Негизгиге Пайдалуу кеңеш Күзгү депрессиядан кантип арылуу керек? (+тест)

Күзгү депрессиядан кантип арылуу керек? (+тест)

308

Күзгү депрессия – адамдын психоэмоционалдык абалы. Бул абалга кабылган адамдын маанайы туруксуз болот. Дал ушул маалда депрессияга кабылуунун себеби – күндүн кыскарышы, бүркөк аба-ырайы. Күзгү депрессияга кабылбайын десеңиз, төмөнкү кеңештерди аткарыңыз.

Жашылча-жемиштерди мүмкүн болушунча көбүрөөк жеңиз. Алардын бир күндүк нормасы – 400 грамм.

Организмге кирген витаминдер запаска чогулбайт, дароо сиңет. Андыктан организмге дайыма витамин керек болуп турат.

Ит мурундан чай демдеп ичиңиз.

Кофеден жана кара чайдан баш тартыңыз.

Тынч жана узакка созулган уйку – депрессиянын бирден-бир дарысы.

Уктоочу бөлмөңүздү жакшы желдетиңиз. Бул организмиңиздин керектүү деңгээлде кычкылтек менен жабдылышына шарт түзөт.

Кар түшкөнгө чейин велосипед тебиңиз, сыртта сейилдеңиз, досторуңуз менен жолугуңуз, китеп окуңуз, шахмат ойноңуз, кыскасы, бир нерсе менен алек болуңуз.

Жагымдуу музыканы бийик кылып коюп алып үй иштери менен алек болуңуз.

Кышкы каникулуңузду пландаңыз. Кайсы өлкөгө барарыңызды аныктап алып, ошол өлкөнүн маданиятын изилдей бериңиз.

Чачыңызды кырктырыңыз, түсүн өзгөртүңүз, гардеробуңузду жаңылаңыз, кыскасы, имиджиңизди өзгөртүңүз. Мындай жаңылануулар сизди позитивдүү энергия менен камсыздайт.

Эгерде маанайыңыздын бузулушу жумалап же айлап созулуп кетсе психологго же психотерапевтке кайрылуудан тартынбаңыз.

Тест

Күзгү депрессиябы же жөн гана маанайыңыз жокпу?

1.Күзүндө кандай кийимге басым жасайсыз?

А. Өзүмдүн маанайымды көтөрүү үчүн ачык түстөгү кийимдерге

Б. Күңүрт түстөгү кийимдерге

В. Түсүнө карабайм, ыңгайлуу, жылуу болсо болду.

2. Сырттагы күзгү суук аба-ырайы сизде кандай сезимдерди чакырат?

А. Бир аз өкүнүчтү

Б. Кайгыны, суздукту

В. Сыртка чыкпай эле үйдө отура берүүгө болгон каалоону

3. Уйкусуроону сезесизби?

А. Жок, башка жыл мезгилдеринде кандай болсом ошондой эле жүрө берем

Б. Күн сайын эртең менен тургандан баштап эле кайра уйкум келе баштайт

В. Чарчаганда гана уйкум келет

4. Күзүндө өзүңүздүн маанайыңызды көтөрүү үчүн таттууга же алкоголго алаксыган учуруңуз болобу?

А. Жок, дайыма өзүмдү көзөмөлдөй алам

Б. Ооба, чындыгында бул нерселер мага жардам берет

В. Чанда болот

5. Күзүндө үйүңүздө да, жумушуңузда да жөнөкөй нерселерге да кыжырдана бересизби?

А. Жок, эч качан

Б. Ооба, мунун туура эмес экенин билем, бирок эч нерсе кыла албайм

В. Ооба, кээде ушундай болуп калат

6. Эртең менен мурунку сергектигиңиз жоголуп кыйынчылык менен ойгонуп жатасызбы?

А. Жок, мурун кандай сергек болсом ошондоймун

Б. Ооба, төшөктөн араң турам

В. Дем алыш күндөрү каалашымча уктайм, башка күндөрү жеңил эле турам

7. Мурун кызыгуу менен жасап жүргөн иштериңизге болгон жөндөмүңүз жоголуп кеттиби?

А. Тескерисинче, жумушка шыктанып ийгиликтерди жаратып жатам

Б.  Ооба, эч нерсе жасагым келбейт

В. Кээде жалкоолугум кармап турат

8. Күз-кыш мезгилдеринде канча ашыкча салмак кошосуз?

А. Салмагымда эч кандай өзгөрүү болбойт

Б. 5-8 кг салмак кошом

В. 1-2 кг салмак кошом

9. Кандай жанрдагы фильмдерди көрүүнү жактырасыз?

А. Комедия

Б. Ужас

В. Мелодрама

10. Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

А. Досторум менен көңүлдүү жайларга барып эс алып келем

Б. Шыптагы бир чекитти тиктеп жатам, башка эч нерсе кылгым келбейт

В. Үйдө отуруп кино көрөм

Жыйынтык: Эгерде сизде “А” жообу көп болсо, анда сиз бактылуу адамсыз. Жыл мезгилдеринин алмашышы, аба ырайынын бузулушу сиздин маанайыңызга эч кандай таасирин тийгизе албайт.

Ал эми “Б” жообу көп болсо, сиз учурда күзгү депрессияга кабылгансыз. Күндүн нуру жетишпей жатат. Кечинде эрте жатып эс алып, бош убактыңызды өзүңүзгө жаккан нерселер менен алектенип өткөрүүгө аракет кылыңыз. Дагы бир жакшы вариант – эмгек өргүүсүн күз мезгилине которуңуз. Бул дагы жардам бербесе, психотерапевттин жардамына кайрылыңыз.

“В” жообу көп болсо, сиздин абалыңыз жакшы эле. Ооба, күздүн келиши манайыңызга анча-мынча таасирин тийгизип жатат, бирок бул сиздин ден соолугуңузга зыянын тийгизбейт. Эң негизгиси, спирт ичимдиктеринен алыс болуңуз. Көбүрөөк спорт менен машыгыңыз. Позитив издеңиз.

СоӊкуКалык: Ѳгѳй кызым ѳз үйүмѳ батырбай жатат
КийинкиОфтальмолог Өмүрбек Жолдошев: Эки жашка чейинки балага гаджет бербеш керек