Токтайым Үмөталиева: “Илгерки салттарды жаңылаганга аракет кылдык”
18-октябрь күнү коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева кичүү кызы Бурашты турмушка узатты. Бул тойдо коомчулуктун көңүлүн бурган жагдай – кыргыздын каада-салттарына, үрп-адаттарына басым жасалганы болду. “Заманбап тойду даңазалабай, өзүбүздүн салтыбыз менен деле той өткөрсөк болот тура” деген пикирлер айтылды. Көпчүлүккө үлгү болгон жакшылыктын чоо-жайын той ээлери өздөрү айтып беришти.
— Той кут болсун! Кайсы жерден куда күттүңүздөр?
— Кудаларыбыз Таластан болот экен. Бураш буга чейин күйөө бала тууралуу айткан эмес. Жашы да өтүп баратат, чыгармачылык деп жүрө бербей турмушка чыкса дечүмүн. Өзү унчукпаганынан “мен сени жакшы жигитке кудалап, өзүм күйөөгө узатам” деп койгом. Ошондо анан бир жылдан бери Элзар аттуу жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн ачыкка чыгарып жатпайбы. Күйөө бала ишкерлик менен алектенет.
— Кыз узатуу тою көпчүлүктүн ичин жылытты. Кыргыздын салты менен узатуу идеясы кимге таандык?
— Негизи, идея Бураш экөөбүздүкү. Ишке ашырууда туугандар, театрдын, цирктин артисттери жардам беришти. Биринчи кезекте тамак-аштын ысырап болгонуна жол берген жокпуз. Үстөлдүн үстүнө сары май, каймак, боорсок койдук. Нанды болсо арасына жаңгак, мейиз салып бышырганбыз. Суусундуктун он бир түрү коюлду. Спирт ичимдигинин ордуна кымыз, бозо куюп жаттык. Биринчи, экинчи тамактардын өлчөмүн азайттык. Салаттарды да ысык бойдон бердик. Куйкум шорпо эмне экенин эл унута баштады. Биз куйкум шорпого жер-жемиш кошуп бердик. Бешбармактын камырын колго жууруп, этти чакан устукан кылып тарттык. Көп жерде шорпо ичилбей төгүлөт. Пайдалуу витаминдин баары ошол шорподо болот. Биз шорпону сүзмө менен ак серке кылып бердик, аягында баары сурап ичип жатышты. Кудалар тарап себет менен кешик алып келген экен. Биз таенесинин куржунун бердик. Эки көздүү куржундун бир тарабына ырымдап билими кең болсун деп жалаң “Манас”, “Семетей”, “Сейтектин” томдорун, жана башка китептерди салдык. Экинчи көзүнө тамаш-ашы мол болсун деп сары май, каймак, боорсок, чай, нават, курут салып бердик.
— Тойдун программасы да өзгөчө болду. Сценарийин ким иштеп чыкты?
— Сценарийди өзүм иштеп чыктым. Кайненемдин жашы сексенден ашты. Ал киши кыргыздын көп салттарын билет. Апамдын, Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Талгар Жакшылыковго окшогон чыгармачыл адамдардын жардамы менен сценарий түздүк. Ресторандын жанына боз үй тиктик. Анын ичин жасалгалап, ар бир уукка роза гүлүн сайып чыктым. Голландиянын кымбат розасын эмес, өзүбүздүкүн эле алдым. Ар бир столго да ошондой гүл койдук. Боз үйдүн ичине Бураштын себи жыйылды. Кыргыз жууркан, жер төшөк, шырдак кылып апам өзү даярдады. Сеп жагына көп аралашкан жокмун. Ырчы, актрисалар, өзүбүз баш болуп окшош кылып чыптама, шайы көйнөк кийдик. Бураштын кийими да этностилде болду. Мунун баары дизайнерлердин мээнети. Баса, тойго атайын экобаштык тиктирдим. Чүпүрөктөн 700 даана чоң баштык, боорсок, эт сала турган тор баштыктар менен таратылды. Тойду Манас айтуу менен баштадык. Жеңелер кыз узатуу ырын ырдашты. Жамал Сейдакматова менен апам жаштарга батасын берди.
— Кийитке да ашыкча чыгым коротпоптурсуз…
— Апама алтын шакек салышты, жолдошума калпак, мага жолук салышты. Болду, ашыкча кийит болгон жок. Калпакты сатып алууда да төрт тарабы ачык экенине маани берем. Себеби илгери апаларыбыз калпактын төрт тарабын жырык кылып “төрт тарабың тең кыбыла, жолуң ачык болсун” деген маанини билдиришиптир. Биз болсо акыркы убакта туюк калпак жасап калдык, бул туура эмес.
— Заманбап ырчы кыз үчүн бул салттарга көнүү оңой болбосо керек?
