Негизгиге Интервью Самат Эркинбеков: Жараткан образдарымдын эң кыйыны Гулянын образы болду

Самат Эркинбеков: Жараткан образдарымдын эң кыйыны Гулянын образы болду

520

Самат Эркинбеков: “Жараткан образдарымдын эң кыйыны Гулянын образы болду”

Самат Эркинбековдун өнөр жолундагы алгачкы кадамы «Тамашоу» долбоорунда «Ак-өргө city» командасынын курамында ойноо менен башталган. Учурда ал актёрлуктун, ырчылыктын, тамадалыктын да тизгинин бирдей тартып, чыгармачылык чыйыр жолдо көптөгөн ийгиликтерди жаратып жүргөн кези.

Самат, сен «Тамашоу» долбоорунан улам таанылып, азыр тасмаларга, жарнамаларга тартылуу менен, ошондой эле телеалпаруучулук, ырчылык кесиптер менен талантыңды улантып келе жатасың. Ошол кезде ушунчалык популярдуулукка жетем деп ойлодуң беле? Балким ал кезде таптакыр башка нерсе жөнүндө кыялданчусуң?

— 2008-жылы Эрмек Нурбаев, Арслан Ибрагимов, Нурлан Жаныбеков аттуу агаларыбыз «Тамашоу» долбоорун ачышкан. Аны телевизордон жарнамадан көрүп калып Ак-Өргө жаңы конушунун балдары биригип «Ак-Өргө city» командасын түзүп, «Тамашоудо» өзүбүздүн өнөрүбүздү тартуулай баштаганбыз. Кичинекей кезимден эле эл астына чыгып, сахна адамы болууну каалачу элем. Балким «Тамашоу» долбоору болбогондо, кыялым кыял боюнча кала бермек. Менин катылып жаткан талантымдын ачылышына дал ушул долбоор себепкер болду десем жаңылышпайм. Андыктан учурдан пайдаланып долбоордун жетекчиси Эрмек Нурбаевге терең ыраазычылык билдирип кетким келет.

Азыркы учурда Жора, Гуля деген жубайлардын образын жаратуу менен Кубаныч Курманбеков экөөңөр мыкты тандем түздүңөр. Экөөңөрдүн актёрлук чеберчилигиңерде сөз жок. Бул идея кимдики негизи, мындай образды жаратуу эмнеден улам келип чыккан?

— Мындан бир жыл мурун кайсы бир такси кызматын жарнамалоо максатында ролик тартмакчы болуп, командадагы балдар менен Жора, Гуля тандемин ойлоп тапканбыз. Башкача айтканда, бул идея Кубаныч Курманбеков, Рүстөм Аскенов деген командалаш балдар, анан меники. Бул идеяны толук ишке ашыруу үчүн актриса Шайыр Касымалиеванын апасы Гүлнара эжеге кайрылганбыз. Анткени ал Кыргыз улуттук драма театрында гримдөөчү болуп эмгектенет эмеспи. Эжеге барып эле: «Бизге 50 жаштагы жубайлардын образын тартып бересизби?»,- деп кайрылып калдык. Ал эже дароо макул болуп, заматта Кубаныч экөөбүзгө дал биз күткөндөй образды жаратып салды. Күзгүгө каранып эле өзүбүздү тааныбай калдык. Бири-бирибизди карап алып бир күлкүбүз келет десеңиз. Эжеге аябай ыраазы болгонбуз ошондо. Ошондуктан бул образдын жаралышына Гүлнара эженин дагы салымы абдан чоң.

Өзүңдүн кесибиң башка болсо керек эле?..

— Ооба, негизи, Бишкек медициналык колледжинин стоматология факультетин аяктагам. Алган кесибим боюнча таптакыр иштеген жокмун. Албетте, менде башында эки жолдун бирин: чыгармачылыкты же тиш доктурлукту тандасамбы деген ой болду. Бирок эмнегедир чыгармачылык мага жакындай сезилип туруп алды. Бул тандоомо такыр өкүнбөйм. Чыгармачылыкка аралашуу менен жашоомдо жалаң гана жакшы нерселер орун алып келе жатат.

А жашооңдо кайгыга батып, жан дүйнөң ооруган учурлар болгонбу?

— Адам болгон соң кайгыны көтөрбөскө айлабыз жок экен. 2007-2009-жылдары удаа атам, апам экөөнөн тең айрылып, чоң депрессияга туш болгом. Аябай оор жоготуу болгон. Ошондо «Тамашоуго» жаңыдан чыгып баштаган учур болчу. Студент дагы элем. Бир туугандарымдын колдоосу менен командадан калбай КВН ойноп, окуумду дагы бүттүм. Бул үчүн аларга аябай ыраазымын. Арманым – ата-энем менин ийгиликтеримди көрбөй кеткени.

Дайыма эле орус тилин билбеген адамдын образын чагылдырып келесиң? Бул эмне себептен? Же атайын өзүң ушул образды тандап алгансыңбы?

— «Тамашоудогу» оюндарда дээрлик орусча сүйлөй албаган баланын ролун аткарып жүрчүмүн. Андан соң эле режиссёр Эрнест Абдыжапаров тарткан «До+Фа» кинокомедиясында айылдан келген Доорон аттуу жигиттин ролун жараткам. Анда дагы орусча такыр сүйлөй албаган баланын ролунда болгонум эсиңиздерде чыгар. Ошол себептүү көпчүлүк адамдарда мен тууралуу ошондой ой калыптанып калса керек. Негизи, орусча жакшы эле сүйлөйм.

