Негизгиге Саамалык Көз жоосун алган керемет жерлерде эс алыңыз

Көз жоосун алган керемет жерлерде эс алыңыз

340

Көз жоосун алган керемет жерлерде эс алыңыз
Быйыл өзгөчө ички туризм күч алып, жергиликтүү калкка жакшы шарттар түзүлүүдө. Шаардын ызы-чуусунан суурулуп чыгып 1-2 күн болсо да мекенибиздин эң кооз жерлерин көрүп, таза абада дем алып, энергия топтосоңуз болот. Бул үчүн борбордогу туристтик агенттиктер атайын программа түзүп алып иштешет. Кызыгууңузга жана капчыгыңызга жараша тандап алыңыз.

“Муңдуз Турист” компаниясы
Түштүк жергесиндеги кооз жерлерге саякатка алып барат. Сары-Челекке киши башына бир түн, эки күн саякаттаганы үчүн 2400 сом. Буга төрт маал тамак, кооз жерлерди кыдырууда гиддин кызматы, жатаканасы кирет. Эгер Бишкектен түз Сары-Челекке жеткен болсоңуз, анда бул суммадан жол киреңиз кемитилип, жатаканага жана тамак-ашка гана төлөйсүз. Ал эми Арсланбабга 1550 сом, 2 күн,1 түн аралыгында төрт маал тамак, жатакана менен камсыз болосуз. Жаңгак токоюн аралап, шаркыратмаларды көрөсүз. Кечкисин оюн-зоок программа, ыр-бий уюштурулат.

«Etravel. Kg» компаниясы
Чуңкурчак, Бурана, Орто-Токой суу сактагычына, Көл-Төр (Кегети капчыгайы), Барскоон, Жети-Өгүзгө бир күндүк саякаттарды уюштурат. Баасы аралыгына жана шартына жараша 400 сомдон 1700 сомго чейин. Бул акыга транспорт, жаратылыштын койнундагы профессионалдуу фотосессия, тоого, капчыгайга саякат, гиддин кызматы, тамак-аш жана көңүл ачуучу программалар кирет.

“Арашан Тревел” агенттиги
Көл-Суу, Көл-Үкөк (Нарын), Соң-Көлгө 2-3 күндүк турларды уюштурат. Шаарга жакын Бөрүлүү, Туюк, капчыгайына үй-бүлөлүк саякаттарга алып чыгышат. Баасы 400 сомдон 3500 сомго чейин. Буга бүт кызмат камтылган, алыскы жолго ылайыкталган унаа, тамак-ашы жана боз үйдө жашоо каралган. Гид жана сүрөтчүнүн кызматы да ушул акыга кирет.

“Оpen Asia” агенттиги
Чоң Кеминден тартып өлкөнүн көп аймактарына бир күндүк саякатка алып барышат. Баасы 1950 сом. Көбүнчө ат үстүндө сейилдөөгө басым жасашат. Парашюттан секирүү кызматы каралган. Бир маал тамагы менен гиддин кызматы көрсөтүлгөн сумманын ичинде.

“Intourists” компаниясы
Көлдүн түштүк тарабына Жети-Өгүз шаркыратмасына, Барскоон капчыгайына, “Жомок” кууш капчыгайына эки күндүк тур уюштурушат. Баасы 3200 сом, буга жол кире, эртең мененки жана кечки тамак, боз үй-кэмпте жашоо, гиддин кызматы кирет.

Жакынкы арада досторуңуз, үй-бүлөңүз менен ушундай саякатка чыккыңыз келсе, ар бир туристтик агенттиктин социалдык тармактагы баракчасына кирип жакынкы күндөрү кайда чыгарын билип, тандасаңыз болот. Ар бир тур 18-24 кишиден турат. Дээрлик бардык агенттиктерде бирдей талаптар коюлган:
— Акчанын жарымын алгач электрондук капчыкка которуп ордуңузду бекемдейсиз.
— Кокус белгиленген жерге кечигип келсеңиз, транспорт кетип калган болсо акчаңыз кайтарылбайт.
— Орунду ээлеп, бирок кандайдыр бир шарттардан улам бара албай кала турган болсоңуз 48 саат же 2 күн мурда эскертүү керек. Төлөгөн сумманын 10%ы кармалып калат. Же болбосо ордуңузга бара турган адам тапсаңыз болот.
— Саякат учурунда ар бир адам өзү жана балдары үчүн жооптуу.
— Аба ырайына карабай тур болот. Эгер өзгөчө кырдаал болсо анда тур 1-2 жума артка жылдырылышы мүмкүн. Ал эми төлөнгөн акы кайтарылып берилбейт, алдыдагы тандаган саякатка которулат.

