Негизгиге Интервью Чолпон Мелисбекова: Кандай иш-чарага барбайын, жолдошум менен уулум жанымда жүрүшчү

Чолпон Мелисбекова: Кандай иш-чарага барбайын, жолдошум менен уулум жанымда жүрүшчү

780

Чолпон Мелисбекова: «Кандай иш-чарага барбайын, жолдошум менен уулум жанымда жүрүшчү»

“Деспасито” чыгармасын аткарып элдин эсинде калган комузчу Чолпон Мелисбекова эки уулдун энеси. Ошентсе дагы Чолпон айымдын келбети, чыгармачылыкта тынымсыз иштөөсү көпчүлүккө башы бош кыздай сезим калтырат. Учурда бала жытына магдырап турган эне менен баарлашуу кызыктуу жаңылыктарга бай болду.

Чолпон, жакында эле экинчи уулдуу болдуңуз. Кичинекейиңиз кандай чоңоюп жатат?

— Кудайга шүгүр, кичинекейибиз торолуп калды, буюрса, эки айга толдук. Улуу балабыздын атын чоң атасы Алим деп койсо, бул балабызга таятасы Амин деген ысым ыйгарды. Эне болуу чоң кубаныч, айтып бүткүс бакыт. Эки баламдын ортосу алысыраак болуп, наристе жытын сагынып калыптырмын. Бул баламдан мурунку эки балабызды да жоготуп алганбыз. Ошондуктан жолдошум экөөбүз тең наристелүү болууну аябай күткөнбүз. Дагы деле эне мээриминен чыга албай, бала жытына байланып турган чагым.

Эки балаңызга эмне болду эле?

— Бишкек-Ысык-Көл жолунда бара жатып эки ирет автокырсыкка учураганбыз. Биринчисинде жолдон мал чыга калып, аны сүзгөнбүз. Анда мен артта отургам, машина катуу токтогондо алдыңкы эки отургучтун ортосуна кирип кеткем. Ошондо кабыргаларым сынып, күчтүү антибиотиктерди алып баланы алдырып салууга мажбур болгонбуз. Экинчи ирет да автокырсыктан улам балабызды жоготуп алганбыз.

Бул ирет төрөгөнчө концерт, ар кыл иш-чараларга катышып, сахнадан түшкөн жоксуз. Кош бойлуу кезде көз тиет, сөз тиет деген өңдүү ырым-жырымдарга ишенбейсизби?

— Ырым-жырымдарга ишенбейм деп айтпайм, бирок жумушум сахнада болгон соң курсагымды катып алып үйдө да отуруп кала алган жокмун. Жадакалса кош бойлуу кезимде эки клип тарттык. Биринчисин былтыркы жылы кыш мезгилинде тоодон тартсак, экинчисин кош бойлуулугума беш ай болгондо баштап, сегиз айында бүтүрдүк. Негизи эле кош бойлуу кезимде өзүмдү активдүү алып жүргөнгө аракет кылам.

Улуу балаңыз инисин кандай кабыл алды?

— Алим январь айында беш жашка толот. Инисин алгач ирет көргөндө бизди кызганып, капаланып жүрдү. «Апа, эмнеге кечке эле уктай берет, көзүн ачпайт, мени менен ойнобойт, келиңиз, кайра курсагыңызга салып коёбуз» дечү. Кийин үн чыгарып, эки жакты карап калганда өзү келип эркелетип, «менин бөбөгүм» деп жакындай баштады. Баламдын инисине болгон сезимдери эми ойгоно баштады.

Сизди кичинекей бойдок кыз деп ойлоп жүргөндөр, эки баланын энеси экениңизди билбегендер арбын экен.