— Негизи, Бураштын өзүнүн идеясы ошондой болчу. Бирок мен дагы нукура кыргызча кылып көрк бердим. Ресторандын жанына боз үй тигебиз десем атасына даттанып ыйлаптыр. Ал “кайдагынын баарын баштайсың, обу жоктонуп кетесиң” деп мени урушат. Коё тургула, эми аягына чейин чыдап тургула, силерге жагымдуу белек болот деп аларды жоошутуп жаттым. Мен себин илгерки ат арабага жүктөп берейин дегем. Аянтыбыз тар болуп, ал ишке ашпай калды. Бирок апам, мен, жаңы кудабыз бул идея үчүн аягына чейин турдук. Кудама ушундай кылам деп айтканга туура келди. Ал акыры-аягына чейин бизди колдоду. Мындан апам жыргады. Илгерки салттар жаңыланып жатканына жетине албай сүйүнүп жатты. Тойдун сценарийин кудадан башка киши билчү эмес. Куда тараптан келгендер таң калып, аягында абдан мактап кетишти. Азыр да коомчулуктан “ушундай эле кыргыздын салтын даңазалап той өткөрсө болот тура” деп жатышат.
— Ушундай салттуу тойго канча чыгым кетти?
— Буга чейин жолдошум экөөбүз көп жакшылыктарга барыптырбыз. Катыштарыбыз арбын. Кудаларыбыз колдон-буттан алып көтөрүп кетишти. Жалпысынан он миң доллардан өйдө каражат кетти окшойт. Кызыбыз үчүн аянган жокпуз.
— Сизди азыркыга чейин кайын журтуна барганда жоолук салынып, жүгүнөт дешет…
— Ооба, апамдын алдынан кыя өтпөйм. Айылдагы кайнагаларыма, абысындарыма жүгүнүп учурашам. Салтка катуу элемин. Ыраматылык кайнатам мен жаңы келин болуп барганда кызындай кабыл алган. Тоня дечү. Кийин мен элге өз фамилиям менен тааныла баштаганда жолдошум өзүнүн фамилиясына өтүүнү сунуш кылды. Каршы болдум. Бирок өзүмдүн атам “кайын журтуң айтып жатса эки кылба” дегенинен макул болгом. Азыр кыздарыма да салтты кармагыла, кайын журтуңарды сыйлагыла деп айтып турам.
— Кудаларыңыз берген той заманбап болдубу?
— Ооба, алар заманбап той берди. Өзгөчөлүк катары жолдошума куда ак боз ат менен камчы тартуу кылды. Жолдошум ал жылкыны эмне кылам деп жатты эле, “циркке берели” дедим. Неберелерибиз да чоноюп келатышат. Ат үстүндөгү спортту жактырышат. Барып үйрөнүп турганына жакшы десем макул болушту.
— Азыр кызыңыз шаарда эле жашап жатабы?
— Ооба, кудалар Бишкекте турушат экен. Кечээ мэриядан уруксат алып, жер бөлдүрүп экөө атайын бак отургузушту. Эгер ар бир үйлөнгөн жаштар бак тиксе айлана жашылданмак. Бул жакшы жөрөлгөнү да улантып кетишсе жакшы болот. Азыр эми замандын талабына жараша жаштарга чет жакка саякаттаганга жолдомо беришет экен. Эки жездеси жаштарга Европага жолдомо беришти. Баш-аягын жыйнагандан кийин барып келишет го.
— Кызыңызды узатып жатып ыйладыңызбы?
— Той өткөрүүдө аял кишинин түйшүгү, санаасы көп болот экен. Тойдо баары жакшы өтсүн, келген коноктор таарынбай кетсин, эртеси кешик ооз тийгизейин деген санаа менен чуркап жүрүп ыйлаган деле жокмун. Атасы элге көрүнбөй барып ыйлап жатты. Экөө өзгөчө жакын. Бир маселе жаралса атасы менен кеңешип иш кылат.
— Үйдө экөөңүздөр эле калдыңыздарбы?
— Ооба, бирок жалгыздыгыбызды билдирбей неберелерибиз улам кезектешип келип эркелеп кетишет. Бир кем дүйнө экен. 2005-жылы боюмда бар кезде бир фирманын дарыларын колдоно коём деп 5 айлык эркек балам боюмдан түшүп калган. Ошондон кийин төрөбөй калдым. Эми Кудай уул бербесе да уулдан артык кыздарымды берди. Ушулардын амандыгын тилеп жүрөбүз. Улуу кызым эки балалуу болду. Андан кийинки кызым Назгүлдүн эки уул, бир кызы бар. Күйөө балдарың деле өз уулуңдай болуп калат экен. Сыйлап, астыбыздан кыя өтүшпөйт. Эми минтип көкүрөк күчүгүбүз да Элзар аттуу уулдуу кылып отурат. Ушунусуна да Кудайга шүгүр.
Анара Дүйшөналиева