Ретинопатия – ара төрөлгөн ымыркайдын көз оорусу
Акыркы учурда айына жетпей ара төрөлгөн балдардын арасында көз оорусу кеңири кездешүүдө. Рентинопатиянын даражасына жараша дарылануунун ыкмасы тандалат. Тилекке каршы, бизде бүгүн бул ооруну айыктыруу мүмкүн эмес.
Ретинопатия деген эмне?
Көз карек, карек айланасындагы чел, чечекей, тордомо чел, катмарлардан жана кан тамырлардан турат. Көз алмасынын ортоңку катмары кан тамырга өтө бай, ошондуктан кан тамырлуу катмар деп аталат. Ретинопатия – көздүн кан тамырындагы кан айлануунун бузулуусунун натыйжасында тордомо челдин (көздүн эң ички чели) сыйрылуусу.
Бул оору үч түргө бөлүнөт: гипертониялык – кан басым көтөрүлгөндө көздүн кан тамырына кысым болуп, кан тамыр жарылып кетүүсү мүмкүн. Диабеттик – бул көздүн кан тамыры тубаса же тукум куучулук артыкчылыктардан улам тамырда кан айлануу процесси начар болот. Кан тамырларга уюп калуусу, көздүн көрүүсүн начарлатуу менен коштолот. Ара төрөлгөн баланын ретинопатиясы – көздүн эң ички чели толук жетилбейт, кан тамырлар кысылып отуруп бала көрбөй калат.
Түйүлдүккө 3-6 жума болгондо көздүн чарасы калыптана баштайт. Ал эми 31-32 жума болгондо көздүн кан тамыры, чарасы, чечекейи, мээге туташкан тамырлар толук кандуу жетилет. Бала ар кандай себептерден улам мөөнөтүнөн мурда төрөлгөндө көз толук жетилбеген абалда болот дагы, ретинопатия пайда болот. Чел кабык толук жетилбегендиктен сыйрылып отурат. Чел кабык сыйрылып түшкөндө баланын көзү көрбөй калат.
Кандай учурда көп кездешет?
Бул оору бардык эле ара төрөлгөн балдарда боло бербейт. Көбүнчө салмагы 1550 грамм салмакта төрөлгөндөрдүн 7%ында, 1200 грамм болуп төрөлгөндөрдүн 19-47%ында, ал эми 1000 грамм болгон ымыркайлардын 54%ында кездешет. 750 грамм болгон балада 90-100% ретинопатия болот. Тагыраагы, баланын салмагы канчалык аз, мөөнөтүнөн канчалык эрте төрөлсө, бул ооруга чалдыгуу коркунучу ошончолук жогору.
Себеби:
1. 28 жумага чейин ара төрөлүүдө
2. Өпкөсү толук жетилбесе жасалма аппаратка салууда
3. Ымыркайдын абалы туруктуу болбогондо (дене табы түшүп, же көтөрүлүп)
4. Генетикалык жактан оору болгондо
5. Төрөт кыйынчылыктар менен (башы кысылып, кансыроо болсо ж.б.) коштолгондо бул оорунун пайда болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Кантип аныктаса болот?
Ара төрөлгөн балага 2-3 жума болгондон тартып көз доктур көзүнүн жетилүүсүндө кандай жылыш бар экенин байкап туруусу керек. Туура кароо болгондо көздүн чел торчосу толук болбосо да канча бир пайызга жетилип турат. Кокус мындай мүмкүнчүлүк болбой калса оору кеч аныкталат. Үй шартында төмөнкү белгиден улам болжолдосо болот:
— Бала жарыкка таасир этпейт. Оюнчукту маңдайына алып келсе да реакция кылбайт;
— көзү кылый болот;
— бир көзүн жаап, экинчи көзүн ачык калтырып текшерсе болот. Көргөн көзүн жапсаңыз тыбырчылайт, көрбөгөн көзүн жапканда эч нерсе болбойт.
Оорунун стадиялары
1-стадияда чел кабыктын айланасындагы кан айлануу начарлайт
2-стадияда кан тамырлар жыйрылып баштайт
3-стадияда тордомо чел сыйрыла баштайт
4-стадияда чел толугу менен сыйрылып, көз көрбөй калат
Дарылоо
Доктур көз кандай абалда экенин аппараттын жардамы менен аныктайт. Тордомо чел канча пайыз сыйрылып жатканын, кан тамырлардын түзүлүшүн офтальмоскопия, биомикроскопиянын жардамы менен аныкташат.
Ошого жараша оорунун стадиясы жана дарылоо жолу аныкталат.
1. Алгачкы 1-2-3-стадияларында чел кабыкты өстүрө турган тамчылатма дарылар, витаминдер колдонулат.
