Тургунбаева Чолпон, балчы: «Ар бир үйдѳ таза бал турушун каалайм»
Кайсы кесип болбосун ѳзүнѳ тиешелүү түйшүгү, кызыгы, ырахаты жана мээнети болору анык. Алардын арасында балчылык кесип мага ѳзгѳчѳ кызыгуу жаратып, мээнеткеч аарылардын дүйнѳсү таң калычтуу болду. Балчы Чолпон айым карамагындагы аарылардан кем калышпай иштеп келет. Эмесе, биз тамшанып жеген бал дасторконубузга кандай эмгек менен келерин балчыдан угалы.
Саламатсызбы, Чолпон эже, бал менен иштеп келатканыңызга канча болду?
— Мен биздин тукумдагы үчүнчү муундагы балчымын. Чоң атам менен таятам 1960-
жылдан бери балчылык менен алектенишкен экен. Кийин ата-энем бул кесипти
аркалашты. Алардын жолун туугандарымдын арасында жалгыз мен жолдодум.
Эки жогорку билимим бар. Улуттук университеттин экономика факультетин аяктап,
кийин фармацевттик кесипке ээ болгом. Эки кесибим болсо да балдын пайдалуу
сырларын жакшы билгендиктен, бул ишти таштай алган жокмун. 2008-жылы 50
челек менен балчылыкты толук колго алып, эки кесибимди бул ишим үчүн
колдонуп келем.
Негизинен, балчылар эркек кишилер болот экен…
— Ооба, бал аары кармоодо ѳтѳ зор күч керек. Биздин чарбада жолдошум ѳзү
иштейт. Мен бал баш болуп ѳндүрүлгѳн бал аары азыктарын сатуу, таратуу
боюнча милдеттерди аткарам. Бал кармоодо бизге жардам кылган беш балчы бар.
Аарылардын кызыктуу жашоосу менен тааныштырып ѳтсѳңүз…
— Аарыларда эне аары башкаруучу болуп саналат. Ал башкалардан эки эсе чоң
кѳлѳмдѳ келип, айырмаланып турат. Аарылардын ар бири үчүн бѳлүнгѳн
милдеттер бар. Мисалы, эркек аарыларды эле айтсам, алар кѳбѳйүү маалында
гана иш кылышпаса, кийин эч нерсе аткарышпайт. Аарылар кышка даярданып
жатканда кышкы азыктын кѳлѳмүнѳ жараша аракет кылышат. Тактап айтканда,
азыгы жетпей кала турган болсо, ал уюкка күч келтирбѳѳ үчүн эркек аарылар
уюктан чыгарылып салынат.
Сиздерде канча бал челек бар жана алар кайда жайгашкан?
— Биздин аймак Токтогул районунун «Ала-Тай» деген мамлекеттик жаратылыш
сейил багында, деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте жайгашкан.
Экологиябыз абдан таза. Союз учурунда бул ѳрѳѳнгѳ учак менен дарылык касиети
бар түрдүү ѳсүмдүктѳрдүн уруктары себилген экен. Ошол чѳптѳр азыркыга чейин
гүлдѳп келет. Бал челектерибиздин саны 200гѳ жетти. Дагы да кѳбѳйтѳ беребиз.
200 бал челектен канча бал ѳндүрүлѳт?
— Биз эч качан бул жылы мынча бал алабыз деп болжой албайбыз. Баары аба
ырайынан кѳз каранды. Жамгыр кечке жаап туруп алса аарылар иштей албай
калышат же тескерисинче, күн ачуу тийсе гүл ширелери кургап кетет.
Ѳндүрүлгѳн балды сатуу да оңой иш болбосо керек?