Жаныңызга эмне алуу керек?
1. Паспорт, азыркы кырдаалга жараша маска, антисептик
2. Күндөн коргой турган көз айнек, крем, баш кийим
3. Тоодо шамал, жаан болушу мүмкүн. Жаандан коргой турган чатыр, жылуу кийим. Ат мингенде кийим жыттанып калуусу мүмкүн, которунганга кошумча кийим, ыңгайлуу бут кийим. Көл өрөөнүнө бара турган болсоңуз купальник алуу ашыкча болбойт.
4. Айрым агенттиктер суу, кошумча өзөк жалгаганга жеңил тамак алууну сунушташат.
5. Тамактанууга өзүңүзгө идиш алуу керек.

“Nurs Travel” компаниясынын жетекчиси Нурсултан:
 “Биздикиндей кооз жаратылыш дүйнө жүзү боюнча 3 өлкөдө гана бар”

— Нурсултан, кандайча бул тармакка кызыгып калдыңыз?

— Мен 23 жаштамын. Ата-энем 90-жылдардын башында Москвага көчүп кетип, ошол жакта калышкан. Бирок мени мекенин, тилин унутпасын деп жыл сайын чоң атамдыкына айылга, жайлоого жиберип турушчу. Жайыт, жылкылар, чабан жана анын жашоосу, боз үйдө жылдыздарга суктанып жаткан түндөр мени бала кезимен эле таасирленткен. Ошондо мекенимдин кооздугу менен дүйнө жүзүнө мактанам деп кыялдангам. Кесибим боюнча сүрөтчүмүн. Сайт, дизайн жасап иштеп жүрдүм. 2019-жылдан тартып эжем менен туризм тармагында иштеп жатам.

— Бизге чет элдик туристтер көп келчү эле. Быйыл кырдаалга жараша жумуш болуп жатабы?

— Ооба, башында чет элдик туристтерге ылайык иш алып барчубуз. Алар биздин баракчаны көрүп жазышат, тандаган багытында саякат уюштурабыз. Алардын аэропортко конгондон баштап учканга чейинки маршрутун так түзүп, жашай турган жерин, программаны тактайбыз. Туристтер биздин жаратылышка суктанып бүтпөйт. Аябай ыраазы болуп кетишет. Алардын айтымында, биздикиндей кооз жаратылыш Жаңы Зеландияда, Австралияда жана Чилиде гана бар экен. Эми азыр шартка жараша туристтер келбей калды, ички туризмди өнүктүрүп жатабыз. Биздин элде да саякатка кызыгуу бар, бирок сервис үчүн акы төлөнүшү керек экенин жакшы түшүнбөй жатышат. Бааларды арзан, өтө арзан кылууну суранышат. Уюштуруу иштерине, жатакана, аттардын ижара акысы, транспорт көп каражатты талап кылат. Кээде уюштуруучулар арзыбаган тыйынга эле иштеп калышат.

— Балдар менен барууга уруксат берилеби?

— Эгер ат үстүндөгү сейил болсо 6-7 жаштан жогору балдарды алууга уруксат берилет. Негизи, саякаттын жеңил, орто жана оор түрү болот. Баары программага көз каранды. Орто жана оор программаларда капчыгайды аралап 5-6 чакырым жөө басууга туура келет.

Анара Дүйшөналиева

Соӊку4 айлык наристеге кам кѳрүү
КийинкиКайнене менен келин кантип мамилени жөнгө салса болот?