Такталбаган тарбия
— Жеңе? Жеңе-е?
— И-и. Мен мында, кир.
— Жеңе, дарбазаны бекитип салыңызчы. Болуңуз.
— Ай, кокуй күн ай, дагыбы? Кел, кир. Бол ѳт. Бол эми.
— …
— Адам болбой калды го бул, ыя. Эмне деген жашоо деги бул?..
Жашы элүүдѳн ѳтүп калган аял тиги келин шыпылдай кирип кеткен кампанын эшигин жаап, шамдагайлык менен беките салды да, күбүрѳнүп дарбазаны карай шашты. Дарбазанын оор эшигин жабар алдында башын чыгарып кѳчѳнү бир карады. Анча алыс эмес жерде турган эки караанды кѳрүп, бирок алардын ким экенин таанууга кѳзүнүн күчү жетпеди. Болду-болбоду алардын бири бир аздан кийин кѳчѳнүн тынчтыгын бузуп, айкырып, сѳгүнүп жѳнѳйт. Анан келип калың темир дарбазаны талкалап ийчүдѳй каккылап, далайга турат. Ушуларды ойлоп дарбазанын жагымсыз калдырашынан заарканып, бекитпей эле койгусу келди. Бекитпей койгонго да болбойт. Тиги зѳѳкүр дарбазаны ургулап туруп бир аз жини тарап, тынчтанып калат. Ошондо гана ачпаса алгачкы күүсү менен келип үйдү апырык-сапырык кылып иймейи бар. Күмүш апа алгач анын кетип калышын күтѳт, кетпесе тынчтанышын күтѳт. Тынчыган маалда эшигин ачып, алдап-соолап үйгѳ киргизет.
Минтип Күмүш апанын тынчын алып, санааркаткандар ага кошуна үй-бүлѳ. Бир уруудан болуп, тууганчылык жайлары да бар. Эри кырктан ашып, аялы кыркка чамаласа да мышык-чычкан болуп куушуп, урушканын коюшпады. Кѳп учурда чыр атың ѳчкүр арактан улам чыгат. Эркинай эринин чыры күчѳп, идиш-аягы бир бурчтан экинчи бурчка уча баштаганда күн болсо да, түн болсо да Күмүш апаныкына качып келет. Бек дарбазаны сырттан ачуунун сырын Күмүш апа келинге боору ооруп атайын үйрѳтүп койгон. Эркинай чамасы келсе эшикти бекитип, келбесе аткан октой тездик менен азыр кирип кеткен кампага, анын кулпусу бек болуп калса же тамды айланып барып мал сарайга жашынат.
Азыр да жоолугу шыпырылып, этекчинин чечпеген бойдон сыртка кулак түрүп кампада отурат. Эшиктеги шырп эткендин баарын угууга ынтызарланганы менен мелтиреген жүзүндѳ коркуу деле байкалбайт. Тек гана бир чекитти тиктеп, кабагы бүркѳѳ. Талаада иштеп жүрүп күнгѳ карарып күйгѳн жүзү, тереңине муң каткан, оту ѳчкѳн кѳздѳрү кѳргѳн жанды чочуткудай муздак. Бир кезде бир аз нерсеге деле кемшеңдеп кетчү эриндери азыр тоңуп калгандай кыймылсыз. Кабатталган каптардын үстүнѳ кѳчүк басып оң колуна жармашкан камырды сол колу менен жайбаракат тазалап отурат. Эркинай ѳзүндѳгү бул үмүтсүздүккѳ, кайдыгерликке, салкын, суз мамилеге кантип жетип калганын ѳзү деле билбейт. Жашоосу эмнеге башкалардыкындай тынч, бактылуу эместигин кээде эле ойлоп калбаса, башын бошотпогон, башка ойлорго орун бербей шыкалган санаалары толтура. Алардын эң алды ар бир ийгиликсиз ишке, керек болсо Кудайдын жааган күнүнѳ да Эркинайды күнѳѳлѳп, чыр чыгара берген эрине деген таарынычы. Кандай кара баскан күнү ушул адам менен жашап калдым, качан кимибиз ѳлүп бул беймазалуу жашоо токтойт деген ой, кыжырдануу. Ата-энесинин ызы-чуусунан жүрѳктѳрү ѳлүп, коркок, орой, ызакор болгон үч баласын ойлойт. Ойлогону менен чай сунуп, кийимин жууп, жамап-жаскагандан ашык жардам бере албайт. Илээнди аялдын иретсиз оокаттарындай чачылган ойлорунун арасында гана «ушулар бактылуу болушса экен» деп койгону болбосо алар үчүн алакан жайып тилек кылууга деле чамасы жок. Жан сактоонун түркүн амалын кылып жер тытып, уй айдап, үй иштери менен алек. Ал аз келгенсип минтип эри менен куушмак, жашынмак ойноп ѳмүрү ѳтүп келет.
