Негизгиге Рубрикасыздар MegaPay – Санариптештирүүнүн бир багыты

MegaPay – Санариптештирүүнүн бир багыты

230

MegaPay – Санариптештирүүнүн бир багыты

2019-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети “Альфа Телеком” ЖАК (соода белгиси MegaCom) менен биргеликте “Мамлекет платформа катары” санариптик концепциясынын алгачкы опциясын ишке киргизет. Аталган демилге “Санарип Кыргызстан 2019-2023-жж.” Өлкөнү санариптик трансформациялоо Концепциясынын алкагында жана да Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен тыгыз байланышта ишке ашырылмакчы.

Бул демилге абоненттер жана санарип платформасына кошулган MegaPay тиркемесинин колдонуучулары үчүн мыкты табылга болот десек жаңылышпайбыз. Мобилдик капчык аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн электрондук түрдө төлөм жүргүзүүгө болот. Бул иш-аракет саналуу секундалардын ичинде аткарылат жана акысыз. Абонент салыкты каалаган учурда төлөй алат. Бул үчүн телефонуңуздун болгондугу жана тиркемени жүктөп алуу жетиштүү.
Жылдын аягына чейин санарип концептинин алкагында 189 кызматты жана сервисти ишке киргизүү, Сатуу жана тейлөө борборлорунда кезектерди 30 пайызга азайтуу, чечим менен колдонууга 0,5 миллион колдонуучуларды кошуу жана да канааттануу деңгээлин 80 пайызга жеткирүү пландалууда. Кардар таламдуу мамиле жана сервистен колдонуу тажрыйбасына талдоо жүргүзүүдө кайтарым байланыш системасына өзгөчө көңүл бурулат жана ал чат боттун жана онлайн кеңешчинин жардамы менен ишке ашырылат. Ар бир жаран өз пикирин жазып калтыра алат. Бул болсо, өз кезегинде, платформанын ишин жакшыртууг ашарт түзөт. Колдонуучулардын сунуш-пикирлери боюнча талдоо жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат. Жарандарды онлайн сурамжылоо да жүргүзүлөт.
2018-жылы MegaPay тиркемесине мамлекеттик кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү ишке киргизилген. Алардын ичинде:

— Транспорттук каражатка салык төлөө – бул техникалык параметрлери боюнча так маалыматты көрсөтпөстөн, автоунаага төлөнүүчү салыктын өлчөмүн автоматтык түрдө эсептөө. Бул ыкманы заманбап тил менен айтканда, “акылдуу” төлөм жүргүзүү десек болот. Тиркемеге ИСНди жана автоунаанын мамлекеттик номурун кошу жетиштүү. Төлөмдү тиркемеден чыкпастан, каалаган учурда, комиссиясыз, эң башкысы, аз убакыттын ичинде ишке ашырууга болот!

— Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып пулдарын текшерүүнүн жана төлөөнүн оңой жолу – бул айып пул тууралуу SMS-билдирүүнү автоматтык түрдө алуу, айып пулду токтом чыккандан кийин атайын онлайн-эсептегичтин жардамы менен 50 пайыз арзандатуу менен төлөө мүмкүнчүлүгү.

— Жолдо жүрүүнүн эрежелери бузулган учур чагылдырылган жогорку сапаттагы деталдуу сүрөттү көрүү. Мобилдик шылуундардын аракеттерин алдын алуу максатында сервиске жеке SMS-код киргизилген.

MegaPay тиркемеси жаңы тейлөө кызматтары менен толукталды. Алар: онлайн-дүмүрчөк алуу, насыя берүү, аттестаттын жана дипломдун аныктыгын текшерүү, автотөлөм жана башкалар.

MegaPay – төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуу жолу жана сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

СоӊкуСамат Эркинбеков: Жараткан образдарымдын эң кыйыны Гулянын образы болду
КийинкиМузарбек Жолошев: Шоколад менен куруттун айкалышынан өзгөчө даам пайда болду