Менталдык арифметиканын бала үчүн пайдасы жана зыяны
Замандын талабына жараша бүгүнкү күндө жаш балдардын жөндөмүн арттыруу үчүн көптөгөн ыкмалар ойлонуп чыгарылууда. Анын бири менталдык арифметика. Дүйнө жүзүнө тараган ыкма бизге да жетип, үзүрүн көргөндөр четинен чыгууда.
Мээнин эки бөлүгүн бирдей иштетет
Баш мээ эки бөлүктөн туруп, оң жана сол деп бөлүнөт. Мээнин оң жак бөлүгү логикалык ойлонууга жөндөмдүү болсо, сол жагы чыгармачыл ойлонууга эптүү. Качан гана мээнин эки бөлүгү бирдей иштегенде, адамдын акыл-эси ойдогудай болот дешет. Андыктан аны иштетүү үчүн ар кандай ыкмалар иштелип чыгат. Мындан беш миң жыл мурда Кытайда суаньпан деген эсептегич иштелип чыккан. Япондор ошол эле эсептегичти абакус деп аташкан. Бул өлкөлөрдө менталдык арифметика мектептерде милдеттүү түрдө окутулат. Чоңдорго караганда бул ыкманы 4-10 жаштагы балдар тездик менен өздөштүрүшөрүн аныкташкан. Анткени дал ушул куракта баланын мээси өөрчүп жаткан учур болуп саналат. Окутуу баланын жаш курагына жараша 2-3 жылга чейин созулат.
Биринчи баскыч – бала абакус менен эсептегенди үйрөнөт. Экинчи баскычта абакус колдонбойт, бирок эсеп чыгарып жаткан учурда аны элестетип көңүлүндө абакусту колдонот. Бара-бара бала төрт-беш орундуу сандарды кошуп, кемитип, көңүлүндө эсептеп чыгарганды өздөштүрөт. Бирок менталдык арифметиканы гений тарбиялоонун жолу эмес, эс тутумга пайда бере турган машыктыргыч катары гана кабыл алган оң.
Менталдык арифметиканын пайдасы:
— Эс тутум, логикалык ой жүгүртүү жакшырат.
— Бул ыкма менен мээ дайым иштеп тургандыктан, жаш өткөн сайын пайда болуучу Альцгеймер оорусунун алдын алууга болот.
— Колдун манжалары дайыма кыймылда болгондуктан, жалпы ден соолукка пайдасы зор.
— Жашоого пайдасы тиет. Күнүмдүк тиричиликте акча же башка нерсени эсептөөдө эсептегич алып чыгып отурбай, ошол эле жерден чыгарып койсо болот.
Кемчилиги:
— Бат эсеп чыгаруу ыкмасы баланы шашма кылып коёт, үй тапшырма аткарууда айрым жагдайларга көңүл бурбай шашып, чала аткарып коюусу мүмкүн.
— Механикалык түрдө эсеп чыгаруу – бул математика эмес. Математика кыйла эмгекти, кылдат ойлонууну талап кылган сабак. Андыктан менталдык арифметиканы мыкты өздөштүргөн бала математикадан алсыз болушу да мүмкүн.
— Баасынын кымбаттыгы. Айына 3600 сом төлөп окутуу ар бир эле ата-эненин чөнтөгүнө чак келе бербейт.
“Интеллект” окуу борборунун жетекчиси Жакшылык Матанов: “Менталдык арифметиканы баары эле өздөштүрө албайт”
— Жакшылык, бул тармакка кандайча кызыгып калдың эле?
— Мектеп ачуу бала кезимден берки кыялым болчу. Кыргызды дүйнөгө билим аркылуу таанытабыз деген максат койгом. Үч жылдан бери менталдык арифметикадан балдарды окутуп келатабыз. Бишкек шаарында бир нече филиалыбыз бар. Көптөгөн балдарды эл аралык мелдешке катыштырып, алдыңкы орундарды ээлеп келе жатабыз.
— Балдар, мугалимдер кандай талап менен алынат?
— Негизи, педагогикалык кесиптин ээси болушу зарыл эмес. Адистерди өзүбүздүн методика менен 3 жыл аралыгында окутуп билим беребиз. Эң негизгиси, балдар менен иштешүүгө жөндөмү болушу зарыл. Ошол эле учурда ар бир эле бала бул ыкманы өздөштүрүп кете албайт. 3-4 сабактан кийин баланын жөндөмү бар болсо андан ары иштешебиз. Эч эле эптештирип кете албаса ата-энесине “балаңызды комузга же сүрөт тартууга алып барып көрүңүз. Чыгармачылык жөндөмүн өстүрсөңүз болчудай” деп ачык айтабыз. Бизге жакшы сүйлөй албаган, коркок, өзүнө ишенбеген балдар келишет. Бул жактан жөндөмүн ачып, лидер кылып чыгарабыз. Ата-энеси “балам мектептен жакшы ийгиликтерди жаратып жатат, мурда мындай эмес болчу” деп өздөрү таң калышат.
