Бекбол: “Үйдөн качып жүрүп ата-энемди көндүрдүм”
27 жашар Бекбол тубаса ДЦП оорусу менен ооруйт. Оорусуна байланыштуу сегиз жыл төшөктө жатып, азыр араба менен жүрүп калганына шүгүр кылат. Абалына чөкпөй күн сайын жашоосу үчүн күрөшкөн мырза менен таанышабыз.
“Тубаса майып болуп төрөлүптүрмүн”
Мен Токтогулдан болом. Жашым 27де. Бала чагым Кара-Көл шаарында өткөн. Учурда Ошто жашайм. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчи баласымын. Тубаса ДЦП оору менен жабыр тартып келем. Менин майып болуп калуума доктурлардын кайдыгер мамилеси себепкер болгон деп эсептейбиз. Алар төрөт маалында мени колунан түшүрүп алышкан деп божомолдошот жакындарым. Ал эми доктурлар, тескерисинче, “курсакта жаткан кезде болгон” деп апамды айыпташат. Кыскасы, азыркыга чейин “бул оору так ушул нерседен келип чыкты” деген так аныктама жок. Негизи, менин диагнозум туура эмес коюлуп калган, себеби ДЦП менен ооруган адам мендей болбойт экен. Менин эки бутум иштейт, бир колум кыймылдабайт, белимде маселе бар. Дагы бул менин жакшырып калган абалым, мурдагы абалым адамды ыйлата тургандай эле. 8 жашыма дейре төшөктө жатчумун. Эч жерим кыймылдачу эмес. Дайыма колдон түшпөй, жерге жаткырып койсо ыйлачу экенмин. Мындайча айтканда, тирүү өлүктөй эле болуптурмун. Ата-энемдин барбаган оорукана, молдосу калбаптыр. Анан 9 жашка караганда биринчи жолу белиме операция жасалган. Операциядан соң бутумдун учунан башыма чейин гипстеп коюп, сегиз ай ошол абалда жаттым. Ошондо дагы доктурлар басып кетүүмө толук кепилдик берген эмес. Кудай жалгап операциянын таасири менен бир колум иштеп, белимде жылыш болуп арабага отуруп калгам. Кийин балдак менен басып калгам. Тилекке каршы, сөөгүм салмагымды көтөрө албай кайра арабага байланып калдым. Доктурлардын айтымында, кайра чет жерден кымбат баалуу операция жасатуум керек экен. Каражаттын тартыштыгынан улам аны жасата албай келем. Азыр алты айда эки ирет дарыланбай калсам башым ооруй берет.
“Жаман ойлорду кыялдануу менен жеңдим”
Дайыма төшөктө жаткан адам бир гана жаман нерселерди ойлоп калат. Ыйлап, буулугуп, “ушундан көрө өлгөнүм артык” деген ойлор келе берчү. Улам чоңойгон сайын кыз жандап басып, өзүнчө үй-бүлө кургуң келет. А бирок кыздар абалымдан улам ачык эле баш тартышат же башка шылтоону айтып качышат. Айтор башымдан көп кыйынчылыктар өттү. Башымдагы тескери ойлорду кыялдануу менен жеңдим десем болот. Анткени жатып алып “мен басам, окуйм, элдин арасына кошулам” деп тилек кылчумун. Ушинтип улам позитивдүү нерсени ойлогон сайын оюңа да жакшы нерселер келе баштайт экен. Ата-энем да “сен басасың” деп ого бетер маанайымды көтөрүп турушчу. Операциядан кийин, болжол менен он жаштан өткөндө ата-энем үйгө мугалимдерди жалдап келип мектеп программасынын билимин ала баштадым. Башка балдардай болуп мектепте окугум келчү. Апама байкатпай мектепке барып классташтарыма жолугуп турчумун. Кудайдын ушунусуна да шүгүр, үйдөн окуп жүрүп тогуз жылдык болсо дагы билим алдым.
“Эркиндикти каалап үйдөн качтым”
Майып балдардын ата-энелеринин көпчүлүгү баласын коомчулукка чыгарууну каалашпайт. Айрымдары тартынат, “эл эмне дейт?” деген сөз менен кыжалат болот же болбосо баласын ашыкча коруй беришет. Менин ата-энем дагы мени эшикке жалгыз чыгаруудан коркушчу. Эшиктин алдынан алыс эч жакка жылдырчу эмес. Алардын бул оюна каршы чыгып үйдөн качып жүрүп араң көндүрдүм окшойт. Биринчи жолу 23 жашымда, телефонумду өчүрүп туруп, ата-энеме айтпай Жалал-Абадга качып кеттим. Кармап келип урушуп, тарбия сабагын окушкан. Анан экинчи жолу да кетип калганда ата-энем мени зордоп үйгө кармай албасын түшүнүштү окшойт, компромисске келип, кайда жүрсөм да айтып кетүү талабы менен жиберип калышты. Учурунда алардын мен үчүн кабатыр болуп жатканын түшүнсөм дагы, “коомго аралашам” деген максатым күчтүүлүк кылып жеңип кетти. Азыр каалаган жериме кете берем. Жалгыз кетип жүрүп эле Кыргызстандын көп жерлерин көрүп келдим. Ата-энем болсо коомго аралашып калганыма, алардын колун байлабай калганыма абдан сүйүнүшөт. Алар өз жумуштарын кылып жүрө беришет, мен өз иштерим менен алекмин. Дегеле бирөөнүн колун кармаган аябай жаман, а ата-энем өмүр бою жанымда жүрбөйт да.