Чындыгында, жалаң комедия жанрындагы тасмаларга тартыласың. Сени көргөн адамдын жүзүндө сөзсүз жылмаюу тартылары талашсыз. Качан сенден олуттуу адамдын образын көрө алабыз?

— Муну келечек көрсөтөт. Мени алдыда чоң-чоң ролдор күтүп турат деп ишенем. Жаш болгонум үчүн дагы мага андай олуттуу ролдор берилбей жатса керек деп ойлойм. Ошондуктан азырынча жараткан ролдорума ыраазымын. Бирок өзүм кинонун башка жанрларында роль аткарып, тарыхый инсандардын ролун, чет өлкөлөрдө кинофестивалдарда ат салышчу ролдорду жараткым келип жүрөт.

Гулянын образын жеткиликтүү деңгээде берүүдө кандай кыйынчылыктар болот?

— Азыр «Ак-Өргө сity продакшн» аттуу студиябыздын балдары менен биргеликте «Жора, Гуля» аттуу чоң тасма тартуунун үстүндөбүз. Тасмабыз, буюрса, ушул жылдын күз айларында даяр болот. Чынын айтканда, бардык жараткан ролдорумдун эң кыйыны ушул Гулянын образы болуп жатат. Анткени эркек болуп туруп аялдын образын жаратуу, анын үстүнө жаш болуп туруп 50 жаштагы айымдын турган турпатын берүү абдан эле кыйын экен. Дайыма изденүүнүн үстүндөмүн. Кайда жүрбөйүн 50гө чамалап калган айымдардын, эжелердин сүйлөгөнүн, кыймыл-аракетин, мимикасын, кийген кийимин, чач жасалгасын, жашоо образын, бардыгын иликтеп, өзүмө көчүрүп алам да, ошонун негизинде ролумду жеткиликтүү деңгээлде бергенге аракет кылам. Анан дагы белгилей кетчү нерсе, аталган тасмабызда Кубаныч экөөбүз Жора, Гулянын эле эмес, алардын аяштары болгон Тоха, Зууранын дагы ролун аткарып жатабыз. Ошондо бир эле тасмада эки башка айымдын ролун жаратып жатам.

Ушинтип тасмаларга тартылып, эл көзүнө көрүнүп алган соң жылдыз оорусу менен ооручу эле көпчүлүк өнөр адамдары. Дегеним, кээ бирлер айтып калышат, «Тамашоудон» чыккан анча-мынча балдар бой көтөрүп калышты деп. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Мунун эч кандай чындыгы жок. Мен ошол жигиттер менен катышып, баарлашып жүргөн адам катары бул сөзгө такыр кошула албайм. Бой көтөргөн адам элине кызмат кылып чуркап жүрөбү? Алардын баары азыр эл үчүн кызмат кылган жигиттер. Бири актёр, бири тамада, бири телеалпаруучу дегендей. Балким, биз юмор жаатында жүргөн үчүн кээ бир тамашаларыбызды туура эмес түшүнүп калып ар кандай сөздөрдү чыгарып жатышкандыр. Ал жөн гана тамаша. Анын үстүнө аларды биз өзүбүз ойлоп таппайбыз, эл аралап элден алабыз.

Ушул чыгармачыл чөйрөдө элге кызмат кылып жүрүп жеке өзүңө кандай материалдык байлык таба алдың?

— Кудайга шүгүр, 10 жыл аралыгында мени багып келаткан булак бул – өнөр дүйнөсү. Ушуну менен үй-бүлөмдү багып, тамак-ашыма жеткирип, кийим-кечек алып элден калбай жашап келе жатам. Машиналуу болдум. Жакында эле үй алдым, эми кичинекей болсо дагы бизнес ачсамбы деген тилегим бар. Кыскасы, жумушумдун артынан жашоомдо жакшы нерселер гана орун алып келе жатат.

Үй-бүлөлүү адам үчүн дайыма съёмкада жүрүү маселе жаратпайбы? Дегеним, жубайың жумушуңду түшүнүү менен кабыл алабы?

— Биз кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөндө эле баарын чечишип алганбыз. Ошондо эле айткам: «Мен артистмин, артисттин жубайы болуу аябай оор, ушунун баарын кабыл алып, мага турмушка чыгууга макулсуңбу?»- деп. Ошондо баарын түшүнүү менен кабыл алып, бардык нерсеге даяр болуп келген. Чолпонай тескерисинче, мени колдоп турат. Кээде мага кино жаатында өзүнүн идеяларды айтып, мени дайыма шыктандырганга аракет кылат.

Эмне менен алектенет жубайың?

— Келинчегим мурун сулуулук салонунда иштечү. Учурда үйдө эле. Тамагын, ысык чайын даярдап мени күндө жумуштан тосуп алат. Экөөбүз чай үстүндө отуруп алып келечекке болгон пландарды талкуулайбыз, алдыга бийик максаттарды коёбуз, кыялданабыз дегендей. Жубайлар үчүн бул эң чоң бакыт деп эсептейм.

Кыялдарыңа жет, Самат. Маегиңе рахмат.

СоӊкуНазбек, Нурайым: Кантип үй-бүлө болуп калганыбызды өзүбүз билбей калдык
КийинкиMegaPay – Санариптештирүүнүн бир багыты