Көпчүлүк күткөн “Кара жума” кайдан келген?
Жактырган кийимин же буюмун көрсөтүлгөн баанын жарымына алуу ар бир кардардын кыялы. Бирок ал кыялына жетүү үчүн жылына бир жолу жума күнүн күтүүгө, кезекке турууга аргасыз. Мындай мүмкүнчүлүктү түзгөн “Кара жума” бизге келгенине саналуу эле жылдар болсо, Европа өлкөлөрүндө кылымдан бери өткөрүлүп келет.
“5 центтин падышасы”
1852-жылы Фрэнк Вулворт аттуу бала Ланкастер шаарындагы дүкөнгө сатуучунун жардамчысы болуп орношот. Ал кезде товарга баасы жазылчу эмес, сатуучу кирип келген кишинин ары жак, бери жагынан чыгып кымбат баа бычып сатчу. Фрэнк табиятынан көп сүйлөбөгөн түнт бала болгондуктан, бул жагынан кыйналчу экен. Дүкөндүн ээси “үч жума мөөнөт берем, кирешемди көбөйтпөсөң жумуштан кетесиң” деген шарт коёт. Башкы сатуучу товарга кеткенде Фрэнк ойлонуп отуруп буга чейин сатылбай чаң басып жаткан буюмдардын баарын сыртка алып чыгып, “баары 5 центтен” деген жазууну илип коёт. Үйүлүп турган товарды көргөн эл арзан баасына карап зарылдыгы жок болсо деле талап кетишет. Ошентип эң биринчи “арзандатуу” деген түшүнүк келип чыккан. Ошондон көп өтпөй ал өз алдынча дүкөн ачууну чечет. Биринчисинде байлар жашаган райондон ачып алып ал жакта 5 центтик буюмду алышпагандыктан чыгашага учураган. Карыз алган акчасын кара жумушчу болуп иштеп жүрүп кутулат да, 1886-жылы чогулткан акчасына 5 дүкөн ачкан. 10 жылдын ичинде бул дүкөндөрүнүн саны 59га жетет. Анын дүкөндөрүнүн баары өзүн-өзү тейлөө ыкмасы менен иштейт. Америкада Фрэнк “беш центтин падышасы” деген атка конгон. Бүгүнкү күндө анын “Вулворт” кийим, бут кийим дүкөндөрү дүйнөнүн бардык жеринде бар.
Эмне үчүн “кара жума”?
Кара деген аталышка үч түшүндүрмө бар:
Биринчиси: Америкада жыл сайын ноябрь айынын төртүнчү жумасынын бейшемби күнүндө Ыраазычылык күнү өтөт. Бул күндү ар ким каалагандай өткөрөт. Мисалы, бирөөлөр туугандардын үйүнө дасторконго чогулуп жашоосуна ыраазычылык билдирип сыйынышат. Ал эми жаштар болсо чоң көлөмдөгү шарларды көтөрүп жөө жүрүшкө чыгышат. Бейшембидеги майрамдан кийин жума күнү көбү жумушка чыккысы келбей ар кандай шылтоо менен суранып башташат. Айрымдары кокусунан ошол күнү “ооруп калган” болот. Ушундан улам бир иш күн текке кетти деп жетекчилер бул күндү “кара жума” деп аташкан.
Экинчиси: Бул күнү жумушка чыгуунун ордуна дүкөн кыдырып, сейилдеп, көпчүлүк эл көчөгө чыккандыктан, 1966-жылы полиция кызматкерлери “кара жума” деп ат коюшкан. Себеби тыгын, элдин көптүгү алардын жумушун эки эсе көбөйткөн. Ал эми жыл сайын бул масса көбөйүп отуруп дал ушул күнү жол кырсыктары, ар кандай кылмыштын түрлөрү, тебеленип өлгөн адамдар да болгон.
Үчүнчүсү: Дагы бир божомолу, эсепчилерде кызматтык салт бар. Алар киреше көп болгон күндү “кара”, чыгаша көп болгон күндү “кызыл” деп аташат. Ушундан улам товар бул күнү массалык түрдө өтүп, киреше күндөгүдөн бир канча эсе көп болот дегенди түшүндүрөт.
“Кара жума” тууралуу кызыктар
1. “Кара жума” бир жылда бир гана жолу, ноябрь айынын 4-жумасында дүйнө жүзү боюнча болуп, түнкү он экиден таңкы алтыга чейин уланат. Кыргызстандагы ири соода түйүндөрү да бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышпайт.
2. Бул күнү кишинин көптүгүнөн улам кырсыктар катталат. Мисалы, 2008-жылы АКШдагы ири соода түйүнүндө сүрмө топ эл тартип сакчыны тебелеп өлтүрүп алышкан. 34 жаштагы Джимат Дамур ооруканага жетпей көз жумган. Ошол эле жерден 28 жаштагы кош бойлуу келин ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилип боюнан түшүп калган.
3. 2009-жылы 77 жаштагы Джоан Каннейн “кара жумадан” кийин он чакты күн дайыны чыкпай жок болуп кеткен. Унаасы үйүнүн алдында токтоп тургандыктан кошуналары шек санап полиция чакырышкан. Үйдү ачкан тартип сакчылар толтура баштыкка көмүлүп жаткан аялдын сөөгүн табышкан. Ал кокусунан жыгылып кетип талуу жери менен тийип, баштыктар үстүн көмүп калган деп жыйынтык чыгарышкан.
4. 2012-жылы Флоридада эки киши соода түйүнүнүн алдында унаа токтотуучу жайды талашып мушташа кетишкен. Полиция кызматкерлери аларды ажырата албай экөөнү тең бутка атууга аргасыз болушкан.
5. Айрым белгилүү компаниялар ойлонбой сатып алган буюмдарды кайра кайтарып алууга мүмкүнчүлүк түзүп беришет. Статистикага таяна турган болсок, кардарлардын 68% ы алган буюму жакпай калып, өткөрүп акчасын кайтарып алышкан.
6. Көп соода борборлору уттурбаш үчүн “кара жумага” айдын башында даярдана башташат. Мисалы, 100 доллар турган товарга 200 доллар деген бааны илишет. Акцияга жакын 200 доллардын жанына 60% арзандатуу деп жазышат. Муну менен алар чыгашага учурабайт. Көп учурда товарды баштапкы баасында сатышат.
7. Дүйнөлүк акцияга ар бир соода түйүндөр каалоосуна жана дараметине жараша катышат. Мисалы, жаңы соода түйүнүн жаңы ачып жаткан ишкер катыша албайт. Себеби бул акция пайда табуу үчүн эмес, компаниянын атын чыгаруу жана жаңы кардарды өзүнө тартуу максатында өтөт. Изилдөөлөргө таянсак, АКШда гана чынчыл арзандатуу болот. Башка өлкөлөр элди алдоо менен алектенишет.
8. Батыш өлкөлөрүндө бул күнгө кылдат даярданышат. Айрымдары 1 жыл бою кирешесин үнөмдөп ушул күнгө топтойт. Кээ бири түнү бою кыдырганга күчүм жетсин деп кечке чейин атайын эс алып уктап, түнкү шоппингге чыгат. Бул күнү айрым дүкөндөр түн жарымында эле жабылып калса, көбү таңкы 5-6га чейин иштейт.
9. Бүгүнкү күндө онлайн түрүндө өтүп жаткан арзандатуунун эсебинен байыган шылуундар бар. Алар атайын схема аркылуу кардардын банктык эсебин, сыр сөзүн билип алып болгон акчасын алып койгон фактылар жыл сайын көбөйүүдө.
Анара Дүйшөналиева