Негизгиге Бизнес Ишкерликти кантип нөлдөн баштоо керек?

Ишкерликти кантип нөлдөн баштоо керек?

1303

Ишкерликти кантип нөлдөн баштоо керек?

“Кантип өз ишимди баштайм, канткенде бутума турам?” деген суроо ар бирибизди түйшөлтөрү талашсыз. Кандай иш болбосун алдыдагы кыйынчылыкты жеңип, атаандаштыкты артта калтырмайын ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Ал эми ишкерликтин алгачкы кадамдарын баштоодо төмөнкү эрежелерди эске алган оң.

☑️1- кадам. Жөндөмүңдү тизмелөө
Бир ишти башкалардан мыкты жасай аларыңызга көзүңүз жетсе, анда сизде иш ачууга мүмкүнчүлүк бар. Кагаз алып кайсы иштерди жакшы жасай аларыңызды тизмелеп чыгыңыз. Мисалы, унааны жакшы айдайсыз, дизайн жасаганга жөндөмдүүсүз, түймө түйө аласыз, пайда алып келе турган билимге ээсиз, балдар менен иштеген жагат… Кыскасы, тизмеде жок дегенде он жумуш болуусу кажет. Эми бул тизмеден кайсы жумушту каалап, жан дилиңиз менен жасаарыңызды аныктап алыңыз. Качан гана тизмеде сизге жаккан жумуш калганда, багытыңыз аныкталган болот.

☑️2-кадам. Идеяны бекемдөө
Элге учурда эмне керек? Кандай кызматтын түрү керек? Кандай жаңылыктарды киргизсе болот деген изилдөөнү жакшылап жүргүзүү керек. Идеяны бекемдеп алган соң, бул тармакта атаандаштык канчалык күч экенин иликтеп чыгуу керек. Алардан эмнеңиз менен өзгөчөлөнө аласыз? Кардарды кантип кызыктыра аласыз? Мисалы, эмерек жасай турган цех ача турган болсоңуз, балким, башкалар эки жумада жасаган буйрутманы сиз бир жумада жасап бүтүрөсүз. Айрым ишканалар буйрутманын өлчөмдөрүн ченеп кетүү кызматы үчүн акча алса, сиз бул кызматты бекер кылуу менен кардарларды тарта аласыз. Кыла турган ишиңизди туугандарга, тааныштарга кулак кагыш кылып азыртадан ишиңизди тааныта баштаганыңыз оң.

☑️3-кадам. Чыгашаны туура эсептөө
Ишкана ачыла электе эле сызга отуруп калбоо үчүн алгач чыгашаларды эсептеңиз. Чыгашанын суммасы белгилүү болгондон кийин ошончо суммадагы товар сатууга аракет кылыңыз. Эгер чыгаша өтө эле көп болсо, анда бул жумушту баштабай эле койгон оң. Эки-үч айдан кийин актайт деген түшүнүк менен ишке акча салуу дайыма эле туура боло бербейт.

☑️4-кадам. Каражат табуу
Иштин көзүн таба турган жумушту аныктадыңыз. Эми аны баштоо үчүн каржылоо керек. Бир нече жолун карап көрүңүз: буга чейин чогулткан каражатыңыз, балким, ишкерлик үчүн сата турган кыймылсыз мүлкүңүз бар, насыя алуу мүмкүн, акчасы бар өнөктөш табыңыз, идея, аны ишке ашыруу сизден болсо, каржылоо андан болушу мүмкүн, жакын адамдан баштапкы капиталды карызга алуу ж.б.

☑️5-кадам. Каражатты туура бөлүштүрүү
Ишкерликти жаңы баштагандардын көбү ушул этапка келгенде кулашат. Себеби колдо бар каражатты туура бөлүштүргөндү билишпейт. Ошол эле эмерек жасаган ишкананы жашап жаткан үйдүн бир бурчуна ачса болот. Бүгүнкү күндө суроо-талапка ээ болуп жаткан интернет-дүкөн иштетүүнү чечсеңиз, ал үчүн үйдө интернет, компьютер болгону жетиштүү. Алгачкы убактарда ишканада болушунча кара жумушту да, кардар табууну да өзүңүз ишке ашырган туура. Каражат түшүп, пайда алып келмейин, саналуу жардамчы менен эле чектелсе болот.

☑️6-кадам. Ишкананы жарнамалоо
Каражатты туура пайдаланып, ишиңиз акырындан жыла баштады. Ушул тапта ишкананы жарнамалоо, кардарларды өзүңүзгө тартуу маанилүү. Интернет аркылуу ишкананын сапаттуу кызматын, мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалаңыз. Кылган ишиңизди канчалык көп киши окуп-билсе, кардар көбөйүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Качан гана ишиңиз бир жолго түшкөндө кошумча кызматкер алуу, кеңсени кеңейтүү, кошумча каражат таап ишкерликти дагы өстүрүү туралуу ойлонсо болот.

☑️7-кадам. Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү
Бутуңузга тура баштадыңыз. Кылган ишиңиз жемишин берип, өзүңүздү эле эмес, башкаларды да иш менен камсыз кылууга дараметиңиз жетип калды. Бул баскычта мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуунун аракетин көрүү керек. Ошол эле эмерек жасаган ишкана менен бирге эски эмеректерди кайра жаңыртып-оңдоо кызматын кошсоңуз болот. Ал эми тиричилик техникасын саткан дүкөнүңүз болсо, районду кеңейтип же техниканын тетиктерин оңдой турган кошумча жай ачууга болот.

🖊️— Аймээрим Курбаналиева

СоӊкуДанияр Эрматов: Авиакасса ачуу оңой эмес экен
КийинкиСергей Келлер: Отуз литр боёк, эки жума убакыт керек