— Менталдык арифметиканы окуп, кийин таштап койгон бала өздөштүргөн программасын унутуп калат деген чынбы?
— Бул ыкманын максаты – мээнин эки бөлүгүн бирдей өстүрүү болуп саналат. Баланын мээси өсөт, аң-сезими кеңеет. Анан өсүп келаткан мээ кайра артка кетпейт да. Айрым ыкмаларды унутуп, программадан артта калышы мүмкүн. Бирок ага чейин өздөштүргөн нерсени эч качан унутпайт.
Арсен Рахымбеков: “Мени айрым пикирлер капа кылды”
20-октябрь күнү 12 жаштагы Арсен орусиялык “Россия-1” телеканалындагы “Таң калычтуу адамдар” берүүсүнө катышкан. Ал математика факультетинде окуган 3-курстун студенттери менен таймашып эсеп чыгарып, баарынан озуп өтүп ийгилик жарата алды. Калыстар курамын таң калтырган өспүрүм учурда көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп турган кези.
— Арсен, берүүгө кандайча катышып калдың?
— Каналдын редактору Жакшылык байкеге байланышка чыгып берүүгө катышууга чакыруу бериптир. Анткени мен ага чейин Германияга барып ийгилик жаратып келгем. Ушундан улам “Интеллект” окуу борборундагылар мага ишеним арткан окшойт. Мен барарымды билгенде кылдат даярдана баштадым. Мага көрсөткөн ишенимди актай алдым деп ойлойм. Сынакка барганда бир аз толкундандым, мага ишенген адамдарды уят кылбасам экен деп жаттым. Бирок өзүмдү колго алып, эсепти оңой эле чыгардым. Биздин ар бир сапарыбызда демөөрчү издегенге туура келет. Бул жолу бизге “Супаранын” жетекчиси Жаңыл эже жардам берди. Ага ыраазычылык билдирем.
— Өзүң тууралуу айтып берсең?
— Мен эки бир тууганмын. Иним экөөбүз ушул жерге келгенибизге үч жыл болду. Бир жолу эфирден казак баланын эсепти тездик менен чыгарып жатканын көргөм. Дароо кызыгып калдым. Апама айтсам окуу борборуна алып келди. Биринчи сабак бекер болду, дароо өздөштүрүп кеттим. Ошондон бери окуп келем. 3 айдан кийин эле Казакстандагы биринчи мелдешим болду. Утулуп калгам, бирок биринчи ирет барып жаткандыктан, көп деле капа болгон эмесмин. Андан кийин беш мамлекетте болгон таймашка катыштым. Апам мен окуган борбордо сабак берет. Атам кесиби боюнча программист. Өзүм Бишкек шаарындагы анлис тилдүү мектепте окуйм.
— Сынактарга катышып жатып сабактарыңдан артта калган жоксуңбу?
— Жыл башынан бери бир ай сабактардан калып калдым. Эми программаны кууп жетүү үчүн талыкпай окушум керек. Бирок менталдык арифметиканы да таштагым келбейт. Германияга барганда аябай чарчап калгам. Эки жума эс алайын деп менталдык арифметикага барбай калдым. Ыкманы унуткан жокмун, бирок ылдамдыгым жоголо түшүптүр. Калыбына келтирүү үчүн адаттан көбүрөөк машыгууга туура келди. Буюрса, 2020-жылы Дубайда боло турган дүйнөлүк олимпиадага катышууга даярдык көрөм.
— Сага карата түркүн пикирлер айтылып жатат. Кайсынысы эсиңде калды?
— Калыстар курамынын “Кыргыздар азамат!” деген мактоосу жүрөгүмдү жылытты. Ата-энем көз тийбесе экен деп санааркашты. Инстаграмдан көп жакшы пикирлер айтылды. Бирок жаман сөз айткандар да болбой койгон жок. Бир киши “ушундай балдар келечекте атом бомбасын жасашат” деп жазыптыр. Ошого капа болдум. Эмне үчүн сөзсүз атом бомбасын ойлоп чыгуу керек? Балким, технология жагынан жакшы ийгилик жаратат чыгар деп ойлошпойбу.
Анара Дүйшөналиева