“Кайрымдуу адамдар мага жардам беришсе, мен башкаларга ырыскымдан бөлүшүп турам”
Бир колум менен арабамды айдоо оор болсо да ага карабай көчөдө жүрө берем. Ушинтип жүрүп эле элдин майыптарга карата пейили, ою кандай экендигин билдим. Сураган жардамыңа бирде жакшы сүйлөсө, бирде жаман жооп кайтарат. Чынында, азыр кайрымдуу адамдар арбын, арабамды түртүп жардам берип турушат. Каалаган жериме такси кызматы менен жетем. Негизи, Бишкекке караганда Ошто майып адамдарга карата шарттар жакшыраак түзүлгөн. Мисалы, Ошто майыптар үчүн атайын мончо бар. Барсаң ал жерде иштеген кызматкерлер көтөрүп киргизип, жакшылап жуунтуп чыгарып коюшат. Мончонун баасы 150 сом болсо, кызмат баасы 250 сом. Анан да такси кызматтары майып адамдарга 50 пайыздык арзандатуу менен алып барат. Бир гана дааратканалар жок. Өзүм дагы жер тамда жашагандыктан дааратканага отура албайм. Ошондуктан үйүмдөн бир аз алыс жайгашкан гипермаркеттин дааратканасына үч күндө бирден, такси менен барып турам. Калган убакта желим бөтөлкөдөн даараткана жасап алам. Кайсы жакка барбайын майыптарга карата түзүлгөн шарттарды карап, даараткана, пандустарды текшерип жүрө берем. Бизде пандустар туура эмес салынган, мен пандустун бийиктиги канча болуусу керек экендигин, канча цемент кетеринен бери эсептеп чыктым. Муну тиешелүү адамдарга барып айтып, демилге көтөрөйүн деп жатам. Мен эч жакта иштебейм. Мени колдогон адамдардын жардамы менен эле жашап жатам. Ай сайын үлгүлтүксүз акча салып тургандар да бар. Алар мага жардам беришсе, мен көп балалуу, жесир аялдарга азык-түлүк алып берип, өз ырыскымдан бөлүшүп турам. Карантин учурунда да бир үй-бүлөгө өзүм жеген тамак-ашты берип отуруп, биргеликте карантинден чыгып кеттик.
“Сүйүктүү ырчым үчүн атайын Бишкекке баргам”
Бишкекке барганда мейманканада жашайм. Шаар кыдырам. Бир жолу сүйүктүү ырчым Үмүтай Абдышовага жолугуу үчүн атайын баргам. Негизи, мага классикалык чыгармалар жагат, Үмүтай эженин чыгармачылыгын ошол үчүн абдан баалайм. Анан интернеттен көрүп жүрүп “күйөрманыңыз болом, таанышалы, номериңизди бериңиз” деп жазсам жооп берип жатпайбы. Эртеси байланышсам бошобой жатыптыр. Анда мен Жалал-Абадда болчумун да. Эртеси эле Бишкек шаарына барып, келгенимди айтсам таң калып, Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанына чакырды. Издеп жүрүп гүл алып баргам. Бул жылы дагы атайын барып, күмүш тагынчак белекке берген элем, кубануу менен чечпей тагынып жүргөнүн айтты. Азыр да байланышып турабыз, бир туугандай болуп калдык. Мен үйлөнсөм канча күн болсо дагы кызмат кылам деп жүрөт.
“Сүйүктүүмө жолуктум, буюрса, үй-бүлө курабыз”
Бир жыл мурун тааныштар аркылуу бир кыз менен таанышкам. Азыр экөөбүздүн мамилебиз үй-бүлө курчу деңгээлге жетти. Болочок жубайым турмуш көргөн айым, балдары бар. Менден эки жаш улуу. Дүкөн иштетет. Алты саны соо эле айым. Мага турмушка чыгуусуна ата-энеси каршы эмес, “чоң эле адамдарсыңар, өзүңөр чечкиле” деп айткан. Экөөбүз азыр жарандык никеде жашап жатабыз. Бири-бирибизди толук таанып-билип, сүйлөшкөн кызым да кимге турмушка чыгарын аныктап алып, анан баш кошолу дейбиз. Кийин ажырашып кеткенден көрө жарандык никеде жашап көргөнүбүз жакшыраак го деп ойлойм. Буюрса, экөөбүз баш кошсок, жубайымдын биринчи турмушундагы балдарын алып келип бирге жашайбыз. Экөөбүздүн жашоого болгон максаттарыбыз бийик. Азыр соода-сатыкка байланыштуу бизнес ачууну пландап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Айгерим Токтобай кызы