Кайнене менен келин кантип мамилени жөнгө салса болот?
Үй-бүлө жаатында эң кеңири тараган жана бүтпөгөн маселенин бири – кайнене-келин маселеси. Ар бир бешинчи үйдө кайнене менен келиндин ортосунда пикир келишпестик чыгат. Айрым учурда ажырашуунун себеби да ушул мамиленин жөнгө салынбаганынан болууда. Канткенде кайнене менен келиндин мамилесин жөнгө салып ынтымактуу жашоого болорун тренер, лайф коуч (жашоого машыктыруучу) Чыңгыз Жапаров айтып берди.
Өзүңүздү сүйүңүз, жеке баалуулукту өстүрүңүз
Адамдын жеке баасы төмөн болсо, өзүн жетишерлик деңгээлде сүйбөгөндүгүнөн көп маселе жаралат. Мисалы, кайнене да, келин да өзүн сүйбөйт. Адамдын өзүн-өзү баалоосу төмөн болгондуктан башка бирөөнүн көңүл буруусун, айтканын айткандай аткаруусун, кабыл алуусун талап кылат. Көп учурда күйөөсүнөн жетишерлик сүйүү ала албаган апа ал мамилени балдарынан күтөт.
Кеңеш: Өзүңүзгө кам көрүңүз, жакшы кийинип, жакшы тамактаныңыз. Коноко же сүйгөн адамга кылган мамилени өзүңүзгө кылыңыз. Адам өзүн сүйүп, сыйлаганда гана өзгөгө да ошондой мамиле жасайт.Эгер аял (кайнене) жолдошунун сүйүүсүнө, көңүл буруусуна ээ болсо, балдарынын жашоосуна кийлигишпейт. Өзү менен өзү болот да, аларга да “бактылуу болсоңор болду” деген мамиле кылат.
Сезимдерди билдириңиз, ачык сүйлөшүүгө барыңыз
Көп учурда келиндин же кайнененин ортосунда ачык сүйлөшүү жок. Буга менталитет жол бербейт. Жасап жаткан нерсе жакса да, жакпаса да айтышпайт. Бүркөлгөн кабак-каш үстөмдүк кылат. Акырында чыңалган абал келип чыгат.
Кеңеш: Үй-бүлөдө бир нерсе жакпай жатса ачык билдириңиз. “Балдарым, ушул кылганыңар туура эмес болуп калды” деп убагында айтылган туура сөз алардын катасын оңдойт. Ортодогу чыңалуу сезимин, нааразычылыкты жоёт. Же “ушуну туура кылдыңар” деген мактоо сөз да мамилени бекемдейт. Келин да өз учурунда кайненеге кичинекей нерсе үчүн да рахмат айтканды же туура эмес иши үчүн кечирим сураганды билсе мамиле бузулбайт. Кыскасы, жүрөктүн ачкычын таба турган жакшы сөздөр көп айтылып туруусу кажет.
Күйөөдөн көп нерсе көз каранды
Кайнене менен келиндин пикир келишпестиги үйдөгү адамдардын ар бирине терс таасирин тийгизет. Дайыма тымызын тирешкен абал, суз маанай үйдө өкүм сүрүп турса, мындан башка үй-бүлө мүчөлөрү жапа чегиши мүмкүн. Баласынын, күйөөсүнүн кабагы салыңкы болгону кайра эле энени жана келинди кыжалат кылат.
Кеңеш: Бул абалда күйөө маселени колго алганы оң. Аялы айтпаса да энесине “келиниңиз туура эмес кылганы үчүн уялып жатат” деп, аялына болсо “апам катуу сүйлөп алдым деп бушайман болууда” деп тымызын туура саясат жүргүзүп эки тарапты элдештирсе болот.
Тизмелерди ачыктаңыз
Кайнененин, күйөөнүн, келиндин башында (мээсинде) тизмеси болот. Мисалы, күйөөдө “аялым буларды кылууга милдеттүү”, кайненеде “келин муну кылыш керек” деген стандарт тизмеси болот, келинде “кайненем мындай нерселерди жасашы керек” деген түшүнүгү болот. Бирок үчөөнүн тең бири-биринин тизмелери тууралуу кабары жок. Тизмедеги нерсе кылынып жатса мээсинде “ии, жасап жатат” деп белги коюлат. Качан ошол тизмедеги нерселер кылынбаса уруш чыгат.
Кеңеш: Башында эле ал тизмени ачыктап алыңыз. Ортодогу ачык сүйлөшүү, түшүнүү менен ал тизмедеги нерселерди иреттеп бир жолго койсо болот. Үйдөгү милдеттерди туура бөлүштүрүү көп уруштун алдын алат.
Чыңгыз Жапаров: “Көйгөйүн айтып жеке кайрылгандар көп болот”
— Сиздер атайын кайнене-келиндерге арналган тренингдерди өтөсүздөрбү?
