Негизгиге Мен жашоону сүйөм Нуртилек: “Майыптыгыма карабай башкаларга үлгү болгум келет”

Нуртилек: “Майыптыгыма карабай башкаларга үлгү болгум келет”

162

Нуртилек ДЦП оорусунан жабыр тартат. Ага карабай жүргүнчү ташып иштеп, унаа оңдоп, тиричилик иштерин да кылат. Кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта төртүнчү орунду ээлеп, чет жерде Кыргызстандын желегин желбиреткенге да жетишкен. Аны менен оору тууралуу эмес, эмгек менен сүйүүгѳ толгон жашоо тууралуу сүйлѳштүк.

“Сасык тумоодон улам ДЦП оорусуна кабылыптырмын”

– Мен Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шаңкөл айылынын кулунумун, 24 жаштамын. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун. Атам айдоочу, апам үй кожойкеси. Апам мени ай-күнүнө жетип, деним сак эле төрөптүр. Кош бойлуу кезинде да оору-сыркоодон алыс болуп, өзүн жакшы сезчү экен. Тилекке каршы, мен кырк күндүк болгондо сасык тумоолоп ооруп калыптырмын. Бирок үйүмдөгүлөр сасык тумоону олуттуу кабыл албай, көп убакыт үйдө карашат. Качан гана кома абалына түшүп калганда ооруканага алып барышыптыр. Доктурлар текшерип ДЦП, талма деген диагноздорду коюшкан экен. Буттарым ошондо эле кыймылдабай калган дейт. Доктурлар ата-энемден уруксат алып, жүлүндөн суу алып көрүшкөн. Эгер жүлүндөн суу албаса басып кетмек белем, билбейм. Ата-энем мага туура эмес дарылоо жүргүзгөн доктурлардын артынан түшкөн да эмес. Дароо эле мени айыктыруунун аракетине өтүшкөн. Бул үчүн болгон мал-мүлкүн, дүнүйөсүн сатып чет жерге чейин алып барышты. Тилекке каршы, биз каалагандай майнап чыккан жок. 2001-жылы белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков “нервге тийбей эле коюу керек, болбосо баланы жоготуп алабыз” деп айткандан кийин бул маселе менен ооруканага барбай калдык. Азыр буттарым ичке, кыйшыйып турат, кыймылдабайт.

“Өзүм баспасам да суу ташып келчүмүн”

– Наристе кезимден ушундай абалга туш келгендиктен, майыптар арабасына эрте отуруп, аны менен оокат кылууга башынан кѳнгѳм. Андан намыстанып же тартынган эмесмин. Алты саны аман балдар менен ойноп, алар кылган жумуштарды мен кылчумун. Ата-энем да ар дайым “сен кыласың, колуңдан келет” деп үй жумуштарын тапшырышчу. Өзүм да көздөгөнүмө жетмейинче көк беттенип, тырышкан адаммын. Ушул мүнѳзүм менен эшекке минип досторума кошулуп алып суу ташып келчүмүн. Айылда мал кармайбыз да, аларды сугаруу, бадага кошуу сыяктуу жумуштарды ат минип бүтүрүп кѳнгѳм. Айылыбыздагы мектепке 3-класска чейин ата-энем, туугандарым жеткирип турушчу. Кийин классташтарым ташый башташты. Билегим күчкө толгондон кийин өзүм эле бара баштагам. Бир гана мектептин тепкичинен чыгып-түшүү кыйын эле. 7-класска чейин биринчи кабатта окуп, ал кезде маселе болгон эмес. 2-кабатта окуп баштаганда классташ досторум көтөрүп чыгарып, кайра түшүрүп жүрүштү. Мектептеги иш-чара, олимпиадаларга байма-бай катышып, өзүмдү жакшы жактан көрсөткѳн активдүү окуучу болдум. Коомго жакын болгондуктан, эч качан тартынып четте калчу эмесмин. Досторум да кайда барышса калтырбай мени алып жүрүшчү.