***
Мына, дарбаза урула баштады. Эркинай селт этип да койгон жок. баш кѳтѳрүп каалганын илинүү экенин кара, санаасын тындырып алды. Дагы деле бир чекитти тиктеп, манжаларын максатсыз иштетип мелтирейт. Демейдегиден акырын кагылганынан улам да анчейин кыжалаттанган жок. Күмүш апанын үнү да адаттагыдан эрте угулду. Апа эшикти каккан ким экенин билип турса деле билбегендей үн салды:
— Ай, ким ай, бул?
— Мен, мен. Ач.
— Аа, кел.
— Жакшысыңарбы? – тили так учурашканынан соо го деп ойлоду эле, оюн жыйынтыктаганча болбой арактын сасыган жыты мурдуна бур этти. Демек, кызуу. Бүгүн эзилбей эрте кетерин билип апа жым дей түштү.
— Кир. Ѳт. – кайнисинин босогодон кетип калышын каалап турса дагы айылдын салтын бузбайын дегенсип үйгѳ кѳңүлсүз ишарат кылды.
— Катын бияктабы? Кайда бекинип отурат?
— Ой, катыныңды кѳргѳнүм жок.
— Эн-неңди урайын десе. Житип кетет тим эле. Биротоло жерге кирип кетсечи.
— Ушунуңду койсоң болбойбу, ыя. Деле тилиң жаман, жаман аялдан ѳтѳсүң.
Күмүш апа ар бир сѳзүн дааналап бек айтты. Ылжыган мас болгонунда ооз ачып да убара болмок эмес. Азыр анча мас эмес экен, акылына ушул сѳз кирип калар бекен дегени.
– Эркек да карганып-шиленеби ботом?
— Ага ушундай эле мамиле жарашат. Бир аз жакшы сүйлѳдүң дегенче кѳѳп кетпейби, энеңди урайын. Тим эле тибиреп айтканды угуп калбайт, энеңди урайын.
Оң сүйлѳмѳк турсун оңдуу сѳгүнѳ албаган ушуга кеп коротконуна ѳкүнгѳндѳй баш чайкаган апа дасторконго нан койду. Оозгу үйдѳн жарма куюп келип сунда да:
— Ичип тур. Мен музоону тартып келейин,- деп чыга жѳнѳдү. Музоосу эбак жайланган, сырткы эшикти бек жаап, шыпылдап кампага жетти. Акырын тыкылдаары менен эшик аяр ачылып Эркинай чыкты.
— Чала кызуу экен, жарма ичип атат.
— …
— Барагой, оокатыңды кыл. Акылымды айтып кетирем. Тынч жатып калсаңар экен бүгүн. Теңелбе, сен. Унчукпай кой.
Апа айта жүрчү сѳздѳрүн кайталап айтып, кайра үйгѳ жѳнѳдү. Деги бул эрди-катындын чыры эмнеде экенине ушунча жашап, ушунча жыл кошуна туруп башы жетпей койду. Улуулук милдетин кылып бар акылын экѳѳнѳ тең айткан болот. Анысын угуп ойлонуп, уялып деле калышпады. Булардын ата-энелери болгондо ошолордун акылын угуп, жашоолору тынч болот беле деп ойлоп коёт. Бир туруп баланын ушундай беймаза жашоосун кѳрүп жашаганча ѳлүп калышкандары деле ырас болду деп кетет. Деги булардын талашы эмне? Кандай каргыш тийип минтип ырктан кетип калышты? Башкалардай ажырашып да кетишпеди. Кантип уруштан тажабай жашап келатышат? Дагы канчага уланат бул жашоо?