— Жок, жалпысынан “Бактылуу үй-бүлөнүн сырлары” деген темада тренингдерди өтүп жүрөбүз. Буга жубайлардын мамилеси, бала тарбиялоо, ата-бала мамилеси жана кайнене-келин маселеси да камтылат. Көбүнчө адамдын жеке баалуулугун, өзүнө болгон сүйүүсүн өстүрүүнүн үстүндө иштейбиз. Себеби адам өзүн сүйгөндө гана жашоого болгон көз карашы бекемделет, көп көйгөйү өзүнөн өзү чечилгенин байкайт. Мисалы, өзүн сүйгөн кайнене кошуналардын же туугандардын пикирине ооп келинин жаман көрбөйт. Өзүнүн келинин башкаларга салыштырбайт.
— Тренингдердин жыйынтыгы кандай болууда?
— Жакшы жыйынтыктар болууда. Ажырашуу алдында турган үй-бүлөлөрдү жараштырып, ажырашып кеткен жубайлар элдешип кайра жашап калган учурлар көп. Адамдар тренингден сырткары жеке көйгөйү менен кайрылган учурлар бар. Аларды карап, талдап маселенин тамырын таап чогуу чечкенге аракет кылабыз. “Кайненем мындай, күйөөм маселени чечпейт” деп кайрылган келиндер да болот. Көп уруштар коркуудан келип чыгат. Адамда коркуу сезими күч болсо кыжалат болот. Мисалы, аялы акча жок калат деген коркуу сезиминен күйөөсүн кыжалат кылат. Кайнене келинге бир нерсе айтса, ал жыйынтыгы мындай болуп калат деп келин коркот да, өзүн коргоо максатында уруш чыгат. Ошондуктан ар бир адам биринчи коркуу сезиминен арылышы зарыл.
— Европа өлкөлөрүндө жүрөсүз, ал жакта кайнене-келин маселеси кандай?
— Мисалы, Кытайда жаш үй-бүлө балалуу болсо, баланын ата-энеси небересин 2-3 жыл багышат. Башка жакта жашап жатса да баласынын үйүнө келип небересин карап берет. Өздөрүнүн салты ошондой. Айрым өлкөлөрдө кайнене-келин өзүнчө жашашат, карым-катнашы жакын болбосо конфликт деле чыкпайт. Бирок ошол эле учурда ортосунда жакындык жок.
Бир собол
Кандай кайненесиз?
Кулипа Керимбаева: “Келиним эркелеп чалып калат”
— Ушул заманда жаман кайнене жок го дейм. Мен өзүм келин болуп барганда студент элем. Кийин төрөп окуумду улантып кеттим, кайненем баламды багып берди. Жини келип калса “апалап” мойнунан кучактап өпсөм ансайын жинденет. Ага болбой эркелеп жалынып-жалбара берчүмүн. Айтор, өзүмдүн бала мүнөзүм менен жакындап кеткем. Келинди да башынан ыймандуусун тилеп Кудайдан сураш керек экен. Уулум үйлөнгөндө эле үй алып берип өзүнчө бөлүп койгонбуз. Азыр келиним бат-баттан келип турат, мен барып турам. Мамилебиз жылуу, сый. “Апоо-оу” деп эркелеп телефон чалып калат. Мен ага вотсаптан жылуу сөздөрдү жазып турам. Менин оюмча, келинди башында кандай кабыл алсаң, ошого жараша болот. Бир нерсени туура эмес кылса деле урушуп катуу айтканым жок. Эстүү жан, ката кетирсе өзү оңдоп-түзөп алат.
Алина Жетигенова: “Келин жасаш керек дебейм”
— Алты жылдан бери келиним менен чогуу турам. Өзү силерден бөлүнбөйм деп болбой койгон. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мамилебиз курбулардыкындай. Шаардык эмеспи, мага чыгармачылыгыма жардам берет. Мындай кийиниңиз деп сырткы келбетиме кам көрөт. Табити да жакшы. Үйдө оокатты айттырбай өзү билип жасайт. Мисалы, бизде оокатты келин жасаш керек, кайнене төрдө отуруш керек деген түшүнүк жок. Ашканада, чарбада экөөбүз оокатты бирдей жасай беребиз. “Качан тамак жасайт?” деп карап отурган кайнене эмесмин. Бош, үйдө болуп турамбы, кандай жумуш болсо да жасай берем. Башында эле келинимди кызымдай кабыл алгам, ал да мага ошондой мээримин төктү.
Гүлзат Байзакова: “Менден башкалары кайнене болушту”
— Беш жылдан бери келиндин колунан чай ичип келебиз. Жаңы бүлө болуп келгенден бери мен жумушта, кечкисин тойдо болуп үйдө деле көп болбой калчумун. Апам, жолдошум, балдарым эле кайнене болуп койду окшойт. Өздөрүнө арнап үй салып жатканбыз. Үч жыл чогуу жашагандан кийин өзүнчө бөлүп койдук. Кичүүбүз үйдө кала турган болгондон кийин улуусу азыртадан өзүнүн оокатын кылсын дедик. Келин өзү бөлүнгүсү келбей кыйылды. Үч жыл аралыгында үй оокатына, жашоого бир аз бышып калды. Ырчылардын үйүнө конок көп келет да. Бирин да кабагым-кашым дебей жаркылдап тосуп алып жатты. Ушул тапта уулумдун үйүнө неберелеримди көргөнү келдим.
Аймээрим Курбаналиева