Негизгиге Сулуулук Сулуулардан сулуулук сырлары

Сулуулардан сулуулук сырлары

3229

Шоу-бизнес ажарлуу айымдарга бай. Ал сулуулардай жагымдуу жүз, келишимдүү келбетке ээ болууну кыялданбай койбойбуз. Бул кыялдын кичинесин болсо да ишке ашырышыңызга жардам катары жылдыздардын сулуулук сырларын сурап, сизге сунабыз.   

Гүлнур Сатылгановадан картайган колду калыбына келтирүүчү маска

  • Жаш өткөн сайын айымдардын колдорунун өңү өзгөрүп, мурдагыдай жумшак болбой калат. Мындай учурда үй шартында крем жасап алсак болот. Бир чай кашык череданын кайнатып, ага 50 грамм каймак майды жана бир чай кашык балды кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон кремди күнүгө эки маал колдонобуз. Крем терини жумшартып, жашартып, сергитет, жаш куракка мүнөздүү болгон күрөң тактарды кетирет.  

Алина Жетигеновадан ромашка менен бетти жылмакай кылуу жолу

  • Менин эң баалаган чѳбүм – кургатылган ромашка. Аны жазында ѳзүм терип чогултуп, кургатып даярдап алам. Эки аш кашык ромашканы кайнап жаткан сууга салып, эки мүнөт кайнаган соң ага бетимди буулайм. Андан кийин чөбүн суудан сүзүп алып эзип, бетиме маска кылып жаап 10-15 мүнөттөн кийин жууп салам. Ромашканын териге пайдалуу жактары абдан көп. Бет тунук ѳңгѳ келип, жылмакай болуп калат. Бул масканы жумасына эки ирет коём. Жѳнѳкѳй, бирок абдан маанилүү бир эреже – маска койгон маалда бетти бырыштырбоо керек.   

Асел Турдалиевадан ичтеги майдан арылтуучу ыкма

  • 35 жаштан кийин көпчүлүк айымдарда тартылбай ыңгайсыздык жараткан ичтин көйгөйү башталат. Белдин айланасын май басып, мурдагы ичке бел жоголот. Бүл үчүн абдан таасирдүү бир ыкма бар. Кадимки сүлгүнү аябай катуу ороп туруп жип менен байлаңыз. Анын диаметри 7-15 сантиметр болууга тийиш. Ошол валикти белге коюп, үстүнө чалкаңыздан жатасыз. Эми эки бутту чоюп туруп эки бармактын учтарын, колду баштан жогору созуп, алаканды жерди каратып туруп чыпалактардын учтарын бириктирүү керек. Бул кыйын кѳнүгүү, андыктан алгач 2-3 мүнѳт жатуудан баштоо керек. Кѳнгѳн соң күнүгѳ 5 мүнѳттѳн 2 маал жасасаңыз болот. Натыйжада ичтеги майлар кетет, бел ичкерет. Ал турсун адам эки-үч сантиметрге өсүүсү мүмкүн. Айтор, жыйынтыгы сизди кубандырбай койбойт. Белгиленген убакыт бүткѳн соң дароо туруп кетүүгѳ болбойт. Акырын денени бошотуп, бир капталга оодарылып жатып, жерден жай туруу керек. Бул ыкманы колдонуп жатканыма үч айдай болду. Чындыгында жакшы жыйынтыкка ээ болуп жатам.         

Актилек Гүлжигит кызынан денени түз кармоо үчүн кѳнүгүү

  • Боюм, колу-бутум узун болгондуктанбы, эңкейип, бүкүрөйүп басуу мага адат болуп калган эле. Мен үчүн дене-бойду түз алып жүрүү абдан маанилүү. Муну калыпка салуу үчүн жумуштан эле убакыт таап бир кѳнүгүү жасап жатам. Дубалга сүйөнүп турам да, эки колумду алдыга сунуп тиземди бир аз бүгүп отуруп кайра турам. Бул көнүгүүнү күнүнө үч-төрт жолудан бир жарым айдан бери жасап келем. Чындыгында, таасири зор экен, бир жарым айда эле жакшы жыйынтык болгону өзүмө байкалып жатат. Кесиптештерим да денемди түздѳп жүрүп калганымды айтып жатышат.

Гүлзинат Суранчиевадан организмди тазалоочу сонун рецепт

  • Жүздүн тунук болуп, фигура бир калыпта болушу үчүн, дегеле ар дайым сулуу болуп жүрүү үчүн мен бир ыкманы он жылдан бери колдонуп келем. Адам жумасына бир жолу милдеттүү түрдө организмди тазалоосу керек. Ал үчүн эртең менен бир жашыл алма жейсиз. Күн бою эки литрге жакын суу ичип, башка эч нерсе татпайсыз. Жатарда бир стакан майлуулугу аз кефир ичип коёсуз. Бул рецепттин таасиринен бир жума бою организмге топтолгон шлак, токсиндер жоголуп, организм тазаланат. Жыйынтыгында бетке безетки чыкпайт, ар кандай тактар пайда болбойт.

Асема Токтобековадан бетти нымдаштыруучу маска

  • Апамды, таежелеримди тартып бетим табиятымдан тунук, бирок терим абдан кургак. Кургак бетке бырыш бат түшөт. Аны алдын алуунун жалгыз жолу – ар дайым нымдаштырып туруучу маскаларды жасоо. Мен колдонгон рецепт: бир орточо сабизди кыргычтан өткөрүп алып, ага бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштырам да, бетиме тегиз жабам. 15 мүнөттөн кийин алгач жылуу суу, андан кийин муздак суу менен жууйм. Дегеле бекте маска жасаарда бет жуучу каражаттар менен жакшылап тазалап алуу масканын таасирин арттырат. Масканы колдонордун алдында жаңы жасоо да мааниге ээ. Ошондой эле бир жолу жасап таштап койбой, курс менен, жумасына 2-3 ирет жасасак күткѳн жыйынтыкка жете алабыз.    

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here