***
Кемпирдин башы жетпеген, эринин эсине да келип кѳрбѳгѳн бул бактысыз жашоонун шордуу уюткусу каяктан келгенин Эркинай боолгоп жүрѳт. Бирок кеч ойлонуп, кеч түшүндү. Бул сырдын жүзү ачылган кезде алыста калган балалыгын, бир туугандары менен балалыгы ѳткѳн үйдү, кенедейинен баштап бойго жеткенге чейинки ойлогон ойлоруна чейин кѳп кайталап эстеп чыккан. Кийин турмуш алка-жакадан алып сүйрѳгѳн сайын аларды эстѳѳгѳ чамасы да, убактысы да келбай унутулуп кетти. Азыр чала жуурулуп чачык калган камырын колго алып жатып эчак эле мезгилдин бүктѳмүндѳ калган ал таарынычын эстеп кетти.
Эркинай ѳскѳн айылда да азыркы ѳзүндѳй болуп качкан келиндер кѳп эле. Алардын баары Эркинайга жеңе болуша турган. Апасы үйүнѳ бирде колу камыр, чачы суу, кээде ич кѳйнѳкчѳн, кээде ыйлаган баласын бооруна кысып качып келген келиндерди азыркы Күмүш ападай болуп калкалап, тѳркү үйгѳ, очокканага катып, артынан кууп келген эринен коруп чырылдап жүрѳ турган. Кошуналардын мындай «согуштары» бирде күндүз, бирде түнү, керек болсо таң азандан да болуп кетчү. Качып келип жашынган жеңени эринин таягына жеткирбей аман-соо узатып койгон күнү апасынын кѳңүлү тынч болчу. Кокус жини ашынып ээ бербей келген эри таап алып аялын чачынан сүйрѳп, чыркыраткан бойдон алып кетсе күн бою кабагы карыш салынып, улутунуп, кейип жүрчү. Анан да эсине эстелик болуп орноп, мээсине сиңип калган бир учур бар. Ата-энеси дасторкон үстүндѳ бул келиндерди кѳп кеп кылышчу.
— Ананайын Айсалкын бышык келин экен, тиги шүмшүккѳ чыдабай кетип калар бекен дедим эле, кеткен жок,- дечү атасы.
— Ооба, эстүү жан тура, кагылайын,- деп алкачу апасы айчырайлуу Айсалкын жеңесин. Алардын маегине кѳп каарман болгон дагы бир жеңе – Чолпон.
— Ушул Чолпондой акылдуу аял жок биздин кѳчѳдѳ. Эринен токмок жесе да, эл алдында шылдыңын укса да сыр бербейт. Аябай кѳтѳрүмдүү. Баарын күлүп жеңип келатат.
— Ай, анын чыдамына кеп жок экен. Кѳк ала болуп, бутун сүйрѳп басып калыптыр. Ага болбой таң атпай уюн саап, бадага чейин ѳзү айдап барды. Башка бирѳѳ болсо эчак кетмек, эч болбосо жатып алмак. Чолпондо андай жок, эч кимге сыр бербей гана оокатын кылып жүрѳт.
Эркинайдын азыр эстегени ушулар болду. Балалыгында күйѳѳсү менен кайын-журтунун түркүн азабына туруштук бергени үчүн чыдамкай, акылдуу, эстүү, кѳтѳрүмдүү, мыкты деп саналган жеңелердин тизмеги узун болчу. Беш кѳкүл кезинде үй иштерин кылып жатып ата-энесинен укканы боюнча ал жеңелердин ошол жакшы сапаттарына ээ болууну кыялданчу. Керек болсо уктаар алдында чоң апасы үйрѳткѳн боюнча Кудайдан суранып тилек айтканда «мени кыйын аял кыл, күчтүү аял кыл. Күйѳѳмдүн жаман жактарын эч кимге билгизбей жашаган акылдуу аял болоюн. Турмуштун бардык кыйынчылыктарына чыдап, жашоого бышык болоюн» деп тилечү. Кыялында тиги коңшу байкелериндей болуп жолдошу кѳрсѳткѳн түрдүү зордук, кордуктун баарына күчтүү, кыйын аял катары туруштук берип атканын элестетип чыкчу. Мына, ошол тилеги келип эркелешкенди эчак унутуп ит-мышыктай тытышкан эрине чыдап келатат. Элдин кебине калганча эстүү аялдай кѳрүнѳйүн деп жүрүп кыркка чыкпай чачын ак аралап, жүзүнѳ кайгынын изи түштү. Үч баласы бой тартып келаткан бул куракта мындан ары да баарына туруштук берүүдѳн башка аргасы жок. Кандай кыйынчылык болсо да баарына чыдашы гана керек.
Гүлайым Калыбекова