“Дүйнөлүк чемпионатка катыштым”

– Бала кезимден спортко кызыгуум күч болчу. Алгач 4-классымда шахмат, шашки ойноо боюнча райондук мелдештерге катышкам. Араба менен жарышуу боюнча да жарышта ат салышып жүрдүм. 2019-жылы февраль айында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кол күрөш боюнча облустук мелдешине катышып, республикалык мелдешке жолдомо алгам. Андан кийин Орто Азия чемпионатына катышып, оң колумдан биринчи, сол колум боюнча экинчи орунга ээ болуп, алтын жана күмүш медалдарды алгам. Алдыңкы орундарым үчүн дүйнөлүк чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгү да келди. Ата-эне, тууган-урук, айылдаштарымдын жардамы менен каражат чогулуп, 54 мамлекеттин ортосунда Румынияда өткөрүлгөн чемпионатка катыштым. Анда төртүнчү орунду багындырып, чоң өлкөдө миллиондогон адамдардын алдында Кыргызстандын атын чыгардым. Бул мен үчүн зор сыймык, кубаныч болду. Ушул убакыттан пайдаланып машыктыруучум Абдыкапар агайыма, мага каражаттан көмѳк кѳрсөткөн адамдарга рахмат айтам. Буюрса, кийинки мелдеште алдыңкы орунду багындырууга аракет кылам.

“Бош отурганды жактырбайм”

– Атам айдоочу болгондуктан, унаа айдоону атамдын жанында жүрүп үйрөнүп алгам. Атамдан эрежелерди сурай берип тез эле ѳздѳштүрүп, ѳз алдымча айдап кеттим. Атам менен апам мага жети кишилик унаа белек кылышкан. Мага бир гана автомат унаа ыңгайлуу. Азыр айылдан районго жүргүнчү ташып иштейм. Унаа айдаарда арабамды унаамдын арткы салонуна өзүм эле салып алам. Тапкан акчама үйдөгүлөргө керектүү нерселерди алып берүүгө аракет кылам. Унаамдын бир жери бузулуп калса өзүм эле оңдоп алам. Отун жаруу, суу ташуу сыяктуу жумуштар мага оңой эле. Ширетүүчү иштер да колумдан келет. Спорттон тышкары чыгармачылыкка да жакынмын. Жакындарымдын жакшылыктарында ырдап коём. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан куралган “Турам КР” тобунун солисттериндей бийлейм. Тасмаларга сценарий жазганды да жактырам. Жакында эле досторумдун жардамы менен алгачкы вайнымды тартып, “Инстаграм” баракчама жүктөдүм. Мындан ары вайнерлик талантымды да тартуулагым келет. Негизи эле бош жатканды жаман көрөм, дайыма бир нерсе менен алек болуп жаңы нерсе үйрөнүүдөн, жасоодон ырахат алам. Биздин коом майып адамды абдан алсыз деп ойлошот. Чынында, майыптардын арасында канчалаган таланттуу, мээнеткеч адамдар бар. Мен элге муну далилдегим, майып адамдарга үлгү болгум келет.

“Жакында түндүк кѳтѳрѳм”

– Бир жыл мурун сүйүктүүм Акмаралды жолуктурдум. Ал сулуулук тармагында эмгектенет. Өзгөндүн Куршаб айылынан болот, 19 жашта. Акмарал мени баракчамдан таанып, билчү экен. Экөөбүз интернет аркылуу таанышып, алгач ага-карындаш катары сүйлөшүп жүрдүк. Кийин мамилебиз сүйүүгө айланып, олуттуу мамилеге ѳттүк. Буюрса, ата-энелерибиз жолугуп үйлөнчү күнүбүздү белгилешсе, экөөбүз баш кошууну тилек кылып жатабыз. Албетте, болочок жубайымдын ата-энеси кызынын мага турмушка чыгуусуна алгач каршы болушкан. Бирок мени менен таанышып кандай бала экенимди көрүп, оюмду уккандан кийин макул болуп калышты. Азыр болочок ата-энем мени баласындай жакшы көрүшөт. Сүйүктүүм экөөбүз тезирээк бирге болууну каалайбыз. Биз башкаларга үлгү болгон үй-бүлө болобуз деген тилегим бар. Биздин сезимдерибиз баарын жеңет.

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here