2. Ага да таасир бербесе лазердик коррекция колдонулат. Лазердин жардамы менен көздүн чел кабыгынын сыйрылуусу токтотулат.
3. Бул ыкма да жардам бербесе чел кабыктын сыйрылып түшүүсүнүн алдын ала турган операция жасалат. Бул ыкма оорунун даражасына жараша бир нече жолу кайталануусу мүмкүн.
Ооруну кантип алдын алууга болот?
Баланын ара төрөлүүсү бир топ оорунун башаты болуп саналат. Ымыркайды жана өзүңүздү азапка салгыңыз келбесе күтүүсүз төрөттүн алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактап жүрүү керек:
— Кош бойлуулукка чейин иммунитетти бекемдөө, ар кандай жугуштуу оорулардан дарылануу;
— өнөкөт (бөйрөк, жүрөк, варикоз) оорулары бар аялдар гинекологдон сырткары ошол тармактагы адистин көзөмөлүндө дайыма болуу;
— гигиенаны сактоо, жыныстык кошулууда инфекциялык ооруларга кабылуудан сактануу;
— Туура, витаминдүү тамактануу;
— Зыяндуу адаттардан (чылым, ичимдик) тогуз ай бою алыс болуу.
Диана: “Кызым көрбөй калабы деп коркуп жатам”
Учурда 20 жаштагы жалгыз бой эненин 8 айлык наристеси дал ушул ретинопатия оорусунан жапа чегип келет. Ал алты жарым айлык болуп төрөлгөн. Апасы кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап бизге кайрылды.
Диана, кызыңыздын оорусун кантип билдиңиз?
— Менин бул кызым – тун наристем. Кош бойлуу кезимде бөйрөгүм ооруп кыйнала баштадым. Аягында кан басымым жогору болуп кызым Жалал-Абаддагы төрөт үйүнөн 6,5 айлык болуп төрөлдү. Салмагы 1200 грамм болду. Бир жарым ай вакуумда жаттык. Үйгө чыгып келгенде телевизордон үн чыкса карап, жаздыктын гүлүн тиктеп жакшы эле болчу. 3 айында көзүн тегеретип алаңдап калды. Күлбөй да калды. Мындай өзгөрүүнү дароо байкап, Казарман райондук ооруканасына алып баргам. Баары жакшы деп эки жолу кетирип жиберишти. Үчүнчүсүндө шаарга келдик. Эне жана баланы коргоо борборундагы невропатологго кайрылдык. Доктурлар аппаратка салып ретинопатия деген диагноз коюшту. Тилекке каршы, бизде дартты аныктаганы менен аны дарылоонун заманбап ыкмалары жок экен. Биздин дарыгерлер чет элдик адистерге кайрылууну сунушташты. Бул жерден доктурлардан да ката кетип калды. Ара төрөлгөн кызымды вакуумга жаткырганда көзүн таңыш керек болчу экен. Андагы жарык көздү ого бетер жейт тура. Мен аны азыр билип отурам.
Эми кайда алып барып дарылатсам деп ойлойсуз?
— Кош бойлуу кезимде эле ажырашып кеткем. Атасы каралашып турат. Менден башка беш бир тууганым бар, алар жөлөк пул менен жашашат. Кызымдын көзү күн өткөн сайын көрбөй баратат. Коркуп жатабы, билбейм, ыйлап тынчы кетет. Аны көргөн сайын жанымды коёрго жер таппайм. Бул оору күн өткөн сайын күч алып, биротоло көрбөй калуу коркунучу бар экен. Элден жардам сурап вотсаптан кызымдын сүрөтүн тараттым. Арасынан кол сунган мээримдүү адамдар болуп жатат. “Элим барсыңбы?” деген фонддон жардам сурадым. Ал жактан бир эже кызын ушундай оорудан айыктырыптыр. Ага байланышка чыгып сурасам, “Санкт-Петербургдагы клиникадан жасатсаң жакшы болот” деген кеңешин берди. Бишкекте түрктөрдүн жеке клиникасында жасашат экен. Ал жакка барсам акысы 9 миң доллар дешти. Ал клиникадан жасатып көргөн ата-энелерге да байланышка чыктым. Клиника тууралуу көп деле жакшы пикир укканым жок. Менин кызыма Питерден жасамай болушту. Бир операция 5 миң доллар турат экен. Кызымдын көзүн толук текшерүүдөн өткөргөндөн кийин канча операция жасаларын так айтышат экен. Бир жашка чейин операция жасатсак, көрүп кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору дешти. Азыр мага ар бир күн, саат кымбат болуп турат. Менин абалыма кайдыгер карабаган жарандардан кызымдын көрүп кетүүсүнө жардам берүүңүздөрдү өтүнөм!
Диананын Элсом номери: 0505 01 09 98
Анара Дүйшөналиева. Леди KG