Негизгиге Бизнес Музарбек Жолошев: Шоколад менен куруттун айкалышынан өзгөчө даам пайда болду

Музарбек Жолошев: Шоколад менен куруттун айкалышынан өзгөчө даам пайда болду

319

Музарбек Жолошев: “Шоколад менен куруттун айкалышынан өзгөчө даам пайда болду”

Дүкөндөрдүн текчесинде көз жоосун алып тизилген түрдүү шоколаддардын арасында өз мекенибизде, улуттук стилде, өзүбүздүн жигиттерибиз жасаган шоколад бар экенин билбесеңиз керек. Жаш ишкер Музарбек Жолошев “Кыргыз шоколады” брендин негиздеп, таттууларын элдин сынына койгонуна эки гана жыл болду. “Таттуу” иши тууралуу Музарбек менен маек курдук.

Музарбек, өз кесибиң ким? Кондитер эмес да?

— Жок, мен Бишкектеги №67 мектепти кызыл диплом менен аяктап, жогорку окуу жайын Американын Бостон шаарынан бүткөм. Кесибим машина куруу боюнча инженер. Студент кезимде NASAда конкурстун негизинде спутник курууга катышкам. Окууну аяктаган соң алар мени жумушка чакырышып 1,5 жыл NASAда инженер катары иштегем. Анан 2013-жылы өз мекениме кайтып келгем.

Оо, ошондой абройлуу жумушту таштап өз мекениңе кайтканыңа караганда аябай патриотсуң го?

— Ооба, патриотмун. Бирок бул жолу мекениме кайтуунун негизги себеби үй-бүлөлүк шартка байланыштуу болуп калды. Мен кааласам эртең деле кетип калсам болот, бирок азырынча андай оюм жок.

А эмне үчүн башка эмес, дал ушул шоколад бизнеси?

— Кандайдыр бир бизнес башташ керек болду. Анан негедир шоколад чыгарып көрүүнү туура көрдүм. Ал үчүн мага мыкты технолог керек болуп ага да кокусунан жолугуп калдым. Олег Кувшинов шаардагы мен деген ресторандарда шеф-повар болуп жүргөн абдан кесипкөй адам. Идеямды ишке ашырууга мага дал ушул адам чоң жардам берди.

Шоколаддарыңдын аталышы, дизайндары жалаң улуттук стилде экен…

— Ооба, алгачкы эле чыгарган шоколадыбызды “Кыргызстан” деп атаганбыз. Бул шоколаддын сырты кыргыздын оймо-чиймелери менен кооздолгонунан сырткары шоколаддын өзүнө да туубуздун сүрөтү түшүрүлгөн. Кийин ушул эле шоколадга курут кошуп жасай баштадык. Ал эми жакында эле “Чүкө” аталышындагы төрт түрдүү кошулма жасалып чыгарылган шоколад да таттуу сүйүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды. Бул шоколаддарга кошулган мейиз, катырылган өрүк, жаңгак, булардын баары өзүбүздүн түштүктүн жемиштери.

Жемиштер го түшүнүктүү, бирок шоколад менен куруттун айкалышын биринчи жолу угушум?

— Мындай кызыктуу айкалышты мага Олег Кувшинов сунуштаган. Азыраак жасап көрүп жеп көрсөк, мага жакты. Абдан кызыктуу, өзгөчө даам пайда болот экен. Азыр бул жаңылык катары абдан жакшы сатылып жатат. Шоколадга кошулуучу курут өзгөчө ыкма менен даярдалат, кадимки курутту пайдалансак ал шоколаддын даамы менен жакшы айкалышпай калышы мүмкүн.

Кошулмаларын атамекендик өндүрүүчүлөрдөн алат экенсиңер, а шоколад өзү кайдан келет?

— Биз Бельгиянын шоколадына токтолгонбуз. Ал жактан эки түрдө: тыйын түрүндө жана порошок түрүндө келет. Ал шоколаддарга бул жактагы кондитердик цехибизден өзүбүздүн шекерибиз, кошулмаларыбыз кошулуп аралаштырылып, формага салынып жасалып чыгарылат.

Шоколад жасоо үчүн кандай жабдыктар керек болот?

— Негизги жабдыктар булар: чоң муздаткыч шкафтар, ысытуучу аппараттар. Анткени чыныгы шоколад өз даамына келүү үчүн шоколадды бир нече жолу керектүү температурага чейин ысытып, кайра муздатуу керек. Ошондой эле шоколад аралаша турган чоң идиштер бар. Шоколад жасоо процесси бизде алгач кол менен ишке ашчу, азыр баары автоматташтырылган.

Чындыгында шоколадыңар четтен келген шоколаддардан даамы жагынан да, дизайны жагынан да ашса ашып, кем калбайт экен. Сыртын орогон кагаздарынан бери сапаттуу экени көрүнүп турат.

— Ооба, биз биринчи кезекте сапатка басым жасайбыз. Шоколаддын дизайнын жасоого эле бир нече ай убакыт кеткен. Эң эле майда деталдарына чейин көңүл буруп абдан аракет кылганбыз. Ал эми кагазы Финляндиядан келет.

Товарыңар Кыргызстандан тышкаркы өлкөлөргө да чыгабы?

— Негизги бөлүгү албетте, өлкөбүздө сатылат. Андан сырткары Казакстан, Орусияга азыраак өлчөмдө кетет. Келечекте дагы көп өлкөлөргө таратуу пландарыбыз бар.

Шоколаддын дагы башка түрлөрүн чыгаруу пландарыңар да барбы?

— Ооба, жакынкы аралыкта белекке берилүүчү көлөмдүү шоколад сатыкка чыкканы турат. Ал “7 regions” (7 облус) деп аталат. Сырткы дизайнында жети облусубуздун көрүнүктүү жерлери тартылган. Андан тышкары келечекте таразага тартылуучу шоколаддарды чыгарабыз деген ойлорубуз бар.

Анда келечек пландарыңар ишке аша берсин! Ишиңерди ийгиликтер коштосун!

Айназик Раимкулова

СоӊкуMegaPay – Санариптештирүүнүн бир багыты
КийинкиКарылыкты тездетүүчү күнүмдүк адаттар