Негизгиге Саамалык Сергей Келлер: Отуз литр боёк, эки жума убакыт керек

Сергей Келлер: Отуз литр боёк, эки жума убакыт керек

158

Сергей Келлер: «Отуз литр боёк, эки жума убакыт керек»

Борборду көрккө бөлөп, кооздук тартуулаган арт-сүрөттөрдү көрүп жүрөбүз. Бул эмгек Сергей Келлер менен Дмитрий Петровскийге таандык. Алар жетектеген «DOХА» тобу стрит-арт стилинде сүрөт тартышат. «Стрит-арт» деген сөздү англис тилинен которгондо «көчө искусствосу» дегенди билдирет.

Сергей, бул чыгармачыл тандем кандайча түзүлдү эле?

— Экөөбүз көп жылдан бери доспуз. Бирок тандем 2012-жылдан бери иштеп келет. Башында экөөбүз тең катардагы эле дизайнер болчубуз. Ортодо унаа сырдаган жайларда иштеп калдык. Алгач бул ишти экөөбүз эле баштаганбыз. Учурда топто дагы жардамчы улан-кыздар бар.

Сүрөт тартууда ишти эмнеден баштайсыздар? Иш процессин айтып берсеңиз…

— Биринчи кагазга эскизин түшүрүп алабыз. Андан кийин дубалга кандай отурат болду экен деп фотошоп менен жасап көрөбүз, түстөрдү тандайбыз. Буйрутма берген адамдар бизге алдын ала дубалдын бетин түздөп, даярдап беришет. Көп жылга чейин өчпөй турган кымбат боёкторду сатып беришет. Сүрөттүн көлөмүнө жараша 30-40 литр боёк, эки-үч жума убакыт кетет. Аба-ырайынан көз карандыбыз. Эгер күтүүсүз жаан-чачын, шамал болуп калса, ишибизди убактылуу токтото турганга аргасыз болобуз.

Сүрөт түшө турган дубалды кандай ыкма менен тандайсыз? Жашоочулар дароо эле макул болобу?

— Биздин максатыбыз – шаар тургундарынын маанайын көтөрүү, борбордогу боз дубалдарга көрк берүү. Көп эле тургундар туура түшүнөт. Борбордогу бир жерди тандоо сүрөттүн тематикасына жараша болот. Мисалы, «жаратылышты сактайлы, шаарды көрктөндүрөлү» деген ураан менен тарткан сүрөтүбүз бар. Келечек муунга тарбия болсун деп ал сүрөттү №67 гимназиянын маңдайына тартканбыз. Аянт ушул сыяктуу критерийлер менен тандалат. Ошол үйдө жашаган тургундардын ар биринен, анан тиешелүү органдарга барып расмий уруксат алуу зарыл. Жеке мен андай иштер менен алектенбейм. Чыгармачылык жагын гана карайм. Андай иштерди буйрутма бергендер бүтүрөт. Башында көбү жактырбагандай мамиле жасашат. Сүрөт тартылып бүткөндөн кийин кайра ыраазычылык билдиришет.

Стрит-арт менен граффитинин айырмасы эмнеде?

— Экөөнүн иштөө техникасы бир, баллон, анан боёк колдонулат. Граффитиде эч кандай маани деле камтылбайт. Мисалы, дубалга кишинин атын же мышыктын сүрөтүн тартып коюшу мүмкүн. 60-жылдары граффитини Америкада эн белги катары пайдаланышчу. Крим дүйнөсүндөгү адамдар дубалдарга граффити белги койсо, ал аянт аларга тиешелүү экенин туюнтчу. Стрит-арт болсо бул – чыныгы искусство. Көчөгө тартылган сүрөт кандайдыр бир маанини туюнтуп, мазмундуу болуш керек.

Мындай эмгектериңер башка өлкөдө барбы же Кыргызстанда элеби?

— Олуттуу фестивалдарга катышып турабыз. Майамиде, Нью-Йоркто, Москванын бир топ шаарларында да эмгектерибиз бар.

Сүрөттү эргүү менен тартасызбы же буйрутманы аткарууга аргасыз болосузбу?

— Буйрутма берген адам деле биздин кеңешти эске алат. Биз ар бир долбоорубуздан эргүү алабыз. Улам кылган ишибизди жакшыртып, изденүүнүн үстүндөбүз.

🖊️ — Анара Дүйшөналиева

СоӊкуИшкерликти кантип нөлдөн баштоо керек?
КийинкиБаланы чыйрак өстүр, жоодо сына