— Жолдошум менен 11-класста окуп жүргөндө сүйлөшүп баштаганбыз. Мектепти аяктаганда сөйкө салып коюп, өзү бир нече ай Кореяда окуп келген соң 2011-жылы мен 18 жашымда баш кошконбуз. Жолдошум илим-билимдүү үй-бүлөнүн көкүрөк күчүгү. Кайненем көп убакыттан бери Америкада жашап, ошол жактын жарандыгын алган. Кайнатам болсо 35 жыл акимчиликте эмгек кылган райондун ардактуу атуулу. Жолдошум алты тилде эркин сүйлөйт, эки жогорку билими бар. Бирок азыркы тапта кесиби боюнча иштебейт, дары-дармек бизнеси жаатында эмгек кылат, менин менеджерим. Ар тараптуу таланттуу адам, жумушунан тышкары гитарада кол ойнотуп ырдап да коёт, бийлейт, тамадалыкты да өздөштүрө алат. А бирок ал нерселерди жасабайт.

Өзүңүз эрте турмушка чыкканыңызга өкүнгөн жоксузбу?

— Жок. Жолдошум “чет жерге кетип, ошол жерде жашайлы » деген сунуш киргизген. Бирок мен баш тартып, «мен окушум керек, устаттарым берген билимди, эмгектерин улантып бүтүрүшүм керек» деп мекенибизде окуумду улантууну сурангам. Мени жолдошум, кайнатам кошо колдоп, ЖОЖго бюджеттик негизде кирип окуп, артыкчылык диплому менен аяктагам. Мен окууну аяктап жатканда кайнатам дагы келип иш-чарага катышкан.

Улуу балаңызды студент кезиңизде төрөптүрсүз да. Кыйынчылыктар болду беле?

— Ооба, 3-курста окуп жүргөнүмдө биринчи балалуу болгонбуз. Чынында, абдан кыйналгам. Окуу менен бирге эне болуу өтө татаал экен. Анын үстүнө, биз ал кезде Кант шаарында жашачубуз. Кээде балам менен чыга албай, сабактарды калтырып агай-эжейлерге жаман көрүнгөн учурларым болду. Окууга барганда баламды жолдошум коляскасына салып парк аралап сүйрөп турчу. Концерт, тойлорго чыкканда болсо жолдошум менеджерим болгондуктан дайым жанымда колдоп жүрөт. Андай учурларда балабыз да биз менен болчу. Калган учурларда өзүмдүн апам, иним каралашып турат.

Балдарга кандай тарбия берүү туура деп ойлойсуз? Сиз кантип тарбиялайсыз?

— Чынын айтканда, биринчи уулубуз эркерээк, тентегирээк. Ошентсе дагы дээринен өтө акылдуу. Балабыз менен чоң кишилердей сүйлөшкөнгө, ошондой мамиле кылганга аракет кылабыз. Бирибиз урушуп жатсак, экинчибиз такыр болушпайбыз.

Эки балалуу айымдай көрүнбөйсүз, келбетиңизге кандай кам көрөсүз?

— Менин оюмча, бул генимден болушу керек. Анткени атам да, апам да тыпыйган, арыкчырай келген адамдар. Апам 50 жашка келип калды, экөөбүз чогуу жүргөндө “эжеңби?” деп сурагандар көп болот. Бирок генге ишенип эле отура бербей өзүм дагы күнүгө эртең менен жана кечинде ар кандай көнүгүүлөрдү жасап турам.

Эми чыгармачылыкка качан билек түрө киришесиз?

— Чыгармачылыгымды азыр деле таштаган жокмун. Ыраматылык Калыбек Жекшенов агайым “артист деген качан, кайда чоң иш-чара болбосун, ошол учурда даяр болуп, формада болгон адам” деп айтчу эле. Азыр калыбыма келдим, чоң иш-чаралар болуп калса акырындык менен чыгып жатам. Албетте, биринчи кезекте уулумду торолтуп, чоңойтуп алгым келип жатат. Ошондуктан алыс жерлерге баруудан баш тартууга туура келет.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЖылуу мамиле жумушка узатуудан башталат
КийинкиКөпчүлүк күткөн “Кара жума” кайдан келген?