— Ооба, бул да ѳзүнчѳ чоң жумуш. Биздин бал чет жактарга кѳп чыгат. Бирок чет
ѳлкѳгѳ чыгаруу башкы максатым эмес. Мен таза бал ар бир кыргыздын үйүндѳ
турушун каалайт элем. Биздин балды чет жерде абдан баалап колдонушат. Ал
эми ѳзүбүздүн эл пайдалуу азыкка анча маани бербей келишет. Дагы жакшы, жыл
сайын балдын баасын билип, дасторконунан үзбѳй колдонгондор акырындан
кѳбѳйүп баратат. Балды чет жакка чыгаруунун чыгымы чоң болгондуктан,
ѳндүрүүчүлѳргѳ балды ѳлкѳдѳн чыгарып сатабы же ѳлкѳ ичинде эле сатып
жибереби, окшош эле. Мисалы, мен чет жерге саткандан кѳрѳ ѳзүбүздүн элге
сатып, ден соолуктарына пайда алып келгим келет. Антсе да ѳзүбүздүн алуучулар
аздык кылгандыктан, чет жакка чыгарабыз. Бул үчүн балчылар ынтымакка келип,
башыбызды бириктирдик.
Бал ѳндүрүүнүн эң оор түйшүгү деп эмнени айтат элеңиз?
— Негизинен, аарылар май айында ишке киришишет. Бул маал алардын кѳбѳйүү
мезгили болгондуктан, балды ѳздѳрү үчүн гана пайдаланышат. Ал айдагы балга
биз тийбейбиз. Июнь, июль, август айлары бал тартуу айлары болуп саналат. Бул
айларда тынымсыз иштейбиз. Балчынын азабын балчы гана түшүнѳт дейт элем.
Тартууда күч керек. Себеби бал үчүн колдонулган буюмдардын баары салмактуу.
200 орунду тартып бүтүрүү үчүн бир жума бою бир маал тамактанууга гана убакыт
арттырып, баш кѳтѳрбѳй иштейбиз. Себеби ишти аарылар талаага кеткен маалда
арбытып алышыбыз керек. Жайында аарылар ишинен кечки бештерде кайтышат.
Бул маалда ишти жыйынтыктап калбасак, аарылар адамды артынан кууп жүрүп
болсо да жетип чагышат. Анан аба ырайына абдан кѳз карандыбыз.
Аарылар жайкы ишин качан аякташат?
— Бул август айынын аягына туура келет. Сентябрда кышкыга ѳздѳрү үчүн шире
топтошот. Октябрь айында биз кыскартуулар менен кышкы орундарына
жайгаштырып, ишти жыйынтыктайбыз.
Атайын азык-түлүк сурашпайт, балы эскирип кетет деген да коркунуч жок. Деги бул чарбачылыктын чыгашасы эмне болуп саналат?
— Ооба, пайдасы кѳп иш экени талашсыз. Аарылар чаңдаштыруу кызматын
аткаргандыгы үчүн биз жер салыгынан бошотулганбыз. Антсе да чыгымсыз иш
болбойт. Эң алды маал-маалы менен бал аарынын энесин чет ѳлкѳдѳн алдырып
келип турабыз. Эгер ал жактан оору жуктуруп келген аары болсо ал башкаларга
жугуп, бир уюк толук кырылып калышы мүмкүн. Кээде андан башка уюктарга ѳтүп
кетпесин деп ѳзүбүз ѳрттѳп жок кылабыз. Бул чыгым. Андан тышкары аарылар да
оорушат. Ич ѳткѳк, кене басуу деген дарттарын колубуздан келишинче алдын
алганга аракет кылабыз. Ушул жерден айта кетчү нерсе, аарыларды дарылоодо
акыркы он жылдан бери антибиотиктерди пайдаланбайбыз. Табигый эрмен чѳбүн
сироп кылып колдонуп, балдын сапатын коргоп келебиз. Биздин чарбага коркунуч
келтиргендер – аюулар. Бал челектер жаратылыш коругунда жайгашкан
дебедимби. Ал жер коргоого алынгандыктан, аюулар бал челектерибизди
талкалап кетсе дагы биз аларга зыян келтирбешибиз керек. Колубуздан
келишинче жарыктарды, атайын үндѳрдү коюп коргонгонго аракет кылабыз. Ага
карабай аюулар кѳп келишет. Аларды атайын орнотулган видеокѳзѳмѳлдѳн гана
кѳрүп калабыз.
