмейин жүз жолу болсо да кыла бермей адатым бар. Бул жолу да ар бир нерсеге кылдаттык менен карап жаттым. Салондун логотибин эле 5-6 жолу алмаштырып жасаттырдым. “Канча киреше табам?” дебей, “канткенде сапаттуу нерсе тартуулай алам?” деген максаттын үстүндө иштедим.
Бүгүнкү күнү сулуулук салондорунун саны арбын го, сиз мындан башка бизнес түптөсөңүз болбойт беле?
Өзүм сулуулук жаатындагы адис болбосом дагы, колдонуучу катары бул чөйрөнү жакшы түшүнөм, билем. Бул менин жүрөгүмө жакын чөйрө болгону үчүн ушул жаатты тандадым. Анан калса жашоомдун жарым бөлүгү эле салон менен байланыштуу, ал жакка кирбеген дээрлик бир да күнүм болбойт. “Инстаграм” социалдык тармагы өнүккөндөн тартып көптөгөн сулуулук салондордун, адистердин бизнесин жүргүзүүдө салымымды коштум. Ошону өз бизнесим үчүн деле пайдалансам жакшы да.
Салондун кардарлары кандай кызматтардан пайдалана алышат?
Менин салонумда сулуулукка керектелген бардык кызматтар бар. Салонго кирген ар бир айым өзүн ханыша сезип чыгуусу абзел. Мындан тышкары “өзүңө-өзүң визажист” курсу, атайын бир адистиктерди даярдоо окуусу дагы каралган.
А адистерди кандай талаптар менен жумушка кабыл алдыңыз?
Албетте, менин салонум болгондуктан, кардарлар мага ишеним артып келишет. Ошол себептен кызматкерлерди кылдаттык менен издеп, жумуштарын карап көрүп, Кыргызстандагы жалаң алдыңкы мастерлерди кабыл алдым. Алардын көбүн мурдатан көздөп жүргөм. Кызматкерлерге койгон биринчи талабым – тазалык, кардарга болгон сылык мамиле, тыкандык, тактык болду. Анан, албетте, тажрыйбасына да карадым. Өзүм көптөгөн мастерлер менен иштешип жүрүп кимдин кандай иши жакшы экендигин билип калгам. Эми ушул мастерлеримден өзүм да окуп-үйрөнүп, кийинчерээк өзүм дагы визажист болуу ниетим бар.
Ал эми кардарларга кандай жеңилдиктер каралган?
Кардарларым үчүн биринчи кезекте эле кезегин күтүп отуруучу атайын бөлмө даярдадым. Алар үчүн бизде көп акциялар болуп турат. Анан да мага көп айымдар “үйдө отурам, мен деле өзүмдү карангым келет” деп жазышат. Дал ошондой үйдө отурган айымдар үчүн бекер мастер-класс өткөрүүнү пландап жатам. Анда алар туура боёнуу, үй шартында чач жасалгалоо сыяктуу сулуулуктун сырларын үйрөнүшөт. Мындан башка дагы көп жеңилдиктерди өткөрүү планыбызда бар. Аларды убак-убагы менен жарыялап турабыз.
Бул сиздин алгачкы бизнесиңиз эмес, мындан мурда кийим саткан дүкөн иштетип көргөнсүз. Тилекке каршы, ал дүкөн көп иштеген эмес эле. Бул жолкусунда кайсы каталарыңызды эске алдыңыз?
Мурдагы бизнесимди өнөктөшүм менен ачканым үчүн көп убакыт иштеше алган эмеспиз. Ал эми бул ирет жалгыз ачтым. Бул бизнести ачуума стимул берип, көмөк көрсөткөн менин апам болду. Апам көп жылдан бери эмгектенип жүргөн өзүнүн тиш доктурлук ишин таштап, салондо администраторлук жумушту аркалап, ишти көзөмөлдөп турмай болду. Себеби бизнести өзүңдүн жакын адамың көзөмөлдөбөсө, чоочун адам сага күйбөйт экен. Апам карап, өзүм дагы күнү-түнү болуп чогуу иштешебиз.
Сулуулук борборун ачуу – чоң каражатты чапчыган бизнес. Канча убакыттан бери каражат топтоп жүрдүңүз эле?
Жогоруда айтып кеткендей, менин бизнесиме эң чоң салымын апам кошту. “Бир нерсе кылалы, кызым, мен деле каражат салып берейин, иштет”,- деди. Ачыгын айтайын, бул бизнести ачуу үчүн бир кичинекей нерсени сатууга туура келди (күлүп).
А жолдошуңуздун тиешеси жокпу салонго?
Жолдошум салон тууралуу билгенде колдоп, өз жардамын сунуштады. Бирок мен бул сапар өз күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Нурлан да өз күчүм менен ачкан бизнесимди көрүп сүйүнүп, “жардам керек болсо айт” деп жатат. Мен үчүн жолдошумдун финансылык жардамына караганда моралдык колдоосу бийик турат.
Эми чыгармачылыгыңыз менен кошо бизнес менен алек болсоңуз, үй-бүлө, кызыңызга убакытты кантип бөлүштүрүүнү ойлонуп жатасыз? Бир жолу кызыңызды караганга жардамчы кыз издеп жатканыңызды социалдык тармак аркылуу көрдүм эле. Издеген кызыңызды таптыңызбы?
Ооба, бир учурда кызымды караганга кыз издеген болчумун. Кудай жалгап кызымды каралашканга менин сиңдим жардамга келди. Кызым аябай эрке, көп адамдардын колуна көнбөйт, ал эми сиңдим экөө аябай жакын болуп, бири-бирине көнүп калышты. Ошентсе да, кызымды толук түрдө таштабайм, көп болсо төрт саатка ташташым мүмкүн. Ал кезде тамак берип туруп уктатып койсо болот. Калган убакытта, бир бутум үйдө, экинчиси жумушта болсо дагы улам үйгө барып өзүм карап, кайра кетип турам. Ушинтип убактымды туура бөлүштүрсөм, чыгармачылыкка да, үй-бүлөгө жетишем деп ойлойм.
Дария жакында бир жашка толгону турат. Кандай кылыктары менен сиздерди кубандырып жаткан убагы?
Сонун кылыктары чыгып жатат. Азыр үйгө барсам катуу кучактап алат да, коё бербейт. Бир нерселерди кармап басып калды, жөрмөлөгөн жок. Өзүнүн бал тилинде бир нерселерди сүйлөп, ырдайт. Анан атасынын музыкасын жакшы көрүп, угар замат бийлейт. Уктатарда дагы атасынын ырларын коюп уктатам, ыйласа дагы атасынын ырларын угуп сооронуп калат. Айтор, кызым күндөн-күнгө таттуу болуп баратат.
Айгерим Токтобай кызы