Негизгиге Менин наристем Ким мыкты ата?

Ким мыкты ата?

746

Ким мыкты ата?

Адатта балдарына тарбия берүүдө ата-эне бирдей эле салым кошот, бирок
алардын кылык жоругун, эмнени жакшы көрүп, эмнени жактырбасын аталарга
караганда апалар жакшы билишери анык. Ал эми төмөндөгү биздин каармандар –
жылдыздуу аталар балдары тууралуу маалыматты канчалык деңгээлде билишет
болду экен деп суроо салып көрүп, төмөндөгүдөй жоопторду алдык…

Ильяз Абдыразаков уулу Розан тууралуу:

— Уулуңуздун атын ким койгон?
— Чоң апасы. (Чоң апасы койгон)
— Классында канча окуучу бар?
— Билбейм. (40 окуучу)
— Эң жакшы көргөн оюну?
— Бардык эле оюндарды жакшы көрөт. («Майнкрафт»)
— Класста канчанчы катарда, канчанчы партада отурат?
— Билбейм, бизди классына киргизбейт да. (1- катардын 3-партасында)
— Келечекте кайсы кесиптин ээси болгусу келет?
— Сот болгум келет деп калчу. (Футболчу болгусу келет)
(1 туура жооп)

Тотомидин Жолдошев кызы Созай тууралуу:

— Бала бакчадагы тарбиячысынын аты-жөнү ким?
— Билбейт экенмин, чын, унутуп калдым… Көп деле маани бербептирмин. (Лидия
Михайловна)
— Жактырган мультфильми?
— «Золушка» беле? Ошону жакшы көрөт го дейм. Аа, ооба, интернеттен ошону
коюп бер деп сурай берет. («Маша жана аюу»)
— Кайсы тамакты сүйүп жейт?
— Манты болуш керек. (Камыр тамактар, анын ичинен эң жакшы көргөнү
манты)
— Кайсы түстү жакшы көрөт?

— Ак, күлгүн. (Ачык түстөргө басым жасайт, бирок ак, күлгүн түстөрдү өзгөчө
жакшы көрөт)
— Кызыңыз канчага чейин санай алат?
— 10 го чейин так санай алат, андан аркы сандарды адаштырып айтат. (10 го
чейин)
(3 туура жооп)

Сема уулу Элхан тууралуу:

— Уулуңуздун эң жакын досунун аты ким?
— Баламдын достору көп, бирок эң жакынын билбейт экенмин. (Айдин)
— Уулуңуз эмнеден коркот?
— Балам аябай сезимтал, ар бир нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алган бала. Бирок
так билбейт экенмин эмнеден аябай коркорун. (Жаман түштөрдөн)
— Жактырган ырчысы ким?
— Артур Пирожков юморист дагы болгону үчүн ырлары дагы сонун деп абдан
кызыгуу менен көрөт. (Орус юмористи жана ырчысы Артур Пирожков).
— Уулуңуз сиздин кайсы ырыңызды жактырат?
— Балам менин эң биринчи фанатым десем жаңылышпайм. Абдан сыймыктанат
мени менен. «Сиз аябай жакшы ырдайсыз» деп калат. Бирок «90-60-90» аттуу
ырымды өзгөчө жакшы көрөт. («90-60-90» ыры)
— Эң жакшы көргөн тасмасы кайсы?
— «Апамды издеп» деген тасманы абдан жакшы көрөт. Кайталап көрүүдөн такыр
тажабайт. Анан көргөн сайын апасын кучактап эркелеп калат. («Апамды издеп»
тасмасы)
(3 туура жооп)

Айдин Шер кызы Айбийке тууралуу:

— Кызыңыздын туулган күнү, айы, жылы?
— 2016-жыл, 15-май. (15.05.2016)
— Канча салмак менен төрөлгөн?
— 3 килограмм 200 грамм менин оюмча. (3 кг 350 гр)
— Канча жашында басты эле?

— Ммм… 1 жашында, жок 1 жашка жетпей эле баскан, менимче. Бир нерселерди
кармап басып калчу. (11 айында)
— Эң жакшы көргөн оюнчугу?
— Пинки пай деген кичинекей пониси бар, ошону жакшы көрөт. (Понилер дүйнөсү
жөнүндөгү “Кереметтүү достук” мультфильминдеги Пинки пай аттуу
каарман)
— Кызыңыз кайсы шоколадды өзгөчө жакшы көрөт?
— «Киндер сюрприз» (Таттуулардын баарын эле жакшы көрөт, бирок ичиндеги
оюнчугуна карап «Киндерди» көп сурайт)
(3 туура жооп)

Арнис Кыдырмышев кызы Мадалена тууралуу:

— Жакшы көргөн жаныбары?
— Жаныбарларды жаман көрөт. (Аябай деле бир жаныбарды айтып жакшы
көрбөйт, көңүл кош эле мамиледе жаныбарларга)
— Жакшы көргөн сабагы?
— Биология, тарых (Тарых менен биология).
— Кызыңыз окуган мектеп кандай аталат?
— Бишкектеги Ак-Өргө конушунда жайгашкан Жалил Садыков атындагы 84-
мектепте окучу. Азыр чоң энесинин колуна кеткен, Көлдө окуйт. (Качкын
Үмөталиев атындагы №22 мектепте)
— Класс жетекчисинин аты-жөнү ким?
— Булардын класс жетекчилери көп алмашты, негизи. Азыркысы Оторбаева Гулия
болсо керек. (Токтосунова Сымбат Аскарбековна)
— Бут кийиминин өлчөмү?
— 37. (37)
(4 туура жооп)

Асел Эсенбек кызы

(Маалыматты уруксатсыз көчүрүүгө, бурмалоого, орнотууга тыюу салынат. Редакция Леди KG)

СоӊкуАскат Букарбаев: Келечекке максатым көп, оору тизгиндеп турат
КийинкиМедер: Өзүм үйлөнгөндүн ордуна кызымды күйөөгө узатпаганыма өкүнөм