Таза балды кантип таанысак болот?
— Эң жакшы суроо болду. Балдын мээнетин кѳзү менен кѳрбѳгѳн, жѳн гана акча
жасоону каалаган адамдар таза балга ар кандай сиропторду, крахмалды кошуу
менен балдын сапатын бузуп сатып жиберишет. Муну айрыкча июнь, июль
айындагы балдарга колдонушат. Август айынын балы коюуланып калгандыктан,
ага кошо алышпайт. Бул кылыктары менен таза иштеген балчылардын бетине кѳѳ
жаап келишет. Андыктан алуучулар бал тандоону билип алышкандары абдан
жакшы. Таза балды билүүнүн эң оңой жолу – 1 литрлик идишке 1 килограмм 400
грамм гана бал батышы керек. Андан аз салмакта болсо, демек, кошулмасы бар.
Таза бал ооздо 3-5 секундда эрип кетет, колго сүйкѳсѳ сиңип кетет. Дагы бир ыкма
– кагаз салфеткага 1 кашык балды салып 20 мүнѳт коюу керек. Бул арада бал
аркы бетине ѳтүп кетсе, чети сууланып жайылса, жасалма болуп саналат. 1 чай
кашык балды табакка салып жылымык суу куюп чайкап туруп сууну тѳккѳндѳ
балдан кѳзѳнѳкчѳ формалар пайда болуп калат. Бул таза бал ѳзүнүн биологиялык
ээсин сактап жүрѳрүн билдирет. Жѳнѳкѳйлѳтүп айтканда, бал кайдан
келгендигинен ѳзү кабар берет. Эч болбоду дегенде балчынын сертификатын
сураш керек.
Балдын пайдасы чексиз экени талашсыз, антсе да колдонуу ѳлчѳмү болот го…
— Балды эки жаштагы балдардан баштап колдонсо болот. Кичинекей балдарга бир
күнгѳ бир чай кашык балды экиге бѳлүп, эртең менен жана кечинде бериш керек.
Балдардын иммунитетин кѳтѳрүп, энергия берип, акыл-эсинин ѳсүүсүн жакшыртат.
Мен кенже класстардагы жана бала бакчадагы балдардын тамагына бал кошулуп
берилишин абдан каалайт элем. Ал эми 20 жаштан 45 жашка чейинкилер күнүгѳ 3
чоң кашыкты үч бѳлүп колдонушса туура. 50 жаштан жогорулар 1 чоң кашыкты эки
бѳлүп кабыл алуулары керек. Карыларга июнь айында тартылган бал жакшы.
Себеби бул бал гүл жаңы ачылган кезде чогултулуп, канды суюлтуучу касиетке ээ
болот. Бал косметологияда да кеңири колдонулат. Бир-эки мисал келтирсем,
бетти агартуу үчүн 1 чоң кашык балга 1 чай кашык зайтун жана жарым чай кашык
лимон ширесин кошуп маска кылса жакшы. Бал менен пияздын ширесин кошуп
чачка маска жасаса, чачтын түшкѳнү токтойт.
Балчылыктагы эң чоң максатыңыз эмне?
— Бир ѳлкѳ чайы менен мактанса, бири күрүчү менен мактанат. Кыргыз эли балы
менен мактанса болот. Буюрса, «Кыргыз балы» деген чоң бренд менен бүт ѳлкѳгѳ
чыксак дейм. Кыргызстанда жылына 12 миң тонна бал ѳндүрүлѳрү ырасталган.
Муну эки эсе ѳстүрүүгѳ биздин балчылардын күчү жетет. Буюрса, балчылар
ынтымакка келип ушул максатка жакындап баратабыз. Антсе да башка элге
жедиргенден мурда ѳзүбүздүн эл жесе деген максатым бийик. Элибиз кумшекерди
балга алмаштырып жалаң бал колдонууга ѳтүшсѳ, ѳздѳрүнүн саламаттыгына да,
биздин ишибизге да чоң салым кошкон болушат эле.
Гүлайым Калыбекова