Назгүл Турдубекова, укук коргоочу: “Баланын жоопкерчилигин сезбеген соң жаратпагыла”
Чоңдор тарабынан кордолуп, жашоо менен кош айтышкан наристелердин саны күн сайын өсүүдө. Мындай суук кабарды укканда жүрөгүң ооруйт. Ал эми “Балдардын укугун коргоо” фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова күндө ушундай окуяларга өзү күбө болуп, наристелердин, өспүрүмдөрдүн таламын талашып келет.
Назгүл айым, бул фондду ачууңузга эмне себеп болду эле?
— Негизи менин кесибим мугалим. Мектепте 3 жыл кыргыз тилинен сабак берип иштедим. Балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ишимди 1996-жылы баштагам. Ошол жылдары көчөдө кайыр сураган, кара жумуш жасаган балдардын саны өсө баштады. Ошондо эл аралык уюмдарга кайрылып көчө балдарына жардам берүүгө аракет кылдым. Борбор түзүп, “Көчө балдары” деген долбоор ишке кирди. Кесиптештерим менен бирге күндө көчөлөрдөн балдарды таап, убактылуу жылуу жайларга жайгаштырып, ысык тамак уюштурдук. Бирок көчө балдарына даяр тамак берип өстүрө албасыбызды түшүндүм дагы билим берип, укугун коргогонду үйрөтүү керек экенине ынандым. Анткени мен интернатта, балдар үйүндө мониторинг жүргүзүп, калктын эң аярлуу катмары балдар экенин түшүндүм. Ошентип 2008-жылы эл аралык уюмдардын жардамы менен фонд иштеп калды. Эл тарабынан, айрым бийлик өкүлдөрүнөн “бала таяк жеп эле чоңоёт, кайдагы Европанын адатын бизге алып келесиңер” деген сындарды уктук. Ошондо бизге биринчилерден болуп №3 Балдар ооруканасынын директору Өмүрбеков Талант Ороскулович “туура, кичинекей балдардын укугун коргой турган борбор керек” деп колдоо көрсөткөн. Анткени ал киши чоңдор тарабынан кордолуп ар кандай абалда түшкөн балдарды биринчилерден болуп көрүп атат да.
Сиздер кордук көргөн балдарга кантип жардам бересиздер?
— Бизде 111 ишеним номери 24 саат бою иштейт. Ооба, мисалы жаңы конушта бала сабалган факты катталса жергиликтүү милиция менен биргеликте иш алып барабыз. Эгер баланын абалы оор болсо “Тез жардам” кызматын чакырып ооруканага жеткиртебиз. Ал жерден биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин гана териштирүү иштери башталат. Биздин негизги ишибиз, балдарды зомбулуктан коргоо. Ал эми зомбулуктан жабыр тарткан балага жана анын үй-бүлөсүнө акысыз психологиялык, укуктук, социалдык жардам көрсөтүү. Тергөө иштеринин жүрүшүндө зордук көрсөткөн адам жазасыз калбаш үчүн иштин жүрүшүн кошо көзөмөлдөп кабар алып турабыз. Ар бир сот отурумуна катышабыз.
Эмне себептен мурдакыга салыштырмалуу наристелерге болгон зомбулук күч алып жатат?
— Эки фактор бар. Биринчиси, буга чейин деле зомбулук болуп келген. Бирок ачыкка чыкчу эмес. Азыр мындай факты катталса дароо ММКларга чыгып ачыкталып атат. Ошондуктан зомбулук күч алгандай сезилип атса керек. Экинчи фактор, миграция күч алып, үй-бүлө институту бузула баштады. Баласын туугандарына таштап Орусияга иштегени кеткен үй-бүлөлөр көп. Баланы жаратарда жоопкерчилигин сезиш керек, андай сезим жокпу, анда кор кылып жаратпаш керек.
Сиздин оюңузча балага кордук көрсөткөн адам татыктуу жазасын алып атабы?
— Ар бир ата-эне баланы жараткандан кийин ал анын менчиги эмес экенин түшүнүш керек. Бала төрөлгөн күндөн баштап сени мен тең укуктуу. Биз кылмышы далилденген адам тиешелүү жазасын алсын деп аягына чейин аракет кылабыз. Ооба, көпчүлүгү мыйзам чегинде өз жазаларын алышты. Өкүнүчтүүсү, кээде аялдар күйөөсү балдарына кордук көрсөтсө деле жаап-жашырып келишет. Тосмо арыз берип салышат. Андай учурда аял кылмышты жашырганы үчүн кылмышкердин шериги катары жоопко тартылат. Шарттуу түрдө жаза алып же акчалай айып төлөгөн, болбосо энелик укугунан ажыраган фактылар болууда.
Жарым жан болуп сабалган баланын абалын көрүү оңойго турбаса керек? Эне катары ар бир окуяны жүрөгүңүздөн өткөрөсүзбү?
— Туура айтасыз. Сабалган ымыркайдын алсыз абалын көргөндө мен эле эмес, бүт кызматкерлер көзүнө жаш алышат. Мен кээде ошо баланы ойлоп, амандыгын тилеп, кандай жардам көрсөтөм деп уктабай чыккан түндөрүм болот. Мындан төрт жыл мурда аёосуз сабалган Ибрагимдин тагдыры жүрөгүбүздү катуу ооруткан. Көпкө чейин жаман болуп нес абалда жүрдүк. Көп жерден эмоцияга алдырбай укук коргоочу катары биринчи баланын кызыкчылыгын ойлойбуз. Убакытты өткөрбөй сабалган бала ооруканага түшөрү менен соттук-медициналык экспертиза даярдайбыз. Ортодо 2-3 күн өтүп кетсе денедеги көк тактар тарап, зордукчунун күнөөсүн далилдөө бир аз оор болуп калат. Элдер “силер көнүп калсаңар керек” дешет. Жок, буга көнүү мүмкүн эмес. Ар бир окуя чоң стресске алып келет. Бир окуя эсимен кетпейт. Өз энеси кичинекей баланы сүт ичип отурган жеринен башка катуу чапса ал жыгылып жерге тийиптир. Жакшынакай чуркап жүргөн бала азыр бутун сүйрөп майып болуп калды.
Өзүңүздүн канча балаңыз бар? Балдарыңызга кандай ыкмада тарбия бересиз?
— Улуу балам 25 жашта, андан кийинки уулум 9, кызым 6 жашта. Мен балага кол көтөрбөйм. Эркиндигин чектебейм. Башынан режимге көндүргөм, ошол тартип менен жашайбыз. Ошого жараша балдарымдын ой жүгүртүүсү кенен, каалоосун, максатын так, ачык айта алышат. Бош убактыларында ийримдерге алып барам. Кыскасы, балдарымдын билими үчүн атасы экөөбүз күчүбүздү, акчабызды аябайбыз. Тойлордон баш тартам. Анткени ал жакка алып барган кошумчаны балдарга жумшаган туура деп эсептейм.
Анара Дүйшөналиева